![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №43, 29.04.08-ж. |
Меймансап Форум Спорт майданында Бээжинди багынтаар балбандарга дем берчи Бээжинге даярдык - 59 млн сом Кыргызстандык спортчуларды жайында Бээжинде өтө турган 29-жайкы олимпиадага даярдоо үчүн эле казынадан 59 млн сом чыгымдалды. Муну өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орунбасары Алмаз Касенов расмий түрдө билдирди. 2007-жылы Бээжин олимпиадасына жолдомо алуу үчүн кыргызстандык спортчулардын чыгымы - 27 млн сомду түзсө, быйыл төрт айдын ичинде эле 34 млн сомдон ашык каражат сарпталган. Тилекке каршы, ушунча каражат казынадан төлөнүп жаткандан кийин жок дегенде 20-25 жолдомо жеңип алсак, жүзүбүз жарык болот эле да. 12 жолдомо алыш үчүн 59 млн сомдон ашуун каражат корогону акылга сыйбаган иш. Кыргыз спортунун чама-чаркын, ал-абалын ушул Бээжин олимпиадасы таразалап коймок болду. Бээжинди "багындырсаң" - 150 миң доллар Дагы бир кулак сүйүнткөн жаңылыкты угуп, аныгын билбей турган чак. Улуттук олимпиада комитетинин жетекчилери Мурат Саралинов менен Канат Аманкулов президент Курманбек Бакиевге Бээжин олимпиадасында чемпион болуп, алтын байге алган спортчуларга - 150 миң доллар сыйлык берүү сунушун жолдоп, өлкө башчысынын расмий жообун күтүшүүдө. Бардык өлкөдө ушундай салт бар. Казактар да, өзбектер да алтын медаль үчүн 100 миң доллардан сыйлык берип жүрүшөт. Аскар Акаев деле Атланта-Сидней олимпиадаларында биринчи орун үчүн - 100 миң доллар сыйлык берем деп убада берген. Бирок үч жайкы олимпиадада бир да кыргызстандык чемпион боло алган эмес. Мурда алтын, күмүш, коло байгелер үчүн сыйлыктар белгиленсе, бул ирет Бээжинде 1-орундан 8-орунга чейин сыйлыктар берилээри айтылууда. Ошондо олимпиада байгелүү, упайлуу делген 8-орун үчүн 10 миң доллар сыйлык белгиленип жатат, президент мындай демилгени колдоого алаар бекен?! Же... "Максим Бакиев - балбандардын "шапкеси" Бээжинде август айында боло турган жайкы 29-олимпиадалык оюндарда үмүт жандырган балбандар гана экенин спорт күйөрмандары, адистер айтып, ишеним артып турушат. "Эгерде чүчүкулактан оңдой берди болуп ийгилик жылоолосо, Бээжинде балбандар сөзсүз мөрөй алышы ажеп эмес. Ал эми жеңил атлетика, сууда сүзүүдө дүйнөлүк деңгээлге жетүүгө дагы көп бар. Алар алдыңкы топко кошулаары да күмөн" - дейт Мурат Саралинов. Анан дагы олимпиадалык оюндарга даярдык көрүүдө федерациянын жетекчилерине байланыштуу көп маселе чечилип калат. Дегеним, балбандар бекеринен Максим Бакиевди "шапке" кылып, күрөш федерациясына президент кылып алышкан табышмагынын жандырмагы ушунда. Максим федерацияга келгени балбандарга жол кенен ачылып, жашыл жарык гана күйүп турган кербези. Ошого жараша Бээжинге жолдомо алууга шанс бар болгону менен, балбандар ишенимди актап жатышабы? Бул алдыда жолдомо алууга мүмкүндүк берүүчү үч турнирдин жыйынтыктарына жараша баа берилүүчү маселе. Эркин күрөшчүлөрдөн учурда экөө (былтыр Баку шаарында өткөн дүйнө чемпионатында) Бээжинге жолдомо алышкан. Аларды спорт күйөрмандары жакшы билет. Алар Азия чемпиондору Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков. Калган эркин күрөшчүлөр Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпионатында жана жакында эле Швейцарияда болгон эларалык Гран-при мелдештеринде жолу болбой, Бээжинге бирөө да жолдомо алалбай, арманда калышты. Эми май майрамдарына удаа Польшанын Варшава шаарында өтө турган, Бээжинге эркин күрөштөн жолдомо берүүчү акыркы Гран-при турнири калды. Мында жок дегенде эки балбандын Бээжинге жолу ачылып калар деп үмүт кылып, кудайдан тилеп турабыз. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Түштүк Кореядан Азия чемпиону болуп келген Руслан Түмөнбаев Бээжинге жолдомо алып, учурда даярдык көрүүдө. Бул Азия чемпионатында биринчи орунду ээлеген балбандарга гана жолдомо берилгендиктен, былтыр Азия чемпиондору болушкан Канатбек Бегалиев менен Данияр Көбөнов Түштүк Кореяда финалга чейин жетип, калыстар кореялык жана кытайлык балбандарга тартып коюп, акыркы 4-5 секундда гана утулуп, Бээжин олимпиадасына баруучу жолдомолорун колдон тарттырып жиберип арманда калышкан, ичи ачышып. Эми грек-рим күрөшү боюнча Бээжинге жол ачуучу эки Гран-при мелдештери алдыда турат. Бири - Италиянын Рим шаарында, экинчиси - Словениянын Новыйсад шаарларында болмокчу. Мында дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, былтыркы Азия чемпиону Канатбек Бегалиев, Азиянын эки жолку чемпиону, 14-15-Азия оюндарынын күмүш жана коло байге ээси Данияр Көбөнов жана жаштар арасында дүйнө чемпиону, 15-Азия оюндарынын коло медаль ээси Жанарбек Кенжеев Бээжинге жолдомо алып калышы толук ыктымал. Эгерде ушул жигиттердин жолу Бээжинге ачылса, алар сөзсүз мөрөй алып, кыргыз өңүн таанытышы ажеп эмес. Ошентип балбандар президенттин уулу Максимдин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, өлкөдөгү күрөш залдарын, сарайларын, спорт мектептеринин ал-абалын оңдоп, эларалык деңгээлге, талаптарга жеткирип алууга далалат кылса болмок. Же "чоң шапкеге" батына албай жатасызбы, же Макстын колу бошобой, чолоосу тийбей жатабы, айтор аз да болсо жарыгы тийе баштады. Мурда күрөш килемдери көкөй кескен көйгөй болуп келсе, учурда 28 килем алынды. Анын ар биринин баасы эле 5-6 миң доллар турат. Балбандардын баары айыл жергесинен чыгаарын эске алып, ушул килемдердин көбүн айылдык спорт мектептерине беришсе, дурус натыйжа болоор эле. Ошентип "шапкени" кыргыздар айтмакчы, "жөн эле" кийип жүрбөй, эларалык, дүйнөлүк ири мелдештерге, конгресстерге "кийип", анын убайын балбандар көрсө, анан Максим Бакиев президенттин уулу болгон деп эмес, күрөш федерациясынын президенти болгондо Бээжинде балбандар мөрөй алган деп тарыхта калат. P.S. Ал эми, ок атуу жана дзю-до федерация президенти, ажонун тун уулу Марат Бакиев тууралуу эмки санда сөз кылабыз. Казакка намысты алдырбай Коңшу Казакстандын Курдай районунда ушу-саньда чыгыш өнөрү боюнча уландар арасында эларалык таймаш болуп, мында Бишкектен барган "Маралбек" спорт клубунун өкүлдөрү мөрөй алып, 9 алтын, 7 күмүш, 9 коло байгелүү болуп олжолуу келишти. Бул күч сынашууга Алматы, Астана, Актау, Кордай, Ташкент, Токмок жана Бишкек шаарларынан 200дөн ашуун жаш улан-кыздар катышты. Келечекте да мекендин намысын коргой турган жаштардын демилгесин колдоп, жүрөгүнө от жагып, патриоттук сезимин дагы ойготуу үчүн, баш байгени уткандарды атай кетели. Биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынгандар: 44 кг салмакта Шамил Тагиров (1993-жылкы), 52 кг салмакта Евгений Проданцов (1994-ж.) жана Арстанбек уулу Тилек (1992-ж.), 60 кг салмакта Дилшат Кудайбергенов (1989-ж.), Садыр уулу Азамедин (1990-ж.) жана Бактияр Алымбеков (1989-ж.), 65 кг салмакта Данияр Баетов (1990-ж.), 80 кг салмакта Кубат Абдраимов (1990-жылкы) баш байгени утуп, тогузу чемпион аталды. Казакка жерибизди да, намысты да алдырбай ушул жаштардан үлгү алалы. Азия чемпионаты - Бишкекте Кечээтен бери Бишкекте спорттун беш түрү боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары өтүүдө. Буга Кытай, Түштүк Корея, Тайвань, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышууда. Бишкектеги спорттун беш түрү мөрөй талашуусун көзөмөлгө алып, Азия аймагына бул спортту жайылтуу үчүн эларалык спорттун беш түрү боюнча федерациянын президенти Клаус Шорман баштаган расмий өкүлдөр да келишти. Бүгүн Бишкекте Азия конфедерациясынын жыйыны да болуп, бул беш түр спортунун көйгөйлөрү, келечеги тууралуу кеп болмокчу. Сууда сүзүү, кросс жарышы, ок атуу, фехтование жана ат ойнотуу спорт түрлөрүнөн өлкөнүн намысын Азиянын көп жолку чемпиондору Павел Уваров, Андрей Ханадеев баштаган эр-азаматтар коргоп жатышат. Учурунда ушул федерациянын президенти Феликс Кулов болуп, спортчуларга азыноолак жарыгы тийип, Клаус Шормандын көңүлүнө толгон. Андан кийин Феликс мырза спорттун беш түрүнө эмес, бир түрүнө да жолобой, четке чыга берди. Бакиевдер Бээжинге барат Өлкөнүн улуттук Олимпиада Комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында, президент Курманбек Бакиев Бээжин олимпиадасынын ачылыш салтанатына катышып, Кыргызстандын командасын өзү сүрөөнгө алат. Атасын уулу Максим Бакиев коштоп бармакчы. Бул тууралуу мамлекет башчысы расмий билдирип, Улуттук олимпиада Комитети Бээжин олимпиадасынын уюштуруу комитетине маалымат жөнөтүп, президенттин барарын ырастады. Ал эми Бээжинге канча спортчу барары али так эмес. Себеби, учурда 12 жолдомо алынса, июндун аягына чейин Бээжинге жолу ачылып кала турган айрым спорт түрлөрүнөн жигит-кыздар бар. Ал эми Бээжинден мөрөй алып келген спортчу өмүр бою мамлекеттен стипендия алат. Улуттук олимпиада комитетинин чечимин өкмөт да колдоого алган. Ак жолтой болсун деп, алгачкы олимпиадалык чемпион Каныбек Осмоналиевге ай сайын 20 миң сом өлчөмүндө стипендия төлөнө баштады. Ошондо Бээжинде алтын медаль тагынып, олимпиада чемпиону болгон спортчулар өмүр бою ай сайын 20 миң сомдон стипендия алышат. Күмүш байге үчүн - 17 миң сом, коло медаль үчүн - 15 миң сом ай сайын стипендия катары төлөнөт. Чоң спорттон кеткенден кийин мурда спортчулар кароосуз, социалдык жардамсыз калышчу. Маркум Сатымкул Жуманазаров мындай урмат-сыйга арзыбай, үйбүлөсүн багуу үчүн "таксист" болуп жүрүп көзү өтүп кетти. Олимпиадачыларды "Мон и Зам" кийинтет Мурдакы олимпиадалык оюндарда кыргызстандык спортчулар кийген кийимдеринен уялып корунуп жүрсө, Бээжинде көкүрөк керип мактанып жүрмөй болду көрүнөт. Казак туугандардын олимпиадалык кийим-кечеси эле 2-3 миң долларды чапчып, байпагынан, калпагына чейин 24-25 комплект менен кийинип, улам бирин көрсөтүп дердеңдеп мактанып эле калышчу. Өлкөнүн Улуттук олимпиада Комитетинин башкы катчысы, жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов кыргыздар да казактардан кем калышпаган олимпиадалык формага, кийимдерге ээ болорун билдирип, көңүлдү сүйүнтүп туру. Бул жолу өң тааныштыкка салбай, олимпиадалык форманы даярдоо боюнча конкурс өтүп, мында "Мон и Зам" фирмасынын эскизи, үлгүсү жактырылып, чоң комиссиянын талкуусунан кийин даярдалып жатат. - Биз учурдагы жагдайды жана Кыргызстандын улуттук өзгөчөлүктөрүн, өңү-түсүн эске алып, эстетикалык жагын да карап олимпиадалык форма даярдадык. Жакынкы күндөрү спорттун бардык түрүнө ылайык спорт кийимдерди олимпиадачылар жана күйөрмандар кие алышат. Олимпиадалык форма - кызыл, сары жана көк түстөрдөн, улуттук өзгөчөлүктөрдү билдирген оймо-чиймелер менен шөкөттөлгөн - деди "Мон и Зам" фирмасынын директору Замира Молдошева. Олимпиадалык форманын түрдүү варианты 1-майга чейин даяр болуп, аны тигүү "Биксер" фирмасына тапшырылат. Деги, Дохада бир жуугандан кийин өңү, боегу өчүп, кийүүгө жарабай калган кызыл спорт костюмдан көңүлү калган спортчулар буга ишенээрин же ишенбесин билбей күтүп турушат. Кабыл Макешов |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|