
Полит-элита
Өлгөнгө көмгөн кылгандай…
Бийлик арсыздыгын айтканда не, айтпаганда не? Жөө жүрүштү гезиттин 5-6-7-беттеринен окуңуздар. Акүйдүн эл менен элди чабыштырганы, провокациялык кадамдарды уюштурганы Кудайга жагабы? Кыргыз качан тамакты (жумуртка) ыргытып кор кылды эле? А мас аялдардын атакасын айтпай ак коелу. Мындай көрүнүштө кыргыз бийлиги демократиялык принциптерди тебелеп, Кыргызстандын эларалык имиджине катуу шек келтирди. Өлгөнгө көмгөн кылгандай. Дагы жакшы, оппозиция сабырдуулук кылып, кызуу кандуу балдарды тыйды, а болбосо бензин куюлган бөтөлкөлөр ыргымак. Чалмакей чалынмак. Кыскасы, бир ууч мас аял көлдүктөрдүн таза жүзүнө чиркөө болду…
Оппозициянын оң-сол канаты биригеби?
Баса белгилеп коелу дедик. Эгерде оппозиция жээги элге чындап күйсө, жеке амбицияларынан алыс болсо, анда биригишет. Маселен, "Акыйкат үчүн" кыймылындагы лидерлер менен СДПК лидерлери бирикпесе, бийликтен таяк жегендери жеген. Оппозиция катары, реалдуу күч катары да жүздөрүн көрсөтө алышпаганы ошол, ынтымактын жоктугу. "Мен" деген сезимдердин курмандыгы болушуп. Эгер А.Атамбаев менен Ө.Текебаев баштаган оппозициянын оң-сол канаты бириксе, элдик ишенимге бир кадам жакындаган болор эле. Чөгүп бараткан мамлекет кемесин куткарууга, Акүйгө катуу сес көрсөтүүгө батынышмак. Көп ишке жарашмак. А болбосо "таяк жеп" жүрө беришет…
Мамалкодогу "мас" жүрүштөн
"Аюунун" ээси бар, "алкомагнат Шаке" деген. Азыр бүт кыкеңдерди ушу жигит аракка "сугарат". Анын дагы бир жолдуулугу ушул, өзүнүн досу А.Батырбековду мамалко агенттигинин деректирлигине койгон. Анан эле Атбашы мафиясы бу тармакты басып жатып калды. Башкасын санабайлы, Н.Айтмаматов дегенди Карабалта спирт заводуна апкелсе, ал келгени спирт 100%га кымбаттады. 42 сомдук спирт 85 сомдон ашканы, "левый" кеткени, эски арактардын сатылганы туурасында кептер каңгып жүрөт. Мындан сырткары, А.Батырбеков арак заводдоруна план коюмуш этип грузить эткени, досу Шакенин атаандаштарына, башка заводдорго бөгөт болгону айтылууда. Учурда арак заводдорунун ээлери биригип, А.Батырбековго каршы арыз жазуу менен Башпрокурор Э.Сатыбалдиевге арызданганы турушат.
(Уландысы 2-бетте)
|