п»ї
  Тарыхта калган издер

Күрөшкө арналган өмүр
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Жумгалбек Аманбаев жөнүндө замандаштары Калнур Ормушев менен Дүйшөн Керимов ой бөлүшөт
Дүйшөн Керимов: - Биз сөз кыла турган инсан - коомдук жана мамлекеттик ишмер Аманбаев Жумгалбек Бексултановичтин дүйнөдөн капилет өткөнүнө жакында төрт жыл толот экен. Азбы-көппү мезгил өттү, маркумдун топурагы суугандай болду. Бирок, акылмандык менен айтылгандай, кеткен ага же калган бизге жеңил болдубу? Жок, менимче канчалык бир жаралган өмүр текке кетпегендей, өтөлгөлүү өткөндөй сезилгени менен, жеткен ажалга моюн сунбаска арга жок экенин билип турсак да аттиң, бир арман анын ичинде кеткени, да бир арман бизде - бүт кыргыз журтуна калганы чындык. Жумгалбек Аманбаевдин доору -Кыргыз Республикасынын кылымдар тогошуусундагы кыйчалыш, кызык, кырчындай доору. Келиңиз, ушул улуу инсанды, муну тартынбай эле айталы, алыс-жууктан билген замандаш, таламдашы катары эскерип эстейли, балким, андан жаш мамлекетибиздин келечек ээлерине керектүү нерселер калаар…
Калнур Ормушев: - Туура айтасың, эми ар бир адам дүйнөгө жөн келбеси диндерде бар. Ошондой эле Жумгалбек Аманбаев да элине миссия аткаруу үчүн келди деген ойдомун. Ооба, бирөө ата болуш үчүн же ар кандай кесип үчүн келет десек бу киши лидерликке, башчылыкка келгендей сезилет мага. Кыял-жоругу да өзгөчө. Маселен эсимде, 1995-жылкы шайлоого даярдыкта, Александр Федоров деген чоң фото сүрөтчү бар, ошонун студиясында сүрөтүн даярдап атабыз. Жаңы саясый технологиянын ыкмасы менен ар кандай көрүнүштө. Өзүң билесиң, анда мурдагы союздун учурундай бир тартып бүтүрүп койбой, жаңылык болчу, улам ары, бери деп, аябай кыйнап койдук. Сүрөтчүнүн улам "не так" дегенине жүдөп кетти окшойт, анан ал киши күзгүнүн алдына барып: "Энем ушундай төрөп койсо эми эмне кылайын" деп күлдүрүп атпайбы. Бирок, ал боюна, ошондой келбетине карабай бардык күрөшкө даяр болчу. Баягы жомок бар, эки чычкан сүт куюлган эки кумганга түшөт эмеспи. Кайра кантип чыгат? Бири аргасыз абалына моюн сунуп чөгөт, экинчиси куйругу менен чапкылап, буттарын тырбалаңдатып атып, сүттү майга айландырат же уютат дегендей чыгып кетет. Мына ушундай күрөшчүл адам болчу. "Көз коркок, кол баатыр"…
Д.К.: - Ооба, ал ар кандай азил, тамаша, какшыкты дайыма аралаштырып сүйлөчү. Бирок, өтө күлкүлүү, ошондой эле орундуу да угулчу. Жеңсе көйрөңдөнүп же тескерисинче кыйчалыш абалына шылкыйып калчулардан эмес эле. Жөнөкөй жана жасалмасыз нукура болгон.
К.О.:- Ушуга бир мисал: 1991-жыл, 23-август - ГКЧП. Акүйдө автоматчандар, КП БКнын бюросуна иш козголгон. Аманбаев Москвадан учуп келди. КПСС БКнын саясый бюросунун мүчөсү болчу да. Таңга маал самолеттон түз эле ишке келиптир. Кирип саламдаштым. Өңү бираз кубарган. Уйкусуз түндөн кийинки абал. Иш чатак. Рюмкадагы коньяктан ууртап коюп турат. Эмне дейсиң?
"Жумгалбек Бексултанович эми эмне болот?" дедим. Мени карап, "Да, влипли…" деди орусча. Көрдүңбү, утулуп атканда да өзүн жоготпойт. Ал ар кандай кайчы абалды калбаат, сергек талдай билчү. Айрымдарча, "эч нерсе эмес, эч нерсе эмес" деп өзүн да, башканы да соорото бербейт. Реалдуу айтчу. "Дагы иштейбиз" деди.
Д.К.: - Каке, кээде мындай ой келет, кыргызча түштөн кийин да, эл дейбизби, коомбу, интеллигенциябы, айтор учурдун окуясына же эртеңине биз туура баа берип, колдоого жөндөмсүз экенбиз. Менимче ГКЧП да, аны он беш союздук республикалардын компартия лидерлеринин арасынан жалгыз ачык колдоп чыккан Аманбаев да убагында ошондой болду го…
К.О.: - "Каждый народ заслуживает своих правителей…" Бирок, ошол эле кезде ар бир эл өз чыгаан уулдарын колдоп, кызмат кылыш керек дегендей Аманбаев деген адамды да тагдыр буйругу бизге атайлап арнап сунгандай. Ал бала кезинен эле спортко бышып, өжөрлүгү, Наполеондой боюна карабай белгилүү болгон жигит, жакшы окуганы, тарбиясы, шыктуулугу, кыргыз элине эң керектүү кесипке ээ болгону, жапжаш илим кандидаттык диссертация жактаганы, чарба башкарганы, кыскасы, мына деп, өз өнөрүн элге көрсөтүп койду. Өзү көлдүк, Жумгалбек деп, аты айтып тургандай Нарында төрөлдү, Ошто эмгек жолун баштап иштеди. Орус тилин суудай билет, кыргызча так сүйлөйт. Адабият, искусство, ар кайсы тармакты көп окуган.
Д.К.:- Бою жөнүндө айттык. Жүргөнү, сүйлөгөнү, кийгени да жөнөкөй, дегеле элдик экени турпатынан эле көрүнүп турчу.
К.О.: - Аныгында ошондой да, үстүртөн эмес ылдыйдан же бардыгын тең карачу, Отуз жашка чыгып, чыкпай эле элине, мен келдим деп, көрүнө алды. Бирок Дүйшөн, биз - кыргыз эли ага кыртыш болуп бере алдыкпы?
(Уландысы
кийинки санда)




  Орусиядагы кыргыздар

Акча эмес, жүрөгүбүздү салгансыйбыз
Насип экен, "Элге берген куруттан, мени неге куруттуң!" дегендей мындан эки жылча илгери мен деле бүлөмдү тыңыраак багуу ниетим менен поездге олтуруп, Орусияга жөнөп кеткем. Кудайга шүгүр, жыйынтыгы мышык ыйларлык болбоду. Баштапкы баргандагы кыйынчылыктарды эсептебегенде тиричиликке жетерлик каражат топтогонсудум. Первоуральск деген шаарында жайгашкан "Гама" деген түрк-орус биргелешкен фирмасында электрик болуп иштедим. Аты аталган фирмада орус, түрк, армян, азербайжан, өзбек, кыргыз, тажик, немец, башкыр баштаган баш-аягы он экиден ашуун улут өкүлдөрү иштечүбүз. Түрк-орус биргелешкен курулуш фирмасы болгондуктан, негизги бийлөөчү иштердин ана башында түрк, орустар турчу. Темир түтүк чыгарчу заводдун ичине дагы бир жаңы кичи завод куруу биздин фирманын көздөгөн багыты эле. Ушундан улам жашообуз да, жумушубуз да тегерегин жыш токойлор курчаган заводдун ичинде өттү. Дээрлик бир жарым жылдай ушул фирмада иштеп жүрүп, көптөгөн көрүнүштөрдүн күбөсү болдум. "Электрик менен саперлор (мина изилдегичтер) бир гана жолу жаңылышат" дегендей ишке өтө кылдаттык менен мамиле кылчумун.
Ачыгында эле өткөндө бир досум айткандай "сыртка чыксаң көзүң ачыла түшөт экен!" Көп улуттар арасында иштеп жүрүп алеки саатта кыргыз дегенде ичкен ашыңды жерге койгон патриотко айланганыңды өзүң да туйбай калат экенсиң. А турмушта не деген күтүлбөстүктөр болот, ырасы, мен да, башка кыргыздар да ошол Орусияга урушканы, мушташканы, душман күткөнү барган эмеспиз. Бул - чындык. Албетте, кыргыз эмес, мен өзүм казак, өзбек, түркпү, хакаспы, айтор, тилдеш, диндеш калктар үчүн жан берүүгө даярмын. Өзүмдү түрк тукуму, мусулман баласы санайм. Ошентсе да болгон бир окуя оюма улам түшө берип, кыйнап келатат. Айтып берейинби?..
Бир ирет жатаканада чыр чыкты. Кайсыл бир майрамдын урматына ошол күнү иш токтоп, элдин баары эс алып жатышкан. А мен болсо түрктөр менен шаар кыдырып кеткен болчумун. Түрктөр менен бирге кеткен себебим - көчө-көйгө чыкканда аларга тилмеч катары кызмат өтөп, кандайдыр бир маркеттерге же болбосо көңүл ачуучу жайларга баш бакканда орустар менен түрктөрдүн ортосун бириктирген көпүрө элем.
Келип эле уккандын үрөйүн учурган кабарды кулагым чалды. Түш чендерде жатаканада калган үч кыргызды жыйырмадай өзбек туугандарыбыз сабап салыптыр. Кыргыздар чогула калдык. Жабыр тарткан боордошторубуздун абалы аябай аянычтуу эле. Мен биерде албетте, улут-улут болуп мушташалы деп чакырбайм, ошентсе да кандашыңа жан тартат экенсиң да. Манас бабабыздын улуу руху каныбызда ойноп, не болсо да тагдыр жазганын көрөбүз деп, бир атанын балдары - өзбектер менен урушканы жатакананын артына өттүк. Өзбек жигиттери чымындай жанынан түңүлүшүп, былчылдашуунун алгачкы көз ирмемдеринде эле бир муштумга айланган кыргыздардын чабуулуна чыдабай качып беришти. Ошондо билдим, бу кыргызың жанына батса өлүмдөн кайра тартпай турганын. Көрсө, кеп санда эмес, сапатта турбайбы. Бирок, кызыктын кызыгы эртесинде башталды. Фирма ичинде тартип катуу болгондуктан кожоюн түрктөр урушка кайдыгер мамиле жасашпады. Күнөөлүү тарапты издешип, керек болсо жумуштан чыгарууга бел байлашты. Өзбек туугандарыбыз жетекчилердин ичи-койнуна кирип алып, суудан кургак чыгышып, кыргыздардын көбү бөлөк ишке которулууга мажбур болушту. Кыргыз дегениң бир көгөрсө жазылбаган да эр тура, чиркин!
"Элдүү түлкү ачка өлбөйт" - дегендей, ошол фирмадан кеткен кыргыздар деле көчөдө темселеп калышкан жок. Мен болсо беш жылдыздуу мейманкананын алдында жайгашкан гезит-журнал саткан күркөгө орноштум. Таң эрте редакциялардан келип түшкөн гезиттердин так санын тактап чыгып, кожоюнга билдирүү жасайм. А кечинде сатылгандарынын акчасын чогултуп берем. Бош убактымда чыгармачылык дүйнөм менен алпурушам. Кожоюнум ыр жандуу орус болгондуктан, мага жакшы мамиле жасачу. Пушкиндин ырларын жарыша жатка айтчубуз. Негизинен ошол Первоуральск шаарында эки миңдей кыргыздар жашайт. Көчө шыпырып, жүк ташып, электрик болуп, кирпич куюп, жол оңдоп, кароолчулук кылып, айтор, көбүнесе кара жумуштарда иштешет. Ошого карабастан жергиликтүү орус калкынын сүймөнчүгүбүз. Ынтымактуубуз. Тилегибиз, эртерээк эле канды үшүткөн согушу токтоп, мекенибизге кетсек дейбиз. Канчалык каражат тапканыбызга карабастан өз элибизде, өз жерибизде жүрүү ийги экендигин баарыбыз тең тереңден аңдап-туябыз. Боорубуз менен бир бүткөн Кыргызстаныбызды сагынабыз. Банктарга ар айда акча салган сайын жүрөгүбүздү кошо салгандай кусалыктын сазына белчеден батабыз. Кылым карыткан нукура кыргыз ырларын ырдайбыз. Кээ кезде Кыргызстандан барган гезит-журналдар колго тийчү болсо баса калып, колдон колго өткөрүп талашып окуйбуз. Бир чети сыртта туруп өз элибизге керегибиз тийип жатканын ойлоп сүйүнүп калабыз. Неге дегенде өз элинин байлыгып талап, ырысын тоноп-чачкан мансаптагы коррупционерлерге караганда миң бир эсе пайдалуу жумуш жасап жатканыбызды жакшы билебиз.

Акылбек Мамадалиев,
РФ, Свердловск облусу






а ­е¦Є.НҐй«