Коомдук-саясый гезит
№37, 08.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Жол чырак

"Пок" дүйнө дегениң ушул экен, атаңгөрү. "Манаста" айтылгандай, "кечээ көргөн, бүгүн жок" дегендей эле кеп болуп калды. Кыргыз саясатынын аренасы өзгөрүлмө, саткын, жемекей саясатчылардан кутулалбай турат. Ал эми саясатчыларыңа арга жок экен. Тескей менен күңгөйдөн "креслонун" четин көрсөтүп койсо, кечээ эмне деп сүйлөп жатканын унутуп, кете беришет. Анан, ушундай саясатчыларга өлкө тагдырын кантип карматып жатабыз деп, элдин башы маң. Бүгүнкү жолчырактан сиз, мурдагы оппозиционер мырзалардын караанын көрүп, табиятын аңдап, түшүнөсүз.

Өмүрбек Субаналиев, Нарын гүбүрнатыры:
"Дүйнөгө шылдың болуп бүттүк!"
- Президент бул жолку кайрылуусунда анын жүзү көрүндү. Ал дагы эле өз амплитудасында: баары жакшы, экономика өсүп жатат, бир стакан сүт, булочка, ура! Ал андан башка эмне айтат, ага жакындары кирип алып кыялындагысын жеткизип жатышса?.. Биз кезексиз президенттик шайлоо өткөзөбүз. Биз адекваттуу өлкө башчысына муктажбыз. Жетишет, бүт дүйнөгө шылдың болуп бүттүк. Канчага чейин күтүш керек. "Агым", 27-март, 2007-жыл.
P.S. Деген да, эй! Бүгүн болсо, оозу-мурду кыйшайбай, Бакиев бийлигинин командасында, Нарында гүбүрнатыр болуп отуру. Өзүң талдап, өзүң бак.

Зайнидин Курманов, ЖК депутаты:
"Мындай система менен эч нерсе кылалышпайт"
- Өлкөдө эч кандай өзгөрүү болгон жок деп кесе айтамын. Азыр биз демократиянын токоюн гана көрүп жатабыз. Күндө минтип пикет жана өзүн-өзү асып алгандар, андан калса, өрттөнүп жатышат. Орусча айтканда, "хаоско" чөгүп, "бардагы" чыккан чачыранды өлкө. Жакындан бери бийлик каталарын оңдоого аракеттенүүдө. Бирок, мындай темп, мындай система менен эч нерсе кылалышпайт. "Апта", 15-март, 2007-жыл.
P.S. Ушул эле система менен "Акжол" партиясы түзүлдү эле, Зайнидин мырза депутат болуп отуруп калды. Өзү айтмакчы, кыргыз элине пайдалуу эмне кылды? Эч нерсе. Кайра Каркыра менен 4 пансионат казактарга кетип жатса, унчукпай отурат. Мына, интеллигент бийик саясатчынын жүзү, кыргызым!

Николай Байло, ЖК депутаты
"Николай Байло деген бар. Орус улутунанмын деп жүрөт, бирок, улутун эч ким так билбейт. А.Масалиевдин оң колу болуп жүргөн, антсе да, А.Карпасов деген бензобизнесмендин жакын таанышы. Жакында Николай Иванович баласын үйлөп, Аламединдеги үйүнөн чыгып кетиптир деп уктук. Эң кирешелүү Ленин заводунун деректири болуп турган учурдагы "былык иштери" билинип, азыр эсеп палатасы текшере баштады. Аким болуп турганда базарларды жөндөй албай ыргып кеткен Николай Иванович азыркы учурда Эсеп палатасына так жооп бере албай убара…
"Кыргыз Руху", "Байлонун былык иштери" макаладан, 6-март, 2008-жыл.
P.S. Элдин эсине салып коелу дедик. Толтура "былык" иштери турса деле, чочоңдоп чоң болуп жүрүшөт. Буларың ушундай турбайбы, атаңгөрү.

Даярдаган Өмүртөрө Кудайбердиев




  Кечээги дос - бүгүн кас

Эркин Булекбаев, Жашылдар партиясынын төрагасы:
"Бийликтин катачылыгын көзгө сайган оппозиция жок"
- Эркин Касымович, "Эл башы болгуча, суу башы бол" дейт кыргыз. Кудайга шүгүр, башкаларга караганда суу башындабыз. Бирок жыргаганыбыз деле көрүнбөйт го?
- Ушул бийлик аман-эсен турганда эл жыргайт, мен жыргайм деп үмүттөнбөй эле кой, карындашым. Азыркы бийлик жеке кызыкчылыгы толугу менен орундалган, тойгон бийлик. Билесизби, курсагы ток кишинин курсагы ач менен иши болбойт. Курсак ток, кайгы жок дегендей эле. Бийлик азыр ошондой. Эриккенде саясат менен ойноп коет. Башка кылган ишин эч ким көргөн жок. Көрүшүнө деле ишене албайм.
Ал эми экономикадагы кыр арка болчу энергетиканын абалы оор. Ар дайым бийлик тарабынан ушундай толук кандуу эмес, жеткиликтүү жана туура эмес менчиктештирүүлөрдүн артында экономикада талылуу проблемалар жаралып келет. Белгилей кетчү нерсе - акыркы 10 жыл аралыгында Токтогул каскадында суунун көлөмү 60 млрд кубометрге азайып, 3-4 эсеге суу энергиясын жоготкон. Мунун ордун толтуруу үчүн дагы бир топ жылдар кетет. Суу башы болуп жыргаганга шарт бар болчу. Биз деле жыргасак жарашат эле. Эми менчиктештиребиз деп да атат. Андан деле майнап чыкпайт го.
- Борборду Ошко көчүрүү жөнүндө маселе көтөрүлүп атат. Сиз буга не дейсиз?
- Кыргызстандын борборун Ош шаарына көчүрүүгө бийликтин бүгүнкү күнү таптакыр мүмкүнчүлүгү жок. Ош өзү тарыхый шаар, анын экинчи борбор экенин ырастаган расмий статусу бар. Борбордун Ошко көчүрүшү жыйынтык бербейт. Жыйынтык бериши үчүн, жыйынтык чыгара турган бийлик керек.
- Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү саясый абалына көз карашыңыз кандай?
- Бүгүнкү күнү Кыргызстандагы саясый абалы көрүнүп тургандай эле. Бийлик референдум, парламенттик шайлоо өткөрөмүн деп, таптакыр эл ишениминен ажырап калды. Абийир, адилеттик, уят-сыйыт деген Кыргызстанда жашабай калды.
- Курултайдан кийин кандай өзгөрүүнү күтүп жатасыз?
- Элдик курултай дегенде негизинен - чечилбей жаткан көйгөйлөргө карата эл алдында ой-пикирлер, ачык сын айтылышы керек. Элдик курултай Башмыйзамда жазылганы менен, а Коомдук парламенттин конституциялык укугу жок. Бирок, Элдик курултай бүгүн керек болуп атат да. Бийликтин абалын көрүп турасыңар, бийликтин туура эмес жагын көзгө сайып көрсөткөн оппозиция деген жок. Эл бийликке, азыркы парламентке ишенбесе, Кыргызстандын проблемалары толтура болсо, аргасыздан Коомдук парламент керек да. Сот органдарынан, бийликтен эч пайда жок. Эл аларга кайрылуудан тажап бүттү. Аларга ишенбей да калышты. Ошондуктан мына элдик сот Аксыда өтпөдүбү?!
- Кыргызстанга кандай бийлик керек?
- Чындыгында Кыргызстанда абал оор. Мына Ысыккөлдүн жээги, Каркыра сыяктуу жерлер четинен кертилип сатылып атат. Эл кыйынчылыкта жашап, коррупция күчүнө кирип, өлкөбүз диний экстремизмдин, наркозаттын очогуна айланып калды. Бул бийлик турганда мамлекеттин бүтүндүгүнүн сакталышына ишене албайм. Көйгөйлүү маселелер, чечилбей жаткан проблемалар бүгүнкү бийликти ойлондурган жок. Азыр Кыргызстандагы болуп жаткан бардык терс көрүнүштөр абийирсиздикке такалууда…

Гүлбарчын Якубова




  Желтегирмен

Адахан Каркыраны кайынжуртуна өткөрөбү?
Спикер Адахан Мадумаровдун Санкт-Петербургга жасаган расмий визити акыркы иш сапары болушу мүмкүн деген каңшаар тарады. Администрация тарабынан алтыга бөлүнүп, тапталып жаткан "акжолчулар" Адаханды аңга түрткөнгө ар убак даяр экенин айтышууда. Ошентсе да, "спикердин" мойнунда оор тапшырмалар туру. Мисалы, энергетиканы менчиктештирүү жана Каркыра менен пансионаттарды кайын журтуна өткөзүп берүү сыяктуу. Андан кийин кетирсе, кыйкырып чыгалбайт, анткен чакта да эл ага ишенбейт эмеспи.

Жаңы кыймыл оппозициянын ордун толуктамакчы
Демократиялык ордо союзу (ДОС) деп аталган кыймылдын жетекчилигинин ишениминде, Кыргызстан кризистен чыгышы үчүн бийликке "чынчыл адамдар" келиши керек. Бул үчүн эң оболу "элди ойготуш керек". Союздун координатору, Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Алик Орозовдун айтымында, демократиянын негизги принциптери, тандоо эркиндиги жана мыйзамдардын улуктугу бүгүн күлкү келээрлик жорукка айланып калды. "Бир гана эркиндик калды" деп эсептейт ал. Бул - сөз эркиндиги. Азыр аны да жок кылуу аракети көрүлүп жатат. "Биздин кыймыл ошол негизги демократиялык принциптердин жеңиши үчүн күрөшөт" деди.

"Ар-намыс" дале капа
"Ар-намыс" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабиловага 5-мартта "Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө кодексине" ылайык, 2007-жылдын 16-декабрындагы парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктарын жарыялоону сураган кат жолдошконун, бир ай өтсө да ага эч кандай жооп болбогонун, бул жагдай чындап эле шайлоонун мыйзамсыз өткөндүгүн тастыктап тураарын, мындай мамиле жыйынтыгында кырдаалды курчутуп жиберээрин эскертишти.

"Бишкексуу каналы" сатылабы?
Бизге жеткен мааламыттарга караганда 10-апрелде боло турган Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында дагы бир чоң маселенин башы кылтыйып турат. Анда нечен жылдан бери Бишкек шаарын үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылып, өзүн-өзү багып келаткан "Бишкек суу каналы" аттуу мекемени сатуу, жеке менчикке өткөрүү маселеси каралат деген кабар тарады. Өзүн- өзү багып келаткан, Дүйнөлүк банктан 10 миллиондогон кредит алмак болуп, чарбасын кенен-чонон жүргүзүп жаткан шаарчарбасын сатууга макулдук берүүгө депутаттарды шаар бийлиги мажбурлап жатканы тууралуу айтып жатышат. Эң ириде"Суу каналы" мекемесин сатууга шаардын мэри Данияр Үсөнов да кызыкдар дешет.
Эгер шаардык депутаттар ал сунушту колдоп берсе, чет өлкөлүк бизнесмендер "Бишкек суу каналын" менчикке алышып, шаардыктардын суу маселесин каалагандай калчашып, бүтүндөй мегаполисти кыңк дедирбей кармап турушаары бышык. Жер, суу, эл тагдыры чет- четинен чет элдиктердин колуна өтө береби? Буга өкмөт башылар не дешээр болду экен?

Чырагыңды камдап ал
Өлкө аймагы боюнча электр энергиясын пландуу өчүрүү уланууда.
Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги тараткан маалыматка караганда, апрель айында республика боюнча 107 миллион киловатт/сааттык электр энергия өчүрүлөт. 520 миллион киловатт/саат электр энергиясын пайдаланууга уруксат берилет. Энергия бөлүштүрүүчү компанияларга берген мындай тапшырманы өкмөт Токтогул суу сактагычында азайып кеткен сууну өз деңгээлине жеткирүү аракети менен байланыштырууда.

Өрт тилсиз жоо дешет беле, ыя?
Бишкектеги "Дордой-Жунхай" базарында 5-апрелде чыккан өрттү өчүрүү оңойго турган жок. "Базар ээлери акча табууну гана көздөп, базарларга контейнерлерди башаламан орноштуруп, суу түтүктөрүн кийирбей коюшкан. Ошонун айынан Жунхай базарында чыккан өрттү өчүрүү оор болуп, 200дөй контейнер жараксыз абалга келген. Андагы товарлар бүт күйүп, миллиондогон каражат күл болгон. Ошондой эле коопсуздук толук сакталып, суу түтүктөрү киргизилмейин бул базар ачылбай турганын баса белгиледи министр Камчыбек Ташиев.
"Аалам пресс"













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan