Коомдук-саясый гезит
№43, 29.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  КурумУшу

Таш доорго карай алга
Кыргызстандагы энергетикалык кризис эмес коллапс жөнүндө сөз кылган жөндүү. Токтогул ГЭСи менен коштошсок деле болчудай. Энергетиканын кыр аркасы делинген Токтогул суу сактагычынан кол жууп калдык. Жылдагыдай суунун запасы топтолушу арсар. Жакынкы келечекте аны күтпөй койсо деле болот. Токтогул ГЭСине агып кирген суунун агымы 2007-жылдагыга караганда быйыл 1,7 эсеге аздык кылат - эгер өткөн жылы секундасына 464 кубметр суу агып кирип турса, быйыл ал секундасына араң эле 272 кубметрди түзөт. 22-апрелге карата алынган маалымат боюнча 2007-жылы Токтогулга 670 миллион кубметр суу келсе, быйылкы суу 493 миллион кубду түздү.

Ал эми, 2007-жылы агып чыккан суу 309 кубметр болсо, азыр ал секундасына 315 кубметрге чейин жетет. Ошентип жакынкы жылдары Токтогул ГЭСин адаттагы 13-14 миллиард кубметр жумушчу көлөмүндөгү суу запасы менен толтуруу мүмкүн эмес. Үмүт аз. Суу сактагычка кошулгандан артык көлөмдөгү суу ошо замат дыргаяктатып чыгарылып жатса, анан кайдан жумушчу запасы топтолсун дейсиң. Суу сактагыч келесоо эмес да өзүнөн өзү калыбына келе койгондой -- агып кирген сууну жайына койбой дароо ушатып турсаң эзели суу токтобойт эмеспи. Бүт Кыргызстандын 5 миллион эли Токтогул ГЭСине жапырт төгүлүп барып бир жыл бою чакалап көтөрүп келип суу куюп турса да аны баштапкы калыбына келтирүү кыйын болуп калды. Токтогулдун өз ордуна келишинен түңүлүп деле койсо болчудай. Адистердин айтымында, эгер сууну сарамжалдуу пайдаланса, Токтогул ГЭСинин өз калыбына келиши үчүн кеминде үч жыл күтүү талап этилет. Демек, электр энергиясын пайдалануу үчүн киргизилген лимит дагы үч жылга чейин созулушу кажет. Веердик өчүрүү дегениң келечекте күндөлүк норма болуп кала тургандай. Электр энергиясынын 24 саат бою өчүрүлбөй турган учур менен коштошо берсең болот. Бара-бара суткасына 3-4 сааттан эле свет берилип калган күн келери деле алыс эмес. 2007-жылга чейин каалаган учуруңда электр энергиясын пайдаланган күндү эскерип шыпшынган учур келер. Ал күн ажайып бир көргөн түш катары биротоло артка калды.
Баарынан да өкмөттүн өкүм зордугу өтүп жатпайбы десең- толук кандуу электрэнергиясы менен элди камсыз кылбайт, бирок тарифти 13%ке көтөрүүгө аргасызбыз, энергетика тармагы өзүн-өзү актабаган пайдасыз тармак деп өлүмтүгүн артып жатпайбы. Өздөрүнүн иш билбес шалакылыктары, өндүрүлгөн электрэнер- гиясынын контрабандасы, уурдап-тутуулар, чет жерге ар бир килловат саатын 1.1 центке баалап текейден арзан кармата берүү өнөкөтү энергетиканы биротоло банкрот кылгандары менен иши жок.
Электрэнергиядан элди куржалак калтырып чектөө киргизүүнүн себебин мамлекеттик чоң чиновниктин бири Эрнест Карыбеков деген Токтогул ГЭС каскадындагы, Бишкек ТЭЦиндеги генераторлордун кубаты жетишпей калышы менен түшүндүрүп келип, электрэнергия менен камсыздоодо келечекте үзгүлтүк болору шексиз, ошондуктан элдин алдын ала кышка кам көрүп, көмүр, жыгач отун, колунан келгендер генератор сатып алсын, эгер эл жылда эки тонна көмүр сатып алса, эми 5 тонна алсын, фонариктерди камдап запаста кармап турушу лаазым деп ачык эле опузалап жатпайбы. Бул болсо кайрадан эл үңкүрдө жашаган таш доорго кайтып келүү дегендикке тете. Азыркы кылымдын цивилизациясы менен коштошо бер деген кеп. Он жыл илгери эле Кыргызстан ар жан башына эсептегенде электр энергиясын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн бирибиз деп сыймыктанчу элек, эми үч жылдын аркы-беркисинде Кыргызстандын калкы толук караңгыга төңүп, таш дооруна карай алга ыргытылып отуруп калууга аргасыз. Бул да болсо Балкыбеков, Данилов, Чудиновдун "алдыңкы технологияга негизденген мамлекеттик менеджерлик" таланттарынын "жемиши".
Өткөн элдик курултайда Ө.Текебаев энергия комплексин бутташтырып сатып жиберип сызга отуруп калышыбыз мүмкүн экенин эскертип келип, анын чоо-жайын энергобарондордун тымызын интригалары, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууганы менен түшүндүргөн эле. Анча муюткан эмес. Кантип эле бүтүндөй бир мамлекеттин, бүтүндөй бир улуттун суверенитетине даап кол салышсын деп ойлогон болчубуз. Ө.Текебавдин айткандары "заговор теориясына" чалыштап кеткени да шектендирген эле. Арийне, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү укугу өкмөткө өткөрүлүп берилиши, андан соң 24-апрелдеги парламенттин жыйынында "Акжолдун" 64 депутатынын чечими менен "Энергетика жөнүндө" жана "Электр энергиясы жөнүндө" мыйзамдарына толуктоо киргизилип, электрэнергетика тармагын приватизациялоо иши аткаруу бийлигине биротоло тапшырылышы, ошону менен жапма челек менчиктештирүүгө жол ачылышы Ө.Текебаевдин версиясында чындыктын чоң үлүшү бар экенин далилдеди. Коммунисттер фракциясынын өкүлү депутат Анаш Сейтказиевдин: "Азыр иш айкын болуп калды, Кыргыз Республикасынын энергокомпаниясы Александр Машкевичке берилет. Акчасын ал 2007-жылы эле төлөп койгон, биздин өкмөт бербей коюуга аргасы да жок" деген билдирүүсүнөн Ө.Текебаевдин айтканы кошумча ырастоо табат. Фрунзеде туулган, азыр казакстандык миллиардер А.Машкевичтин бизнес-империясы (анын группасына Патох Шодиев жана Алиджан Ибрагимов кирет. Андрей Грозиндин маалыматы боюнча бул "трионун" ээлигинде Казакстандын экспорттук тармагы, алюминий жана хром өнөр-жайы: " Казакстан Алюминийи " АКсы (группанын эң ири ишканасы), тоо кен-байытуучу комбинаты, ферросплав заводу, Евроазия энергетикалык корпорациясы, Экибастуз көмүр разрези, Ермаков ГРЭСи, бир нече ТЭЦтер менен дагы бир далай структуралар таандык) мамлекеттик чоң чиновниктерди пара берип сатып алуу аркылуу түзүлгөнүн баамдоо кыйынчылыкка турбайт.
Кыргызстандын энергосекторунун кризиске кабылышын бир гана энергочиновниктердин компетентсиздигинин натыйжасы деш туура болбос эле. Ал жең ичинен келишип алып өлкөнүн энергетикалык объектилерин чет өлкөлүк инвесторлорго (А.Машкевичке) текейден арзан сатуу максаты менен атайылап банкротко тушуктурулганы менен түшүндүрүлүшү кажет.
Электр энергияга лимит киргизилип, азыр эл башынан кечирип жаткан веердик өчүрүү (карантүн) дегениң өлкөнүн экономикасына, социалдык сферасына миллиондогон зыян алып келгенге үлгүрдү. Дагынкысы дагы болор. Асыресе, бул маселе өзүнчө каверкот. Ал өзүнчө кеп кылууга татыктуу.

Үсөн Касыбеков




  Таңууланган тарифтер

Алты доочу бир келсе амалыңдын кеткени
Кыргызстандын бийлиги өлкөнү азык-түлүк коопсуздугу менен толук камсыз кылууга алы келбей калды. Азык-түлүктүн баасы ээ-жаа бербей өсүп барат. Качан токтоору белгисиз. Өкмөт инфляциянын агымын иретке келтирип басаңдатуу аракетин жасаганга да жараган жок. Рынок стихиясына биротоло моюн сунуп берди. Жаныңар барбы, аракет кылбайсыңарбы деп сурашса, "дүйнөлүк тенденция" деп алакан жайып карап турушат -- бар болгон шылтоосу ушу. Дүйнөлүк стандартта каралган минималдуу керектөө корзинасындагы 43 түрдүү азык-түлүк продуктулары менен элдин толук камсызданышын мындай кой, караламан калктын ичинде (төтөн, пенсионерлердин арасында) нанга жетпей калгандары көбөйдү. Атамекендик согуштан кийинки Японияда керектөө азык-түлүк корзинасы жалаң нан менен сүттөн турганын айтышат. Биз дагы жакынкы келечекте 1945-жылдагы ошо Япониядагы абалдын кейпин кие турган түрүбүз бар. Экономисттер азыр азык-түлүккө корогон чыгым элдин кирешесинин (орточо айлык 3000 сомдун тегерегинде) 80%тин түзүп калганын белгилеп жатышат. Бул болсо эл итке минип калганынын симптомдорунун бири. Инфляция улуттук статкомитеттин официалду билдирүүсү боюнча үч айдын ичинде 6,1% чейин көтөрүлдү. (Кыргызстандагы азык-түлүк кризисин мүнөздөө үчүн агрардык сектордогу терең системдик инфляцияны туюндурган "агфиляция" деген терминди пайдалануунун кезеги келди окшойт). ВВП үч айдын ичинде ошо эле көрсөткүчкө, 6,1%ке өсүптүр. (Өкмөттүн статистикасы бийликке пайдалуусун көтөрмөлөп, ал эми пайдасыз цифраларды кемитип жазганга маш экенин эскере кетели). Бул, демек, экономикада эгер жылыш болсо, аны инфляция "сугунуп" коюп, алар өз ара жоюшуп кетип жатат дегендикти билдирет.
Макул, азык-түлүктүн баасы рыноктун законуна баш ийет, биздин эркибизге көз каранды эмес, дүйнөлүк экономикалык тенденциянын каскагы тийип жатат, экономикалык өнүгүү министри А.Жапаровдун сөзү менен айтканда "тышкы шоктун" таасири деп эле коелу . Нефтепродуктуларга болгон баанын тынымсыз өсүп баратышын да ошол эле "тышкы шокко" шылтап койсо болор. Арийне, бийликтин өлкөдөгү экономикалык-социалдык жайсыз кырдаалды эске албай, көз көрүнө карасанатайлык менен бааны көтөрүп, ыргалып араң турган жакыр элдин жонуна кайыш тиле баштаганын эмне менен түшүндүрөбүз? Дагы эле көнүп калган "тышкы шокко" арта салабызбы?.
Кыргыз бийлигинин баанын көтөрүлүшү боюнча камдап койгон "сюрприздерин" санап көрсөтсөк эле президенттин стратегиялык НЭП программасында айтылган "элдин жашоосунун жакшырышына" канчалык кам көрүп жатканына ырастоо таба алар элек. Өкмөт электр энергия, жылуулукка жана ысык сууга 1-июндан баштап тарифти көтөрүү боюнча чечим кабыл алды. Тарифте карапайым калк үчүн электр энергияга баа 13% ке көтөрүлөрү б.а. бир киловатт/сааты 70 тыйынга чыгаары көрсөтүлөт. Ага кошумча кубаттуулук үчүн болгон төлөм киловатт-сааты үчүн 82-94,9 тыйынга чейин өсөрү белгиленет. Жылуулукка болгон төлөм 120%ке дейре өсүп, ар бир гигкалориясы 860 сомго чыгат. Бара-бара ал 2012-жылы чейин 1,57 миң сомго чейин жеткирилиши керек. Ысык сууга болгон баа өсүп, бир гигкалориясы 360 сомго туура келиши керек, б.а. 128% ке көтөрүлүшү кажет.
Мындан тышкары Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен 1-июндан баштап транспортко болгон тариф көтөрүлүшү каралды. Маршруткалардагы жол кире акысы 8 сомдон 10 сомго, троллейбус менен автобустарга 3 сомдон 5 сомго чейин өсөт. Ушуну менен тим калышса, ыраазы болбойсуңбу, өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министрлигинин бөлүм башчысы Т.Садабаевдин билдиргенине караганда, 2007-жылы тоннасы 600 сом турган көмүрдүн баасы 2008-жылы 1,8-2,1 миң сомго чейин жогорулайт. Депутат Ж.Каниметовдун айтымында "Бишкекводоканал" 49 жылга жеке менчикке арендага берилип, сууга болгон баа эки эсеге көтөрүлүшү күтүлүүдө. Кыскасы, ансыз деле жону жука элдин массалык түрдө жакырланышы, ошонун негизинде өлкөнүн социалдык-экономикалык абалынын чыңалып кетиши үчүн бийлик бардык аракетин аяган жок десек болот. Ачыгын айтыш керек, тариф саясатына карап баксаң, бийликтин иштин көзүн билбегенинен, чиновниктердин ичиндеги туташ коррупциядан улам өлкөнүн экономикасы банкротко кептелип, анын чыгымын элдин моюнуна иле койгон кыянаттыгына көзүң жетпей койбос. Арийне, элдин чыдамынын чеги болот эмеспи. Калкты кан чыкканча кактап саай бергендин аягы жакшы аяктабасы башынан белгилүү. Бир күнү жарылып кетиши мүмкүн. Эл өкмөт тарабынан таңууланган тарифтик бааны какшып турган чөнтөгүнөн төлөй баштаганда, т.а. тумшугуна суу жеткенде чыдамы түгөнүп көчөгө төгүлүп чыгып кысмакчы режимди дыргаяктатып кубалап чыгышы этимал. Ачкачылык революциясы менен энергетикалык революциясы бириксе кубаттуу чоң күч.

Үсөн Касыбеков













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan