![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №43, 29.04.08-ж. |
Меймансап Форум Түбөлүк күрөшпү? Өмүрбек Текебаев, "Атамекен" партиясынын лидери:"Бүгүнкү кылыгын бийлик унутпасын!" - Өмүрбек Чиркешович, жөө жүрүш оппозицияны дагы бир жолу сындырды деген пикирлерге кандай жооп узатасыз? - Жок, оппозиция эч сынган жок. Жөө жүрүш өз максатына жетти. Мисалы, мен ыраазымын. - Кандай негизде? - Эмне үчүн дегенде жөө жүрүштүн максаты бийликти торойто чаап, кууп жиберип, ордун тартып алып отуруп калуу эмес, өлкөдөгү абал кандай экенин, бийлик эмне менен алектенип жатканын, саясаттын маңызын элге ачыш үчүн жасалган аракет болгон. Бирок, криминалдык топтордун, ар кандай күчтөрдүн аралашуусу менен жөө жүрүштөгү элди уруп-согууга, куугунтукка алууга дейре жеткен, ар кандай ыплас ыкмалардын артында эл Түпкө кире алган жок. "Акжолдун" ар кайсы айылдардан алынып келинген дүжүрлөрү тоскоолдук кылып, болушунча кыянаттыкка барышты. Биздин жеңиш - элге жеткен акыйкат маалыматта. Себеби, жергиликтүү элде анык маалымат жок экен. Биздин бул кадам сөзсүз элдин көңүлүн бурат. Мен ойлойм, кандай айткан күндө да жөө жүрүш өз максатына толук жетти. - Провокаторлорду уюштуруп, мас аялдарды сиздерге каршы койгондор деп губернатордун, президенттин кеңешчисинин аты аталууда… - Түздөн-түз "булар" деп айталбайм. Бирок так ошол адамдардын туугандары, шоопурлары, жан-жөкөрлөрү ал жерде жүрүшкөнү чын. Аны атайын видеотасма деле тастыктайт. Мындай болгон соң алар деле алыс эмес да. - Сиздерди жумуртка, таш менен согуп, бир-экөөңөрдү балдар ур-тепкиге алышты. Кандай кадамдарга барасыңар, акыйкат издеп?.. - Албетте, ал жерге хулигандар, мастар ачык эле жүрүштү. Айыл өкмөт башчылары баш болуп уруп-согууга дейре жетишти. Мыйзам алдында мындай ыпластыктары, хулигандыктары үчүн алар жоопко тартылышы керек. Эгер бийлик аларды коргоого алып, эч жоопсуз калтырса, анда башка учурда да мырза Бакиевби же Чудиновубу, элге барган жерде ушундай кылып жумуртка ыргытып, мүшөккө салып көтөрүп келген чириген алмалар менен соксо, аларды да жоопко тартпашы керек. Себеби, мыйзам бардыгына бирдей. Бийликтин бүгүнкү мас аялдарын, балдарын, ыплас жолун, жумуртка сокмой, алма, таш ыргытмайын көргөн эл муну эртең өздөрүнө да жасаары турган иш. Алар ушуну мээлерине түйүп коюшсун. Маектешкен Кубаныч Зайнидинов … жүргөн жерге чөп чыкпайт Садыр Жапаров, КР президентинин кеңешчиси: "Мен эч нерсе билбейм" - Садыр мырза, Түптөгү жөө жүрүшкө каршы чыгып, оппозиция лидерлерин жумуртка менен ургулатып, мас аялдарды ажылдаткан турбайсыңарбы? - Менин тиешем жок. Стамбулда он күндүк иш сапар менен жүрүп, түндө эле учуп келдим. Кимдер антип айтып жүрүшөт? - Ошол жердеги эл, оппозиция тарап… - Андай күнөөлөө, жалааларын мага расмий эч ким билдире элек. Ал жакка ажаан аялдарды уюштурмак тургай, эмне жөө жүрүш, кимдер экенин да билбейм. - Өз кичи мекениңизде, Түптө өткөн орчундуу окуя тууралуу маалыматым жок дегениңиз чындыкка коошпой жаткандай… Куру актануу эмеспи? - Айттым го, эч маалыматым жок экени чын. Мен аз күндөн бери өлкөдө болбосом, кантип, кимден угам? - Бийликти жактаган, сизге жердеш мас аялдар оппозиция лидерлерине атырылып, айрымдарын жаш балдардын уруп-согуп ийгенин кандай кабылдайсыз? - Негизинен туура эмес. Каршы чыгуунун, уруунун кереги жок болчу. Азыр демократия деп жатабыз, демек кимдин кандай ою болсо, эмнени айтам десе, мыйзам чегинен чыкпаса, буга тоскоолдук кылуу жарабайт. - Дегеле, Каркырадан казактарга кеткен жер боюнча кандай пикирдесиз? - Каркырадагы каралган маселеде биз тарап 200% утушка ээ болду. Тагыраагы, эки эсе көп жерге ээ болдук. Аны түшүнбөй туруп жөн эле чуулдай берген болбойт. - Демек, макул экенсиз да? - Макулмун. Анткени биз тараптан кагыраган таш, жол жер кетти. Бирок, бизге жайыт жер калды. Ал жерде малчылар барып мал бакса, жайытты жайласа болот. - Анда биздин таштак, эч зарылчыгы жок жерибизге эки эсе көп бейиштин төрүндөй болгон жерин берип казактарды кудай уруп, бизге кудай берди болуп жатат дейсизби? - Эми, андай деген деле болбойт. Себеби, ал жер чегара үчүн зарыл болду. Мурда СССРдин убагында эски аскер картасы менен бөлүнүп калган жерлерди эле ооштурдук. Жайлоо жер бизге жакын, коңшу эле. Биз ошону алдык. Бизден кеткен жер казактарга жакын. Алар ошону алышты. Анткени алар чегара постун коюш үчүн бизге берген жеринде туруш керек эле. Ал жер алыс, анүстүнө өзара кыйынчылык туудурганынан, бизге да ылайык келгендиктен алмашып алууга туура келди. - Тескерисинче, сиздин эң эле жакын адамдарыңыздын бири сизди кеткен жер үчүн күйүп, аныгын ажого кирип айта албай, 60-жылдагы картасын көтөрүп алып, Садыркуловдун тосмосунан өталбай жүрөт деди го? - Бул калп сөз. Провокация. Эгер ошол киши далилдей турган болсо, мага келсин. Мен эски дагы, жаңы дагы карта, документтерди көрсөтүп бере алам. Азыр андай болбогон сөздү айта бергендер толуп жүрөт. Мен аны ошолордун бири деп эле коем. Маектешкен Кубаныч Зайнидинов Нима дияпти? Маьмиржан шарипов "атамекен" партиясынын лейлек району боюнча координатору: "Кыргызстан сизге кандай мекен болсо, бизге да ошондой мекен" - Маьмиржан мырза, Ош шаарында өзбек улутундагы мекендештерибиз курултай өткөзүптүр. Курултай эмне максатты көздөдү? - Бул биздин үчүнчү курултайыбыз катары өттү. Өзбек улутундагы мекендештерибиз баш кошкон атайын борборубуз бар. Үчүнчү курултайдын өзөгүн азыркы абалыбыз жана улуттук борбордун отчету түздү. Коомдо кандайдыр бир терс көрүнүш катары каралган нерселер бизде сөз болбойт. Айрым ММКлар муну башкача божомолдоп жиберишиптир. Кыргызстан демократиянын өлкөсү. Ошондуктан ар бир улуттун мезгили келгенде курултайын өткөзүп туруусу айып иш эмес. - Анан эмнеге өзбек тилине расмий статус берүү талабы башын кылтыйтты? - Биринчиден, бул туура эмес маалымат. Тил, автономия маселеси бизде сөз болбойт. Силер Кыргызстанды канчалык мекеним деп эсептесеңер, биз да ошентебиз. Киндик кан тамды, жашап жатабыз. Атуул катары кызматыбыз ушул өлкөгө өтсүн. Сизге айтып коеюн, кайсы бир гезит автономия маселесин козгогон экен, кайра аларды жемеге алган болушту... - Депутат Махаммаджан Мамасалиевди өзбек улуттук борборунун төрагалыгынан зордоп эле кетирипсиздер го? - Андай эмес. Ал киши өзү катышып, отчетун берип, жакшына эле узады. Акүйгө да айтыптыр, чарчадым, илимий иштерим да бар, эми өзүңөр алсаңар деп. - Анын ордуна депутат Ж.Салахудиновду өз каалоосуна карабай эле дайындап коюпсуңар. Ушул чынбы? - Курултайга бардык кыйындар барышты. Бирок, Махаммаджан ака ордун өткөзүп бергенден кийин Салахудиновдон башка талапкер болгон жок. Ал өз ыктыяры менен талапкерлигин койду. Натыйжада борборду жетектеп калды. - Эми үмүтүңөрдү ал киши актайбы? - Аны мезгил көрсөтөт. Азырынча бир нерсе айтыш кыйын. Маектешкен Өмүртөрө Кудайбердиев |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|