![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №39, 15.04.08-ж. |
Меймансап Форум Эл эрени эмне дейт? Ишенбай Абдуразаков, коомдук ишмер: "Көмүскөдө жеке таарынычтардын кармашы жүрүп жатат" - Курултайдын өтүшү сизге кандай пикирлерди жаратты? Негизги максатына жеттиби? - Өзүң көргөндүрсүң, ал жерде биртоп маанилүү да маанисиз да нерселер айтылды. Бийлик курултайда коюлган талаптарды аткарбаса, баш ийбөө кыймылын түзүп, ар кандай саясый акцияларга барабыз дешти. Эми, сөз айтыла берет. Аны аткаруу, ишке ашыруу арасында чоң айырма бар. Негизинен түзүк эле деңгээлде өттү. Коюлган талаптарга келгендердин 70-80 пайызы макул деп жатты. Таанышпагандары да көрүнүп турат. Курултай өткөзгөндөгү максат ушундай болсо, максатына жеткени ошол да. - Оппозиция мындан ары эмне кылат же ушуну менен "мотору" токтодубу? - Анысын мен билалбайм. Бийликке айтылчу сөздөр айтылды. Мындан ары эмне болорун өздөрү чечет. Бизде адат бар эмеспи, оппозиция кандай иш-чараларды өткөзсө, дароо эле бийликтегилер да ошондой иш-чара өткөзүп жиберет. Эми "акжолчулар" да курултай өткөзөбүз деп чыгышса керек. - Мындан аркы саясый өңүткө баам салып көрбөйсүзбү? - Мурда Түндүк-Түштүк деп бөлүнүшчү. Азыр регионалдык эмес, жеке таарынычтардын кармашы жүрүп жатат. Саясаттын ушул жолдон азырынча кайтпасы байкалып калды. - Ушул иш-чарадан кийин оппозициянын биригишине ишенесизби? - Оппозиция ушу күнгө чейин татыктуу бирөөнү көрсөтө элек. Демек, программасы да жок. Анан кантип эл ишенет? Алар эмес бийликтегилердин деле программасы болбой жатпайбы. Мисалы, президент министрлерин "силер ишти алып кеталбай жатасыңар" деп, кейип жатат. Аларды ким дайындады эле? Өзү да. Манас ОСМОН Айтылган сөз атылган ок Мазени эзген соболдон Данияр Үсөновго Оппозициянын ана башы болуп жүргөндө айтканыңыз бар эле, "кыргыз өз кыгын өзү мыкчып калмайынча кыймылдабайт, эл физиканын закону боюнча түпкүргө жетип урунганда кайра көтөрүлөт" деп. Ошол түпкүргө жетип, кыгыбызды мыкчып, тезек чампалай турган түпкүргө келдик. Мындан ары барчу түпкүр жок, эми эмне кылат? Физика закону ошондой эмеспи? Турсун Турдумамбетовго "Балтанын сабы - жыгачтан" дегенди кандай түшүнөсүз? Илгери токойдун баарын кыйраткан жоонун сырын чече албагандар акыры балтанын сабы ошол эле токой жыгачынан экенин билгенде баарынан түңүлүшкөн экен. Каркыра менен 4 пансионатты казактарга карматканга абдан салым кошуп, дикилдеп жүгүрүп жүргөнүңүздү көргөн көлдүк туугандарыңыз азыр ошол токой сымал сизден түңүлүп турганын сезбейсизби? "Төшү түктүү жер урсун, төбөсү ачык көк урсун, кудай урган көк Турсун" деген лакап өчпөй калаарын билбейсизби? Чолпон Баековага "Миң бир түндөгү" Далила мастан азыр Бишкекте дешет, аны сиз тааныбайсызбы? Баягы калыбынча эле падыша туюккка кептелген учурда алтымыш айлага салып, каалаганындай жол ачып берип жүрөт дейт. Ал аман болсо, бир миң түндүн дагы далайы болуп, далай айла-амалдар, миң түркүн жоруктар болуп турат дешет. Гүлмира Исакеева Ой илик Курултай өз максатына жетти деп ойлойсузбу? Алмамбет Шыкмаматов, саясат таануучу: - Курултайга Кыргызстандын төрт бурчунан келип, катышам дегендер көп болду. Ал жерде бийликке болгон нааразычылыктар гана айтылбай, алардын кемчиликтери, жаңылыштыктары да кошо айтылды. Өзүнүн максатына, албетте, жетти. Коомдук пикир ар бир регионго тарайт. Бүгүнкү бийликтин бети ачылды деп ойлойм. Токтобай Мүлкүбатов, жазуучу: - Курултай максатына жеттиби же жетпей калдыбы, аны билалбайм. Бирок, мындай курултайлар болуп турушу керек. Эл бийликке айтаарын айтып турганы жакшы. Мисалы, мен колдоого алам. Бийлик деле кемчилик кетирип жатпайбы. Эл ошону айтат. Ал эми бийлик муну туура кабылдашы зарыл. Айдар Бакыев, республикалык Жаштар партиясынын төрагасы: - Менин оюмча, максатына жеткен жок. Оппозициянын мындан мурунку деле жыйналыштары максатына жеткен эмес. Аларды бийлик укпайт. Менин күткөнүм деле жок, баягы эле сөздөр айтылды. Оппозициядан жаңы сөз күткөнгө болбойт. Нургазы Ташиев, жаш саясатчы, Ош шаары: - Муну оппозициянын кезектеги оюну деп айтып жүрүшпөйбү. Мен бир чети мындай ойлорго кошулбайм. Курултайда эл чогулуп, кимге болсун сөздөрүн айтышы керек. Ал жерде сүйлөнгөн сөздөр бардык аймактарга тарап жатат да. Демек, максатына жетти. Койчуке Канаев, журналист: - Эл жыйналып, биргеликте кеңешип жатканынын өзү жакшы нерсе. Максатына жеткени ошол да. Ал эми бийликтин угуп-укпаганы маанилүү эмес. Курултайдын табияты элдин жыйналганында болуп жатпайбы. Анан кантип максатына жетпей калат? Зулпукар Молошев, ОшТУнун окутуучусу: - Кыргыз эли илгертен бери эле Курултай өткөзүп келген. Кезегинде ажобуз өзү да өткөзгөн. Мен биринчиден, каршы эмесмин. Биздин коомдо ар түрдүү пикирлердин орун алышын өнүгүп баратканыбыздын белгиси деп түшүнөм. Ар кимдин айта турган сөзү бар да. Курултайда айтылган сөздөрдөн жыйынтык чыгарганга эмнеге болбосун. Бул бийлик үчүн трагедия эмес. Менимче, курултай өз максатына жетти. Абдуррахман Абдуллаев, экс-депутат: - Мен ойлойм, максатына жетпейт, жеткен да жок. Оппозиция кыйкырып кала берет. Бийлик буларды таптакыр уккан эмес. Укпайт дагы. Манас ОРОЗБАЙ уулу |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|