![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №36, 04.04.08-ж. |
Меймансап Форум Жүзүңдү ач, гүлчөтай!! Саясаттын кир-когун саясатчы айымдар кетиреби? 2004-жылдагы төңкөрүштөн бери аял саясатчылар саясый аренадан кетип калышты эле. Кетип калышты дегенибиз, эркек саясатчылардан орун бошобой калган. Анан оппозициясы, позициясы деле ызы-чуу түшүп, мамкызматка аялдардан аралаштырбасак болбойт экен, мушташып-тиштеше берет экенбиз деп, айтып чыгышты. Ар нерсе өз мезгили менен дегендей, азыр моминтип, акүйүндө деле көкүйүндө деле сороң этип, аялдардын башы көрүнө калат. Биз да "чоң" болгондон кийин кыргыздын аял саясатчылары өзгөрөбү же, жокпу дегендей изилдөө жүргүзүмүш эттик. Бул сапар айрым аялдарды кошпогондо, көбүнесе бийликчил аялдарга орун берилди. Келээрки сапар жалаң оппозициячыл аялдарга төрдү бошотуп беришет. Тажикан Калимбетова, каржы министри. "Президенттин ишенимин актап атам" - Эже, кызмат ордуңуз талашка түшүп, министрлик "креслону" эңсегендер ат тезегин кургатпай Акүйгө каттап жатыптыр деп эле угабыз. - Да, мен да ошондой шыбыштарды угуп калчу болдум. - Кайсы "чиновниктер" уюштурууда деп ойлойсуз? - Анысын билалбайт экем. Ушак - айың болушу да мүмкүн. - Президенттин айлана чөйрөсүндөгү айрым адамдарга жакпай калдыңызбы? - Антип ойлобойм. Кудай буйруса ишим жаман эмес. Курманбек Салиевичтин ишенимин актап, эл үчүн иштешибиз зарыл да. Өлкөдө стабилдүүлүк толугу менен орноп, бүт кыргызстандыктар жазгы талаа жумуштары менен алектенишүүдө. Ушуну стабилдүүлүк дебесек, акыйкатчылыктан тайган болобуз. Мындай жакшы жөрөлгөлөрдүн автору болгон президентке ыракмат айтышыбыз керек. Элмира Ибраимова, "Акжол" фракциясынан ЖК депутаты. "Жооп бербейм, ишим толтура" - Элмира Султановна, атаңыз кыргызча сүйлөгөн, кыргыздын белдүү жигиттеринин бири эле. Сиз эмнеге кыргыз тилинен аксап жатасыз? - Ой, мен мындай суроолорго жооп бербейм. Койгулачы, каяктагыны айтпай. Итак, ишим толтура. - Санк - Петербургга биртоп депутаттар кетишти. Сиз эмнеге калып калдыңыз? - Жөн эле. Мен обычно мындай суроолорго жооп бербейм. Жакшы калыңыз. Роза Отунбаева, Социал-демократтар партиясынан ЖК депутаты. "Силерди "ватанчы" деп айтып жүрүшөт" - Роза Исаковна, аялдарга таандык үй жумуштарына кандайсыз? - Жакшы элемин. Силерге сүйлөбөй эле койсомбу деп турам. - Ии, анчалык эмне болду? - Силер "Ватан" партиясынын гезити турбайсыңарбы? - Койсоңузчу, аны ким айтты? - Ой, элдер айтып жүрүшпөйбү. Ошондуктан, мени жөн кой иним.Өзүм дагы азыр шашылып баратам. Америкага жөнөп жаттым эле. Келгенде жакшылап бир маек куруп берейин, макулбу? Ишенгүл Болжурова, Билим берүү министри. "Менин фамилиям менен ойнопсуңар" Министр айымдын кабылдамасында турсак, бөлмөсүнөн чыгып калды. - Эже саламатсызбы? - Саламат. - "Аалам" гезитинен келдик эле. Бир сурообуз бар жооп бересизби? - Кой ай, экинчи мага келбегиле. Мен "Аалам" менен такыр иштешпейм. Өткөндө менин фамилиям менен ойнопсуңар. Андай болбойт да. Биз жооп бергиче сылык коштошуп кирип кетти. Депутат Бүмайрам Мамасейитова журналисттерден үркөбү? Депутат айымдын кабылдамасында көпкө тургандан кийин жардамчысына кайрылдык. Жардамчысы кирип, биздин эки мүнөткө жетпеген өтүнүчүбүздү айткан экен, "кабыл албайм, убара болушпасын" дептир. "Эмнеге" десек, "жөн эле" дейт. Эже көп жыл мамкызматта жүргөн экен. Жалалабаттын Майлысуу шаарына мэр болгон деп да укчубуз. Арийне, мамкызмат менен парламенттин табияты бөлөк деп, ушул эле "Акжолчу" депутаттар ырдап жүрүшпөдү беле? Парламент мүчөсү деген элге жакын, жерге жакын деп түшүнүп алганыбызды караң, кашайгырдыкы десе. БШКнын төрайымы оозду ачырганда Клара айымга көпкө киралбай күтүп турсак, жардамчысы экөө чыгып калды. Машинесине отуруп жатканда жетип бардык. - Клара Кабиловна, саламатсызбы? Сизге сурообуз бар эле... Төрайым бизге жооп деле берген жок. Жардамчысын карап, "мындай нерселерди мени менен кеңешпейсиңерби" деди эле, анысы бизге карап, "силер кимсиңер, качан жазылдыңар?" десе, оозубузду ачып туруп калдык. Төрайым кетип калды. Токон Шайлиева, коомдук ишмер. "Жыйырма жылдан бери кир жууй элекмин" - Токон Асановна, аялзатына таандык жумуштар бар эмеспи. Мисалы, тамак бышыруу, кир жуу сыяктуу. Көп жылдан бери саясатта жүрүп, кир жууганды унутуп калбадыңызбы? - Кыргыз болгондон кийин элге таандык адаттарды эмнеге унутмак элем. Катырып бешбармак жасайм. Тамактын бардык эле түрү колуман келет. Азыр эми, конечно, тамак жасабай калдым. Ал жумушту келиндерим кылат. Билесиңерби, кыргыздын укмуш тамактары бар да. Керек болсо, орустар бешбармакты мактап жүрүшпөйбү. - Эң акыры качан кир жуудуңуз эле? - Мындан жыйырма жыл мурун. - "Служанка" жумшайсыз да, туурабы? - Жок, андай эмесмин. Кудайга шүгүр, келиндерим бар. Өмүртөрө Кудайбердиев |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|