Коомдук-саясый гезит
№39, 15.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Укугуңду билесиңби, эл өкүлү?

Депутаттык сурамжылоо
Элдин өкүлү болгондон кийин, эл таламын талашуу, өлкө мүдөөлөрүн коргоо башкы вазийпа. Биз ушул жагын эске алып, Жогорку Кеңеш депутаттарынын аткаруу бийлигине суроо-сопкуту болсо, о.э. карапайым мекендештерибиздин же мамлекеттин кызыкчылыгы тебеленип атса, албетте, коомчулукка ашкерелөө зарыл. Мүмкүн аткаруу бийлигинин "сокурлугу" менен кеткен иштери болсо, эл өкүлдөрү көзгө сайып көрсөтүүсү зарыл. Кыскасы, элге бүдөмүк маселелерди ,"Аалам" гезити аркылуу окуй аласыз. Эмесе, алгач ЖК депутаты Бакыт Бешимовго орун берип турубуз.

Кыргыз Республикасынын
Башкы прокурору Э.Р.Сатыбалдиевге
Урматтуу
Элмурза Ракиевич!
Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын басымдуу бөлүгү мурунку президентибиз Аскар Акаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши башталдыбы деген маселени коюшкан. Эл алдында берген антын унутуп, эмне болсоңор ошо болгула дегендей чыккынчылык кылып, элин да, жерин да таштап салып башка өлкөгө качып кеткен анын былык иштерин бүгүнкү күнгө чейин көпчүлүк жакшы биле бербейт. Аны менен кошо кол алдындагы кызмат кылып жүргөн Н.Танаев сыяктуулар бир убакта чогуу иштешкен ошол системанын ыпластыгын ачык эле айтып келатышат.
Мындай система бул адамдардын куралы экенинен эч кандай шектенүүнү туудурбайт, атүгүл өздөрү аркылуу да толугу менен ишендирилип турат.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-статьясына ылайык Жогорку Кеңештин депутаты аткаруу бийликтин органдарына жана ошол кызматта иштегендерге сурак бергенге акылуу, ал эми экинчи тараптагылар болсо бир ай ичинде бул суракка жооп берүүлөрү тийиш.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 53-статьясына ылайык мурунку президенттердин бардыгы Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наам алууга акысы бар. Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ишмердүүлүгүнүн гарантиясы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде Кыргыз Республиксынын экс-президентинин гарантиялуулугу жана статусу толук белгисиз боюнча калууда. Ушуга байланыштуу мени жана шайлоочуларды кызыктырган маселелерге маалымат берүүңүздү өтүнөм:
1. А.Акаевдин жана анын үйбүлөсүнөн үстүнөн компетенттүү органдар тарабынан кандай кылмыш иштери козголду эле?
2. А.Акаевдин жана анын үйбүлөсүнүн үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин кайсылары өндүрүшкө өткөн, кайсылары жабылган жана токтотулган, алардын себептери эмнеде?
3. Аскар Акаевде кандай статус?
Ал президенттиктен четтетилген болуп таанылабы, эгер таанылбаса, "Кыргыз Республикасынын президентинин иштеринин гарантиялуулугу тууралуу" күчүнө кирип турган Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык 11, 12, 13, 14, 15 жана 16-статьяларында алар иш жүзүндө кандай аткарылат?
4. Экс-премьер Н.Танаев март айындагы окуяны Мамлекеттик төңкөрүш катары аныктап жүрөт. Башкача айтканда, азыркы бийликти оор кылмыш катары санап күнөө коюуда. Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 295-статьясына ылайык ошондогу иштер бийликти күч менен басып же бийликти күч менен тартып алуу катары квалификацияланат. Танаевдин айткандарына Башкы прокуратура тарабынан укуктук-кылмыш катары кандай баа берилет?
5. 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга наркобарондордун катышканы тууралуу арыздын өзү -- өтө эле олуттуу саясый арыз, муну сөзсүз түрдө аныктап, тактоо зарыл. Н.Танаев бул арызды далилдеп бере алабы? Бул информация Башкы прокуратура же укук коргоо органдары тарабынан текшерилди беле?
6. Кыргызстан менен "Камэко" Канада фирмасынын келишими кыргыз элине эч кандай пайда алып келбесин билип туруп жасалган. Бул келишимдин мыйзамдуулугу текшерилдиби? Бул арыздын кандай кылмыш-укуктук негизи, баасы бар?
7. Н.Танаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши өндүрүшкө өткөнбү, кайсы кылмыш иштери жабылган же токтотулган, эгер токтотулган болсо, анын себептери эмнеде?

Бакыт Бешимов, СДПК фракциясынын төрагасы




  Туңгуюк заманда

Элдин аң-сезимин, жандүйнөсүн ойготолу
("Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору
Аликбек Жекшенкуловдун курултайда сүйлөгөн сөзү)
Урматтуу курултайдын катышуучулары,
ардактуу агайын туугандар!
Өткөн 17 жылдын ичинде ыйман, нарк-насил деген четке кагылып, азыркы учурда коомдун оор илдеттен арыла албай турган учуру.
Бул илдеттен арылуу үчүн, адилеттүүлүк менен акыйкатты туу тутуп, ата-бабалардан келе жаткан каада-салтты сактоо керек. Ыймандуу жашоону жолго коюу аркылуу гана мамлекетти көтөрүүгө болот. Журт башында турган адамдардын сөз жүзүндө эмес, иш үстүндө элдин кызыкчылыгы үчүн катуу турушу, адамгерчиликти сакташы, чынчылдыгы мамлекеттин түбүн түптөө үчүн аба менен суудай керек нерсе.
Мен ачык айтып коёюн, кыргыз мамлекети так ушул маселеде катуу аксап турат.
Жалпы адамзат бара турган жолдон четтеген көрүнүш, эларалык тажырыйбаны, илимди эске албай саясат жүргүзүү азыркы кыргыз мамлекетинин түбү түптөлө баштаганда эле байкалган.
Элдин руханий жактан өнүгүшүнө мамлекет тарабынан кам көрүлбөгөндүктөн, руханий баалуулуктар жоголуп, маданий мурастарыбыз тебеленип, жазуучулар менен искусствонун адамдары, илимий кызматкерлер менен окумуштуулар, жалпы эле интеллигенциянын үнү өчүп, жапайы маданиятсыздык айылыбыз түгүл шаарыбызга чейин терең сүнгүп кирүүдө, кино искусствосу менен театр өнөрү такыр унутта калууда. Анын ордун маданиятсыз видео тасмалар менен батыштык шоу-бизнес ээлөөдө.
Мына ушундай, элдин маданиятына, рухуна, духуна жат нерселерди, адилетсиздикти мыйзам аркылуу чектеп, жалпыга бирдей тартипти орнотуу керек.
Бирок, биз көрүп турабыз: мунун ордуна алдым-жуттумдук, паракорчулук, пастык, көрпенделик, акчалуулардын зулумдугу, ыймансыздык барган сайын адатка айланууда.
Мамлекетти курабыз деген түшүнүк Президент, Өкмөт жана Жогорку Кенештин ортосундагы бийликти бөлүштүрүү, Конституцияны өзгөртүү деген көрүнүш менен чектелүүдө.
Конституция 7 жолу өзгөрдү, макталган программалар, стратегиялар кабыл алынды. Мамлекеттик идеология иштеп чыгабыз деген аракеттер болду. Бирок булардын кенедей дагы жыйынтыгы жок.
Себеби, иштин аныгында мамлекет жана мамлекеттик идеология улуулардын жолун улаган каада-салтка, адилеттүүлүккө, адамгерчиликке эмес, куру сөзгө байланып турат. Журт башындабыз дегендердин арасында көрпенделик алдыга коюлуп, күчтү, криминалды колдонуп, элдин башын будамайлап маселе чечсе болот деген маанай өкүм сүрүүдө.
Миңдеген маданият, медицина кызматкерлери менен мугалимдер өз кызматтары мамлекет тарабынан бааланбагандыктан, денсоолуктарынын бузулгандыгына, үйбүлөсүнө карабастан ачык асман астында соода кылууга барып, чет өлкөлөргө жумуш издеп кетишүүдө.
Айыл жериндеги мектептерди мыкты бүтүргөн окуучулар ата-энеси контракт төлөй албагандыгынан жогорку окуу жайларына өтө алышпай, өткөндөрү окууларын таштап билимин уланта алышпай калууда.
Ал эми мамлекеттик бийлик жогорку окуу жайларын менчиктештирүү жөнүндөгү саясатты жүргүзүүнүн аракетин кылууда.
Мындай саясат мурдагы завод-фабрикаларды менчиктештирип талап-тоноп алган сыяктуу, мындан ары жалаң байлардын балдары гана жогорку билимдүү болуп, элдин социалдык теңсиздигине алып келет.
Мындай жолдо турган мамлекет катуу шамал болсо кулап түшө турган тамырсыз дарактай.
Тартиптин болушу, адилет мыйзамга баш ийүү - туура жолдо бара жаткан коомдун эң башкы белгиси жана анын өсүп-өнүгүүсүнүн өбөлгөсү.
Тартипсиздик мамлекеттик бийликтин бардык баскычтарында күч алгандыктан, жарандардын арасында да уурулук, алдамчылык, зомбулук, сойкулук, киши өлтүрүүгө баруу бүгүнкү күндө мектеп окуучуларына чейин жетти. Алтүгүл "Акжол" партиясынын депутаттары сойкулукту мыйзамдаштырууну сунуш кылышууда. Кайда баратабыз?
Мамлекет мына ушуга көзөмөл кылууга тийиш. Акыйкаттыкты жана адилеттикти туу туткан элдин каада-салттары, ыймандык дөөлөттөрү мыйзам түрүндө бекемделиши керек.
Конституция, мыйзам дегенди жаза салыш оңой. Бирок, алардын чыныгы адилеттүүлүккө негизделиши, аны сактоо элдин руханий каада-салты, ыйманы менен тыгыз байланышкан.
Дүйнөлүк деңгээлде карасак, Япониянын жаңы тарыхында муну даана көрүүгө болот. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1945-жылы, ал жерде жаңы Конституция болгону 10 сааттын ичинде жазылып бүтүп, кабыл алынган. Ушул Конституция менен жапон эли азыркы кезге чейин жашап келет. Алардын жетишкен ийгилиги дүйнөгө белгилүү.
Бизде жазылып кабыл алынган конституциялар калайык-калк катышты деген сөз менен, бир ууч адамдардын мамлекеттик аппаратты пайдалануусу аркылуу кабыл алынган. Ошону менен бирге, жогорку бийликте турган адамдарды жоопкерчиликке тартуу укугу чектелип, мыйзамдын касиети качууда.
Кабыл алынган конституциялар менен мыйзамдардан элдин кызыкчылыгына каршы келген көптөгөн мисалдарды табууга болот. Эмне үчүн? Мунун себеби эмнеде? Чыныгы себеби бирөө - бийликти кармап калуу, мамлекеттик мүлктү талап-тоноп алуу, кылган иши үчүн жоопкерчилик тартпай, каалаганындай жашоо.
(Уландысы 6-бетте)



















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan