![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №40, 18.04.08-ж. |
Меймансап Форум Энергетика эрмегинен Эми "жараны" жарандык коом тырмады Кечээ бир катар бейөкмөт уюмдары, укук коргоочулар "Достук" мейманканасында Кыргызстандын энерготармагын менчиктештирүүгө байланышкан шашылыш жыйын өткөрүштү. Жыйынга ЖКнын тармактык комитетинин мүчөлөрү, башка бир катар депутаттар, коомдук парламенттин, коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, жарым саат ичинде "оомийин" деп туруп кетээрде, бейөкмөтчүлөр карапайым элди карайлатчу мыйзамга кол коюуга каршылык көрсөтүп, акыры залдан күч менен куулуп чыккан. Энергетиканы менчиктештирүүнү тууралап коюуну көздөгөн "Акжол" фракциясынан депутат Элмира Ибраимовага эки эсе кыйын болду окшойт. От-жалын маселени аял кишинин колу менен өткөрүп ийүүгө жасалган далбаса жарандык коомдун жарасына тийип алгандай эле таасир калтырды. Жолугушууга келген депутаттар, өкмөттүн алдындагы энергетика боюнча агенттиктин директорунун орун басары А.Түмөнбаев жамгырдай жааган суроолор менен кызуу эмоциянын сүрү астында баш көтөрө албай эле калышты. Айрыкча "акжолчу" Элмира Ибраимовага дооматтар көп айтылып, "элге каршы чечимди кабыл алууга акыңыз жок. Ага атаңыздын аты уруксат бербейт" дегенде бечара депутаттын бети кызарды. Чогулгандар автору айтылбаган мыйзам элге белгисиз экенин, менчиктештирүү механизми "криминал" жыттангандыктан экспертиза жүргүзүүгө эч бир эксперт макул болбой жатканын билдиришти. Кыскасы, кыргыздын акыркы күрөө тамыры чабылса, ансыз деле "чынжырынан башка жоготоору жок калган" калк биротоло чөгөт окшоду. "Аалам-пресс" Кадрдык жүрүштөр Үч баатырдын заманынан Туйгуналынын артында ким? БШКнын экс-төрагасы Абдраимов Кыргызстандын Кореядагы жаңы ачыла турган элчилигине жөнөтүлөрү боюнча маалыматтар тарады. Мунун артында Алмаз Атамбаев турганын, анын кийлигишкени десек болобу?.. Абыкеев архивде... Чолпонбек Абыкеев "Манас-Ордо" комплексиндеги Кароол чоку чуусунан кийин, Акүй кызматына кайыл болуп баса берген. Ошондон кийин ал жетектеген президенттик администрациянын коомчулук менен байланыш бөлүмү жоголуп кеткен. Азыр Ч.Абыкеев маданият жана маалымат министрлигине караштуу архив агенттигинин башчысы болуп дайындалды. Акаевдин "куйруктары" жаңыланганда… Чуулгандуу "Алга, Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, шаар кеңешинин экс-депутаты Зоотбек Кудайбергенов да кийинки мезгилдерде дайын-оту жок болуп кеткен. Учурда Зоотбек мырза кайрадан шаар кеңешине келип, башкы финансисттик милдетин аткарууга отурду. "Акаевдин куйруктары" жаңыланып, кайрадан тамыр жайууда… "Аалам-пресс" Ой-илик Бүгүн президент жалгыз. Анын командасында бычакка сап кадрлар жок болуп жатат деген сөздөр бар. Коомчулуктун мындай пикирине кошуласызбы? Абдыганы Эркебаев, коомдук парламенттин төрагасы: - Мындай пикирге мен эки мааниде жооп берээр элем. Биринчиси, дүйнөдө көптөгөн мамлекеттик ишмерлер же президенттер мындай жалгыздыкты көп сезет. Анткени, бийликте турган убагыңда ар ким обу жок мактап, көзүң жокто шыбап жиберген учурлар көп болот. Ал эми экинчиси, улуттун чыныгы лидерлери айлана-чөйрөсүнө деңгээли бийик, журттун намысын талашаар, эл үчүн иштеген кыйын уулдарды топтойт. Тилекке каршы, бүгүн ушундай жагдай жок болгондуктан президенттин жалгыздыгы тууралуу коомчулукта айтылган сөздөргө аргасыз кошуласың. Бизде эптеп эле кызматка умтулуп, кара курсак кайгайынан өйдө көтөрүлалбаган адамдар көбөйүп кетти. Алар улут кызыкчылыгын эмес, убактылуу кызыкчылыкты туу тутуп келишет. Өмүрбек Текебаев, коомдук ишмер: - Кеп анын айлана-чөйрөсүндө эмес. Кеп -- өзүндө. Кеп анын деңгээлинде болуп жатат. Эгер анын алдыга койгон максаттуу иш-планы болсо, өлкөнү чындап эле өнүктүрүүгө дилгирленсе, айлана-чөйрөсүн иретке салып алмак. Анын андай максаты, биринчиден, жок. Ошондуктан айланасында ар кандай сөздөр бар. Абдыгул Чотбаев, шаардык кеңештин депутаты: - Коомчулук туптуура айтып жатат. Мен да ошол пикирдемин. Көрүп жатасыңар, Каркыра, Ысыккөлдөгү пансионаттар жана башка биртоп менчигибизден ажырап баратабыз. Эртеңки муунга эмне калат, билбейм. Бүгүн өлкөнү президент эмес эле, Медет Чоканович өзү бийлеп жатат окшойт. Казактарга берген да ошол. Анткени, анын улуту казак да. Эртеңки күнү ал Кыргызстанда жашабай, Казакстанга кетип калат. Муну кыргыз эли ойлобосо, болбой калды го. Сөз бекеринен чыкпайт эмеспи. Бийликтин реалдуу картинасы кашкайып көрүнүп турса, андай эмес дегенден пайда табышпайт. Амангелди Муралиев, коомдук ишмер: - Президент өкмөтүм менен парламентим иштеп жатат деп, өлкөнүн абройлуу кишилерин укпай койбошу керек. Командасы бар, бирок, ал командага элдердин көңүлү толбой жатпайбы. Мисалы, "лично" мен аларды президенттин командасы деп айталбайм. Элдин купулуна толбогон команда эл менен кантип иштешет? Маселенин баары ушунда болуп жатпайбы. Мындай коомдук пикирлердин жаралышына өздөрү түрткү болуп жатышат да. Рахат Ачылова, профессор: - Ой, айтыла турган көп нерселер бар, бирок мен айталбайм. Ошентсе да коомдук пикирге кошулам. Ырасында, бир күндүк болуп жашаган чоңдор көбөйүп кетти. Президент өзү жакшы идеяларды айтып, тапшырма берип жатат. Бирок, тигилери аткаралбай жатпайбы. Алардын колунан иш келбей, натыйжасы президентке келип такалууда. Болбосо, президент иш билги, деңгээли бийик адам. Тойгонбек Калматов, Өкмөткө караштуу дин иштер башкармалыгынын экс-төрагасы: - Коомчулукта айтылган мындай пикирлердин өз орду бар. Мен деле ушундай пикирдемин. Азыр өкмөт менен парламентти көпчүлүк элдер ичине сиңиралбай келишет. Бул бир чети туура. Президенттин өнүгүү стратегиясына багытталган иш пландары бар экен. Айтып жатат. Инфляцияны ооздуктайлы, коррупция менен күрөшөлү, айыл чарбасына көңүл буралы деп. Ал эми ар бир министрликти өз укуктарын ашпагандай вазыйпаландырды. Мисалы, финансы, чалгындоо кызматтары менен укук коргоо органдарынын иштери мурункудай чалкеш эмес. Аларды жөнгө салды. Эми иштөө гана керек деп ойлойм. Манас Орозбай уулу |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|