Коомдук-саясый гезит
№43, 29.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Лөлүканча серпимей...

Төрдөбө...
Медет Садыркуловго
Акүйгө ак кызмат кылып, сарай-интригасын уюштурууда адистешкендиги жана темир генералдарды калай генералга айлантып салуунун "бормуласын" ойлоп тапкандыгы үчүн Өмүрбек Текебаев жетектеген "Акман" заводунда өндүрүлгөн коло медаль менен Медет Садыркулов сыйланат. Сыйлык тапшыруу аземи Опера жана балет театрында эртең саат 13:40та өтүлүүсү күтүлүүдө. Аземде белгилүү опера ырчысы Феликс Кулов "Барам сага" деген ырды жогорку чеберчилик менен аткарып берүүсү күтүлүүдө.

Эдил Байсаловго
Жаш жазуучу Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген эмгеги үчүн, "Форум" фирмасынан чыгарылган "Балитен" калай төш белгиси менен сыйланат. Жаш жазуучунун жогорку деңгээлдеги мындай сыйлыкка ээ болушуна жакында жазып бүтүргөн "Качкын" романы түрткү болгон. Ал романда жаш саясатчы жигит менен Клара аттуу аялдын чексиз махабаты баяндалат. Сыйлыкты бүгүн саат 18:30да Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйындар залында белгилүү драматург Алмаз Атамбаев тапшырат.

Мукар Чолпонбаевге
Белгилүү оппозиционер, көп жылдан бери митинг-пикеттерде жүрүп чарчаган Мукар Чолпонбаевге Кант авиабазасынан чыгарылган "Николайдын" коло медалы ыйгарылды. Ал бул сыйлыкка Атай Огомбаевдин "Ой булбул" деген ырын мыкты аткарып бергендиги үчүн арзыды. Сыйлыкты тапшыруу аземи "Хаят" мейманканасында 30-май күнү саат 24:00 америкалык актёр Жорж Буш тарабынан өткөрүлөт. Сый конок катары Аскар Акаев, Урмат Барктабасов жана Израилдин премьер-министри Ариэль Шарондун катышуусу күтүлүүдө.


Марат Султановго
Атактуу ойчул, генетик жана астроном, "Акаев" атындагы сыйлыктын ээси Марат Султановдун да опол тоодой эмгеги бар. Келемиштерди кочкорлор менен аргындаштырууда талыкпай аракет кылгандыгы үчүн Абдыганы Эркебаев жетектеген илимдер академиясынын "Дардак грамотасы" менен сыйланат. Сыйлык тапшыруу кечеси коргоо министрлигинде 25-июнь күнү саат 19:10до өткөрүлөт. Кечени атактуу тамада Марат Кайыпов алып барат.




  Атактуулар андигидотто

Депутат Масалиев студент уулуна телефон чалат:
- Экзаменди кандай бердиң?
Уулу атасына:
- Баары сонун. Мугалимдер абдан таң калышты. Эмдиги жылы дагы келип экзамен берүүмдү суранып жатышат!

Роза Отунбаева менен Шарипа Садыбакасова жолугушуп калат. Шарипа айым минтет:
- Кудай буюрса, жакында пенсияга чыгам... Анан экинчи китепти бүтөм.
- Охо-оо, сиз жазуучусузбу?-дейт Роза айым.
- Кайдан, экинчи китепти окуп чыгам.


Депутат Нургазы
Айдаров чарчап үйүнө
келет. Диванда
чалкалап жатса, аялы терезе түбүндө туруп:
- Мына, жаз да келди - десе, Нургазы мырза ордунан тура калып:
- Мени жок деп койчу,-
дептир.

Санжар Кадыралиев
менен Иса Өмүркүлов сүйлөшүп жатат:
- Эй, Исаке, культурный болуп калгансыз го?-дейт Санжар.
- Эмне болду анчалык?
- Урнага түшүрүп калыптырсыз го.
- Да, түкүрүгүм мээлеген жерге түшпөй, урнадан ашып кетип жатпайбы...

Сот жүрүп жатат. Тергөөчү Нурпазыл Атамбаевден сурайт:
- Эмне үчүн бул кызды зордуктап салдың?
Анда ал айтат:
- Мен бул кызга ишенген эмесмин.
- Эмне деп?
- Жолдон ушул кызды көрдүм. Жанына бардым... Анан эле бул кыйкырып кирди: "Мен кызмын" деп. Мен ишенген жокмун, көрсө кыз экен.

Депутат Азиз Турсун-баев дубалга мык кагып жатса, мык кирбей коёт.
- Э-эй бүркүтүм -- дейт аялы какшык узатып, -- ушул кичинекей мыкты кагыштын ыгын да билбейсиң.
- Ээй көпөлөгүм - дейт Азиз мырза, - ал үчүн дубал өзү каалаш керек да.

Кареги ирмелген сөздөр
* Бакиевди карап кыйкырсаң - тамагың кыркырайт.
* Шымың айрылса - шыйрагың титирейт.
* От менен ойногуң келбесе - оппозиция менен ойно.
* Президент болгуң келсе - манты же.
* Семирем десең, секирбе.
* Акылдуу күлүк кумурска менен жарышат.
* Жөөлүсөң, жөө жүрүшкө катыш.


Лөлүкан эже пал ачат
* Сол көзүң тартса, Муфти саунага чакырат, бирок,
сен барбай каласың.
* Ийне таап алсаң, ойношуң боюнан алдырат.
* Күн күркүрөсө, таарынып аялың кетет.
* Түшүңдө Атамбаевди көрсөң - Текебаев менен пикетке чыгасың...
* Акча таап алсаң - арак ичесиң. Аялың телефон чалат.
* Жалбырак түшсө - кызматыңан кол жууйсуң.
* Уйкуң келсе - уктайсың. Түшүңдө үйүңө кыз алып келесиң.

Энеси бөлөк, атасы башка бир туугандар
* Камчыбек Жолдошбаев - Нурлан Мотуев
* Аликбек Жекшенкулов - Бакыт Бешимов
* Турсунбек Акун - Турсунбай Бакир
* Акматбек Келдибеков - Мелис Эшимканов
* Камчыбек Ташиев - Жаныш Рүстанбеков
* Алмаз Атамбаев - Феликс Кулов
* Бегалы Наргозуев - Тойгонбек Калматов
* Мураталы Жуманов - Жаныбек Жанызак

Өмүртөрө КУДАЙБЕРДИЕВ












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan