![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №38, 11.04.08-ж. |
Меймансап Форум "Фронт" ирмемдери Өткөндү бүгүн эскерип, Эстешээр күнгө кез келип… Жыл мурун так ушул 11-апрель күнү премьер-министрликтен кол жууган Феликс Кулов "Бириккен фронт" кыймылын баштабады беле. Парламент алдына тигилген бозүйлөрдө ЖК депутаты Мелис Эшимканов аралаша жоон топ аял-эркек ачкачылык акциясына отурушуп… Аталышы менен да, ураан-чакырыгы менен да катуу сүр көрсөткөн бул митинг бийлик көзүнө 500-600, оппозиция көзүнө 50000-60000 көрүнгөн миң сан элди чогулта алган. Тагдыр тамашасы эмеспи, Куловдун жылуу ордуна жаңы конгон Алмаз Атамбаев: "Алтындарым, токтоткула, мындай шоунун кереги жок" деп калың журтка кайрылган. Митинг 8 күнгө созулганын, эбегейсиз акча ысырап болгонун, эртеңмененки саат 10.00дөн кечки саат 17.00гө чейин "митингдин иштөө" күнтартиби киргизилгенин, мындай шарт кызыктай абал жаратканын, максатсыз көчө жүрүштөрү жасалганын, 100 000 сомдон 500 000 сомго чейинки байге сыйлыктар коюлган ыр конкурсу бүтүндөй ырчы-чоорчуларды чогултканын, лидерлердин ыкчамсыз аракетинен, кайдыгерликтен улам этеги эмне менен бүткөнүн баарыбыз билебиз. Кандай айтсак да, кыргыз тарыхында боло жүргөн ачуу чындык катары эл мүдөөсү бийлик алдында жана бир ирээт сынды. Бирок, Акүй абройун шыпыра кетти. Шыпыра кеткени ошол: Бектемир Акуновдун өлтүрүлүшү, провокациялык жол менен курал колдонулуп митингдин таркатылышы, кыргыз символ тутунган уук-түндүктүн талкаланышы, жаш жигиттердин камалышы, түндүк-түштүк регионалдык жараканын кеңейиши жана башка майда өңдөнгөн уусу күчтүү жагдайлар менен… Митинг соңунда "оппозиция өлдү, мындан ары митинг болбойт, бир беткей жыргап жашайбыз" деп эйфорияга баткан бийликти тиктеп баягыле эл отурат. "Эртеңиң мындай болот кыргыз" деп сыр катып Мезгил аке турат, зыпырайып… Андагы ирмемдерден карек алдына бир тартып коелук… Азамат Кыязов |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|