![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №37, 08.04.08-ж. |
Меймансап Форум Сүйүү - от Сезим серпиндилери Дүүлүккөнүмдү көрсөтүп… Машинеде отурабыз. Эзилишип сүйлөшүп атабыз, жүзүң сонун. Улам өткөн машинелердин жарыгына чагылышып. Колуңду, буттарыңды кармалап коем. Бир маалда мурдуңдун учунан да өптүм, мына ушунда чыдабай кеттиңби: - Жакшылап өпчү… - деп күлө карадың. - Дүүлүгүп кетем да… - Дүүлүкмөктөн - дүүлүк, өппөйсүңбү? - деп эле омуроого түштүң. Өптүм. Жумшак өбүштүк. Дүүлүктүм. Кармалап да көрдүң. А эң кызыгы, мен чукул шартта дүүлүгөрүмдү ынандыра алдым. Кайрадан таттуу өбүшүүлөр… Машиненин кыйма-чийме өткөн жарыктары… "Эмне, алакан ачасыңбы?" Экөөбүз жаздын алгачкы күндөрү тоого барганбыз. Оо түн оокумга чейин сырдашып, ич-дүйнөбүздү каалагандай аңтарышып. Ошол түн бизди жипсиз байлаган эле… Бир маалда мен: - Колуңузду кармайынчы?... - дедим өзүмчө толкуп. - Эмне тамырчысыңбы же алакан ачасыңбы? - деп өлтүргөнсүң. Мындайда сөз да табалбай калат экенсиң. Кубанычтуу десең, биздин жылуу сезимдерди ошол түн бекемдептир. Таңкалычтуу. Андан бери мен түндү өзгөчө сүйүп калдым… Саргайган сезимден корком Кечээ болсо "Мама, ачка болдум…" деп СМС жөнөттүм. "Папаңа айт…" деп союпсуң. Сенин чукугандай сөз тапканың, тамашакөйлүгүң, анан жүрөктү ийиткен мээримиң мээмди айландырды. Ооба, сүйүп калдым. Сүйүүмдү өзүң деле туюп атасың. А кооптуусу: мен сүйгөндөй сен да мени сүйө аласыңбы? Эгер сүйбөсөң, мен да сүйбөйм (ушинтип коркутуп коеюнчу). Билбедим, биздин мындай ынак сезимдер канчага дейре "сейилдээрин"… Башка - башка, а сени ойлогон сайын жашоом негедир көктөйт. Өкүнүчтүүсү, куураган, саргайган мезгил да келет да. Анда кантебиз? Кызганыч сүйүүнү чырмайт… Биз чогуу уктаганды кыялданып жүрөбүз. Оролушуп, жытыбыз - жытыбызга сиңишип, эргүү алсак кана? Сенин койнуң жылуу, адамды от менен жалынга бөлөйт. Бир курдай кучакташып жатабыз (бирок уктаганга убакыт артпайт), анан мен Айкыз эженин түшкө киргенин айтсам, бирдемеден шектенгендей болуп өзгөрүлө түштүң. Мен да жөн каламбы… - Сенин түшүңө деле Атамбаев кирип атпайбы, өзүң айтпадыңбы… - деп жарга такадым. Жарга такалдың. Жылмайып кутулуп. Мындай мүнөттөрдөн бири-бирибизге болгон кызганычты байкадым. Кызганыч сүйүүнү чырмайт да… Бекемдеп. Сарин Улан Акын сулуулукту, сүйүүнү гана эмес, илхому ашып-ташып кеткенде төшөк оюн, көңүлдөштөн тарта болгонун болгондой жазып, ырдап салат тура. Биздин да айрым жазмакерлерибиз мындай өнөр жагынан да куру эмес экен. Айрымдарынын ыймандай сырын төккөн саптары кездешет. Ошолордун оңу келгенин тердик. Олжобай Шакир Мээрим үчүн өпкүлөп колун, көзүн, Мен үн катпай, муңканып көңүлдөшүм - Жашын төгүп жаздыкка кайтаар эле, Жакшы көргөн жакыным өмүрдө ушул. Аңыз кепке айланса коңшум менин, Аянычтуу а мага коңшу келин. Кан ичкичи мас болуп келген түнү Качып келип койнума кончу менин. Табылды Муканов Сен, сулуу, таксидейсиң: Бир көргөн адамыңа Шарт ачып кучагыңды "Айда!" - дейсиң. "Кайда?" "Каалаган жайга!" - дейсиң. Тилегим тилегиңе бир да коошпойт: Таксиге кимдер түшпөйт, Таксини кимдер тоспойт… Зайырбек Ажыматов Куудай болгон кумар көздүү ак келин, Кучактасам кучагыма чак келин. Кудай сени күнөөлөсө оо кийин, Кудайды укпас кумарымды айт менин. Жандым сен деп болсоң дагы түгөйлүү, Жаратканым жаза берсин күнөөмдү. Арысам да күтө берем келер деп, Адаштырып, алдап келгин күйөөңдү. Кожогул Кулуев Жамбашынын жарашыгы-ай, болуму-ай! Ж-жармашып жүр жарык дүйнө толук-ай! Сүлкүлдөсө - эркектердин жаны бүт Сунулган тур садагасы болуп-ай! Көкүрөгү, көкүрөгү - көкүрөк! Көкүрөгүн көрүп жаным көшүлөт. Көйкөлгөнү, жайкалганы - миң таалим, Көргөн душман согуш өртүн өчүрөт! Нурлан Айтбаев Табыңа эчен күйдүм куйкаланып, Таштадың… калдым анан сыйпаланып. Карасам, бирөө менен бак түбүндө, Жатыпсың, көк шиберде уйпаланып. Тилегин берет дешет жашка деген, Мен сага чоочун белем, башка белем? Көргөндө жети өмүрүм жерге кирди, Эзилип жатканыңды башка менен. Бурулкан Карагулова Конверттей бекем чапталып Чыкпай калды буттарыбызчы… Сиз өчүргөн шамды жандырып, Бул бейиштен куткарыңызчы?! * * * Калдаңдап чыгып жолумдан, "Калың бак жерге кел" - дедиң. Калың бак жерге келгидей, Катының белем мен сенин?.. Садык Гавай Аппак жүзүң үзүгүндөй булуттун, Олоң чачың моюнуңдан кучактап… Үр кыз эмес бул дүйнөлүк сулуулар Сөз кылышат көзүң жокто ушактап. Короз тумшук кош мамагың койкоюп Кооздуктун бир түрүндөй мунуң да. Илгери бир улуу пааша сендейге, Кечкен дешет бир шаардын кунун да… Тургунбай Эргешов Эрип-эпчип эмчек эмген баладай, Эриниңдин эриндисин шимирип. Бул дүйнөдө сени караан тутчумун, Карааныңды карегиме шып илип. Экөөбүз ий, арманы жок акактап, Алыстарга бараткансып ат сүрөп. Көзүбүзгө жылдыздардын нуру уюп, Ортобузга калчу эле ай түнөп. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|