Коомдук-саясый гезит
№35, 01.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
 "Ааламдын" архивинен

Он жетинчи жаз
Ушул жуманын бейшемби күнү, 3-апрелде "Аалам" гезити 17 жашка толот. Мына ушул датага карата гезиттин азыркы чыгармачыл жамааты гезиттин бир нече сандарында мурдагы жылдарда жарыяланган материалдарга окурмандар менен бирге экскурс жасап келди. Гезиттин туулган күнүн алдын-алып, мурда иштеп кеткен жана учурда иштеп жаткан жамаатты, жалпы окурмандарыбызды алдыдагы туулган күн менен куттуктап кетмекчибиз. Гезит рыногуна туруштук берип, элдин көңүлүндөгү маалымат булагы боло беришин тилеп, узун-кыска ыр арнаган, жылуу-ысык саптарын, каалоо-тилектерин жөнөтүп жаткан окурмандарыбызга да терең ыраазылыгыбызды билдирип кетмекчибиз.

Ысык-Көл өмүр жыргалындай боло алабы?
…Ошентип журналисттердин тобу сапарын улап, Барскоон дайрасынын Ысык-Көлгө куя бериш жеринде министр К. Бөкөнбаев менен менеджер Д. Касеновдун далилдөө процессине күбө болдук. Алар көгүлтүр көлдөн да стакандап суу ичишип, курорттук сезонду сууга түшүп ачып беришти. Кошо жүргөн адистердин айтуусу боюнча цианид натрийи күндүн ысык табы менен суудан бууланып, өзүнүн формасын өзгөртүп абага сиңип кетет экен. Аба катмарында озон жылчыкчалары да болбойт дешти. Биз бул жерге келгенге чейин тор таштап коюптур. Балыкчылар аны тартышты эле анча көп болбосо да 5-6 балык илинип чыкты. Тирүү экен. Бирок балыктын акыбалы кандай, ал жөнүндө маалымат ала албадык. Экологиялык лаборанттардын аппараты да нөлдү көрсөтүп турду…
Бирок мен ушуга таң калдым. "Кумтөр" деген гигант ишкана иштетип жаткан адистер баягы илгери кыргыздын малын жайлоого айдап өткөнгө ылайыктып курган көпүрө аркылуу 20 тонналаган жүктү ташып өтүп жатканына акылым айран. Мындай карасаң куйрук-башы чоң эки адам батпай турган көпүрө экен. Эми ушул жол менен канадалык азаматтар дагы 15 жыл тынбай каттайт го. Анда биздин шорубуз али алдыда экен деп койдум…
Шекербек Калыков
"Аалам" 3-10- июнь, 1998-ж. №20

Чүй облусунун губернатору Курманбек Бакиев:
"Губернатор болгусу келгендер көп"
…-Алдыда депутаттык жана президенттик жарыштар турат… Мына ушул шайлоолорго Курманбек Бакиев кандай катышат? Депутат болгуңуз келеби же Президентпи?
- Биздин мыйзамдарга ылайык, мен губернатор болгондуктан депутат боло албайм. Президенттик шайлоолор тууралуу айта турган болсом, кыргыздарда "жолдун жарыгы жакшы, сөздүн ачыгы жакшы" деген таамай сөз бар эмеспи. Ошого ачык айтайын, бүгүн Кыргызстандын президенти Аскар Акаевге тең боло турган инсан жоктой. Анын мамлекетти рыноктук шартта башкаруудагы тажрыйбасы мол. Анын үстүнө Кыргызстанды тышкы дүйнөгө таанытуудагы салмагы чоң…
Нургазы Анаркулов
"Аалам", 24-29-ноябрь, 1999 №37

14691 кишинин укугу тебеленеби?
…Өлкөнү 24 жыл башкарган Турдакун Усубалиев 85 жаштан ашып калган маалында парламентке дагы депутат болчумун деп теминип чыкты. Эл түп көтөрө колдоп турса мейли дээр элек. Бирок Кочкор, Жумгал элинин көпчүлүк бөлүгү аксакал менен атаандашка чыккан Акылбек Жапаров, Бейшен Болотбеков өңдүү уулдарына көбүрөөк ишеним артып, калк таразасы алар тарапка оой баштаганда, Турдакун Усубалиевич бүгүнкү күндө элдин 80 % ишенбеген соттун сокбилеги менен өсүп келаткан үч азаматты "томолото чапты"…
Кенжебек Арыкбаев
"Аалам",
18-март, 2005 №21


(Депутат Жыпар Жекшеевдин интервьюсунан)
13-клуб
- Кыргыз саясаты эмнеден аксап жатат?
- Кыргыз саясаты масштабдуулугу жоктугунан, улуттук өнүгүү концепциясы болбогондугунан майдаланып жана туруксуз болуп жаткандыгынан аксап жатат деп ойлойм…
Эльнура Кулуева
"Аалам" №11 20-26- март 1998-ж.

Зардалыдай бейиш жерден боевиктер кетмек беле!
…Зардалылыктардын айтканынан көрүнүп тургандай, боевиктердин экинчи жолу келиши биринчисине караганда алда канча коркунучтуу болгон. Өкмөттүн, тиешелүү структуралардын чекилиги, катасы үчүн жөнөкөй эле биздин солдаттар жаштыгына карабай боевиктердин соккусуна дуушар болушту. Алсыз өкмөттөн айырмаланып, анда 18-19дагы балдар боевиктердин мизин кайтарышты. 24-августтан 25ине караган түнү болгон аябай катуу салгылашууда бир кадам артка жылбай турган биздин солдаттар менен пикир алышып олтуруп, кыргыздар коргоого жөндөмдүүлөрдөн уучу кур эместигине ыраазы болуп олтурдук…

Нургазы Анаркулов
"Аалам", 22-29-сентябрь 1999 №28

Райборбордо:
ачкачылык жарыялаган алтоо
Эртең менеки саат 8 де акимчиликтин алдына 150 дөй адам пикетке чыгышты. Койгон талаптары: Депутат А. Бекназаровдун токтоосуз бошотулушу. Кыргыз жерин сатууну токтотуу…
Эльнура Кулуева
"Аалам",
16-22-январь №2

Депутат "Чөмүчтү неге жашырды?"
Депутат Азимбек Бекназаровдун билдиргенине караганда биздин бийлик Казакстанга "Чөмүч суу бөлгүчүн да" ( Чоң Чүй каналы, Кичи чүй каналы ж.б. бүт Чүй өрөөнүнө суу берүүчү чоң алышты) бергени жатыптыр. Эгерде бийлик чындап эле карөзгөйлүккө барып, бүт Чүй өрөөнүнүн, ордо калаабыз Бишкектин элин казак туугандарга жипсиз байлап бере турган болсо, бул иштин түбү өтө опурталдуу. Суу башына ээ болгон боордошторубуз- эртең эле бүт Чүй өрөөнүнө, Бишкекке кетчү сууну ныпым калтырбай бууп алышса, Чүй эли, Бишкектин тургундары кантип күн көрөт?..
Базарбай Буканбеков
"Аалам". 6-12-февраль 2002- ж.

Бийлик кимдин колуна өттү?
…Бардыгы бийлик элдин колуна өттү деп жатышат. Чындыгы андай эмес...Жаңы бийликке келген топко эл ишеним берди… "Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат" деген сөздү кыргыздар кылым илгери чыгарган.
Азыр жаңы барак ачылды. Азыр ал актай. Арадан жылдар өтөт, ошондо чогуу окуйбуз…
Чолпонбек Абыкеев
"Аалам" 29- март 2005 №24

Үсөн Кудайбергенов:
"Калган өмүрүмдү чыгармачылыккка арнагым келет"
- … Өзүңүздүн алдыга койгон максаттарыңыз тууралуу кеп салып берсеңиз?
- Чынында эле менде акырындап эс алууга чыгайын деген асыл ой бар. Антпесе абдан чарчадым. 40 жылдан ашык өмүрдү, жаштыкты киного арнадым. Аттарды багып, шакирттеримди иш менен камсыз кылып, айрыкча чарбачылык иш, көр оокат деген кишини аябай жүдөтөт экен. Мен азыр чыгармачылык менен иштеп, ырларымды жыйнак кылып чыгарып, көңүлдөгү киносценарийди жазгым келет. Шакирттериме кеңеш берип, эс алып, алардын өнөрүнө баа берип, ырахатка батып жүргүм келет…
Кабыл Макешов,
15- апрель, 2005-ж. №29

Архивди аралаган Айгүл Бакеева




Хроника
15- мартта Жалалабат шаарында 20 миңден ашык киши катышкан курултай өтүп, эл бийликти өз колуна алып, областтын элдик кеңешин шайлап алышты.
*
Республиканын көптөгөн райондорунда эл бийлигинин калыстыкты билбеген райакимин кубалап жиберип, өз акимин шайлап алышты.
*
19- мартта Ош шаарында курултай өткөрүлүп, областтык кеңешти шайлап алышты.
*
20- мартта эртең мененки саат 5 менен 6нын ортосунда бир мезгилде Жалалабат, Ошто обладминистрацияга милиция, аскерлер тарабынан кол салышып, күч колдонуу менен имараттар бошотулду.
Ушул эле күнү Жалалабатта 60 миңден ашык киши чогулуп, обладминистрация кайра бошотулуп, областтык паспорт бөлүмү өрттөлүп, ОблИИБ талкаланып, бүт бийлик эл колуна өттү.
Үч адам октон жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бир аял газга уугуп, ооруканада.
*
21- мартта 30 миң киши чогулуп, Ошто эл кайра обладминистрацияны колго алышты. Милиция, орган кызматкерлери каршылык көрсөтпөй, имараттарды таштап кетишти.
*
Кыргыз мамлекетинде бүт аймактарда бийлик элди башкара албай калды. Анархия өкүм сүрүүдө. Мамлекеттик басма сөз булактары өлкөдө болуп жаткан окуяларды элден жашырышты.

КТР бурмаланган маалыматтарды элге таркатууда.
"Аалам", 23- март 2005 №22













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan