![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №40, 18.04.08-ж. |
Меймансап Форум Кулак кагыш Жумушчулардын короосуна кимдердин көзү түштү? СССРдин учурунда борбордун чок ортосундагы аз бүлөгө эсептелген үйлөрдөн алдыңкы жумушчуларга квартира бөлүштүрүлгөн. Эки жылдан кийин аларга дагы башка ыңгайлуулуктары бар квартира берилмек болгон. Бирок СССР империясы кулап калды, заводдун иши токтоду, ошо менен жумушчулардын күткөн тилеги ишке ашпай, мурдагы эле ыңгайлуулуктары жок үйлөрдө жашап калышты. Жашаган үйлөрүн жеке менчикке өткөрүп алышты. Алардын отун-суу сактаган сарайларынын ордун эми жаңы байлар талаша башташты. Борбордун чок ортосундагы "кыштак" СССР дүңгүрөп турган кезде Кыргызстанда В. Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруучу завод иштеп турган. Оо ал кезде стахановчу аталып шымаланып иштегендер, комсомолдук- жаштар бригадасынын мүчөлөрү моралдык-материалдык колдоого ээ болуп, эмгектин алдыңкылары гана ушул аз бүлөлүүлөргө эсептелген үйдөн квартира алышкан. Союз менен кошо ал завод да кошо жоюлуп, андагы жумушчулар өз тирлигин көрүп, мурда ээлеген турак жайларында жашап калышты. Бүгүнкү күндө Манас проспекти менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинен батыш жакка бурулсаңыз эле ошондогу жумушчу табы шаардын чок ортосунда бир "кыштак" болуп жашап калганын көрөсүз. Турусбеков көчөсү 5, Бөкөнбаев көчөсү 184, Чуйков көчөсү 143, 145 дарегиндеги эки кабат жана барак тибиндеги үйлөрдүн баары тээ 1936-1937- жылдары салынган, ичи илгеркидей меш менен жылытылат. 59 үйбүлө ортодогу көзгө басар жалгыз суу түтүгүнөн суу ичет. Баарына ортодо бир туалет. Ошо 30-жылдардан бери ал үйлөр капиталдык ремонтту көрө элек. Жакында мына ошол үйлөрдүн тегерегиндеги 11 сотых жерге шаардын байлары көз артып, бир курулуш баштамакчы болуп жатышат. Мындагы жалпы жашоочуларга тиешелүү ал жерде 59 үйбүлөнүн отун-көмүр сактоочу сарайлары, балдар ойногон, аянт, кир жайган аянт орун алган. Мурдагы жумушчулардын нааразылыгы Нааразы болгон ал "кыштактын" тургундары мындай дешет: Турумкан Турусбекова, үй комитетинин төрайымы: - Убагында биз баарыбыз Фрунзе заводунда эмгектенип, ушул жатаканаларды алганбыз. Мында эки жыл туруп, жаңы квартиранын кезегинде турганда, СССР жоюлуп, аны менен кошо завод да токтоп калды. Биз ошол боюнча ушул жерде жашап калдык. 9 квартира бир бөлмөлүү, 12 квартира эки бөлмөлүү. 1995-жылы биз да бул квартираларды приватташтырып алганбыз. Ал эми үйдүн тегерегиндеги жер (ПЗУ- приодомовой земельный участок) 11 сотыхты түзөт деп 2006-жылы Бишкек башкы архитектурасынан ПЗУну чийдирип, аны бекиттиргенбиз. Бирок архитектура башкармалыгы актыны колубузга бербей ушу кезге чейин кечеңдетип келишти. Эми болсо ошол 11 сотых жерди бир байга соодалап, сатканы жатышыптыр. Биздин үйлөр эки кабат болгону менен эски типте, меш менен жылытылат, ичинде суусу, туалети жок. Эгер ал жерлерибиз сатылып кетсе, биздин күнүбүз эмне болот? Отун-суубузду каякка сактайбыз, балдарыбыз кайда ойнойт? Бизден эмнеге эч ким уруксат сурабайт? Бул өзүм билемдикти кимдер токтото алат? Султанбек Төлөев: - Мен 25 жыл Фрунзе заводунда денсоолукка зыяндуу литейный цехте 25 жыл эмгектенип, ушул квартираны алгам. Турмуш кыйындап кетти, башка үй-жай сатып алууга кудурет жетпей, алты киши бир бөлмөдө жашап жатабыз. Эми ден соолуктан айрылып, жумуш да болбой калганда борбор шаардагы жаңы байлардын бири биздин энчибизге тийген сарайларыбыздын ордун талашып жатышат. Бул сарайларга биз отун эле эмес, кийим-кече, тамак-ашыбыздан бери сактайбыз. Чуйков көчөсүндөгү баракта Турусбеков, Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү бул үйлөрдүн катарында Чуйков көчөсүнө караштуу 13, 145 барактын жашоочулары да, бардыгы болуп 59 үйбүлө, бул жердеги ПЗУга тиешелүү 11 сотых жерди башка бирөөгө берүүгө каршы болууда. Себеби, жогоруда айткандай алардын баары бир жерден суу ичип, бир жерге отун- суу сактап, балдарын ойнотуп, кирин жайып, айтор, эч кимге залакасын тийгизбей, күн кечирип келатышкан. Светлана Петровна: - Барактарда жашагандар да кезегинде Фрунзе заводунда иштеген же ошол иштегендердин балдары жашайт, көбү кемпир-чалдар, алды 70 жылдан бери жашагандар. Биздин үйлөргө да илгеркидей меш жагылат. Ортодогу жерге эзелтен балдар ойноп, бизге короо-сарай катары кызмат кылып келаткан. Буга чейин да бирөөлөр спорт аянтчасын курабыз деп жүрүштү эле, ал курулган жок. Ортодо таштанды төкчү чуңкур бар эле, аны бу жакын жерге жаңы там куруп алгандар жаап салышты. Биз канча арыздансак да, ПЗУну бизге бекитип беришпей, эми жаңы байларга бергени жатышат. Ал эми бул катарга дагы бир бай үй салып, Табышалиев көчөсү жагын бөгөп салды. Бизди шаарды кеңейтүүчү кызыл сызыкка түшүп калдыңар дешет. Кытайлыктар кызыл сызыкка түшпөй эле заңгыраган курулуштарды салып жатышат, алар болсо Чуйков көчөсүн жаап алышты. Жеке басар байларга курулушка уруксат берип, кара таман кедейлерди талаада калтырышабы? Биз Бишкек шаардык мэриясына, Ленин райондук акимчиликке, шаардык архитектура башкармалыгына бул тууралуу кат жаза берип, жооп алалбай чарчадык. Биз эми Жогорку Кеңешке, Президентке кайрылуу жолдоп жатабыз. Эгерде ал жактан да жооп болбосо, анда биз Бириккен улуттар уюмуна чейин кайрылууга аргасыз болобуз. Биз бул материалды даярдап жатканда шаардык Архитектура башкармалыгына ушул маселени комментарийлеп берүү боюнча кайрылганбыз. Башкы архитектор Өмүшбек Турсунбековдун жардамчысы Улан Максимбеков:- Бул үйлөрдөгү маселелер бизге белгилүү, азырынча ал жерге эч кандай курулуш баштала элек. Калган маселени адистер кененирээк айтып берет - деген жообун берген. Адистер азырынча эч кандай жооп бере элек. Бул маселе шаардык мэриядан же андан да жогорку жактарда чечилип жатса керек. Айгүл Бакеева Кыргыздын Гиннес китебинен Эң чоң "Оозеки чыгармачылыктын дүйнөдөгү эң чоң эстелиги" жана "Планетанын эң чоң китеби" деген номинация жана Гиннестин рекорддор китебине кирүү үчүн "Манас" эпосунун толук варианты көлөмү боюнча эң чоң китеп кылып чыгарылат. Бул китептин бийиктиги 4.3 метр, туурасы 2.7, калыңдыгы 1.5-2 м болуп, калыңдыгы 1000-1200 барактан турмакчы. "Түбөлүк мурас" эларалык фонду, К. Чыныбаев деген жигит ишке ашырмакчы. * * * Эң чоң мөндүр Базаркоргон районунун Гава айылына түшкөн. 1988- жылы май айында чайыттай ачык турган күн заматта бүркөлүп, мөндүр жааган. Улам чоңоюп олтуруп, мөндүр тооктун жумурткасындай болгон. Мөндүрдүн түшүшү он мүнөтчө созулган. 1998-жылы Талас районунун Нылды көлмөсүнө чоңдугу тооктун жумурткасындай, кээси тоголок, кээси сүйрү болуп түшкөн мөндүрдүн формасы куду мээнин түзүлүшүнө окшош болгон.Ушундай эле чоң мөндүр ошол күнү Ысыккөлдүн Түп районунда да 20 мүнөттөй сабап турган. * * * Эң чоң дарбыз Ош областында өстүрүлгөн. Анын салмагы 85 килограммга жеткен. * * * Эң көлөмдүү жана тез жазылган чыгарма Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековго таандык. Анын чыгармалары эле эмес, өзү дагы көлөмдүү киши болгон. 66 жашында анын салмагы 121 кг болуптур. Эң байыркы * Көптөгөн окумуштуулардын пикири боюнча кыргыз тили - түрк тилдеринин ичинен эң байыркысы. * Кыргызстанда эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң байыркы шаар - Ош. 2000-ж. анын 3000 жылдыгы белгиленген. Демек, ал байыркы Рим менен жашташ. * Тарыхчылардын маалыматтары боюнча Кыргызстандын түндүгүндөгү эң байыркы шаар - усундардын борбору Чигу шаары (б.з.ч. 40-жылдар чен). Ал Ысыккөлдүн алдында калган. Ал эми жазуучу Орозбек Айтымбетов Чигу ш. Ысыккөлдө деген пикирди жокко чыгарып, ал калаа Турпан ойдуңундагы Айдың-Көл деген чакан көлдүн жээгинде болгонун далилдейт. * 1999-жылдын күзүндө Чолпоната шаарынын түштүк-батыш тарабындагы автовокзалдын жанына курулуп жаткан жаңы кафенин курулушчулары адам сөөгүн табышкан. Аны республикалык тарых музейинин байыркы орто кылым тарыхы боюнча адиси Темирлан Чаргынов изилдеген. Бул өтө баалуу тарыхый табылга илимий изилдөөдөн кийин биздин заманга чейинки 1000 жылдыктагы адамдын сөөгү деп табылган жана тарых музейине алып келинген. * Кымыз жөнүндөгү эң байыркы маалымат Игнатьев жылнаамасында кездешет. Анда князь Игорь Северский тоолуктардын туткунунан аны кайтарган жоокерлер кымыз ичип уктап калганда качып чыккан деп айтылат. 1245-ж. айтылуу Батый хан князь Галицкийди кымыз менен сыйлагандыгы жөнүндө да маалымат бар. Белгилүү европалык саясатчы Марко Поло XIII кылымдын 2-жарымында Орто Азияны кыдырып баргандан кийин кымызды ак шарап деп жазган. Ысмайыл Кадыров |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|