Коомдук-саясый гезит
№43, 29.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Этегиң эппи?

Сойку өмүр
Жакында Жогорку Кеңеште сойкулукту легалдаштыруу, андан салык алуу тууралуу сөз жүрүп кетти. Бул этек бизнесине кеңири шарт түзүп, канчалаган мартабалуулардын капчыгы карапайым кыз-келиндердин дене акысына сарпталып, кампаймакчы.

Сойкулук байыркы кесип
Эл ичинде сойкулукту байыркы кесип деп сыпайы айтып коюшат. 640-635-жылдар аралыгында эң алгачкылардан болуп сойкулук үчүн салык алган адам --афиналык мыйзам чыгаруучу Солон болуптур. Анын борделдери шаардан алыс жайгашып, негизги клиенттери соодагерлер, моряктар жана бойдок жигиттер экен. Сойкулук менен айрыкча күңдөр, бийчилер алектенип, о. э. эркек-сойкулар да болгондугу тууралуу маалыматтар жетиштүү. Ыйык Инжилде (Ветхий Завет. Иисуса Навина 6:16) айтылгандай, биздин эрага чейин эки миң жыл мурда алгач сойкулук менен Иерихондо жашаган Раав аттуу селки алектенген. Мындай атамзамандан бери келаткан иштин тыйыла койбосун бүгүнкү күнү эксперт-сексологдор да тастыктап, буга публикалык үйлөрдү бир ачмактан миң ачсаң да, мыйзам чегинде таптакыр тыюу салып түп-тамырынан бери жоготом деп аракет кылсаң да майнап чыкпайт деген пикирде.

"Крышалары" байып, оору жайылып...
Айрым "элитный" үйлөрдү аягы суюк адамдар үчүн кызмат көрсөтүүчү жайлар деп эч ким ойлобос. Мындай үйлөрдөн берилүүчү номерлер саатына 200-300 сом. Мисал келтирейин, Салиев көчөсүндө жайгашкан 18...үйгө "ошондойлордун" бир тобу катарлаш. Алардын ээлери кимдер? Эр экенсиң, алардын, "крышаларына" айтып көрчү "сойкуканаңды жап" деп. Же кабат-кабат үйлөрдө саатына 150 - 500 сомго чейин суткалап берилген квартиралардын ээлери публикалык жай ачканда эле тыйылып калышабы?
18-19-кылымдарда бул чөйрөнүн жашоосундагы криминалдашууну азайтабыз, кирешенин бир бөлүгүн мамлекетке түшүрөбүз деп тизмеге алышып, жугуштуу ооруларды жайылтпоо үчүн алардын артынан полициялык-медициналык көзөмөл жүргүзгөн айрым өлкөлөр эмнеге жетишти? Тескерисинче, Европада 15-кылымда пайда болгон сифилистин айынан сойкуканалар эпидемиянын очогуна айланган.

Эркек-сутенерлор
Сойкулардын коопсуздугун жана аларды клиенттер менен камсыз кылган эркек-сутенерлордун мамилеси менен сойкулардын мамилеси кызык. Булар көбүнчө таксисттер. Алар клиенттер менен байланышып, кыздарды сауналарга жеткирип, түнкү патрулдагы менттердин оозун жаап, убактысы бүткөн соң кыздарды кайра үйүнө жеткиришет. "Биздин иш кечки саат 4-5терде башталат да, түнкү саат 3-4төрдө бүтөт. Бирок, биз ал кыздар менен башка мамиле түзбөйбүз" - дейт Н. аттуу жигит. "Бул ишке аргасыздан аралашып калгам. Соода-сатык дагы кылып көрдүм, таксист дагы болуп көрдүм. Бирок, денсоолугумдун айынан жеңилирээк жумуш кылууга туура келди" - дейт. Анын айтымында, кыздар бул ишке жыргаганынан барбайт, "алар деле сага окшош эле кыздар, айырмасы - сойку" дейт. Күнүнө бир жарым, эки миң сом табаарын жашырган жок.

Сойкулуктун алгачкы кадамдары
Илгери сойкулуктун жогорку сорту болуп "гетерлер" (курбулар) эсептелишкен. Алардын айрымдары акылдуу, укмуштуудай сулуу болушкан жана көрүнүктүү ишмерлер менен мамиле түзүшкөн. Алардын катарында Милеттеги сойкукананы кармап турган белгилүү "гетер" Аспазия болгон. Кийин ал Периклге турмушка чыгып, анын үйүн Афинанын интеллектуалдык борборуна айланткан. Сойкулуктун төмөн катмары болуп, "поллактар", күңдөр, эсептелинген, аларга атайын борделдерден сырткары, Афинанын башка жерлеринде, жүрүүгө тыюу салынган.

А биздечи?
Бизде деле ушундай, көчө сойкуларынын баалары арзан, кийингендери жупуну. Милиция кызматкерлерине көп кордолгону да, мамлекеттик чиновниктер мурдун чүйрүп өткөн бактысыздар да ошолор. Ал эми өздөрүн "элитамын" деген сойкулар алардан жүз эсе айырмаланышат. Мисалы, кийген кийимдери жалаң кымбат баалуу, тагынгандары алтын-күмүш, бир канча сумка, бир канча бут кийими болуп, ал турсун карандашты да өздөрү алып каштарын чийишпейт. Атайын сулуулук салондоруна барып, макияж жасатышат. Кадимки маршруткаларга түшпөстөн, иштеген күндөрү атайын таксилер ары-бери ташыса, мындай күндөрү "суппер-муппер" деген таксилерди чакыртып чоёктошот.

Жыйынтыгында
Эмнеге кыздарыбыз сойкулукка барышат? Биринчиден, ошол кыздардын жана аларды колдонуп жаткан эркектердин жеңил ойлуулугу. Эркектерге эмне, "эркектики эп болот, аялдыкы кеп болот" дейт го. Ошондуктан мен алгач кыздарыбыздын көөдөнүндөгү намыссыздыкка, алсыздыкка жана акылсыздыкка кейип жүрөм. Туура ойлоно билишпегендиктен жан дүйнөлөрүн биротоло талкалап алышууда. Аял болуп эр сүйүп, бала эмизип эне болгулары келбей, күнүмдүктү кубалап, материалдык жактан камсыз болгону менен баары бир көкүрөгү кемилип жашап жүрүшөт. Экинчиден, кыйынчылыктан да, күнүмдүктөн да өйдө турган баалуулуктардын бар экенин көөдөнүнө жеткире албаган ата-энеси күнөөлүү. "Жети атаң ким" деп сурайт кыргыз. А бизде ата-энеси маңдайында туруп, өзүн жетим сезгендер көбөйдү.

Азима АКУНОВА




  Иттурмуш

"Кыргыз тайганы ачарчылыктан бир айылды сактаган"
Жергебизде канча ит бар экенин ким билет? Алардын ар бирин атайын каттодон өткөрүп, белги койгон адамдар деле жокко эсе. Айрым гана колго багылган таза түркүм иттердин кароодон өткөнү эле болбосо, эч ким көңүл бөлбөгөн селсаяк, жолбун иттер бардык жерде каңгып жүрөт. Көбүнесе аларды анча этибарга албай, атүгүл айрымдарыбыз кыргыздын кандай таза тукум иттери бар экенин билбейбиз. Көп жылдан бери ушундай таза тукум кыргыз иттерин изилдеп жүргөн Замирбек Карымшаковду кепке тарттык.

- Сиз таза кандуу кыргыз иттерин изилдеп жүрөсүз. Атүгүл китеп да жараттыңыз. Бизде таза тукум кыргыз иттери калдыбы?
- Азыркыга чейин таза кандуу кыргыз иттерин кызыгып атайын изилдеп чыккан деле адам болбоптур. Болгону айрым газета-журналдарда алар жөнүндө анча-мынча баяндалып кетип жүргөн. Буга окумуштуу, илимпоздорубуз деле анча маани беришпесе керек. Тарыхчы Белек Солтоноев жыйырманчы кылымдын башында кыргыз түркүмүндөгү иттер тууралуу кыскача жазып өткөн. 1964-жылы Москвадан кинолог С.А.Минюхин келип, Нарын, Ысыккөл өрөөндөрүнөн кыргыз тайгандарынын стандартын түзгөн. Буга чейин деле 50-жылдары И.М.Гончарев, П.Цагараев кыргыз тайгандарынын көргөзмөсүн уюштуруп, сыйлык берип, анан кандайдыр бир себептер менен токтоп калыптыр. Кыргызда болгону эки таза кандуу ит бар. Кыргыз тайганы, анан дөбөт. Кыргыз тайганы эң байыркы тукум, кылымдардан бери жашап келаткан ит.
- Тайгандар аябай күлүк болот деп укчу элем. Башка иттерге салыштырмалуу алардын эмне өзгөчөлүктөрү бар?
- Өзүңүз айткандай, тайгандар аябай күлүк келет, кууганына жетмейин тынчыбайт. Алар аркар-кийик тиштеп, карышкырлар менен кармашып жеңе алат, короону жырткычтардан кайтарган жакшы короочу. Элүүнчү жылдардан кийин кыргыз тайганы азайып, атүгүл жоголуп да бараткан.
Илгери бир айылды бир ит баккан окуялар да кездешкен. Кыркынчы жылдардагы бир окуяны мисал кылып кетейин. Кегетиде кушчу деген 15 түтүн айыл бар экен. Эркектеринин баары согушка кетип, айылда аялдар менен балдар калат. Ошол айылдын мергенчиси согушка кетип баратканда аялына мылтыгын тапшырып, көк тайгандын сырын айтат. Ал тайган кайсы жаныбар болбосун жарга камап берчү экен. Жалгыз тайган согуш мезгилинде бир айылды багыптыр. Ошол көк тайганды азыркыга чейин кары кишилер сөз кылышат.
- Жергебизде ошондой таза кандуу тайгандардын түркүмү сакталып калдыбы?
- Албетте,таза кандуу тайгандар бар. Азыр Нарында, Ысыккөлдө, Чүйдө айрым адамдар ошондой таза тайгандардын түркүмүн багышат. "Кыргыз кинология" аттуу коомдук уюм иштеп атат, алар жергебиздеги тайгандарды каттоого алып, көргөзмө уюштуруп жүрүшөт. Башка түркүмдөгү тайгандар менен аралашып кеткен тайгандар да бар.
- Таза кандуу кыргыз тайганы менен аларда эмне айырмачылык, өзгөчөлүк бар?
- Таза кандуу тайгандар бардык жер шартына ылайыкташкан. Тоодо өйдө-ылдый учкан куштай зымырайт. Жеңил, беттегенинен тайбас, кыраакы. Суукка чыдамдуу, жети-сегизден карышкыр тиштегендери бар. Таза тайгандар каралжын түстө болот. Боору жүндүү келет, суукта үшүбөйт. Ал тайган бар үйгө дегеле карышкыр жолобойт. Ал эми Казакстандын таз деген тайганы менен аралашып кеткен тайгандарыбыз жүрөт. Алар түз жерге ылайыкташкан. Тоодо жүрө алышпайт, суукка чыдамсыз келишет. Болгону түлкү, кашкулак тиштейт. "Тайган" деген сөздүн этимологиялык мааниси "тайынган, сыйынган" деген сөздөн келип чыккан. 1974-жылы археологдор Ысыкатадагы Коргондөбөнү казышканда үч тайгандын сөөгү чыккан. Алар дээрлик эки жарым миң жыл мурун көмүлгөн иттер экен. Ушундан эле бизде алар байыртадан эле бар болгонун аныктаса болот. Таз тайганы менен аралашкан тайгандар казактарга жакын Чүй, Талас өрөөндөрүндө кездешет.
- Азыр бир тайгандын баасы канча турат?
- Миң Америка доллары, кээде андан да жогорулап кетет. Күчүктөрү 500 доллар.
- Эми кыргыздын дөбөт ити тууралуу маалымат берип кетсеңиз…
- Кыргыз дөбөтү да байыркы ит тукуму. Илгери кыргыздар Тибет менен алака түзүп, ошол жакка мезгил-мезгили менен каттап турушчу. Бул дөбөт ит Тибеттин дог итинен тараган. Ал да тоого ылайыкташып жүндүү келет. Карышкыр менен кармаша кетсе, жеңе алат. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бул ит түркүмү да өтө эле сейрек кездешет. Он алтынчы жылкы Үркүндө журтунда ээсиз калып, калып көпчүлүгү кырылып калган. Биз негизи итке анча маани бербейт эмеспизби. Согуштан кийин ит атарлар да бир тобун жок кылып жиберишкен.
- Бул эки ит тукумун кайра кантип көбөйтө алабыз?
- Албетте, "Кыргыз кинология" уюму атайын тайган багып көбөйтүүгө аракеттенип жүрүшөт. Ысыккөлдө бир эле кишинин он беш тайганы бар. Чүй, Нарын тарапта да ушундай көп тайган баккандар кездешет. Түштүк жакта атайын тайган баккандар жок экен. Атүгүл Бишкекте да жок, атайын питомниктерди ачышса деле болмок.
- Биздин кыргыз ит түркүмүн дүйнөлүк стандартка киргизсе болобу?
- Дүйнөлүк иттердин федерациясы "Фи-Си-Ай" деген эларалык уюм бар. Эң кейиштүүсү -- ал уюмга Кыргызстан мүчө эмес. Кирүүгө колдон келишинче аракеттерди жасап жатышат. Эгер мүчө болуп кирсе, биздин ушул эки ит түркүмү каттоодон өтсө, "маданий түркүм" катары саналып дүйнөгө таанылмак. Кандай болгон күндө да бул аракет ишке ашып кетсе, ушул эки ит өздөрүн да, кыргыздарды да дүйнөгө таанымал кылышмак.

Саадатбек Мырзакулов













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan