Коомдук-саясый гезит
№43, 29.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Желтегирмен

Жөлөк пул жөлөйбү?
Өкмөт согуш ардагерлерине төлөнчү жөлөк пулдун өлчөмүн аныктады. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согушка катышкандарды колдоого алуу боюнча президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында, кыргыз өкмөтү согуш ардагерлерине төлөнчү жөлөк пулдардын өлчөмүн аныктаган токтом чыгарды. Ага ылайык Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына, майыптарына, туткунга түшүп келгендерге 2000 сомдон, каза болгон согуш ардагерлеринин үйбүлөлөрүнө, тылда мыкты кызмат көрсөткөндөргө 500 сомдон төлөнүп берилмекчи. Токтомду ишке ашыруу милдети эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлдү.

Садака эмес, гумжардам
Оштогу жер титирөөдөн жабыркагандарга АКШдан гуманитардык жардам келди. Кыргызстанга келген жүктүн ичинде медицина жана тамак-аш заттары бар. Анын жалпы суммасы 150 миң долларды түзөт. 29-апрелде АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен расмий бийлик өкүлдөрү гуманитардык жардамдын келиши боюнча маалымат жыйынын өткөрөөрүн "Азаттык" маалымдады.

Электр кубатын үнөмдөө планы даярдалат
Өкмөт башчы Игорь Чудинов баштаган топ Камбарата-2 ГЭСиндеги курулуш иштери менен таанышып, ошол жерде көчмө кеңешме өткөрдү. Ага өкмөттүн тиешелүү мүчөлөрү, 7 облустун губернаторлору катышты. Кеңешмеден кийин премьер-министр Игорь Чудинов журналисттердин суроолоруна жооп берип, анда электр кубатын үнөмдөө планын даярдоо белгиленгенин билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, Токтогул суу сактагычында азыр алты жарым миллиард кубметр суу бар. Келип жаткан суунун көлөмү суткасына 235 миллион кубметрди түзөт жана ал былтыркыга салыштырмалуу эки жарым эсеге аз. Гидрометеорологдор берген маалыматка караганда, жайкы мезгилде 9 миллиард кубметр гана суу келет. Премьер-министр ошондой эле өлкө ичиндеги пайдалануу үчүн жайкы мезгилде төрт жарым миллиард кубметр суу коротулаарын эсепке алганда жайында келе турган суу жетпестигин, октябрь айына чейин 11,5 миллиард кубметр суу топтоо зарылдыгын айткан.

Гумжардамдын айынан
Ош облусунун губернаторунун мурдагы 1-орунбасары Кушбак Тезекбаев күчөтүлгөн тартипте 5 жылга абакка кесилди. Ал Жалалабат шаардык сотунун өкүмү менен Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча айыптуу деп табылды. К.Тезекбаевге Орусиядан келген гумжардамды мыйзамсыз таркаткан жана кызмат абалынан пайдаланган, бийлик өкүлү - Каракулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына Тимур Камчыбеков экөө зордук-зомбулук көрсөткөн деген айып тагылган болчу. Ош шаардык спорт мектебинин деректири Тимур Камчыбеков шарттуу түрдө 1 жылга, Ош облгуберниясынын каржы-чарба башчысы Сеиткасым Жээнбеков шарттуу түрдө 3 жылга кесилди. Абакта жаткан Тезекбаевдин уюлдук телефону өчүк тургандыктан аны менен байланыш болбой жатат. Т.Камчыбеков үчөөнө ачылган кылмыш иши саясий мүнөздө экендигин, милиция жетекчисине кыр көрсөтүшпөгөнүн буга чейин билдирген эле.

"Атамекен" арызданат
"Атамекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Түптөгү чагымчыл аракеттер, оппозиция өкүлдөрүнө кол салуу фактылары боюнча иш козгоо өтүнүчү менен башкы прокуратурага кайрылуу даярдалып жатканын билдирди. Ал мындай чагымды бийлик уюштурду деп эсептейт. "Ошол ээнбаштыкты жасагандардын баары тасмага түшкөн, эгер алар тиешелүү жазасын алса, анда бул окуяны бийлик жасаган жок деп айтса болот" деп белгиледи Өмүрбек Текебаев. Ал ошондой эле бул окуянын саясий мааниси абдан чоң болгонун, бийликтин бүгүнкү чыныгы жүзүн көрсөткөнүн кошумчалады.

"Акыйкат" акыйкат издеп...
Түптөгү окуя боюнча "Акыйкат үчүн" кыймылы 29-апрелде билдирүү менен чыгат. Мындай чечим "Акыйкат үчүн" кыймылдын координациялык кеңешинин кечээ болгон жыйынында кабыл алынды. Жыйындын катышуучулары 26-апрелде Ысыккөлдө болгон жүрүш максатына жетти дешип, бирок жүрүүгө катышкандарга каршы чагымды бийлик атайын уюштурду деп айыпташты. Белгилүү болгондой ишемби күнү Түп районунда Каркыра жана төрт пансионаттын Казакстанга берилишине каршы жүрүшкө чыккандар айрым адамдардын чабуулуна кабылган болчу.

Андай эмес мындай
Токмок шаарынын адам укуктары боюнча ресурстук борборунун жетекчиси Максим Кулешов, Бишкек шаардык прокуратурасына жолдогон мэр Данияр Үсөновду балдардын укуктарын бузган иш-аракеттери үчүн жазага тартууну өтүнгөн арызына жооп алганын билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаар мэри бир канча жолу тарбиялоо жана шаарга болгон сый-урматты жогорулатуу максатында окуучулар эс алуу күндөрү ишембиликтерге чыгып, таштандыларды тазалашы керектигин айтып, коомчулукту адаштырып жатат. Анткени, Бишкек шаар прокуратурасы берген жоопто, шаарды өнүктүрүүгө багытталган "Сүйүктүү шаар" программасында мектеп окуучуларын ишке тартуу каралган эмес. "Андыктан, балдары мектепте окуган ар бир ата-эне окуучулар мындай ишке тартылган учурда прокуратуранын бул жообуна таянышса болот. Прокуратура эмне себептен мэрдин мындай билдирүүлөрүнө карата чара көрбөйт, алар эмне мындай билдирүүлөрдү укпай уктап отурушабы",- дейт Максим Кулешов.

Ош ойгонду
Оштогу бир катар бейөкмөт уюмдар Түптөгү оппозициянын жүрүшүн кууп-таратууну айыпташууда. Бул туурасында коомдук кыймылдын төрагасы Абдыкайым Кангелдиев "Азаттыкка" кабарлаган. Өлкөдөгү бардык таза жана патриот күчтөрдү биригүүгө чакырышып, мындан ары ушундай жоруктарга каршы биргелешип күрөшүүгө үндөгөн билдирүү таратышкандыгын билдирди. "Ак жол" партиясынын Ош облустук лидери Авазбек Шамшиев оппозициянын мыйзамдуу аракеттерин жалпы жолунан колдой тургандыгын, бирок Түптөгү нааразылык акциясына жергиликтүү калктын өкүлдөрү эмес, жалаң сырттан баргандар топтолгондуктан кагылышуу ошондон улам болгондугун белгиледи.

"Аалам-пресс"




  Ойилик

- Бийлик оппозицияны куугунтукка алып, башкөтөргөнүнө катуу чара көрөт деген имиштер бар. Сиз да ушул пикирге кошуласызбы?
Тайырбек Сарпашев, экс-депутат:
- Бизде демократия өзүнүн ордун табалек. Ошондуктан оппозиция десе эле бийликтегилер душман катары көрүшөт. Мындай пикирдеги адамдардан андай нерсени күтсөң болот деп ойлойм. Саясый маданиятыбыздын жоктугунан ушул жолдорго барып жатабыз. Оппозицияны бутага алып куугунтук кылбаш керек. Анда өтө жаңылышат. Оппозиция деген коомдун санитары сыяктуу.

Бегиш Ааматов, коомдук ишмер:
- Бийлик мындай жолго барбайт. Биринчиден, бизде чыныгы оппозиция жок. Булардын көпчүлүгү бийликке таарынгандар. Андыктан бийлик буларга башын оорутуп, колун булгагысы келбейт. Экинчиден, эл үчүн иштейм деген бийлик буларды да угушу керек эле. Тилекке каршы, бизде андай бийлик жок да.

Касым Исаев, персоналдык пенсионер:
- Азыр бийликтин көзүн май басып, кыргыздын мурдуна бок сүйкөсөң да боло берет экен дегенди адатка айлантып алышты. Булардын колунан керек болсо, итке талатуу да келет. Жогоруда айтылган сөздөргө сөзсүз кошулам. Булардын дең-гээли катын-калачтар менен союздашуу, оппозицияны куугунтуктоо менен чектелип калды. Бирок, качанга чейин ушул жолду тандашат?

Улукбек Ормонов, ЖКнын депутаты:
- Менимче мындай пикирге эч кандай шылтоо жок. Оппозиция эч качан чоң аудиторияда жыйын өткөзгөн эмес деп Абдыганы Эркебаев өзү айтты. Демек оппозицияны ушундай ээн-эркин кое берген бийлик мындай жолду тандабайт. Мен кошулбайм. Бизге алар деле керек. Бирок, элди дүргүтүп согушка үндөбөсүн. Жүрө берсин, аларга ким тийишип жатат?

Алмамбет Шыкмаматов, саясатчы:
- Мен мындай имиштерге толугу менен ишенем. Анткени, акыркы окуялар буга далил болду. Азыр айтып жатышат, бийлик жөө жүрүштү уюштурган оппозицияны чачыратып утту деп. Андай эмес, кайра утулду. Элдин бийликке болгон ишеничине дагы бир жолу доо кетти. Мезгил келет. Мындайдын аягы жакшы менен бүтпөйт өңдөнүп калды.

Айтибай Тагаев, ЖК депутаты:
- Мен мындай имиштерге ишенбейм. Бүткүл кыргызстандыктарды да ишенбөөгө чакыраар элем. Анткен биздин президент мындай ишке барбайт. Бизде демократия. Эркиндикте жашап жатабыз. Оппозициянын болгону жакшы көрүнүш да.

Аликбек Жунусов, жеке ишкер:
- Да, бийликтин колунан келет. Эң биринчиден, Текебаев сак жүрсө деп кооптоном. Оппозициянын ар бир мүчөсүнө коркунуч бар. Имиштер кээде чын чыгып калат да. Кыргыз элин койдой айдап алышты. Бирок, качанга чейин ушундай болобуз, билбейм.

Азамат КЫЯЗОВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan