№44, 02.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
п»ї
  Стоп кадр!

Жали Соданбек:
"Бир мезгилде окуучу да, аскер да болгом "
Кыргыз киносуна аздыр-көптүр салымы бар, тарткан кинолору саналуу болсо да, кино сүйүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырган "Процесс", "Келечегиң алдыда", "Дилетант", "Жаралыш үчүн жан кыйыш" , "Тополоң", "Тобокел" көркөм фильмдердин жана бир нече документалдуу фильмдердин режиссеру, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жали Соданбекти кепке тартканбыз.

-Жали агай, бардык нерсенин башаты балалык дешет, чыгармачылыкка кандайча аралашып калдыңыз?
- Бала кезимде сүрөтчү болууну каалар элем. Бир убак боектор менен сүйлөшүп, ак баракты сыялап, көзгө жаккан көрүнүштөрдү тарта бермей адатым эле. Мектепте 8-класска чейин окуп, Бишкектеги сүрөтчүлөр институтуна өттүм. 3-курста окуп жатканымда аскерге алып кетти. Аскердик кызматты өтөп жатканыма аз убакыт болгондон кийин, Аскердик-саясый Академиясына сүрөтчү керек болуп, мени ошол жерге калтырышты. Андан соң пионер лагерине жиберишти. Лагерде дубал газеталарды жасалгалап, берилүү менен сүрөт тартып жүрдүм. Сүрөттөрүм лагердеги мугалимдерге жаккан окшойт, Свердловскидеги №18 сүрөтчүлөрдүн кечки мектебине окууга кийиришти. Мектепте да окуп, аскердик мөөнөттү да өтөп жүрдүм. Мектепти аяктаган соң, Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтуна (ВГИК) тапшырып калдым. Документтеримди кабыл алгандар сүрөттөрүмдү көрүп, режиссерлукка сунушташты. "Сүрөттөрүңдү бизге калтырып, кете бер, бир жумадан кийин кабарлаш, жыйынтыгын айтабыз" дешти. Бир жумадан кийин телефондун кулагын бурадым. Окууга өткөнүмдү кабарлашты. Экзаменге чакырылдым. Анда да бир топ талаш-тартыштар болуп, "сүрөтчүлүк кесипке даярдоо курсуна калтыралы" деп айтышты. Көшөрүп болбой койсом, ары тартышып, бери тартышып, акыры режиссерлук факультетке кабыл алышты.
- Алгачкы фильмиңиз кайсы жылы тартылган?
- Алгачкы ирет дипломдук иш катары, 1973-жылы "Бурма" аталган кыска метраждуу көркөм фильмди тарттым. Бул алгачкы режиссердук ишим болуп калды. Советтер Союзунун кинематографисттерине коюлган талабы ушундай эле: бир топ жыл документалдуу фильмдерди тартып такшалгандан кийин гана көркөм фильм тартууга уруксат берилчү. Ошондон улам 1973-жылдан 1978-жылга чейин мен бир нече документалдуу фильмдерди жараттым. 1978-жылы "Процесс" көркөм фильмин тартып баштап, аны 1979-жылы бүтүрдүм.
- Кино тармагында, дегеле маданий чөйрөдө сапаттуулук азайып бараткансыйт, сиз буга кандай аныктама бересиз?
- Кино - эң татаал искусство. Азыр заманга шылтоолоп, сапатсыз ар кандай кинолор тартылып атканын моюнга алсак болот. Эмне үчүн СССР убагында кинолор сапаттуу чыкчу? Анткени, анда худсовет деген бар эле, анын сынынан өтүп, сценарийлер талкууланып, Мамкинодон өтүп, анан Москвага жөнөтүлчү. Эгерде, тарбиялык мааниси орчундуу, сапаты жогору болсо гана элге көрсөтүлчү. Жоопкерчиликтүү мамиле жасалчу. Азыр анын бири да жок. Демократия, рынок экономикасы деп кино тартуучулар билгенинче жараткан тасмаларын элге көрсөтүп атат.
Искусствонун, маданияттын негизги максаты - эл рухун көтөрүү, адамгерчиликке тарбиялоо, аң-сезимди байытуу болуп эсептелет. Ушуга маани берилбей калды.
- Алдыда кандай пландарыңыз бар?
- Келээрки айларда Кытайга сапар тартабыз. Кытайлык кыргыздар жана манасчы Жусуп Мамай тууралуу фильм тартып келүүнү максаттап, даярдыктарды көрүп жатабыз.
Маектешкен Гүлбарчын ЯКУБОВА




  Элдин үнү - SMS

Кадырман окурман, жан жолдош гезитиңиз "Аалам" аркылуу ой бөлүшүп, сырдашкыңыз келсе, жан дүйнөңүздөгү жаңырыктарды жарыкка алып чыгып, бугуңуздан арылгыңыз келсе же урматтуу адамыңызды куттуктап, дос-тууган менен кабар алышууну кааласаңыз, биздин "Элдин үнү - SMS" сиздин кызматыңызда! Шарты эң эле жөнөкөй. Уюлдук телефонуңуздан 4436 кыска номуруна "ААLAM" деген сөздөн соң аралык калтырып, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Кызмат көрсөтүү BITEL, Mobicard, Katel, FONEX, MegaCom абоненттери үчүн жарамдуу. SMS-билдирүү акысы кошумча нарк салыгы менен - 0.50$ .
Баса, жарыя берсеңиз да болот. Маселен, "үй сатам, машине оңдойм, кийим тигем" өңдүү… Анда, кулак сизде, окурман!

Жаныбек : Гуля экөөбүз досубуз Тураттын 50 жылдык торколуу тоюна барып, өл-лө майрамдап, ичпегенди ичип, жебегенди жеп, шапар тээп, мааракенин аягында дайныбызды таппай, кантип Чоңарыкка жеткенибизди билбей калыппыз.

Нурчик : Өзүм Америкада жүрүп, жалпы Кыргызстандын келечеги мени ойго батырат.

Замира : Күйөөм түнкү саат төрткө чейин футбол көрүп атып мени унутуп койду окшойт.

Совет : Көкжар конушунан үй сатам, 4 бөлмөлүү, уч. 8 сотых, арзан баада. 0772246779

Анара : Жолдошумдун иштебегенине үй айдын жүзү болду. Анан эле "кейибе бака, саз биздики" дегенине жиним келип кетет. 0772 927756

Санжар : Ни вовремя заболел. Теперь придется учебу наверстать. Пахан обещал, "если закончишь 7 класс отличником, куплю сотку" деген. Блиндики десе.

Бурулсун : Кайнагамдын тоюна келип, тойлобой эле кызмат кылып атып шайым ооду. Айылга эмне деп айтып барам.

Максат : КУУнун кыргыз филологиясы жана кыргыз таануу факультетинин окутуучулары Качкынбай Артыкбаев менен Абдыкадыр Садыков качан пенсияга чыгат? Алардын окутканы жакшы, бирок өз ойлорун таңуулаганы менен китептерин кыйнап алдырганы көкөйгө тийди.

Бакыт : Касиеттүү Каркыраны саткан "акжолчулар", силерге рахмат! "Эл душманы" деген наамды бардыгыңарга ыйгардым.

Болот : Темир дарбазаларды түрү менен жасайбыз, баасы арзан, шаар ичине жеткирип берүү бекер… Байланыш тел. 0555 368074, 0773 859574

Бурул : Кыдыкбек Исаев, биздин айылда жумуртканын баасы оптом 2,30 тыйындан, сизге андан да арзан беребиз, келип алып кетпейсизби!

Каниет : Сөзүнө туруктуу, достукту баалай алган кыздар менен таанышам, дос болуу максатында. Тел. 0773 303037. Маяк кылбагыла!

Сагын : Сабакты бүтүргөнгө акча керек, карызга 2000 (эки миң) сом берип тургула. 0773666030

Дос бала : Элнура, Анара, жаңырган май айынын жалпы майрамы силерге сүйүү, жаркын маанай тартууласын!




  Медициналык ликбез

Абдумуталиб Мадаминов:
"Оору адамдын кору"
Медицина илимдеринин доктору, Кыргыз-орус Славян университетинин хирургия кафедрасынын профессору, республиканын эмгек сиңирген дарыгери, саламаттык сактоо министрлигинин башкы проктологу Абдумуталиб Мадаминов менен проктология маселелери туурасында маектештик.

- Абдумуталиб Моминович, сөзүңүздү ушул прок-тология эмне жөнүндөгү илим экендигин чечмелөөдөн баштасаңыз жакшы болот эле.
- "Колопроктология" деген терминди кыргызчалатып айтсак "жоон ичеги оорулары жөнүндөгү илим" деген маанини түшүндүрөт. Азыркы учурда геморрой, парапрактит ооруларына чалдыккандар көбөйүүдө.
Мындай оорулардын көбөйүп баратышынын башкы себеби, күндөлүк турмушубузда санитардык-гигиеналык эрежелерди сактабагандык болуп эсептелет. Күндөлүк турмушта гигиенанын сакталбай жатышы микробдорду, бактерияларды жугузуп, биз атап өткөн оорулардын пайда болушуна алып келет.
Андан башка газетаны, сүрөттүү кагаздарды гигиена каражаты катары дегеле колдонууга болбойт. Себеби, алардын боекторунда уу заттар бар. Алар сезгентип, кабылдоону пайда кылат. Катуу, сыз жерлерге көпкө олтуруу да ушул ооруларга алып келет. Ошондой эле жыгылганда же өтө оор жүк көтөргөндө жоон ичегинин бүткөн жеринде ипичке, былжырлуу кантамырлар жарылып, көкбаш болуп ириңдеп кетет. Ошол көкбаш "геморрой" деп аталат. Парапрактит болсо көтөн чучуктун тегерегиндеги ткандардын сезгенишинен келип чыгат.
Бул ооруларга чалдыккандардын көпчүлүгү уялып, тарткынчыктап көп убакыттарга чейин жашырып жүрө беришет. Натыйжада оору кабылдап, операция да оор болуп, оорулуу да кыйналып калат. Дагы бир жаман жагы алыскы чет жакаларда жашаган оорулуу адамдар кайда барып кайрылышарын билбей жүрө беришет.
- Ушул кесибиңизде иштеп келе жатканыңызга канча болду? Канчалаган оорулууларга операция жасагандырсыз...
- 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөндөн кийин эле Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүндө иштеп келе жатам. Ал кезде мындай бөлүм жок, жалгыз өзүм гана проктолог болуп иштечүмүн. Жыл сайын көбөйүп бараткан мындай оорулууларды бир-эки эле адис-дарыгердин дарылап айыктырууга мүмкүнчүлүгү жетпей тургандыгына көзүм жеткен соң, саламаттык сактоо министрлигине проктология бөлүмүн ачуунун зарылчылыгын билдирдим. Андагылар менин бул оюмду туура деп эсептешип, Улуттук госпиталдын алдында проктология бөлүмү ачылды.
Мен эмгектенип келе жаткан 36 жылдын ичинде ушул ооруларга чалдыгышкан жыйырма миңден ашык адамга операция жасап, айыктырдык окшойт. Россиядан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан келип, операция жасатып айыгып кеткендер да бар.
- Мындай ооруларга чалдыгып, кыйналса да жашырып силерге кайрылбай жүргөндөргө эмне дейт элеңиз?
- Бул ооруларын айткандан уялып, жашырып убайым тартып жүргөндөр көп. Айрыкча кыз-келиндер жашырып жүрүшүп, баса албай калганда гана келишет, бул туура эмес. Кан чыгып оорунун алгачкы белгиси билине баштаганда эле токтоосуз түрдө бизге кайрылуулары керек. Антпесе оору өтүшүп, шишик чоңое берип, сыртына чейин чыгып кетет. Бул операцияны да оордотуп, оорулуу өзү да азап чегет.
Аз кыймылдагандарга, бир орунда отуруп иштегендерге, тигүүчүлөргө, айдоочуларга, кабинеттегилерге айта турганым - көбүрөөк сейилдеш керек. Ары-бери басканда кан тез айланып, бул оорулардын пайда болушуна тоскоолдугу көп болот. Ал эми ичкиликти көп ичип, тамекини көп тартсаңар, бул оорунун күчөп кетишине гана өбөлгө түзөт.

Аңгемелешкен Жума Мамбетов














а ­е¦Є.НҐй«