![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №43, 29.04.08-ж. |
Меймансап Форум Бийлик өңү мас катындын өңүндөй… "ФЕЛЬДМАРШАЛ"… "ФРАУ-3"… "ЕФРЕЙТОР" ИТИКЕЕВ… ЖАНА БИЙЛИКТИН АЛСЫЗДЫГЫ 2008-жылдын 26-апрели болчу. Дал ушул күнү саат он экиде оппозициялык күчтөр чабуулун баштайт деген жашыруун кабарды алган "фельдмаршал" Исаев үч күн катары менен оперативдүү жыйын өткөзүп, "Ставкадан" алган көрсөтмөлөр менен өзүнүн карамагындагы кызматкерлерди аябай кылдат тааныштырып, эгерде кимде-ким чегинсе, "трибуналга" берилерин кайра-кайра эскертип, үч күн тең көз ирмеген жок. Анын үстүнө "Ставкадан" тынымсыз телефон чалынып, улам жаңы директиваларды алып турду. .. Исаевдин "армиясы" коргонууга даяр эле, күч жетишерлик болчу: аялдар корпусу, балдардын таш жаадырар атайын отряды, Сарыбулак айыл өкмөт башчысы, "ефрейтор" Итикеев баштаган "кызуу-соо" штурмовой отряд… анан да өтө жашыруун дагы бир куралы бар эле. "Фельдмаршал" ага аябай таянып, жалпы жеңишке ишеними бекем болчу. Коргонуу үч фронт боюнча уюштурулган: "Борбордук фронт", командачысы "генерал-полковник", Түп районунун акими Өмүрбек Шаршеналиев, "чыгыш фронту", командачысы өзүн "Ставканын" сүймөнчүгү эсептеп жүргөн "генерал-адъютант", Аксуу районунун акими Тынчтыкбек Чекиев, "батыш фронту", командачысы "генерал-лейтенант", Жетөгүз районун акими Замир Турдукеев. Бул үч фронттун командачылары буйрукту кынтыксыз аткарып, айыл өкмөттөрдөн, акимчиликтин "чилиш" кызматкерлеринен жана да алар үчүн Чолпонбай болуп берчү "айдамалардан" турган чоң күч топтошкон. Ошондой эле милийсалардан түзүлгөн "резерв фронту" автобустарда бугуп жатышкан. "Фельдмаршал" үч фронттун ар кандай аракеттерине көз болуп, байкап, о.э. өзүнө шашылыш кабарларды маалымдап туруусу үчүн өзүнүн биринчи орун басары, оор басырыктуу, буйрукту кынтыксыз аткаруучу генерал Калыбек Алышбаев менен областтык укук коргоо органдары менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы, подполковник Аскар Сыдыковду жөнөткөн. Сыдыков "фельдмаршалга" информацияны жакшы жеткирет деген сөз бар эле… "Фельдмаршал" өзүнүн жеке чалгыны - шоопуру менен жансакчысын да жиберген. Аларың өздөрүн олуттуу сезип, мамлекеттин бир ишине жарап жаткандай наркы-терки жойлоп турушту. "Ставка" жагдайды ары калчап, бери калчап, борбордон оңой эмес жашыруун күчтөрдү түшүргөн. Алардын башында генерал-майор Субанов турат деп бири айтса, жок, ал эмес, башка деп экинчиси айтып жаткан. Ошентип, 26-апрель күнү, саат сегиздер чамасында "фронт" коргонууга даяр эле, жана да контрчабуулга өтүп, "душмандарды" биротоло талкалоо планы да ишке ашмак. Ошол маалда эфир телефон сүйлөшүүлөрүнө толуп кетти: "Медет Чоканович…", "Молдомуса Ташполотович", "Мурат Абдыбекович", "Кыдыкбек Шайдинович…", дагы толгон "…ичтер". Байкаган адамга аскердик даярдык жаман эместей көрүндү: бөтөнчө "катындар корпусу" менен ефрейтор Итикеевдин "штурмовой отрядындагылар" ары-бери удургуп турушту, ичтеринде "удургутмалары" бар окшоду… Алаңгыча "фронттун" чалгын бөлүмүнөн келатат деген кабар билдирилди эле, "Ставканын" өкүлдөрү, "фронттун" командачылары, фельдмаршалдын байкоочулары "катындар корпусунун" артына жашынышты, этектеринде эрмешип жүргөндөр да бар. Жок, коркпой эле, тактикасы ошондой го кебетеси, кантип эле эркек болуп туруп катындардын артына жашынсын!.. Ана эмесе, "душмандардын" анабашылары Садырбаев, Текебаев, Жекшенкулов, Бекназаров, Шерниязов, Каптагаев, Алымбеков, Чолпонбаев, Өмүркулов, Отунбаева, Исмаилова армиясы жок эле бирин-экин "ординарецтерин" ээрчитип келатышат. Алар келип эле "кан төгүүнүн кереги жок, тынчтык сүйлөшүүлөргө баралы" деген сунушту айтышты. Далайдан бери камданып жаткан, кээсинин ичкени удургутуп турган немелер ага көнүшпөдү. Алаңгыча "Ставкадан": "Контрчабуулга өткүлө! Бакиев үчүн, Урэ-ээ!" деген команда келди эле, "ефрейтор" Итикеевдин иттей кыйын күчтөрү оппозициянын анабашыларын атакалап жиберишти, жумуртка-октор жамгырдай жаады, кайран гана Сарыбулак менен Күрмөнтүнүн беш сомдук жумурткалары! … Фашисттик Германия согуштан утулуп баратканда Гитлер "Фрау-2" деген жашырын куралына аябагандай үмүт арткан эле. Бирок бул снаряд-ракета менен Лондонду бир-эки ирет аткылаганы менен жеңиш апкелалган эмес… "Фельдмаршал" Исаевдин да ошол жогоруда айтканыбыздай, жашыруун "Фрау-3" деген куралы бар эле, ошону чабуулга өткөзүштү. Ана эмесе көрүп ал, ал немең колу-буту да иштейт экен, оозундагы "ууландыруучу октору" менен тытыратып кирди. Маселен момундай октор экен: "Булар (оппозиционерлер - Б.А.) деген мурун Акаевдин көтүн (!) жалап жүрүшчү, эми Бакиевдин көтүн жалап жүрүшөт", "Көтүңөрдү кысып, Ошуңарга кеткиле!". Ошентип, атакалап барып Бекназаровду көчүккө келиштире тээп атпайбы. Кыргызда катындар эркекти тепкен болбойт деген "конвенцияны" "Ставкадан" эскертпей калганбы же болгон куралыңды колдоно бер дегенби (?), орусча-кыргызча ашатып, айтор, бу ургаачы немеге туруштук берчү күч оппозицияда жок болуп чыкты… оппозиция артка чегинди, бирок "жарадарларын" талаага ташташкан жок. Фельдмаршалдын жашырын куралы - "Фрау-З" - Макенбаева Шайы деген ургаачы неме артына жашынган бийлик "жоокерлеринин" керегине жарап берди…Сыйлык алышы бар. Ал эми ашкере "баатыр ефрейтор" Итикеев кандай сыйлык алат - азырынча чечиле элек. Аны акимдик орунга койбойт, анткени, ал жерде иштегенге дэңгээли жетпейт. А балким, "Бийлик баатыры" деген наам берилиши ажеп эмес эле. Ооба, ага "старший ефрейтор" деген наам берилет. Бу наамдын "льготалары" биртоп экен, маселен, пенсияга чыкса, 70 тыйын кошулат, акимге айына бир жолу уруксатсыз кирүүгө укугу болот, өз үйүнө өзүнүн аты берилет ж.б. Ошентип, "фельдмаршалдын" армиясы "казак Каркырасын" "баатырдык" менен коргоп беришти. "Фельдмаршал" "Ставкага" рапорт берип турду: "Сиздердин буйрук так аткарылды. "Фрау-3", "Жумуртка", "Арак", "Самогон" жана "Куру убадалар" менен куралданган "каарман армиябыз" "душмандарды" Балбай атабыздын күмбөзүнө чейин сүрүп таштады. Биз тараптан "курман" болгондор жок, баш жазып жатышат. Эрдик көрсөткөн "жоокерлердин" тизмесин жөнөтөбүз. Бүрсүгүнү бул "улуу жеңиштин" эки күндүк салтанаты белгиленет…". Кийин, айталы, жүз жылдан кийин тарыхчылар ушинтип жазмак, бурмалабай жазышса. Ошентип, оппозициянын казактарга төрт пансионаттын жана Каркыра жайлоосунун берилишине нааразылык жүрүшү башталбай жатып бүттү. Жок, оппозиция жеңилген жок, тескерисинче, чоң жеңишке жетишти: бийликтин катындарга жашынган суу жүрөктүгүн, эки жүздүүлүгүн, элди бири-бирине кайраштырганга устат экенин эми бир ирет далилдеп беришти. Жеке мен чагымчылардын артына жашынып турган биртоп облрайжетекчилердин кебетелерин көрүп, кадимкидей эле боорум ооруду, турмушуң кургур, не заман бу?! Түп акиминин орун басары Жолдошев деген минтибатпайбы: "айдоо-себүү учурунда тоскоол болуп жатканы үчүн каршы болуп жатабыз" деп. Э, айланайын, Жолдошев, кайсы келесоо адам айдап жаткан жерин таштап салып жөө жүрүшкө жөнөп берет. Же Көлдүн дыйкандарын келесоо деп ойлойсуңбу?! А сен, сен өңдөнгөн ондогон мамчиновниктер, бу жерде текей оттоп жүрөсүңөрбү, катындар менен ээнбаш балдардын артына жашынып, жериңерди айдабайсыңарбы. Оппозиция жүрүштү баштайбыз деген жерге чогулган бийлик желдеттерине сан жетчүдөй эмес. Райондун майда-барат актив чалыштары, айыл өкмөттөрү, аким менен айыл өкмөттөрдү кудайындай көргөн айдамалар, аялзат деген аттан өтө эле алыс катындар, облструктурадагы жетекчилер, милийсанын чоң-кичине кызматкерлери, жашырынымыш болгон жашыруун кызматтын балдары, атайын аскерлер… деги койчу, бийликке намаз окугандардын бири калбаптыр. Дагы айталы, бардык тиричилигиңерди таштап, бу жерге неге келдиңер? Жообуңар жок. Мынчалык күч эмнеге кажет болду экен? Көрсө, бийлигиң оппозиция дегенде жүрөгү түшүп калат тура. Бул - бийликтин алсыздыгы гана эмес, маданиятынын жоктугу да. Болбосо нечен бир мыкты өлкөлөрдө оппозиция өз оюн ар түрдүү формаларда билдирип эле жатпайбы. Эмне, Садырбаев, Текебаев, Шерниязов кыргыз элинин душмандарыбы? Жок, алар кыргыздын накта уулдары. Бийликтин бечаралыгына бир эле мисал: баары эле бирооздон "жер айдалып жатса, тоскоол болуп…" деп жүдөмүш болубатпайбы. Биз бийликте турабыз, андыктан бийликти коргойбуз деп эле жигитче тик турушпайбы дейм да, ажаан катындар менен ары жок балдардын артына жашынбай. Мен ушул күнү оппозиция лидерлерине аябай сыймыктандым: жумуртка менен согуп жатат, муштап жатат, ажаандардын абийирсиз сөзүн угубатат… ошондой учурда да аларды биржерине жуккан бокчо көрбөй, Крыловдун пилиндей болуп, эч кебелбей басып кетишти. Жигиттик деп ушуну айт! Бийлик башканы күткөн: оппозиция берки немелер менен кармаша кетсе, кымкуут түшсө, анан оппозицияны четинен кармап камаса… тилектери ташка тийди, абийирлери катуу төгүлдү. Бийлик тарапта да элибиздин мыкты жигиттери бар, алар бу окуянын финалын көрүп-угуп уялып турушканын бөркүңөрдөй көргүлө. Бирууч чагымчылар Көлдүн элин түзбөй тургандыгын билип койгула! Бийлик башканы күткөн: оппозиция берки немелер менен кармаша кетсе, кымкуут түшсө, анан оппозицияны четинен кармап камаса… тилектери ташка тийди, абийирлери катуу төгүлдү. Оппозиция лидерлерине аябай сыймыктандым: жумуртка менен согуп жатат, муштап жатат, ажаандардын абийирсиз сөзүн угубатат… ошондой учурда да аларды биржерине жуккан бокчо көрбөй, Крыловдун пилиндей болуп, эч кебелбей басып кетишти. Жигиттик деп ушуну айт! Баратбай АРАКЕЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|