Коомдук-саясый гезит
№39, 15.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Этек ачылганда

Сойкукана ачуу зарылбы?
Кечээ жакында Жогорку Кеңеште айрым депутаттар сойкулук соода-сатыгын легитимдештирип, аларга жакшы шарт түзүп берүү жөнүндө маселе көтөрүп чыгышты. Албетте, бир далайы буга макул болушса, кээлери али даяр эместигин айтышты. Бул - парадокс, анын эки жагы, ньюанстары бар. Плюс жагы: алар дайыма медициналык кароодон өтүшүп, жуунуп-тазаланып таза жүрүшөт. Жыныстык катнаш учурундагы ар кандай жугуштуу ооруларды башка бирөөлөргө жугузуудан оолак болушат. Жайдын ысык аптабында, кыштын ызгаардуу суугунда көчөдө турушпай, туруктуу жайлары болот. Экинчи жагы болсо, көчөдө турушкан сойку кыздардын бардыгы эле алыскы айылдан келишкен жаш кыздар. Араларында өз ыктыяры менен иштегендер, турмуштун айынан айласыздан ушундай ишке баргандар, жаш кыздардын башын айлантып, пайдаланып жаткандар бар. Андай легитимдүү жолго барып, кимдир бирөөлөрдүн кол астында иштөөгө алар макул болушабы деген суроо туулат. Үстүлөрүнөн караган сутенерлор, "крышовать" эткен көзөмөлчүлөрү өздөрүнө таза киреше алгылары келишет, акчасын бөлүшүп, өкмөткө эч убакта налог төлөгүлөрү келишпейт. Эгер бардык шарт түзүлүп берип, легитимдүү түрдө иштешсе, анда сойку кыздардын баасы мурдагыдан да көтөрүлүшү мүмкүн. Кымбат жерге бай кишилер эле барбаса, жөнөкөй эркектер барышпайт. Ал эми белгилүү, көрүнүктүү бай адамдар ал жакка эгерим барышпайт. Мындай кырдаалдар мекеме, ишкана же уюм дейбизби, айтор аларга киреше аз түшүп, өздөрүн актай албай калуулары да мүмкүн. Ал жакта иштеп жаткан сойку кыздарга да акча төлөнүшү керек. Көчөдө турушкан кыздардын бардыгы эле убактылуу иштеп акча топтоп алып, кайра ал жерди желкемдин чуңкуру көрсүн деп кете бере тургандар. Алар бүгүн бар да, эртең жок. Көчөдө эркин жүрүп көнүп калышкан немелер түрмөгө камалгандай болуп, ал жакка чыдай алышпайт. Көпкө турушпайт, турган күндө деле кайра качып кетишет.
Буга акырындап көпчүлүктү көндүрүп, эскалациялап, анан иш жүзүнө ашыруу абзел. Кыскасы, мындай бурулушка сойкулар да, көпчүлүк да азырынча даяр эмес.

С.Мырзакулов




  Билгенден билелегиң..

Гүлдөр табышмагынан
Жаз дагы өзүнүн мезгилдик мыйзамынан качып кете албай, мына биз менен болгон сулуулугун бөлүшүүгө даяр. Жаңыдан башын кылайткан мына бул чөптөр, гүлдөр жашоо үчүн күрөшүүсүн секунд, минут сайын улантып, адам баласынын демине-дем. Баарыбыз кычыраган кыштын муз тоңдурган ызгаарынан тажагандай да болдук көрүнөт. Айрыкча кыздар жазды ушунча күтүштү белем. Эми алар кымча бел көрктүү айымга айланып, жасанып, назданып кирип келген жазды ого бетер сулууламакчы. А жигиттер гүлдөн гүлдү тандап, аларга жагынуунун аракетинде болоору эч шексиз. Гүл тартуулоодо да анын маани-маңызын түшүнүп алуу өтө пайдалуу.

Цинния
Бул жакшынакай гүлдү алыста жашаган жакын адамыңызга жөнөтсөңүз болот. Себеби, " Канчалык алыс болсоң да мен сени ойлойм" дегенди түшүндүрөт. Цинния сууда көпкө сакталат.

Астра
Астра букети - сүйүүнү билдирүүнүн белгиси. Ал тереңге катылган сезимди ачууга жардам кылат. Ак астралар: "Мен сени сенден да күчтүү сүйөм" дегенди түшүндүрөт.

Гардения
Кытай маданиятында гардения аялдык грацияны символдоштурат. Бул назик гүлдү жаныңарга жакын апаларга, жеңелерге, эжелерге тартууласаңар болот.

Гладиолус
Гладиаторлордун гүлү - туруктуулукту жана принциптин катуулугун түшүндүрөт. Ал иштеги аракетти о.э. жасаган эмгектин чын жүрөктөн экендигин бекемдейт. Ушул гүлдү начальниктерге берсе жарашат.

Хризантема
"Сен жакшынакай доссуң, сени менен абдан көңүлдүү" дейт бул гүлдөр өзү жөнүндө. Кызыл хризантеманы сүйүүнү билдирүү үчүн, сарысы көңүлү калган адамга берилет.
Георгин
Туруксуздукту, сезимдин муздап бараткандыгын айтат. Ким менен мамилени алыс кармайм десең, ушул гүлдү бер.




Дартка даба
"Жазгы жел жандан өтөт" дешет эмеспи кыргыздар. Андыктан кылычын кычыраткан кыш кетти деп эле сүйүнө бербеңиз. Адамдар ал турсун жаркыраган жайда деле желден ооруп калары белгилүү. Сасык тумоодон арылуунун жолу оңой эле.
Кантип тамактануу керек? Сасык тумоолоп турганда тамактанууну акыркы орунга жылдырып коюуга туура келет. Андан көрө суюктукту көп ичүү сунушталат. Күнүнө үч литр суюктук жетиштүү. Суу кошулган табигый суусундуктарды, иммунитетти көтөрө турган чөптөрдүн, гүлдөрдүн кайнатмасын, тооктун сорпосун(тердегенде жоготулган белокторду, В витаминин, туздарды калыбына келтирүү үчүн) ичүү да жардам берет.

"Чоң эненин" рецеби
Жогорку температура коштогон сыркоонун эң алгачкы башталышында ысык суу куюлган илегенге эки чоң кашык кургак горчица же 7-8 горчичник салып, 10-15 минут бутуңузду салып туруңуз. Андан соң жүндөн токулган байпак кийип, малина кошулган чай ичип жылуу жатышыңыз керек.

Кичинекей амалкөйлүк
Температураны жоготуу үчүн таблеткалар сунушталбайт. Көзүңүздү жуумп, күчтөнүү менен үстүңүзгө сууну куюп жибериңиз. Муну бир күндө бир канча жолу жасаганга туура келет. Температура ылдыйлайт, тынч уктайсыз, вирус менен күрөшүүчү иммундук система мобилдешет.

Даярдаган А. КАЛЫЙ кызы




  Ирмем күүсү

Сезим серпиндилеринен
Жанымды жарып кетти жылуулугуң...
Мен анда келечекке белсенип жашачу элем. Жаңылыктарды күтүп, эртеңкиме кызыгып, жакшылыктарга умтулуп. Ошол күндөрү сага жолугуунун өзү бакыт болгон. Асманда жылдыздар толуп турчу эле. Кантсе да жаздын келиши жүрөгүмө жаңылык алып келген...
Экөөбүздүн сөзүбүз түгөнбөй далайга маектеше берер элек. Көздөрүмдү алакандарың менен басканыңды, байкатпай эркелеткениңди эстейм. Мен ошондо "бул ким болушу мүмкүн?"деген суроо менен сенин жылуу колдоруңду көздөрүмдөн алып, анан бейтааныш сымбаттуу жигитке жылмайып караганым. Ушинтип таанышканбыз. Ошол көз караштардын эч күнөөсүз тазалыгычы. Менин ойлуу терезеден сыртка карап турган абалымдан куткарып алып, бирок андагы акыбалым тууралуу ооз ачып сурабаганың, жөн гана кечирим сурап, жүзүңө ысык жалын тээп кеткенин эстеп, жадырап күлүп жаттык. Бир убакта мени кучагыңа алдың. Ошол абалдан качып тынымсыз сүйлөй бердим, сүйлөй бердим. "Ушундай көз ирмемде кантип сүйлөп жатасың?" дедиң. Сурооң жүрөккө кадалгандай тып токтоду. Каректер каректерге чагылышты. Денеңдеги жылуулукту сезүүдөмүн. Балким экөөбүздү тең ысык жалын каптап кетсе керек. Жаздын түнкү салкын абасы да демимибизди суута албачудай, биз өрттөнүп бараттык. Каректерим тээ алсыздыкка, жок эрксиздикке чөгүп кетишти. Эриндериң гана... ысык болчу. Көөдөндөгү кубаныч жүзүмө ойной түштү. Кайрадан көздөр бири-бирине тигилишти. Алардын тунуктугунан өз сүрөтүбүздү көрүүгө болот эле. Колдоруң төгүлгөн чачтарымды сылап, көздөрүң көздөрүмдөн ажырай албай, аттиң, азыр эстесем эзилип, өксүп кетем. Ошол бирге каккан жүрөктөрдүн эки жерде эзилип жашаганына. Алар качандыр бирге болоору да арсар экендигине ичим ачышат.

Тебеленип, ичим муздап....
Мен анын "ары бол" десе, ары болгон, "бери бол" десе, бери болгон мамилеси менен өзүмдү ага тебелетип бергениме, акыры жалдырап жалгыз калганыма ичим муздай түшөт. Аны аяптырмын. Мени аядыбы? Билбейм. Тескерисинче, көз жашымды көлдөтүп, дилиме ачуу сөздөрүн сээп, буга чейин түптөлүп, эчакта калыптанып калган муздак үйүнө кайтып барганына курсант болуп, ошол кылган жаңылыштыгы үчүн бир ирээт ийилип койбогонуна капаланам.
Азыр болгону эскерүүлөр менен жашап калдым. Аны эстеген сайын жүрөгүм ооруп алат, ордунан козголуп, тызылдап, бир башкача көөнүм азып, башым тегеренип. Аялдыгымды, алсыздыгымды карачы...

Ый каткан көздөрүңө багынып…
Жамгырлуу күндөрдү сагынам. Жылдыздуу түндөрдү самап. Арадан көзгө илинбей убакыт өттү, аттиң. А менин жүрөк түпкүрүмдө айыккыс жара бар. Сенин үнүңдү угуп, анан эс алам. Ал үн жөн гана үн. Мени эркелетпейт, жалоорубайт, жолугууга чакырбайт. Анткени али таза, али курула элек келечекке кол сунбай, анын армандуу турмушундагы азаптуу жан дүйнө алааматын тынчтандыруу үчүн, бактылуу жылдарды тартуулайм деп, анын ый каткан көздөрүнө багынып, айткан сөздөрүнө жеңилип, аны аяп, аны менен кетип калганым менин жаңылыштыгым. Акыры ал менин келечегимди түп-тамырынан бери талкалап коёрун билгенимде(?), аттиң десең, эмнеге ага анчалык боорумду ачат элем? Менин бактылуу келечегим үчүн сен бар эмес белең. Сен мага үмүт кылбадың беле. А мен жаңылдым! Жаңылдым. Сени ызалуу тагдырыңды али курула элек келечегиңе калтырып, үн дебей аны менен кеткениме күнү бүгүн өкүнөм.

Жара козголбосун, жолугушалычы…
Экөөбүздүн үндөр дирилдеп турду. Кыштын ызгаардуу суугуна тоңгон денебиздей, жылуулукту самап, издеп. Аны ачык айталбай, экөөбүз тең сөздү башка жакка бура тартабыз. Кайдадыр телмирип тигилип, ортобузда далайга өлүү тынчтык өкүм сүрөт. Сенден бир ооз сөз күтөм. Ооз ачпайсың. Мен да тымпыйып. Арман, турмуш ушунчалык табышмактыгынан жазбай келет, а ким билиптир (?) кайрадан бири-бирибизге аяр болгон ушундай минуталардын алдыда болоорун. Коштошобуз да, не бир өкүнүч, не бир сүйүнүч экенин ажырата албай, экөөбүз эки башка багытка сапар улайбыз. Эртең жолугушабызбы, белгисиз...

Керемет Жан












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan