Коомдук-саясый гезит
№38, 11.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Ойкуп-кайкымай

ОППОЗИЦИЯНЫН КУРЧУ КАЙТТЫБЫ?
Белгилегенге бек болсо эртең оппозиция уюшту-руучу элдик курултай болмокчу.
Аз мурун, айталы, үч-төрт жыл мурун оппозиция кандайдыр-бир саясый акция уюштурса огеле чоң аңыз болуп, бака-шака түшүп анын деми жамы журтту дүргүтүп таштачу. Бу ирет аңызы аз болуп, шайманы бош болуп турат.
Бу көрүнүштүн себеби момундай болубатат шекилди - бүгүнкү күндө оппозициянын алдыңкы сабындамын дегендердин дээрлик көпчүлүгүнүн кадыры калк алдында аябай эле кетип калды. Атүгүл, кээ биринин аттарын укканда итатайы тутулгандар да бар. Мен бу бүтүмдү дайыма эл арасында жүргөн адам катары жоопкерчилик менен айтыбатам.
Мурда Текебаев, Байболов, Атамбаев, Кулов, Тургуналиев, Сариев, Эшимканов, Шерниязов, Бекназаров, Садырбаев, Чотонов, Алымбеков, Бабанов, Жээнбеков… сыяктуулардын аттары аталганда баатырлар элестелчү, ушулар гана жөнөкөй элдин мүдөөсүн орундата турган азаматтар өңдөнүп көрүнчү. Булар байлыктын да, атак-даңктын да кулу эместей сезилчү. Мещандык менен популисттиктен жаа бою качкан, "элим, элим жана бир ирет элим" деген эл уулдарындай көрүнчү.
Аттиң де, андай деле эмес экен. Алардын пардасы сыйрылган даана жүздөрү кийинки күндөрү "мен мына" дебеле көрүнүп калды.
Кулов, Атамбаев, Эшимкановдун эмнени эңсээри белгилүү болуп калды. Оппозициянын кадырын түшүргөнгө булар опол тоодой эмгек сиңирди. Эми эл аларды эчкачан ээрчибейт. Алар эл үчүн эч нерсе кылып бералбайт экен - эли ушуну билгени эң эле дурус болду…
Бир кезде элдин көбү Өмүрбек Текебаевге чексиз ишенип турду. Бир белгисиз жактан келип, желмогуздар күнкөрсөтпөй жаткан элди азаптан куткарчу жомоктогу баатырлардай эле көрүнчү. Азырчы? Азыр ал образың ың-жыңсыз жок болду, ал оппозициянын номер биринчи лидерлик "тактысынан" тайыды, анын катар номуру "Х" болуп турат. Текебаевдин курч сөздөрү менен радикалдуу көзкараштарынан эч нерсе калбады.
Болот Шерниязов чын-чынына келгенде фамилиясы айтып тургандай жигиттердин бири. Антсе да азыр "шерлиги" короп отуруп, карапайым тартып турат.
Темир Сариев да атындай эрки бек жигиттерден. Ойкуп-кайкыбай, алган багытынан тайбай келет. Бирок кийинки күндөрү "экономикабыз өнүкпөй жатат" дегенди оңду-солду айта берип, биздин кулактардын ашмалтайын чыгарып салмай болду.
Кубатбек Байболов болсо белгилүү - бар маселени билгени менен байлыгынын кулу экен.
Азимбек Бекназаровдун "камандай качырган" багыты болгону менен позициясы ченемсиз бат өзгөрүлүп турган жигит экен, анысы да дааналанып калды. Экинчиден, генпрокурор болуп тургандагы кээ бир эл оозундагы "окуялары" анын кадырын сөзсүз төмөндөтүп койду.
Дооронбек Садырбаевдин оппозициянын Бакайы болуп берчү бардык "деталдары" бар эле, өзүнүн ойт берме оюндарынын айынан Бакай болалбайт окшоду…
Кечээ жакында оппозиция короосуна келип түшкөн А.Эркебаев, М.Чолпонбаев, Н.Касиев, М.Ниязов, А.Артыков сыяктуулар оппозиция кыймылына чындап кызмат кылып бералбайт. Анткени булар бийликтин "таттуу токочунан" даам сызып калган немелер. Ошол "акырга" чакырса, кете берет, артына кылчайбай эле. Менимче, булардын өз алдына койгон бирден-бир максаты - элинин кызыкчылыгына башын сайып кызмат кылуу эмес, элинин оозунда аңыз болуп айтылып туруу…
Ошентип, оппозиция тараптын көзү менен сөзүнүн курчу кайтып, кыймыл-аракети ыкшоо тартып турган убагы. Эң жаманы - оппозиция лидерлеринин ынтымагы калп-тан эле "сизиң-бизиң" абалда. Ал тарапта ашып-ташкан амбиция өз өкүмүн жүргүзүп жатат.
Оппозицияда азыр бир лидер же болбосо үч-төрт адамдан турган лидер тобу жок, онбеш-жыйырмадай адам "мен" деген куралын көтөрө булгалап, алдыга чыгуунун аракетинде, бу жакшы жол эмес.
Элдик курултай өткөрүүгө орун табалбай, Пешковдун артына жашынып жатышы да терс кайрыктан кабар берип жатпайбы…

Баратбай АРАКЕЕВ




  Күндөлүктөн

Суусаган билет суу баркын
Операциялык столдо жатып врачтардын кажы-кужу урушун тыңдап турдум эле, кантип уйкуга киргенимди билбей калыптырмын.

Бир убакта эле "көзүңдү ач, ойгон" деп бетке чапкылап жатышат. Көзүм чап жабышып, уйкум эле келет. Көзүмдү ачайын десем, эч нерсе көрүнбөйт, элес-булас эле караандар. Анан дагы эки саатка чейин суу ичүүгө болбой турганын эстедим, бирок эмитен эле суусай баштадым. Эринимди эле суулап коюшат. Бала кезде Тарылган жайлоосуна чоң атамдыкына барганда ичкен моокумуңду бир кандыра турган булактын муздак суусу болсо, ээ. Булак суусунун тунуктугун көр, арасынан мала кызыл таштарды терип алып, үйгө тизгенибиз, ал эми суунун муздактыгычы… Денем ысып,чабалактайм. Тарылганда таш менен тегерегин тосуп, Карачач баш болуп, көлмө кылып сууга түшкөнүбүздү, ошондогу муздак сууга үшүгөнүбүздү эстейм. Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон Аладөбөт" чыгармасындагы кайыкта бараткандардын суусагандары эсиңиздеби? А мен эмне, бир аздан кийин эле суу ичем да.
Адам суусуз канча күн жашай алат болду экен? 4-5-6 күнбү? Мунун алдында эки саат чыдоо деген эмне болуп калыптыр. Бир мүнөт, эки мүнөт… убакыт өтпөйт.. Суу… Суу болбосо, жашоо кайдан болот эле? Суу - өмүр, суу - үмүт, тилек, суу -тазалык, суу - жашоонун өзөгү.
…Оозум кургап, кеберсип бүттү. Уйку-соонун ортосунда суу менен алышканыбыз ойго келет. Кичинекейбиз, сууну колонкадан ташып, короо ичине шыпырганда да, шыпыргандан кийин да чакалап жерге төгө беребиз. Күн кайнап, жер катыгандан кийин, жамгыр жаап өткөндөй болуп, эшик алды сергий түшөт. Бир убакта кайра- кайра суу ташып жаткан бизди көргөн чоң атабыз үйүнөн бери артыбыздан басып келип:
- Ок, кудай аткырлар, сууну ташып, жыйып алып жаткан экен десе, ай-талаага чачып жатышкан тура. Болду жетишет. Суу жок силерге, экинчи келбегиле - десе, эми, чын эле мындан ары суу албай калабызбы деп кабатырланчу элек. Ошол кезди, атамдын сууга болгон аяр мамилесин, биздиби, суунубу, аяп жатканын көз алдыма келтирем. Анткени суунун азабын далай эле тартканбыз. Мобу эле суу түтүктөн акпай калганда тегерек темирди ачып, жер ичине кирээр элек. Жер алдына түтүктөн бирөө үйлөп суу алса, биз да аны туурайбыз. Жаныңда эч ким жок болуп калса бакалоорун былкылдатып турган бакадан коркуп качасың.
Айылда поезд жолдун артындагы сууга түшөбүз, шаркыратмага барабыз деп койчу элек. Бала кезимде ал шаркыратма мага Ниагара шаркыратмасындай эле сезилчү. Чачыраган суунун тамчылары… Үстүңөн суу шаркырап турат, өзүң алды жагына олтура бересиң, сага суу жукпайт. Андан сууга секиресиң, көпкөк болуп үшүгөндө көйнөктү кийип, трусыны чыбыкка илип, "мен түшкөн жокмун, бака түштү…" деп үйгө чейин кайталап, чыбыкты желпилдетип, курганып келээр элек. Кызык, кечээ жакында ал шаркыратма жакты көрсөм, кичинекей бир көлчүк, өйдө жактан эңкейишке жазы бетон аркылуу суу төгүлүп турган бир кенедей эле жер экен.
…Таңдайым кургайт, жок дегенде ошол шаркыратма болсо деле суунун илеби чачырап турса кана…Кышында кар эритип суу кылып кир жууйбуз, кээде саздын суусун алып, пол жууйбуз. Ал эми колонкадан суу акканда эки чаканы көтөрүп, кайра-кайра суу ташымай. Жолдон чакадан башыңды салып суу ичесиң, анан сөзсүз бирөө келип, башыңды сууга матырып кетет. Мурдуңа чейин суу кирип, мурдуң ачышып, какап-чакап жатып каласың. ..
Бүгүн болсо минтип убакыт өтпөйт. Каным катып калды, суусай бергенденби, оозум такыр шишип, ачылбай кала тургандай калбыйып барат. Мынча эмнеге суусайт болдуң экен? Канча убакыт калды? Он мүнөтпү? Беш мүнөт, төрт, үч… Ураа, суу ичүүгө уруксат! Суу…!!! Бир тамчы, эки, үч…Суу!!!

Айгүл Бакеева




  Капырай, кайда баратабыз ?

Сустайган суроолорго туздалган жооптор
- Азыркы чоңдор, байлар эл арасында көрүнбөй кайда жашашат?
- Түрмөдөй болуп бийик дубалдар менен курчалган хан сарайлар, жомоктогудай көз жоосун алган жайлар ошолордун үйлөрү, оюн-зоок кылчу түнөгү экенин билбейсиңби сен деги? Аларга адам эмес, чымын учуп кире албайт. Ага карабай кароолчусу күнү-түнү талбайт. "Уурунун арты кууш" дегендей, элдин байлыгын уурдап жеп, талап алып жатышса жашынып, бекинишээри эп.
Ал эле дейсиңби? Эми өздөрү сыртка чыгышса сактанып, коргонуп элден, илгерки жоокерлердей темир зоот кийип чыгышаар бекен?
- Айлаңды алты жерден тосуп турган азыркы күндүн урааны кандай?
- Ач карышкырдай алып-жулмай, алды-артыңа абайлап, ызаат-ыйман дегенди уруп ойнобой оокат кылмай, уурдамай, анте албасаң, аңгырап колуң бош, жолуң бош ажалыңды күтүп турмай.
- Кымбатчылык жөө тумандай каптап кыргызымды кыйшаңдатып-мыйшаңдатып кыйнай береби?
- Колунда барлар кыйшаңдамак турсун ошол кымбатчылыктын эсебинен ого бетер байыйт. Колунда жоктордун жону ачылып ого бетер алдан тайыйт. Өлүп баратсаң да оозуңа суу тамызар киши болбойт. Араң турган жаныңды ачкөз, аксымдар айрөктөп кордойт. Өзүн-өзү басынтып, мокотуп, өзгөлөргө төрүн бошотуп, кыргызың кыйлага оңбойт.
- Демократия деп делпилдеп, желпилдедик го?
- Аксакал, көксакалыңды көзгө илбей, кайсы жерге болсо да күчкө салып улунуп-жулунуп кирмей. "Мен эркинмин" деп оозго келгенди оттомой, укугумду буздуң деп уулу атасын соттомой. "Атаң, энең өлгөндө, кара эшегиңди көмгөндө кошумча кошком, ошону бергин" деп капкайдагыны козгомой.

Даярдаган Жума Мамбетов













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan