Коомдук-саясый гезит
№35, 01.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Самсаалап калган саясат

Ушинтип, саясаттын айрым "лөктөрүнө" "гүл" ыргытып отурабыз. Туура түшүнүшүп, гүлүбүздү кабыл кы-лаар. Эл каймагы болуш оңой эмес. Аны түшүнөбүз. Саясат деген балекет ушундай экен да. Мындан жаман нерселерге кол шилтеп жүрүшпөйбү. Бул ага караганда сопсонун эле азил. Ошондуктан, отко, сотко сүйрөгөндү денсоолукка өтө зыяндуу деп саламаттык сактоо министрлиги эскерткенин эстерине сала кетели.

Кулактандыруу!
Эрге тийем. Боюм 1.60см. Жашым 46. Салмагым 90 кг. Өңүм сулуу, жароокер, мурда көп жолу турмуш кургам. Жерлигим Бишкек. 60 жашка чейинки аксылык же сузактык жигиттер менен үйбүлө куруу максатында таанышам. Оштук жана чүйлүк жигиттер убара болушпаса. Эгиздеп төлдөп бергенге толук мүмкүнчүлүктөр бар. Дарегимди Марат Кайыповдон сурагыла.

Кеңеш айтабыз
- Катының менен кармашпа - көчүгүң тегирменге айланат.
- Ойношуңа сырыңды айтпа - ойношуңун ойношу бар.
- Калкты алдасаң да - катыныңды алдаба.
- Иштесең тиште - тиштесең жулуп ал.
- Семирем десең - секин бас.
- Бөтөлкөнүн түбүнө түшпө - четөлкөдөн дарыланып
каласың.

102 эскертет:
"Шабашка" издеп кеткендигибизге байланыштуу телефонго жооп бералбайбыз. Биз менен иштешкенге карманшик балдар керек. Каалочулар, "банктарды тоноо министрлигинин" "ограбление" бөлүмүнө кайрылышсын. Бөлүм жетекчиси Олдоуса Кийинкелдиев, дареги Жалалабат шаары.

Лөлүкан эже пал ачат
- Түшүңдө Атамбаев менен учурашсаң - Түркиядан ойнош күтөсүң.
- Таракан көрсөң - Күмөндөр телефон чалат.
- Аялың айылга кетсе - үйүңө кыз апкелесиң.
- Түшүңдө күн күркүрөсө - пикетке чыгасың.
- Түшүңдө аттан жыгылсаң - Бириккен фронттун штабына чалгынга барасың.
- Төөнөгүч таап алсаң - ойношуңун боюна бүтөт.
- Үйүңдө пияла сынса - кайненең каргайт.
- Акча жоготсоң - аялыңа кармаласың.
- Чагылган түшсө - Жекшенкулов менен жемелешесиң.

Эгер
- Өмүрбек Текебаев президент болсо, эң биринчи кандай ачылыш кылмак?
- Варшавада кармалган нарко барондорду куткарып келмек.

- Алмаз Атамбаевчи?
- Өлөгөн Асымбаевдин "Саткын" атындагы тарыхый романын түркчөгө котортмок.

- Феликс Кулов президент болсочу?
- Түрмөдөгү көп жылдык эмгегин эске алып, Азиз Батукаевди өзүнө кеңешчи дайындамак.

Ардем кыял
Сокур арызын дүлөйгө айтат
Кыргыз арманын аракка айтат
Чолок мунжуну теңсинбейт
Бийликтин бети Березовский
Арсыз алсыз менен достошот

Кимиси эмнеге уста?
Илип кеткенге- Өмүрбек Субаналиев
Качып кеткенге - Аскар Акаев
Атып кеткенге - Камчы Көлбаев
Танып кеткенге- Жаныш Рустанбеков
Салып кеткенге - Майрам Акаева
Сатып кеткенге- "Илибою"

КыТыРыдагы СМСтерден
Курбум Кыргызгүл! Кийлигишчээк кайнатаң Докенин парламенттен убактылуу кетип, оппозицияга убактылуу кошулушу менен куттуктайм.
Курбуң Казакгүл.

Нуке! Сени сагындым. Каракечеге качан келесиң?
Аркадашың Камчыбек.

Саткынбек дос! Оппозицияга кошулуп, уюлдук парламентке депутат болушуңду абдан кубануу менен кабыл алдым. Алардын чөнтөгүн колдон келишинче өбө бер. Бул жакка өзүм жетем.
Досуң Качкынбек.

Оң келди маек
"93х93х93 менин Фигурам"
- Бегиш Ааматович, кайсы сандарды жакшы көрөсүз?
- 93тү
- Өтүгүңүздүн размеричи?
- Ал да 93.
- Деги өзүңүздү эмнеге окшоштурасыз?
- 93 деген санга.
- А фигураңыз...
- "93х93х93"
Маек курган Текегүл Кочкорбаева


Тарых барактарындагы адамдар
Марат Үчаялов -нике кыйуучу министр
Нурлан Көмүров - Каракече көмүр министри
Аскарбек Финансов - ЖКнын бүт жейт комитетинин төрагасы
Камчыбай Жүдөмүшов - Алааматты алдын алуу министри
Акылбек Хипков - өнөр жайды өлөсөлөтүү министри

Окуп, түшүнүп ал
Ишенип Былжыраба
Коркпогон ажы Мурат
Тажаалкан Калайбетова

Хастрадаумус (1-2 б.з.ч)
- 2009-жылы катуу күн күркүрөйт. Темир Сариевдин көздөгөн ордуна президент Өмүрбек Абдрахмановду дайындайт.
- 2010-жылы Оппозиция биригип, жөжө чыгаруучу цех ойлоп табат.
- Ошол эле жылы көпчүлүк добуш менен жөжө цехине Накен Касиев шайланат.
- 2011-жылы ташкындап сел жүрөт. Нан арзандап, бензиндип баасы 99 тыйынга чейин түшөт.
- 2012-жылы Оппозиция суу менен жүрүүчү автомашина ойлоп табат.
- 2013-жылы Кыргызстанга инопланетяндар учуп келишет. Алар Чолпонбек Абыкеевге "контакка" чыгышат.
- 2015-жылы арак изилдеген лаборатория курулат. Ага акын Алик Акималиев башчылык кылат.
- 2016-жылы дүйнөгө белгилүү жазуучу "Алтындарым", "Ажыдаардын жомогу" романдарынын автору Алмаз Атамбаевдин "Сиз алтын адамсыз" деген сүйүү драмасы жарык көрөт.

Даярдаган Өмүртөрө Кудайбердиев













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan