Коомдук-саясый гезит
№38, 11.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Ара жолдо

Айыл чарбасын кантип көтөрөбүз?
(Башы өткөн санда)
Бүгүнкү Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли менен өкмөттүн жогорудагы дүйнөлүк финансы уюмдары менен кызматташып акча маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул ишти башташ үчүн өкмөт, айыл чарба министрлиги айылдагы жакырчылыктын башаты болгон майда чарбалардын чыгашалуу экендигин далилдеп, андан чыгуунун жолу кооперативдерди түзүү керек экендигин негиздеп, бул иш-чараларды жалпы жакырчылык менен күрөшүү долбоорунун алкагына киргизиши керек. Өкмөт бул долбоорго кызыкдар экендигин билдирип төмөнкү кадамдарды жасашы керек. Биринчи - экологияны сактоо (бул тууралуу сөз кийинчерээк болот) жана айыл чарбаны ирилештирүү саясатын Улуттук артыкчылыктуу долбоор деп жарыялап, аны турмушка ашыруунун реалдуу аткарыла турган параметрлерин аныктап, долбоорду президент жетектеп жана көзөмөлдөшү керек. Экинчиси - өкмөт өзүнүн долбоорго кошо турган салымын жарыялашы керек, бул долбоордун жалпы бюджетинин төрттөн же бештен бири болуп 1 млрд сомдой болушу мүмкүн. Бул долбоорду иштеп чыгууда, дүйнөлүк уюмдардын алдында далилдөөдө, аны турмушка ашырып кооперативдерди түзүүдө АРИСтин структура, принциптерин толук пайдаланса болот, бул схема келе турган техника, акча жана башка каражаттарды азыркы чиновниктердин максатсыз пайдаланышына жол бербейт жана кооператив түзүү дыйкандардын түз катышуусу менен ишке ашырылат.
Долбоорго кошо турган салым жана быйылкы жылы кооперативдерди колдоого жана түзүүгө сарпталуучу акча каражатын чечүү керек, бүгүн айыл чарба министрлигинин бюджети миллиард сомдон ашты, техника, үрөн, күйүүчү май жана башкаларга 300 млн. сомдон ашык акча бөлүндү, кээ бир тармактардан, мисалы, "сугат тармагына" өтө зарыл сумманы калтырып, жүз миллиондогон сомдорду алып турса болот, бош калган жерге цемент канал куруунун өтө зарылчылыгы жок, экинчиден, бул тармактагы чыгымдар чоң шектенүүнү туудурат.
Өлкө өзүнүн негизги тармагы болгон айыл чарбасы үчүн 1 миллиард сом таба алат деп ойлойм, ошондо биз дүйнөлүк уюмдардан 5 млрд сомго чейин акча алып айыл чарбанын ирилешип өнүгүүсүнө алгачкы кадамдарды жасап, биринчи жолу өклөнүн тарыхында кооперативдерди түзүп дыйкандардын ишеничине кирген болот элек.
Дагы бир акчанын булагы же маанилүү жагдай, алдыда коррупцияланган чоң долбоор даярдалууда, өкмөт "азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну" мыйзамдаштыруу оюн айтты, бул деген "элдин курсагы үчүн" элдин чөнтөгүнөн акча алба сунушун мыйзамдаштыруу, бул сунушка бирөө каршы болуп элдин каарына калгысы келбейт. Күздө өкмөт жетпеген 200-300 миң тонна буудайды орточо 20 сомдон жалпысы 4-6 млрд сомго сатып келип элди оор ахывалдан куткарат, арада кризиске күнөөкөр деп табылган "неудобный" министр, губернатор, аким "пошел" болот. Бул операциядан иштелген даяр схема боюнча биздин чиновниктер бир миллиард сомдун тегерегиндеги акчаны жейт, калганы Казакстан менен Россиянын айыл чарбасын өнүктүрүүгө кетет. Бул долбоордун алдын алып "азык-түлүк коопсуздугун "раз и навсегда" чечсе болот: алдыда боло турган чыгымдын жарымынан азын же 2 млрд сомду азыр бөлүп, тез арада күздүк эгинди сапаттуу азыктандырууга, жазгы эгиндин аянтын кеңейтүүүгө жумшашыбыз керек. Калган каражат менен бүгүнкү иштеп жаткан 150гө жакын кооперативдердин базасын бекемдеп, дан өндүрүүгө адистешкен, негизинен Чүй аймагында дагы 100дөй кооператив түзүшүбүз керек, натыйжада, башында айтып кеткендей, 250 ири кооператив жана жеке дыйкан чарбалар 400 миң гектар күздүк буудайды 2009-жылга камсыздайт эле.
Эгер бул иштер турмушка ашса, биз, биринчиден,эртеңки күндө дан сатып алууга кете турган бюджеттин акчасын элүү пайызга чейин үнөмдөйбүз, экинчиден, четке кете турган акчанын жарымынан азы менен өзүбүздүн дыйкандарды колдоп, иш жүзүндө кооперативдерди түзөбүз, үчүнчүдөн, 2009-2010 жана андан кийинки жылдарга "азык-түлүк коопсуздугу" деген маселе жоюла баштайт. Эгер андай болбосо, өкмөт ар жылы "өрт өчүрүү" менен убараланып, бюджеттен чоң суммага чет элдик дыйканды бага беребиз. Ирилештирүү саясатын дан эгүү тармагы боюнча мисал катары гана карадык, долбоор боюнча ирилештирүү ыктыярдуу түрдө, дыйканчылыктын жана региондун шартына жараша азык-түлүктүн бүт түрүн камтыйт жана кооперативдер түзүлгөндөн кийин алар андан ары дагы кооперациялашып, адистешип, үрөн, техника, жер семирткич маселелерин чечишип, кайра иштетүү тармагынын өнүгүшүнө шарт түзүшөт, бул айыл чарбадагы дүйнөлүк практика.
Экология маселеси дүйнөлүк коопчулукту, мамлекеттерди, жалпы адамзатты тынчсыздандырган биринчи проблемага айланып, коомчулук, окумуштуулар андан чыгуунун жолун издеп келет. Кыргызстан өзүнүн жаратылыштагы жайгашкан шарты менен элибизди бул проблемадан куткарып, ушул эле проблемадан чоң нерсе таап, айыл чарбасы өнүккөн өлкөгө айлануу мүмкүнчүлүгү бар. Азыр иши, техника жетишкендиктери менен эч кимди таң калтыра албайсың, экологиялык таза азык-түлүк, кийим менен таң калтырса болот, буга биопродукт өндүрүүгө багыт алып иштеп жаткан жүздөгөн чет өлкөлүк уюмдардын саны күбө. Органикалык таза продукция өндүрүү менен жаратылышыбызды, денсоолугубузду сактайбыз, бүгүнкү базар шартында эң оор болгон продукцияны сатуу проблемасы болбойт.
Факты менен айтайын, өткөн жылы биздин "Кенч" кооперативи Швейцария жана Голландия өкмөтү каржылаган органикалык чарбаларды өнүктүрүү долбоору менен кызматташып, биологиялык таза пахта өндүрүп, шарт боюнча талаага бир килограмм да минералдык жер семирткич, уу химикат пайдаланылган жок, долбоор үрөн менен камсыз кылып, агрономдун, экологдун айлыктарын төлөдү, пахтаны ташууларды уюштурду. Бул кызматташуудан биз үчүн маанилүү болгон төмөнкүлөргө жетиштик:
1. Айлана-чөйрөдөгү экологиянын, аба, суунун булганышы азайды.
2. Өндүрүштө иштеген адамдардын денсоолугун сактоого жетиштик.
3. Жер кыртышынын табигый түрдө өзүнө келүү процесси башталды.
4. Өндүргөн продукциянын өзүнө турган наркы 30% га төмөндөдү.
5. Даяр продукцияны сатуу баасы 20% га кымбаттады.
6. Кооператив мүчөлөрү экологиялык таза пахта майы жана күнжара менен камсыз болушту.
Жыйынтыгында жөнөкөй пахта менен биопахтанын 1 гектар жерден өндүрүп сатуудагы айырма 21 миң сомду түздү (1 т даяр пахтанын баасы), анын ичинен 9 миң сом өзүнө турган наркы, 12 миң сом баанын кымбаттаганынан болду. Биз биопахтанын мисалын көрдүк, эми адамзатка эң зарыл болгон биологиялык таза азык-түлүктүн баасын элестетип көрүңүз. Статистика боюнча Европада 200 млн. адам, Москва менен Санкт-Петербургда эле 4 млн адам экологиялык таза азык-түлүктү баасына карабай алууга даяр, ал эми Кыргызстан жаратылыш шарты менен көп башка мамлекеттерден айырмаланып, толук экологиялк таза өндүрүштүн өлкөсү болуу мүмкүнчүлүгү бар, бүгүнкү дүйнөнү басып келаткан, баарыбызды тажаткан, бирок аргасыз жеп жаткан Кытайдын "самопал" азык-түлүгүнүн фонунда "Кыргызстанда жасалган" биопродуктусун реклама кылуунун кереги жок, кардар кезекке турат.
Кыргызстан экологиялык таза өлкө деп жарыяланып, мыйзамдаштырылат, бүт тармактардын ишмердиги өлкөнүн экологиялык имиджин көтөрүүгө, таанытууга багытталат, уу химиялык заттардын өндүрүшүнө, пайдаланылышына керек болсо аймак аркылуу ташылышына тыюу салынат.
Жогорудагы фантазияга окшогон пикир-сунуштардын тез арада турмушка ашып кетишине жүз пайыз ишенемин, себеби, башкасын айтпайын, Дүйнөлүк банктын жана анын финансы структураларынын каржылоосунун негизги принциби - экологияны сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу, демек, каржылоо жагынан проблема болбойт жана бул жаатта каржылоого даяр экендигин жогорку уюмдардын өкүлдөрү президент жана өкмөт башчысы менен жолугушууларда айтып келе жаткандыгын билебиз. Сөз биздин чиновниктерде калды, өкмөт, айыл чарба министрлиги ынанымдуу долбоор түзүп, аны ишке ашырып дүйнөлүк уюмдардан каражат алууга жетишсе, айыл чарба өндүрүшү локомотив болуп, кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, тамак-аш, кол өнөрчүлүк, кичи жана орто бизнести өнүктүрүп, инвесторлорду кеңири тартып, талкаланган токой чарбасын калыбына келтирип, келечеги кең туризмди өстүрүүгө кеңири жол ачылат эле.

Акыбай Сооронбаев,
"Кенч" кооперативинин жетекчиси




  КурумУшу

Депрессивдүү өлкө
Кай тарапка көз салбагын, кайда барбагын өлкөнүн экономикасы менен социалдык сферасы кедеринен кетип ыдырап баратканына күбө болосуң. Жаштардын тили менен айтканда азыркы түзүлгөн абалдан сыйпаласаң да "позитифф" таба алышың кыйын. Сыймыктанып бүт дүйнө жарыя кылып келген Кыргызстандын энергетикалык системасы эмне болду? Сызга отурган учуру. Жан таслим болуунун алдында турат.

Себеби, Токтогул суу сактагычында суунун запасы катастрофалык деңгээлге түшкөн (6,6 млрд куб) - "Мертвый горизонтко" (5,4 млрд к\м) чейин жетип, генераторлор мына токтотулат-ана токтотулат деген кылдын учундагы абалда. Адистердин айтымында нөшөрлөгөн мол жамгыр жаап кудай бир кайрым кылып калса гана анын аман калышы мүмкүн.("Электр станция" ААКнын гендиректору Б.Сартказиевдин октябрь айына чейин 11 млрд куб топтойбуз дегени кур эле казенный оптимизми). Үнөмдөө деген шылтоо менен энергетиканын кубатын пайдаланууга лимит киргизилип, элди "светсиз" калтырган учурлар көбөйдү, көнүмүш адатка айланып баратат. Электричествосу 2-3 күнгө чейин өчүрүлүп ташталган айылдар, райондор, кварталдар кадам сайын кезигет. Өкмөт энергетиканы мамлекеттин дотациялашына чама-чаркы жетишпейт, ошондуктан тарифти 13 %ке, жылуулукка 20% көтөрүүгө аргасызбыз дейт. Электричествого тарифтин көтөрүлүшү болсо, итке минген элди (калктын 40%ке чейинкиси жакыр ) андан терең жакырлыкка түртөөрү кадиксиз.
Билим берүү системасы ыдырап бүттү. Өзгөчө мектептик билим берүү системасы ооздон түшө калган абалда. Кыргызстандын мектеп окуучуларынын билиминин дең- гээлин 59 өлкөнүн рейтинги боюнча алып өлчөп көргөндө чаң жутуп эң артта калган деген кабар эле эмне дегенди билдирет дейсиз. Бир стакан сүт, бир кесим нандан турган "мектеп завтрагы" деген президент ойлоп тапкан социалдык кам көрүү программасы билимдин өсүшүнө жардам берген жок.

(Уландысы 10-бетте)












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan