Коомдук-саясый гезит
№37, 08.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Ара жолдо

Айыл чарбасын кантип көтөрөбүз?
Редакциядан: Бүгүнкү күндө айыл чарбасы итке минип, карапайым адамдардын жашоосу оор ахывалга такалган. Кыргызстандын 62 % ы - элеттиктер. Эгерде элеттиктердин турмушу оңолбосо, мамлекеттин да өсүп-өнүгүүсү болбойт. Анүчүн айыл-чарба маселесин көтөрүү зарыл. Кантип? Мына ушунун айланасында ой-пикирлерди сунуштайлы дедик.

Өкмөт, айыл чарба министрлиги өткөн жылдагы дан кризисинен жыйынтык чыгара алган жок, ал гана эмес быйылкы жана кийинки жыл дагы "проморгали" коркунучунда турат. Өкмөттүн бүгүнкү күндө берип жаткан отчеттору чындыкка дал келбейт, күздүк буудайды эгүүдө жылдагыдай эле үрөн, техника жетишсиз болду. Дыйкандар шашылыш түрдө колго тийген буудайын үрөн катары эрте, кеч себишти, ошол эптеп себилген буудайды азыктандыруу бүгүнкү күндө кечигип, начар жүргүзүлүүдө, бөлүнгөн жер семирткич 2 пайыз эгинди да камсыз кылбайт. А күйүүчү май жетишсиз жана бүгүнкү күндө накталай жок, Айыл банктын 7% дык кредити жашыруун тизме менен берилип, жөнөкөй дыйкан ала албайт, айтылып жаткан 180 миң гектарга жаздык эгебиз деген реалдуу эмес.
Биз айыл чарба тармагындагы кыйынчылыктарды жашырып өзүбүздү алдабашыбыз керек, бул нерсе эртең эле ачыкка чыгат жана натыйжасы оор болушу мүмкүн. Айыл чарбаны "өрт өчүрүү" режиминде кармап, күздө, жазда же баа көтөрүлгөндө жондон коюу туура эмес, бул иш-чаралар "дежурный" болуп, ушул кезге чейин бул тармактагы кризистин негизги себеби аныкталып, ага каршы иштер жүргүзүлгөн жок. Акыркы жылдары айыл чарба министрлигинин бюджети бир нече эсе көбөйүп, миллиард сомдон ашты, миң кытай трактору, комбайндар, МТЗ тракторлору берилди, акча, күйүүчү май, жер семирткич жана башка каражаттардын көлөмү көбөйдү. Натыйжасында жалпы дүң жыйын көбөйдүбү? Түшүмдүүлүк жогоруладыбы? Тескерисинче, бир эле көрсөткүч: айдалбай бош калган жерлердин аянты жүз элүү миң гектардан ашты, дыйкандар массалык түрдө жерин таштап, Россия, Казакстанга кетип жатышат. Бул эң жаман көрүнүш. Өлкөнүн айыл чарбасындагы бүгүнкү саясат менен бул проблемалар чечилбейт жана өкмөт ар жылы күздө, жазда кыйын ахывалдан чыгуу боюнча азыркыдай жыйындарын өткөрө берет.
Айыл чарбадагы бүгүнкү түзүлгөн оор кырдаалдан чыгуу үчүн өкмөт жана айыл чарба министрлиги бул тармакты изилдеп, оор ахывалга түшкөнүнүн себептерин таап, андан чыгуунун жолдорун аныктап, ишке аша турган реалдуу агрардык саясатты иштеп чыгышы керек эле. Азыркы мезгилде агрардык саясаттын жоктугунан аны талкуулай да, пикир-сунушуңду айта да албайсың.
Ошондуктан, биринчиден, элибиздин келечегине көңүл кош карабаган атуул катары, экинчиден, практик дыйкан катары айыл чарба боюнча ой бөлүшүү туура деп ойлоймун.
Кыргызстан айдоо жерлердин сапаты жагынан, суу запасы, климат, күндүн тийиши боюнча, тоо, токой, мөмө-жемиштери жагынан бүт кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу дыйканчылык жана мал чарбачылыкка ыңгайлуу өлкө болуп эсептелет. Азык-түлүк боюнча өзүн толук камсыз кылуудан сырткары экспортер болууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Айыл чарбанын ушундай ахывалга түшкөнүнүн себеби - бул тармактагы өндүрүштүк мамилелердин туура эмес жолго коюлгандыгында, тагыраак айтсак, айыл чарбанын негизин түзгөн майда жеке дыйкан чарбалардын чыгашалуу болгондугунда. Бул маселе чечилмейинче алардын тармактагы кризиси улана берет. Бул ахывалдан чыгуу үчүн эки багытты турмушка ашырышыбыз керек, биринчиси - ооз жүзүндө көптөн бери айтылып келе жаткан ирилештирүү саясатын иш жүзүндө турмушка ашыруу, экинчиси - экологиялык таза азык-түлүк өндүрүү багыты. Ири чарба түзүлсө эле бүгүнкү күндө байып кетет деген туура эмес, бирок айыл чарбаны кирешелүү тармакка өткөрүүнүн биринчи кадамдары ирилештирүүдөн башталышы керек. Андан ары кооперацияланышат, терең адистешүү жүрөт, кайра иштетүү өндүрүшү автоматтык түрдө жанданат. Кооператив техника менен камсыз болуу жагынан алсак, агротехникалык эрежелерди сактоодо, үрөн, күйүүчү май, жер семирткичтерди сатып алууда, даяр товарын сатууда жана башка мамилелерде жеке дыйканга салыштырмалуу бир топ артыкчылыктарга ээ жана жыйынтыгында бул акча менен өлчөнөт. Факты менен айтайын, 2007-жылы Жалалабат областынын Ноокен районунда бир гектар пахта же буудай өндүрүүгө кеткен чыгымдын айырмасы эки чарбанын ортосунда 4-6 миң сомду түздү, район боюнча 10 миң гектар жер эгилсе жана дыйкан жаз-кыш, күн-түн жүгүргөн эмгегинен сырткары 50 миң сом нак ашыкча чыгым тартты. Область, өлкө боюнча бул миллиарддаган сомдор, натыйжасы - дүң жыйымдын, түшүмдүүлүктүн төмөндөшү, жеке дыйкандардын бош калган жерлеринин аянтынын көбөйүшү.
Жогорку трибунадан кооперативдерди түзүүнүн зарылдыгы тууралуу айтылып келет, дыйкандардын басымдуу көпчүлүгү бул процесске даяр, бирок бул турмушка кандай ашаарын түшүнбөйт, тилекке каршы, өкмөт жана айыл чарба министрлиги дагы бул саясатты реалдуу турмушка ашырууну билбейт. Натыйжада акыркы жылдары өлкөдө бир да кооператив уюшулбастан, тескерисинче, кыскарууда.
Ирилештирүү саясатын турмушка кантип ашырышыбыз керек, айылга келип дыйкандарга жүз жолу жалынсаң да барышпайт, техника, үрөн, күйүүчү май, жер семирткич, акча жок болсо, чогулуп ашар менен кетмен чабабы - техникасы бар тың дыйкан кошулбайт. Өткөн эки жыл ичинде өкмөт жана министрликтин бул маселе менен алектенбегенинин натыйжасында өлкөдө кеминде жүз кооператив түзүү мүмкүнчүлүгүн жоготтук. Алынып келинген миң кытай тракторун, эки жүз комбайнды, МТЗ тракторлорун акча каражаттары менен бекемдеп, ар бир районго дыйкандардын жамааттарынын катышуусу менен, "строго" конкурстун негизинде кооператив түзүүгө берсе туура болмок, ошондо бүгүнкү күндө иштеп жаткан 150дөй кооперативдин үстүнө 10 кытай трактору, 2 комбайны, МТЗ тракторлору бар 100 кооператив кошулмак, орточо миң гектардан негизинен буудай эгүүгө адистешкен 250 кооператив түзүлсө, 2009-жылга 250 миң гектар буудайды ири чарбалар эгип, жеке чарбалар 150 миң гектар эгип, керек болгон 1 млн тонна данды өзүбүз өстүрүп "дан кризисинен" кутулмакпыз. Жогорудагы техникалар райондук бийликтер тарабынан жең ичинен, натыйжасыз жеке кызыкчылык менен бөлүндү, кийинки келе турган техниканын тагдыры да ушундай эле болот. Дагы жүз миң трактор алып келип жеке дыйкандарга тарткатсак дагы бул проблеманы чече албайбыз, биринчиден, ошондо да жеке дыйкандын баарына трактор жетпейт, экинчиден, 1-5 гектар жери бар дыйканга эми трактор чыгашалуу болуп, өзүн актабай калат.
Биз бүгүнкү күндө айыл чарбаны 2009-2010-жылдарына иштетишибиз керек, негизги багыт дыйкандардын өз ыктыяры менен ири чарбаларды түзүү. Бул иш-чаралар чоң акча каражатын талап кылат жана бул сумма бизде жок. Баарыбызга белгилүү дүйнөлүк банк жана анын структуралары, эларалык банктар, дүйнөлүк, эларалык финансы, экологиялык уюмдар дүйнө жүзү боюнча ондогон мамлекеттерди экология, жакырчылык жана башка орчундуу проблемалар боюнча миллиарддаган долларларга каржылап турат. Буга мисал - айылдагы жакырчылык менен күрөшүү алкагында он миллиондогон долларларды иштетип жаткан АРИСти алсак болот, айылдагы аялдардын жакырчылыгын кыскартуу жаатында АБР каржылаган "Айылдагы аялдардын кол өнөрчүлүгүн колдоо" долбоору 2 млн. доллардан ашык грант алып келип, 30га жакын борборлорду ачып иш жүргүзүүдө. Дагы жаңы мисал - Африканын бир батыш мамлекетинде суунун тартыштыгынан күрүч аянттары кыскарып, жакырчылык өсүп кеткен, өкмөттүн долбоорунун негизинде дүйнөлүк финансы уюмдары 300 миң доллар бөлүп, дарыянын суусун канал аркылуу буруп, күрүч аянттарын кеңейтип жатат.
(Уландысы бар)

Акыбай Сооронбаев,
"Кенч" кооперативинин жетекчиси




  Айланкөчөк...

Борборду Ошко көчүрүү - саясый оюн
Башкаларды билбейм, мен өлкөнүн борборун Ош шаарына которуу жөнүндөгү сөздү укканда эле өз кулагыма ишенбей айрантаң калгам. Борбор шаарды Ошко которуу маселесин кайдан ойлоп табышты экен? Чынында эле Ош шаарынын Кыргызстандын борбору болууга мүмкүнчүлүгү, дарамети жетеби?

Биринчиден, Ошту борбор шаар кылыш үчүн канчалаган жаңы имараттарды куруу керек? Ага эмне деген чыгымдар талап кылынат. Башкасын коюп эле Өкмөт үйүн, административдик башка имараттарды куруш үчүн Кыргызстандын канча жылдык бюджети жумшааларын ойлоп көргүлөчү. "Ош областтык мамлекеттик администрациясынын имараты турбайбы" дечүлөр да четтен чыгары шексиз. Азыркы учурда башка мамлекеттердин башчыларын кабыл алууга ал имарат кичинелик кылары белгилүү. Эски дагы. Ал эми калган министрликтер, агенттиктер, ведомстволор кайда жайгашаары жөнүндө сөз кылуунун да кереги жок.
Экинчиден, Ош шаарынын жайгашкан географиялык орду да борбор болууга анча ылайыктуу эмес. Бишкектикиндей айлана-тегереги кенен болбостон чектелүү. Үчүнчүдөн, Ош шаары Кыргызстандын орто жеринен орун албаса да, эң кур дегенде өлкөнүн бардык региондорун туташтырып, байланыштырып турган автожол, темир жолдор өтчү тогуз жолдун тоомунда жайгашкан эмес. Так айтканда, өлкөнүн четирээк жагындагы бир ныптасынан орун алган. Борбор шаарды Ошко которуу маселесин козгоп жатышкан билермандар тумандатып, так ошол бир ныптада Өзбекстан менен чектеш жерге жакын жайгашкандыгын картанын тузундай кайра-кайра бетке кармашат. Алардын карманган негизги аргументтери: "Эгер өлкөнүн борбору Ош шаары болсо, Өзбекстан менен чегара маселеси чечилип, мамлекеттин коопсуздугу да чыңдалмак. Улам биздин аймакка берилеп жылып кирип жаткан тажиктер да Баткен жергесинен чыгып кетишмек" деген кыязда болуп жаткандыгы түшүнүктүү. Мындай маселелерди борборду Ош шаарына которбой эле чечүүгө болот. Болгону чегара көзөмөлүн күчөтүп, катуу тартип киргизүү керек. Борбор Ош шаары болуп калганда эле президент өзү келип чегараны карап, көзөмөлдөп турабы? Өзүбүздүн кайдыгерлигибизден, чечкинсиздигибизден, мекенибизге каны-жаныбыз менен берилбегендигибизден чегараларыбыздагы чыр-чатактарга, мыйзамсыздыкка шыкакчы болуп жаткандыгыбыз жалганбы? Эмне Өзбекстан менен Тажикстандын борборлору Ташкент менен Дүйшөмбү биздин чегараларыбызга жакын жайгашып, үстөмдүк кылып жатыптырбы? Жок. Ал шаарлар биздин чегаралардан бир канча алыс жерде орун алышкан. Бул жерде себепти башка-көзгө койгуласа да кыңк этип баш көтөрбөгөн бечаралыгыбыздан, күнкарамалыгыбыздан, көчүккө түрткөндө гана козголгон айдатмалыгыбыздан издегенибиз оң.
"Казакстан деле борбор шаарын Россиянын чегарасына жакын түндүк тарапка которбодубу" дечүлөрдүн арабыздан чыгышы да белгилүү. Э кокуй, Казакстан ким, биз кимбиз? "Жылкычым, жылкыңа карап ышкыр" дегендей, азыр биз өнүгүү-өсүү жагынан коңшубуздун бучкагына да тең келе албайбыз. Анткени алар көз карандысыздыкка жетишкенден кийинки алгачкы кадамын делөөрүткөн демократиядан эмес, элинин эртеңкисине даңгыр жол ача турган экономиканы өнүктүрүүдөн баштаган. Мына эми анын үзүрүн көрүү учуру келди. Биз болсок, демократия деп делпилдеп, желпилдеп отурган жерибизде отуруп кала бердик. Көрсө, бутуң менен турган жериңде калчылдабай бекем туруп алып, анан демократия десең, сиңимдүү да болуп жарашат окшобойбу.
Ош шаарын азыркы Бишкектин деңгээлине жеткириш үчүн бери эле дегенде 25-30 жылдай убакыт талап кылынат. Ансыз да кымбатчылык үстүбүздөн басып, айласыздан жан багуу башкы маселе болуп турганда борборду Ош шаарына которуу деген жөн эле обу жоктуктан же болбосо акырындап унутулуп бара жаткан түндүк-түштүк маселесин кайрадан козутуп, козгоп чыгууну максат кылган айрым бир аткаминерлердин эл арасына жем таштоосу болуп жүрбөсүн? Мындан саясый оюн жыттанат...
Бала кезибизде бир орундан жылбай тегерене "Айланкөчөк" деген оюнду ойночубуз. Башыбыз тегеренип жер башка жакка жылып бараткандай бир топко өзүбүзгө келалбай тамталаңдап турар элек. Азыр дагы ойго келбеген ар кандай маселелерден башыбыз маң болуп, так ошондой айланкөчөк болуп турган кези.

Жума Мамбетов












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan