![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №35, 01.04.08-ж. |
Меймансап Форум Мезгил мерчеми Чокмороктошуу Президент башында турган өкмөттүн жыйыны аткаруу бийлиги үчүн жагымсыз жыйын болору кадиксиз. Бир катар чиновниктердин башы топтой тоголонушу этимал. Себеби президенттин НЭП деп аталган стратегиялык программасы үзгүлтүккө учурап, атүгүл ала-салып кетээр катастрофалык абалга тушукканын, министрлердин моюн толгомой адат күткөнүн ошол эле М.Садыркулов президенттин администрациясынын коллегиясында катуу эскертип айткан жайы бар. Президент келиши менен мамлекет башчысынын иш режиминдеги алыстан, Германияда туруп алып "дистанционный башкаруусу" (Россиялык гезиттер шылдың-шыкак менен жазгандай) "контактный" башкарууга өткөрүлүшү кажет. "Контактный" башкаруу болсо мамлекеттик чиновниктер үчүн ар дайым опурталдуу болуп келген, "кожоюндун" көзү жоктогудай болуп бутту кенен сунуп жайма-жай жата албайсың. Президенттин маанайы капилеттен өзгөрүп кетиши этимал да, "неадекватный" жүрүш жасап жиберсе, анда бир балээге калдың дей бер, жылуу ордуңдан шампан пробкасындай болуп атылып кетишиң текейден арзан иш. Эс алууда жүргөндө эмне ойлорду бышырып, эмне деген сюрприздерди камдап келди, аны азырынча эч ким айта албайт. Асты президент куунак келбеси анык. Өкмөттүн популисттик кадамдарынын залакасынан улам күндөн күнгө кедеринен кетип эңшерилип бараткан экономика менен социалдык-проблемаларды чечүүгө келгенде жармачтык кылып жатканына болгон нааразычылыгынын өсүшү ашкере.Чыңалган курч кырдаалдын чыйыртмасын жандыруу үчүн кээ бир чиновниктер курмандыкка чалынышы абзел. Бул болсо авторитардык башкаруу бийлик системасындагы сыноодон өтүп, кайтымын берип келген ыкмалардын бири. Асыресе президент чечкиндүү кадамдарга барып, министрлер кабинетиндеги экономикалык блокту түп көтөрө алмаштырып жибериши деле арсар. Чиновниктердин бирин-экинчисинин орду менен коштошууга туура келет. Коомчулук, непадам, "аз-аздан кан чыгарып" койгонго ыраазы болуп ошону менен көкшүнү сууп кала береби бул--башка маселе. Оппозиция да жөн жаткан жок. 29-мартта элдик курултай өткөрүүнү болжолдошкон. Арийне анысы же кийинки "өрнөктүү" мөөнөткө 12-апрелге жылдырылганы жарыя этилди. Буга президенттин өлкөдөн сырткары жерде жүргөнү себеп. Айрым эксперттердин жоромолунда курултайдын кийинкиге жылдырылышы тактикалык жүрүш. Айтымдарында өкмөттүн жыйыны менен Элдик курултай учкашып калып тиешелүү эффект бербей калат имиш. Ыңгайлуу өңүт ээлеш үчүн жасалып жаткан аңдышмай тактикага чалыштап кеткен жайы бар. Президенттин кадамына карата өлчөп иш жасайлы,жаңылып калбайлы деген ой. Оппозиция ич ара ынтымакка келише албай дагы эле болсо ит арка бойдон калгандай таасир калтырат. Деген менен оппозиция: "Адилеттик үчүн" кыймылы менен Коомдук парламенттин тегерегинде аз-аздан болсо да биримдик түзө башташканын жокко чыгарууга болбос. Кадыресе боор тартып ылым санашып, топтолуша баштагандыктары көрүнбөй койбойт. Буга социалдык-экономикалык кризис түрткү берип жатканы белгилүү. Ырас, оппозиция дагы эле болсо алсыз дечи. Бирок алардын саясый ресурстары кадиксиз бар экени сезилет. Аны элдин ичинде өсүп бараткан нааразычылык маанайы азыктандырууда. Оппозиция ресурстарын сарамжал жана натыйжалуу пайдалана алабы--ошондо кеп. Лидерлеринин бийликке илинбей четке сүрүлүп калгандан чыккан ич күптүү жеке кусаматтарына кылчактабай элдин көкөй кести таламдарын көтөрүп чыгууга жарамдуубу, коомдогу нааразычылык маанайды таамай туюндуруп элди баштап кетүүгө жөндөмдүүбү, ошого жараша оппозициянын келечеги да аныкталмакчы. Алдыдагы март айынын акыры менен апрелдин башындагы боло турган өлчөлүү мезгил танабындагы (рамкасындагы) саясый процесстердин чокмороктошуусу акыркы он бир айдын ичинде болуп көрө элек эле. Ошондуктан коомчулук алдыдагы окуялардын өнүгүшүнө - позитивдүү ыңтайга түшөбү же болбосо кедерден кетүү агымы дагы эле улана береби деген суроо коюп, сестенүү менен сереп салып турганы байкалбай койбос. Мүдүн Болотбеков КурумУшу Президенттин "өлүмү" жөнүндө айың кеп же башкаруу системасындагы патернализм Абалкы официалдуу маалымат боюнча 3-мартта Германияга "кыска мөөнөткө" отпуске алып "эс алуу", эки иштен бир иш, профилактикалык текшерүү үчүн кеткен президент бир айга чукулдаганда гана сапары карып, акыры Кыргызстанга кайтып келди. Эч кимге айтпай, дебей жыла басып билинбей кеткен президент даңазалуу салтанат менен тосулду. 70ке жакын аккредитацияланган журналисттер, К.Бакиев көздөй көрүп ылым санаган протоколдук чиновниктер шурудай тизилип тосуп алды. Чет өлкөлөрдөгү Рим папасын тосконго окшогон шаңдуу "салатанаттын" өзүнчө информациялык шылтоо-себеби бар эле. К.Бакиевдин Германиядагы "эс алуусу" боюнча информациялык вакуум түзүлүп, президенттин тегерегинде ар кандай ушак-айыңдар, имиш-имиш сөздөрдүн тарашын шарттаган болчу. Президенттин кайтып келер 28-марттын алдында "жан тасилим болуптур" деген "оор" кептердин чыгышына чейин жеткен. Эң "жеңил" жоромолу өтө кыйын абалда экен же оор операцияны башынан кечирип, мал болуп кете албай жатыптыр, андан да "жеңил жел аргысы" дарылануу курсу аяктабай создугуп кетиптир деген сөздөргө келип куюлуп жаткан. Бизнеси менен Германияга бара калып кокусунан К.Бакиевге жолугуп калуу тагдыры туш келип, атүгүл Нооруз майрамын чогуу тосконго шыбага буйруган А.Атамбаевдин өз көзүм менен көрдүм, президент алты саны аман, куландай соо экен деп келген кабары да уу-дуу кептерди токтото алган жок. Акыры "жан тасилим болду" деген сөз чагылгандай болуп республиканын төрт бурчуна түгөл жеткенде президенттин администрациясынын башчысы М.Садыркулов "ушак" кепти төгүндөгөн билдирүү таратып, күнөөнү "конструктивдүү" эмес оппозицияга арта салуу далалатын жасады. Ырасында ушак кимдер тарабынан таратылганын, баштапкы булагы кайсыл экенин аныктоо мүмкүн экенин М.Садыркулов жакшы эле билип турду дечи. Айла кеткендеги өзүнөн көрбөй өзгөгө арта салма иштердин бири. Президенттин тегерегиндеги информациялык ажиотаж анын керт башына карата болгон сезгенген кызыгууну жаратып, акыры келип ал аэропорттогу "салтанатты" шарттаганы түшүнүктүү болор. Республикага ушак-айыңдардын жөө тумандай тарап коомчулуктун бүйрүсүн кызышына жжем таштаганга себеп "Акүйдүн" президенти жөнүндөгү маалымат толук берилбей дозировкаланган информациялар таратылып турганы менен байланышат. "Ак-үйдүн" пресс-кызматынын "кыска отпуске" 16-мартта аяктап, президент келмей болду деген маалыматынын пайда болушу, андан соң эс алуу" кийинкиге жылдырылышы жөнүндөгү билдирүүлөрү коомчулукта ар кандай жоромолдорго жол ачып таштабыдбы. Буга "чоң" чиновниктердин, атап айтканда спикер А.Мадумаровдун эки анжы ойлорго түрткөн: "президент келгенде тааныбай эле каласыңар" деген олдоксон билдирүүсү кошул-ташыл болуп кетти. А.Мадумаровдуку "чылпагын алам" деп көзүн чукугандай эле жорук болду. Президенттин аэропортко келип түшүп, траптан узап-узабай туруп "баардык маселени өз-өз ордуна койгон" алгачкы сөзүнө ишенсек: Германияга "бутунун муунун" дарылоо үчүн барыптыр, текшерүүдөн өтүп көрсө жүрөгү, кан тамырлары, бөйрөгү таза экен, ал эми, мөөнөтүндө келе албай кармалып калышынын себеби врачтардын келечекте активдүү жашоо образын жүргүзгүн келсе, акырына чейин какыр дарыланганың дурус дешкенине байланыштуу экен. Көрүп тургандай өнтөлөп жаап-жашыра тугандай деле себептер жок. Ар бир адамдын башына келе турган кадересе окуя. Мындан эмне үчүн сырдуу чоң табышмак кылуунун кажети бар эле деген суроо туулбай койбойт. Президентин адмнистрациясындагы информациялык кызматынын жаап жашырмачылыгы К.Бакиев өзү келип "түшүндүрмө" бергенден кийин деле коомчулукту болуп өткөн окуялардын чындыгына чапчаң ишеним жаратып жибербей эки анжы абалда калтырууда.Окуянын реалдуу жүрүшүнүн так картинасы азырынча түзүлө элек. Дагы эле болсо башы ачылбаган "сырдуу дүйнө" сакталууда. Буга Кудайдын улуу күнү болгон Нооруз менен аны бийликке алып келген " элдик революция майрамына" келбей калышы да себеп. Төтөн, президенттин менин кулагыма ден соолугума байланыштуу айрым айың кептер жетти, саясатчылардын алдында отчет берүүгө милдетүү эмесмин, анын үстүнө бул жерде спикер А.Мадумаров менен менин администрациямдын башчысы М.Садыркулов калган, алар менин абалым жөнүндө билишкен, элге маалымат берип турушкан эле, менин атыман нооруз майрамы, элдик революция күнү менен куттукташты дегени коомчулукту муютуп жибере алган жок. Айрым саясый эксперттердин, атап айтсак , Н.Оморовдун айтымында жооптуу кезеңде бир ай отпуска алып республиканы таштап кетип калышы--жоопкерсиздик, элди сыйлабагандык. Кыскасы, президенттин пресс-кызматы Кожоюн ордунда жокто коомчулукту чар тараптуу маалымат менен жабдып турууда өз алдынча иш алып барууга жөндөмсүз айдама экенин, профессионализмдин жетишпегенин, "Ак үй" информация таратууда бир ыраатка келтирилген системага чукактыгын айгине көргөздү. Президенттин ордуна официалдуу түрдө эч кимди дайындабай туруп баса бериши, Германияда бир айга жакын жүрүп алышы информациялык вакуумду гана эмес, башкаруу системасындагы боштукту да жаратты. Бийликтин үч бутагы баары бирдей пассивдүү ыргылжың режимге өтүп кетишти. Мыйзам чыгаруу бийлиги К.Бакиев кеткен алгачкы күндөрү илең-салаң мыйзам чыгаруу иштерин уланткан эле, бара-бара жигери түгөнүп акырында каникул жарыялаганга аргасыз болду. ЖКны мыйзам долбоору менен азыктандырып туруучу президенттин администрациясынын портфели какшып калганы айгине билинди. Президенттин мыйзам долбоору боюнча көрсөтмөсү жок экендигине байланыштуу администрация өз алдынча мыйзам демилгесин көтөрүп чыга албаса анан эмне кылсын,айла жок, ЖК электорат менен иштешүү шылтоону бетке кармап, "кыска мөөнөттүк" тыныгууга чыгуудан башка чара калбайт эмеспи. Эс алып күтө туралы, калганын Кожоюн өзү келгенде көрө жатарбыз деген кеп. Аткаруу бийлиги жанынын тынчын артык көрдү. Өтө бышып айтпай коюга ылаажысы калбай калганда гана түзүлгөн жайсыз жагдай боюнча жагымсыз фактыларды моюнга алуу менен чектелип турушту. Аларга атап айтсак, С.Балкыбековдун Токтогул ГЭСиндеги суунун топтолгон запасы катастрофалык деңгээлге ("өлүк" горизонт деп коюшат) түшкөнүн, эгер энергияны үнөмдүү пайдаланбаса келерки жылы жылуулук менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учурарын, тарифти 13% көтөрүү пландалганы жөнүндө билдирүүсү менен чыгышын көрсөтсө болот. Вице-премьер И.Айдаралиевдин азык-түлүккө болгон баанын кымбатташын ооздуктоого мүмкүн эместиги жөнүндөгү парламенттеги сөзү, И.Болжурованын билим берүү деңгээлинин болуп көрбөгөндөй түшүп кетиши тууралуу айткандарын да ишти илгерилетүү эмес, фактыны моюнга алуу (констатациялоо) гана катары баалоо зарыл. Премьер министр И.Чудиновдун бар же жок экени билинген жок. Иши кылып, социалдык-экономикалык кризистен чыгуу боюнча өкмөттө программалык демилге болуп жарыбаганы ачык. Бир сөз менен айтсак, министрлер кабинетинде эмне болсоң ошо бол дешип агым менен ала салып жүрө берүүсү байкалды. Сот өз арбайын өзү согуп, өз арабасын кылдыраткан абалда иштеди. Эбактан бери айтылып келеткан сот реформасы багытында кенедей да жылыш же жандануу болбогону буга күбө. Ошентип, президенттин "кыска мөөнөттөгү" отпускеси учурунда Кыргызстанда башкаруу системасында авторитардык бийлик орногону айгине болду. Бийликтин бир дагы бутагында жоопкерчиликти моюнга алган өз алдынчалык жок болуп чыкты. Өз алдынча демилге көтөрүү чиновниктер үчүн чоочун көрүнүш экен. Алар "Акүйдүн" кожоюнунун оозун карап, көзү менен чарк айланып иш кылганга жедеп машташып бүтүшүптүр. Бул бийлик системасында патернализмдин орногонунун ачык күбөсү болуп берет. Бийликтин уч бутагынын командалык башкарууга ык алган инерттүүлүгү менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык кризистин андан ары тереңдешине өбөлгө түзүлгөнү өкүндүрбөй койбос. Үсөн Касыбеков |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|