Ыркече
Ильяз Абдразаков:
"Мен эч нерседен коркпойм"
Өткөн айда Ильяз Астана шаарына барып, казак боордошторго концерт берип келген эле. Эми майдын бешинде казак досу Кайрат Нуртас менен Бишкек калаасында чоң программадагы концерт тартуулаганы жатат.
Кайрат ата-энеси менен досу Ильязга мейманга келишет. Бир айдан бери буту-бутуна тийбей Ильяз ата-энеси менен бирдикте кыргыз элинин салт-санаасы менен досун тааныштырсам деп чуркап жүргөн убагы.
- Ушундай кыйынчылык, кымбатчылык убакта элимди "эларалык достук" менен чыңдап, ар улуттан дос таап алып келип, эки элдин ынтымагын бекемдейм. Ушул концертим ийгиликтүү өтсө, эмкиде Орусиядан тапкан досторумду чакырам, кыргыз элин дүйнө жүзүнө таанытам, - дейт Ильяз.
- Ильяз, көпчүлүк жаштардын ырларын аранжировкалайсың. Улуу муун да кайрылабы?
- Биздин сыймыктанган Сыймык агаларыбызга чейин аранжировкасын жасап берип жүрөм.
- Продюсериң жок экенин билебиз, жалгыз бардыгына кантип жетишип, өзүңдү-өзүң каржылап жатасың?
- Мен башынан эле өзүмдү-өзүм каржылап көнүп калгам. Ата-энем Бишкек шаарында жашашса да, мен өзүмчө бөлүнүп кеткем. Апам тогуз ай көтөрүп, түн уйкусунан калып, бешик терметип чоңойтсо, чоңоюп алып дагы бак десем туура болобу? Анын үстүнө мен күндүр-түндүр даңкылдатып музыка ойноп, аларга тынчтык да бербей коюшум мүмкүн. Ошон үчүн өзүмчө жашап, өзүмчө иш кылып, ошону менен бирге эле даңгыр жолумду өзүм түзгүм келет.
- Ырчылар кечкисин тойдо гана ырдап калышпадыбы, сен тойлордо кандай акы аласың, кимдерге барасың дегендей…
- Тойлорго деле атайын ставка койбойм, тааныштар, туугандар чакырышат, барып ырдап берем.
- Май айында концерт бергени жатасың, концертке көрүүчүлөр келбей коет деп коркпойсуңбу?
- Мен эч нерседен коркпойм. Ишимди баштадымбы, артка кайтуу жок. Концертимди өткөрөм, аншлаг менен өтөт, буюрса.
Карап туруп ичиң жылыйт, кыргыздын кара тору жөнөкөй уулу эртеңкисине ишенич менен карап, алдыга ишенимдүү кадам шилтегенине.
Аязгүл Жаанбаева