![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №43, 29.04.08-ж. |
Меймансап Форум Шоу шыбырттарынан… Түрктөрдү түрө кыдырат… Тилинен чаң чыккан алып баруучу Назира Айтбекова деген айымыбыз бар эмес беле. Назира ЖОЖду аяктап, өзү бүтүргөн Ататүрк Алатоо эларалык университетинде окутуучу болуп эмгектенип жаткан учуру. Быйылкы окуу жылын аяктап Назира Түркияга барууга камданып жатыптыр. Ал тарапка баруу максаты - иш практикасын өтөө менен бирге эс алып кайтмакчы. Кыргыз тилинде сүйлөгөнүндө сөз жок, эми Түркиядан да түркчөнү кыргызчадай сүйлөсө, түрктөрдүн оозу кайсы тарапты карап калаар экен. Темир кайрадан теминет "Туулган жерин" даңазалаган Темир Назаровдо жаңылык көп. Орусча ырдаган "Город Бишкек" аттуу ырын Бишкектин гимни кылат деген сөздөр бар, бул маданият жана маалымат министрлигинде каралып жаткан кези. Буюрса, май айын аяктап, Түркияда өтүүчү түрк тилдүү элдердин дүйнөлүк сынагында ырдап келмекчи. Темир ал жактан түрк тилинде ырдайт, ырдай турган ырын учурда заказ менен Ташкентте жаздырып жатат, "эмне деген ыр" деп атын сураганыбызда, азырынча сыр боло турсун дейт Темир. Кызылсууну кыдырып… Кытайга чектеш жашаган кыргыздардын Кызылсуу автономиялык облусу бар эмеспи. Мына ушул жерге орошон таланттарыбыз барып, өз өнөрлөрүн тартуулап, жергиликтүү кыргыз элин шаңга бөлөп келишет. Быйылкы жылы алгачкылардан болуп, Сапар Сопубеков, Назми жана Мирлан Жетигенов чыгармачылык концерти менен болушмакчы. Каны Кыргыз, жаны Кыргыз болгон Кызылсуунун эли жаш таланттарды чын жүрөктөн кабыл алып, урмат-сый менен тосуп алаарына ишенебиз. Орусияга оолугуп Орусиядагы мекендештерибизге өнөрүн тартуулап келгени куудул Талант Анарбаев камданып турат. Барып келүү, ал жактагы концертин уюштуруу иштерин продюсер Илияз Адамов мойнуна алган. Түшө турган кирешеси да оңой эмес экенин ойлон алган Талант кең Орусия кучагына эртелеп жетип, эсен келсин демекчибиз… Окшоштор обон созобу? Ырчы айымыбыз Гүлнара Тойгонбаевага жаз мезгили чыгармачылык эргүү тартуулап турган кези. Кесиптеши Жамила Муратова менен жаңы дуэт ыр жаздырып, ырдап чыгууга белсенип турат. Эки ырчы айымыбыздын ырдай турган ыры орус тилинде, аталышы "Шумит весна". Өзүмдүкү өзүмө Белгилүү ырчы, сөөгү казактыкы, "гөшү" кыргыздыкы болгон Султан Садыралиев ырдап жүргөн "Сен эмес", "Алтын апам" аттуу ырларды билсеңиз керек. Ошол эки ырдын автору "Дем" театрынын таланттуу жигити Максат Кулуев, "буга чейин ырларды көп эле жазып келгем, эми деле жазам. Менин сөз, обонума жазылган ырларды Султандын аткаруусунда угуп келгенсиздер, эми жаңы ырларыма аранжировка жасатып өзүм ырдап көрөйүн деп жатам" - дейт. Аппак карлуу ыркече… Жаз келсе да кыш күнүн эске салып, "аппак кар" деп ырдаган Ынак Осмоналиев май айынын 19-20сында чыгармачылык кечесин бергени кызуу даярданып жүргөн кези. Ага чейин даярдык катары Ынак мырза 1-май күнү Токмок шаарында чыгармачылык кечеси менен болмокчу. Эл сыяктуу бир жылда эки концерт бербей, эки жылда бир кече өткөрүп жаткан талантыбызга чыгармачылык ийгилик кааламакчыбыз. Өнөрүң болсо өргө… Бүгүн 29-апрель, шейшемби күнү УТРКнын концерттик студиясында "Баракелде" теледолбоорунун финалы тартылып, жеңүүчүлөр аныкталмакчы. Эскерте кетчү нерсе, бүгүнкү байге тапшыруу аземи, аталган көрсөтүүнүн экинчи бөлүгүнүн жыйынтыкталышы. Финалда сегиз талапкер ат салышат, арасында койдун жүнүнөн улуттук кийимдерди укмуш жасалга менен жасаган Бактыгүл деген айым, 8 жашар кичинекей манасчы Нурдөөлөт сыяктуу түркүн талант ээлери күч сынашмакчы. Жандүйнөгө майрам кур Бүгүн борбор калаабыздын Кожомкул атындагы Спорт сарайында калк сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жаш ырчы Замир Мырзанын тушоо кесүү кечеси башталат. Негедир чыгармачылыкка аралашканынан бир топ убакыт өтсө да, жеке кечесин эми берип жаткан Замирдин күйөрмандарына чоң жаңылык болуп жатса керек. "Кечеде катыша турган коноктордун бардыгы бар, келген күйөрмандар кайдыгер калбайт, негедир толкунданып турам" - дейт Замир мырза. Ийгилик анда! Азыркынын Алдаркөсөсү Бир кезде "кош жылдыз" болуп жанып чыккан жылдыздардын бири Абдумалик Шерматов быйыл жазда кече өткөрөм деп шерденип турду эле. "Демиккен жаз, демиңди бас" болуп учурда дайынсыз кеткен. Көрсө Абдумалик мырза баягы алдап кетмей адатын карматып, өзү менен 10 жылдан бери чогуу иштеген Акылбек Карипов деген жигитти алдап, түзгөн келишимин бузуп, из жашырыптыр. Бул бир гана чети, Акылбек сыяктуу алдангандар дагы бар экен. Жолуң болгур Абдумаликтин жашынып кайсы тарапта жүргөнү белгисиз… "Аудиге" атсалыш Эжекебиз Алина Жетигенова көптөгөн концерттерди уюштуруп жүргөн таластык жигит Эрлан Шүкүрбеков менен биргеликте "Жаш таланттарды издейбиз" аттуу сынак кече уюштурууну баштаган кез. Алгачкысы, 1-майда Токтогул жергесинде өтөт, андан соң жер-жерлерди кыдырып таланттарды тандап, жыйынтыгын Бишкек шаарында өткөрүшмөкчү. Баш байгеге "Ауди" автоунаасы коюлган. Даярдаган Аман, Умар |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|