Коомдук-саясый гезит
№36, 04.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Эрнамыс

Шамшыбек Медетбеков:
"Өз балдарыбыздын башка тууну желбиреткенине ичим ачышат"
Өткөн саныбызда экс-депутат Шамшыбек Медетбековдун Новосибирск шаарында өткөн эларалык конференцияга катышып, Кыргызстандагы коррупция туурасында доклад жасаганын кабарлаган элек. Ошол сапар туурасында Шамшыбек Осмонкулович төмөндөгүлөрдү айтып берди.

- Дүйнөлүк парламентарийлер коррупцияга каршы деген эларалык коом бар, анын штаб-квартирасы Канадада жайгашып, ага дүйнө боюнча көп мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан да мүчө болгон. "Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы" коому мурдагы, азыркы депутаттардын башын кошуп турат. Ошол коомдун мүчөсү катары бул жолку эл аралык жыйынга мени чакырышкан экен. Конференцияга Россия, Америка, Англия, Канада сыяктуу ири мамлекеттерден тартып бизге окшош чакан мамлекеттерден белгилүү окумуштуулар, юристтер, журналисттер келип, коррупцияны канткенде ооздуктоонун жолдорун талкуулашты. Дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли эң төмөн мамлекет Сингапур экен, ал жактагы коррупцияны жоюуга салым кошкон дүйнөлүк атагы бар адис менен теле аркылуу түз байланыш уюштурулуп, айтор абдан кызыктуу, пайдалуу конференция болду. Мен Кыргызстандагы абалды, коррупциянын кантип өсүп, ага каршы кандай күрөш жүрүп атканын айтып бердим.
-Токтогул атабыз сүргүнгө айдалган жердебиз деген мекендештерибиз көп эле, ал жактан кыргыздарга жолуга алдыңызбы?
- Сибирь федералдык округуна 16 область кирет экен. Дээрлик бардык областтарда кыргыздар көп дешти. Алардын алды он чакты жыл мурда келиптир, тээ союз учурунда келип, ошол боюнча отурукташып калгандар да бар экен. Арасында аспиранттар, студенттер, курулушта иштегендер, базарда соода кылгандар, врачтар, айтор бардык кесиптин ээлери, ар кыл адамдар жүрүшөт. Басымдуу көпчүлүгү - үй-жай күтүп, бала-чакалуу боло турган, кандай иш болсо да мудаасына чыгаруучу курактагылар . Атаганат, Мекендин керегине жарачу эчен эр-азаматтарыбыз азыр ушинтип бөтөн жерди жердеп, бөтөн элге кызмат кылганга мажбур болуп жүрүшөт. Элди, жерди канчалык сүйгөн менен алардын дээрлик көбү Россиянын жарандыгын алганга шашылышат. Себеби белгилүү - жарандыгың болбосо жашашың кыйын. Кыргыздардын башка улуттарга салыштырмалуу куулук-шумдугу жок, билимдүү, ишке так, орус тилин жакшы билген, ийкемдүү экенин билип калган орус туугандар да башка улуттарга караганда кыргыздарга көбүрөөк ишенип жумуш тапшырганга аракет кылып, жарандык алууга кыйла жеңилдиктерди берген экен.
- Жашоо шарттары кандай экен? Кандай деген күндө да биздин мигранттарга жумуштун оору, шарттын кыйыны тийсе керек.
- Албетте, жүздөгөн мекендештерибиз карагай кыйган жерлерде, ири курулуштардын кыйын участкаларында, химиялык заводдордо, оор жүк көтөрчү жерлерде иштешет. Сибирдин суугунда базарда отургандар канча! Ушул адамдардын каармандыгына баа берип, нечен кыйынчылыктарга чыдап, кыргыз деген намысты жерге түшүрбөй, бутуна бекем туруп, бизнесте болобу, башка тармактабы, ийгиликтерди жаратып жаткандарына ыраазы болбой койбойсуң. Дал ушул эмгек мигранттары жыл сайын Кыргызстанга эң ири инвестицияны миллиард доллардан ашуун (2007-жылдын эсеби боюнча) акчаны алып келип атышат. Ошолордун жөнөтүп жаткан каражаты менен миңдеген үйбүлөлөр багылып, бакчага, мектепке, окуу жайларына контракттар төлөнүп, социалдык жарылууларга жол берилбей келатат. Мамлекет башкага көңүл бурбаса да эмгек мигранттарына олуттуу көңүл бурушу зарыл экен деген ой ушул жолку сапар учурунда айрыкча санаада болду. Кеп бул жерде каражат же кара курсактын маселесинде эмес, каражатты кайыштай ийленип жүрүп өздөрү табышат тура, кеп - элибизден оолак жүргөн жарандарыбыздын урпактарында Мекен деген түшүнүктүн өзгөрүп баратканында. Кыргызстандан кеткенине он чакты жыл болгон адамдын бала-чакасы ошол барган жеринде төрөлүп, киндик каны башка жерде таамп, тили башка тилде чыгып,... анан барган жерин коргоп, ошол элдин намысын талашып турса жүрөк зыркырайт. Биздин мигранттардын балдарынын арасында таланттуулар, спорттук ийгиликтерге жетишкендер көп экен. Сибирь федералдык округу боюнча кыргыз жигиттеринен турган команда ар бир областта түзүлүптүр. Кыргыз диаспорасы жыл сайын округ боюнча мелдеш уюштуруп турушат. Бир балабыз "Жылдыздар фабрикасына" барып жеңүүчү болуп келсе, дагы бири күрөштөн федерация боюнча чемпион, дагы бир кыргыз кызы муз үстүндөгү бий боюнча жеңүүчү болуп чыгыптыр. Анын апасы монгол экен, аны билген монголдор Сочиде өтүүчү олимпиадага даярдайбыз, Монголиянын атынан чыгарабыз деп каражат издеп атышыптыр. Ушундай мүмкүнчүлүктүн баары бизде болуп, өз балдарыбыз өз туубузду желбиретип чыкса, мамлекетибиз үчүн кандай сыймык болмок.Тилекке каршы, бул балдарыбыздын теги кыргыз болгону менен кыргызча сүйлөбөсө, кыргыздын намысы үчүн күйбөсө элибиздин мыкты катмарын жоготуп алганыбыз ошол эмеспи. Ушундай процесс улана берсе 10-20 жылдан кийин эле эмне болоорун элестетүү кыйын.
- Азыр эле 500 миңден ашуун жарандарыбыз сыртта жүрөт деп атышпайбы?
- Балким андан аздыр, же көптүр, бирок канча болгон күндө да мен экономист, финансист катары азыр эмгек мигранттарын номур биринчи инвесторлор дээр элем. Былтыркы жылдын эсебинен алар Кыргызстанга бир миллиард доллар каражат киргизишти дебедикпи. Ошого жараша мамлекет тарабынан да мигранттар үчүн шарт түзүүгө көңүл бурулушу керек эле.
Бизге 10 миллион, 20 миллиондук инвестиция алып келген инвесторлордун артынан ээрчип калабыз. Алар телевизордон түшпөйт, ага президент да, премьер да жолугат, салыктын баарынан бошотулат, кайсы эшик болбосун ачык , сөздөрү чоң. Мисалы, мына сигарет чыгарган фабрика, ондогон жылдарга салыктан бошотулуп, жеңилдиктерден пайдаланды. Алар продукцияны биздин дыйкандардан сатып албай башка жактан алып келет экен, мына ушундайларга жол ачык, өнүгүүгө шарт бар, а миллиардды алып келип аткан жарандарыбызга тиешелүү деңгээлде көңүл бурган эч ким жок. Көңүл бурулса, элибиздин азайып, башка элге сиңип, жок болуп кетүүсүнө жол бербегенге аракет көрүлүшү керек эле да. Эми чынында мигранттар барган жерлерде мектеп ачып, балдарды кыргызча окутуу колдон келбейт, жок дегенде элге билим берүү министрлиги атайын мигранттар үчүн кыргыз тили жана адабияты, кыргыз тарыхы боюнча окуу китептерди, программаны даярдаса калганын өзүлөрү уюштурганга кудуреттери толук жетчүдөй, мигранттардын арасында кыргыз тил мугалимдери да көп дешет. Муну мигранттардын өздөрү деле айта берип жадагандай болушту. Бул боюнча Ататүрктүн эмгегин, жүргүзгөн саясатын үлгү кылсак болот. Ал Европада жүргөн түрктөр үчүн сөзсүз мектеп ачтырганга аракет кылганы үчүн бир кылымдан ашса да түрктөр өз тилин унутпай, унутмак түгүл өздөрү барган жерде түрк тилин башкаларга окутуп, түрк маданиятын жайылтып жатышпайбы. Мектеп-жөн гана бала окутчу жер эмес, улуттук духтун, рухтун ордосу болмок да.
Биздин мигранттар салт- санаадан, маданияттан оолактап кетпеш үчүн ыр кесе уюштуруп, бир аймактан экинчисине өткөрүп турушат экен. Адегенде андай иш-чаралар мектептин же чакан клубдардын сахнасында өткөрүлсө, азыр чоң-чоң маданий борборлордо, миңдеген адамдардын катышуусу менен өтөт экен.
Алардын барган жеринде биротоло отурукташып калбай кайтып келиши үчүн сөзсүз түрдө жарандык алууга мажбур болушпай, атайын жумуш орундарында иштөөгө мүмкүндүк берүүчү квота болсо жакшы болоор беле дейм.
- "Жаман айтпай жакшы жок", кокустук болуп кетсе алардын сөөгүн мекенине алып келүү маселеси да кыйын болсо керек?
- Бул маселени ошол жердеги кыргыз диаспорасы мойнуна алыптыр. Мигранттардын ар бири он рублден чогултуп, поезд же автобус менен жөнөтүшөт экен. Диаспоранын жетекчиси Жаркынбай Тойтуков деген көп жылдан бери жашаган жигит экен. Жергиликтүү калкта мына ушундай азаматтар аркылуу кыргыз эли жөнүндө жакшы пикир калыптанып калыптыр. Айрымдары союз убагында кыргыз жерине, айрыкча Ысыккөлгө келип, биздин табияттын касиетин билип калышкан экен, эми деле келсек дегенде эки көзүбүз төрт, жолдун гана азабы болуп турат дешет. Көрсө машина, автобус менен келгендерди жолдон казактардын МАИси тосуп, акчасын алып, Көлгө жетпей убара болуп кайра кеткендер бар экен. Самолет менен Ысык- Көлгө 2-3 сааттык жол, Кара деңизде эс алуу алысыраак, анын үстүнө эки эсе кымбат. Новосибирскинин өзүндө эле 1 миллиондон ашуун калк, округ боюнча 30 миллиондон жашоочу бар экенин ойго алсак, биздеги туризмди өнүктүрүүгө канчалык мүмкүнчүлүк бар экенин түшүнсө болот. Бул максатта Тамчыдагы аэропорт эң сонун кызмат кылып бере алмак.
- Сибирдеги илимий борбор мурдатан эле дүйнөгө атагы чыккан борбор эле, Кыргызстандан барган окумуштуулардын "мээси"ушул тармакта да иштеп жатса керек?
- Ооба, кыргызстандык окумуштуулар, изилдөөчүлөр, аспиранттар, медиктер бар экен. Бир аспирант жигит "Кыргызстанга барсам менин баркым деле болбойт, өнүгүүгө шарт жок" деп ачык эле айтты. Ал жакта илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө да, үй бүлөнү алда немедей багууга да шарт бар экен. Бирок алар кайтып келген, келбеген күндө да бияктагы үйбүлөсүнө ата-энесине, туугандарга акча салып, каралашып жатышпайбы.
- Кыргызстандан маалымат алуу кыйын болсо керек?
- Күндөлүк басма сөзгө болгон муктаждык бар экен. Мен бияктан гезиттердин жаңы сандарын ала бардым эле, ошого абдан кубанышты. Өздөрү да басма сөз аркылуу кабарлашып турууга куштар экен. Буйруса, ал жактан "Ааламдын" кабарчылык пунктун ачып, маалымат алмашып турууга макулдаштык.
Мекендештерибиз, мигрант-инвесторлор боюнча ой-пикирлер, сунуштар абдан көп. Бул тууралуу өкмөтүбүз да жакшылап ойлонуп, мамлекеттер аралык мигранттарга шарт түзүү боюнча комплекстүү иш чараларды кабыл алат деген чоң үмүт бар. Эмгек мигранттарын инвесторлордун деңгээлине чыгарып, инвесторлорго кылгандай мамиле, сый-урмат буларга да жасалса деген тилек бар.

Сүйүн Курманова














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan