Коомдук-саясый гезит
№40, 18.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Күн бүркөөбү, ыя?

"Торпок бол" деп туубаган сени, мени,
Торпок болбо, кыргыздын жигиттери!
Кошунам торпок сатыбалыптыр. Эттүү. Эшик алдындагы көкмайсаңга аркандап, үйүнө кирди. Карап турам, бу карасурунан келген торпок жаңы баш көтөрүп келаткан көкмайсаңды бурдап атат. Өткөн машиналар да, адамдар да, бүркөлүп турган күн да анын көңүлүн буралбайт, каракурсактын гана жандалбасы.

Ал азыр элдин азабын берип жаткан кымбатчылыкты, четинен кемип жаткан жерибизди, миңдеп кетип жаткан элибизди, чөнтөк парламентти, жазгы гүлдөй жайнаган коррупцияны, түрмөдөгү оозун тигип алгандарды, биринен-бири өткөн сулуу сойку кыздарды, кыргыздын жолунун белин сындыра өтүп жаткан кытай машиналарын, базарда орун талаша кетип кадимкидей эле мушташып жаткан эки лөкүйгөн катынды, аларды карап "көчүккө теп" деп сүрөп жаткан кытай кийимчен кыргызды, Салымбековдун базарын, Атамбаевдин апасынын афоризмдерин, Ногойбаевдин ажосуна "сиңирген эмгегин", Куловдун темир эмес экенин, Бекназаровдун кримавторитет менен жолукканын, Аксыда апат болгон алты азаматты, "Ложка" деген партия кандай пайда болгонун, Акаевдин качышын, анын аялынын чыныгы жүзүн, таланып кеткен жана таланып жаткан элдин мүлкүн, каапырлардын Санта-Клаусун, ал коротуп кеткен миллион долларды, дунган менен уйгурга малай жүргөн тоолук кыргызды, атасын сайып салган баланы, героин саткан полковниктерди, Аалыкебиздин "Кандуу жылдарын", Шекспирдин "Король Лирин", Калыгулдун эки сап ырын, Эстекебиздин жамгырдай төккөндөрүн, Төлөгөн акенин Шераалысын, Рыспай акенин "Алмашын", Зейнеп Шакеева менен Гүлмайрам Момушованын керемет үнүн, Шакем Дүйшеевдин "Арабадагы ырын", Эшимкановдун "кытыр" мафиясына алы келбей жатканын, Бакиевдин бутунун "оорусун", "колоктогон" коомдук парламентти, Сыдыковдун ОБОНдорун, парламенттеги "маэстро" Мадумаровду, оппозициянын соңку "жүрүштөрүн", кыргызды кыйсыпыр кылчу гендер саясатын, ойнош күткөн молдолорду, саунада чардаган "ажыларды", Көлүбүздө сыналган торпедолорду, асманыбызда айланган Америка самолетторун, балдарыбызга "укмуш" билим берип жаткан түрктөрдү, аял көрсө эле басакалган аңгилерди, накта дыйканга жеткирбей, жолдон желмогуздар жутубалып жаткан солярканы, "кымчабел" Кытай трактирин, Токтогулга толбой аткан сууну, кыргыздыкы болуп туруп кыргызга буюрбаган алтынды, лыжаны кыйын тепкени менен башкадан нөл Чудиновду, эки президентке тең жанын бере кызмат кылган "эки жандуу" Айдаралиевди, милийсаны оңду-солду чимирип жаткан Конгантиевди, кара жанын карч уруп "Аалам-Ордо" куруп жаткан Керексизовду, "блокадада" калган Бишкекти, көзүнө акчадан башка эчнерсе көрүнбөгөн көлдүк, анан оштук кермурут жигиттерди, алты ай актип болуп иштеген атасына айыл атын койдуралбай жүргөн айыл башын, колбаса цехине өтүп жаткан шарп оорулуу уйду, бүткүл дүйнө туберкулезго каршы күрөш күнү деген күндү "майрам" кылалбаганыбыз, ойношторун эсептеген киши жок, үч катын баккан акимди, законсуз жер алып пансионат салдырып жаткан губернаторлорду, тажиктердин зордугун, ана-мына каптай турган кытайлыктарды, алгачкы гезитмин деген "Кыргыз Тууну", экооз энетилин билбеген "чалакыргызды", Манас, Бакай бабаларынын тарыхын, Кыргыз жери менен элинин келечегин… ойлобойт бу торпок. Жанталаша оттобатат. Ушу торпоктой болгон миңдеген жигиттер элестелип кетти мага, курсагы ток, кайгысы жок, бай, торпогу толо, катындары да… алар торпокчо оттобатып өмүрүн тамам кылат. Тагдырлары ошондой болгон соң, не айла, торпоктун турмушу деле турмуш, ошол торпокко окшогон неменики деле турмуш… А мээчи?
Анан эмей, башкага баш чириткендей баштын ичинде мээнин кажаты канча… торпок сымалдарга?! А балким адамдагы асылбаа сапаттар азайып баратканда "торпокчо" жашоо мезгилге ылайыктыр… Антсе да:

"Торпок бол" деп тууган эмес сени, мени,
Торпок болбо, кыргыздын жигиттери!

Баратбай АРАКЕЕВ




  КурумУшу

Кара курсактын кайгысы кайыштырганда
Өткөн жылдын катаал ызгаар cуугу айгине көргөзбөдүбү, адам бардык кыйынчылыкка, анын ичинде кылчылдаган кышка деле чыдайт экен. Бишкектеплосети шаарды жылдагы жылуулук менен камсыз кылбай элди тоңдуруп таштады эле, ага деле чыдады. Акыры өлбөгөн жанга жаз да келди, өткөн катаал кыштан боор бүтүн аман-эсен чыктык. Адам жылкы мүнөз келет эмеспи-азыр ошондогу кыйынчылыктар аз-аздан унутулуп баратат. Эмки кыш келгенге чейин эске түшпөй, биротоло жадымдан чыгып деле калышы мүмкүн.

Эми дагы бир жаңы балээси тооруй баштаган кези. Өлкөнүн көзгө басаар Токтогул ГЭСин аман сактап калуу далбасасы менен өкмөт катаал лимит киргизип, электроэнергияны кенен-чонон пайдаланууга чектөө киргизди. Бүт республика боюнча электр жарыгын ар күнү 10-12 сааттан өчүрүү адатка айланды. Эл чырактын жарыгына тобо кылып отуруп калды. Мындай экстремалдык окуя Кыргызстандын жаңы тарыхында биринчи ирет болуп жатканын айтышууда.
Багы жокко дагы жок болуп, калкты таза суу менен камсыздоодо да үзгүлтүктөр пайда болду. Чүй областынын Кемин районунун бир айылы үч-төрт күндөн бери таза сууга зар болуп отуруп калганы кабарланат. Ошентип, өкмөттүн иш билбеген шалаакылыгынан улам өлкөнүн инфраструктурасы акырындап кедеринен кетип ыдырап баратканы айгине байкалат.
Эндекей элбиз да, бийликтин "чыдагыла, булардын баары убактылуу кыйынчылыктар" дегенине ишенип алдыдагы бакиевчил реформатордук "жаркын келечектен" үмүт үзбөй "утурумдук тоскоолдуктарды" моюбай көтөрүүдөбүз. Эл ичинен ашкере нааразы болгон адамдарды деле жолуктурбайсың. Болсо да ал ар кимдин ичинде катылган. Элдин тагдырдын буюрганына моюн сунган түрү бар. Адам, айткандай, бардык кыйынчылыктарга чыдаары, баарын көтөрөрү ырас. Непадам, кара курсактын кайгысы кыйнап айласын алты кетирип салганда унчукпай шүк отуруп калышы абдан кыйын. Мындайда социалдык жарылуу болушун бөркүңдөй эле көрө берсең болот.
Өкмөттүн азык-түлүккө баанын ээ-жаа бербей асмандап кетип баратышын дүйнөлүк тенденциянын залакасы менен түшүндүрүүсү, бааны ооздуктап токтотуу кыйын болуп калганын белгилеп келип, азык-түлүк каатчылыгын минималдаштыруу үчүн бүт аракетин жумшаарын, эч жан аянбастыгын айтып, кам санабай эле койгула деп жайкаганы көнүмүш адатка айланды. Анын бир билген сөзү ушубу деп да кетесиң. Башка кеп алардын ооздорунан ныпым чыкпас болду. "Дүйнөлүк тенденция" дегени азыр ашмалтай кепке айланып кеткен. Ошол мезгилде дүйнөлүк тенденцияда - дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда кандай кубулуштар болуп жатканы жөнүндө бир ооз кеп жок. Дүйнөлүк тенденция, т.а. глобалдык азык-түлүк кризиси менен дүйнөлүк инфляция өкмөт үчүн түр-түспөлү белгисиз абстракция. Ал Кыргызстандын ички азык-түлүк рыногуна чечкиндүү таасир берген, баанын өсүшүн шарттаган кубулуш, бирок анын эмне болгон мокочо экени табышмак. Дүйнөлүк рыноктогу кубулуштарга дыкат мониторинг жүргүзүүнү мындай кой, эларалык финансы институттарынын глобалдык азык-түлүк рыногуна кунт коюп мамиле жасоо, дүйнөлүк кризисти эсепке алып, андагы процесстерге ылайык иш-аракеттерин төп келиштирүү зарылдыгы жөнүндөгү чакырыктары өкмөттүн кулагынын сыртынан кетип жатканын байкоо кыйын эмес.
Асыресе, чет өлкөлүк ири басылмалардын жазганына караганда дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда катастрофалык деп айтууга татый турган өтө опурталдуу кырдаал түзүлдү. Буга The New York Times, Handelsblatt, Le Monde, Suddeutsche Zeitung, Независимая газета сыяктуу ири басылмаларда жарыяланган глобалдык азык-түлүк кризисине арналган макалалардын аталыштарына баам салып көрүп ишенсе болор эле: "Дүйнөлүк стабилдүүлүккө ачкачылык толкундоолору коркунуч келтирүүдө", "Дүйнөлүк азык-түлүк кризиси", "Ачкачылык жаалданган сокур сезимди ойготууда", "Ачкачылык революциясы босогодо баш багып турат", "Ачкачылык финансылык кризис менен терроризмден да опурталдуу көрүнүш", "Россияда АКШ сыяктуу кедей-кембагалдар үчүн нанга талон киргизилиши мүмкүн" ж.б.
Эл аралык уюмдар, ири банктардын дүйнөлүк тамак-аш коопсуздугу боюнча эксперттеринин прогноздору кенедей да оптимизм жарата албайт. Атап айтсак, Дүйнөлүк Банктын президенти Роберт Зелликтин айтымында, 33 өлкөдөгү азык-түлүккө болгон баанын өсүшү алардагы социалдык толкундоолорго алып келиши ыктымал. Ошону менен бирге жакынкы учурларда баанын төмөндөшүн күтүүгө да болбойт. Калкы керектөө корзинасынын үчтөн эки бөлүгүн тамак-ашка жумшаган өлкөлөр азыркы кризистен өз алдынча, өз күчү менен чыгып кетиши арасат.
Ал эми ООНдун азык-түлүк жана айыл чарба бөлүмүнүн билдиргенине караганда, дан эгининин дүйнөлүк запасы быйыл 1982-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге чейин жетти.
ООНдун дүйнөлүк азык -түлүк программасынын директору Нэнси Романдын айтымында "ачка адам-кыжыры келип жаалданган адам". Ачкачылык экономикасы өнүкпөгөн өлкөлөрдөгү толкундоолорду шарттайт, бирок баарынан жаманы азык-түлүккө баанын тынымсыз өсүп жатышында эмес, анын элдин чыдамы түгөнүшүнө алып келип жатканында. Нэнси Романдын көрсөткөнүнө караганда азык-түлүккө болгон баа мындан ары тынымсыз өсүүнүн үстүндө болот, ачкачылык улам жаңы өлкөлөрдү чулгап алышы күтүлөт. Чамасы чак, өнүкпөгөн өлкөлөрдө азык-түлүк тартыштыгы айдоо аянттары кысыр калган түшүмсүз жылдардан, кургакчылыктан улам пайда болуп келген болсо, азыркы тапта тамак-аш жетиштүү, арийне, ал жакыр калк үчүн кол жетпегендей болуп өтө эле кымбатка турат.


(Уландысы 6-бетте)




















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan