presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жанызакка жооп

Чыңгызды орусча коюш керек эле! - деп арамданганың эмнең?
Урунаарга тоо, урушаарга жоо таппай кутуруп жатасыңбы? Сендейлерден ислам эч коркпойт! Куранда: "Алар Алланын нурун ооз учу менен өчүргүсү келет, бирок, Аллах өз нурун каапырлар каалабаса да жеткирет" - дейт. Сен Крыловдун "Пил жана кандек" деген тамсилин окудуң беле? Кандекке башка иттер: "Эй, кандек, пил сени такыр эле тоготпой жатканын көрбөй жатасыңбы!" - дейт. Анда кандек: - Ошол көңүл бурбаганы дем берип жатпайбы! - дептир. Сен да биз унчукпаган сайын күчөп жатасың. Күндөн-күнгө ислам дини күч алып баратканын көрүп, жүрөгүң түшүп жатабы?
Эми Чынгыз Айтматов боюнча. Биринчиден, муфтийибиз этика сактап бир-эки жогорку түшүнүктөгү сөз айтып коюптур, анын эмнеси бар экен? Ислам дүйнөсүнүн атуулу дебегенде Чынгыз агабызды христиан дүйнөсүнүн атуулу демек беле? Экинчиден, исламчылар Чынгызды менчиктештирип алды! - деп безилдейсиң, биз аны "приват" кыла тургандай ал ислам дини үчүн эч нерсе жасаган жок. Тескерисинче, анын көп чыгармалары динибизге дал келбейт, анын бири сен өзгөчө мактаган Жамийланын кылыгы исламда чоң күнөө болуп эсептелет. Атүгүл кыргыз элинин менталитетине дал келбейт. Согушка кеткен күйөөсүн күтпөй, бирөө менен ойнош болуп кетүүнү бир да акыл-эси толук кыргыз туура көрбөсө керек.
Ч.Айтматовдун сөөгүн биз мусулмандар такыр эле мусулманча коюлду деп айталбайбыз. Себеби, Көкөтөйдүн сөөгүн 6 ай бою көтөрүп жүргөн Бокмурун сыяктуу, биздин "бокмурундар" да өз билгенин кылышты. Жаназа эки күндөн кийин окутулду. Жаназадан кийин түз эле кабырга алып барбай, филармонияда бир нече саат өлүктү тегеренүү болду. Бул христиан динине да жатпайт, муну шайтандын иши десе болот. Тилекке каршы өзүнүн динин билбей, бирөөлөрдү туураган маңкурттар көбөйүп, башка элдердин салтын салт кылгандар көп. Мусулмандар Каабаны тегеренгенин океңдер көрүп алып, Ленинди тегеренишчү. Анан сен Жанызак Чыңгыз агабыздын сөөгүн кыргызча койсо болот эле дедиң, кайсы катыны бетин тытып, чачын жулат эле? Кыргызча же коммунисттерче койсо болмок дегениң кандай? КПССтин айткандарын "аный!" -дебей аткарган Чынгыз аке мусулмандардын арасында - Мусулманмын! - десе, чыгармаларын христиан динине негиздеп жазса, Көкө теңир колдо деп жатса, биздин күнөө кайсы? Сен эмне, молдолор өзү чуркап барды дегиң барбы? Биздин дин боюнча ким өзүн мусулман эмесмин, мен баланча динденмин деп, башка динди же бутпарастыкты тандаса, ал каапыр (динсиз) эсептелет да, ага жаназа окулбайт, көрүстөнгө мусулманча коюлбайт.
Биз, мусулмандар Чынгыз Айтматовго же андан да улуу инсанга таянбайбыз. Биз жалгыз Аллахка таянабыз. Чынгызбы, башкасыбы, мусулман болобу, болбойбу, андан Алланын дини кемибейт да, көбөйбөйт. Ошону сен жакшы билип ал. Сенин кандай Семетей дининде экениң белгилүү, сен семиттердин динин түртүп жатасың, сен семиттердин камчысын чаап жүрөсүң, а семиттерди бүт дүйнөдө куугунтуктайт, себеби, алар бүт дүйнөнү чаңытат. Бүт дүйнөдө антисемитизм бар, башка элдерге каршы кыймыл жок, антитүрк, антианглис, антиорус дегенди укпасаң керек!
Кемел Талантов,
Талас шаары




  Тең караганды Теңирим сүйөт дечү эле…

Башкага берген куруттан,
Бакырды неге куруткан?
Үч эм балдардын төрөлүшү - сейрек эле боло турган, пендесине Кудай сүйүп кут белек кылган окуя. Мындай өзгөчө кам көрүү мамлекеттик иш, бийлик жетекчилери үчүн жазылбаган мыйзам, айтылбаган ыйман парызы болуш керек.
Элдар, Жасмин, Жазэл аттуу үч эм балалуу болушкан Исаковдун бүлөсүнө өлкө Президенти эки бөлмөлүү үй бергенде далайлардын жүрөктөрү жылыгансып калды эле. Уккан-билгендерибиз балдар үчүн кубанганбыз. Аттиң, бирок, эл айтмакчы "эрдик кылып эт салып, иттик кылып сөөк тарткандай" кайталана жүрчү "ит оору" бул жолу да бийлик билермандарына жабышып, калыстыктан тайдырып жибергени өкүнтөт. Болбосо ушундай эле үч эм балалуу болушкан Турдубаев Шайыбек менен Дайырбекова Жаңылкандын "май куруттан" куру калып, алакчыланганын кандай түшүнсөк болот? Каражанын карч уруп, кара жумуш менен өп-чап каржы таап, өзү жалгыз бүлөсүн багып жаткан атанын, төртүнчү перзентин боюна көтөрүп, чоңоюп келатышкан үч эминин түгөнбөгөн түйшүгүнө бастырган эненин, ушу тапта үңкүрдөй болгон өжүрөдө гүлдөй назик күндөрү күлгө аралашма күлала болуп өтүп келаткан Аманбек, Эсенбек, Турсунбектин аялуу абалдарын элестетип көр. Мэрияга, Президентке эбак эле жөнөткөн өтүнүч арыздарынын жообун күтүп, "Көлмө" конушунун ным тарткан батиринде үмүт менен жашап келишет.
Балким, нарктуу атанын уулу эмеспи, Нариман Түлеев мырза ажаат ачып, тепейген наристелер үчүн Теңирдин жалгоосун алаар?
Же, мэр кезде мээден чыгып кеткен экен, ошону эми орундатып коеюн деп, даражасы көтөрүлгөн Данияр Үсөнов мырзадан "дарение" болоор бекен?
Атакөрү, Президент эле ал бүлөгө кошуп бул бүлөгө деле бир үйдүн ачкычын карматып койгондо, көп адамдардын ага карата күн санап муздап бараткан жүрөктөрүндө аз-аз болсо да жылуулуктун илеби тура турат беле?!.
Сайыр
Абылкасиев,
Сокулук району




  Оңдолбогон кат

Эй, динбезери! Көзүңдө дөңгөч турат
Редакцияга исламды коргогон, албетте, бир тараптуу жактоого алган кат келип түштү. Мүмкүн, туурадыр, ката, аша кеткен жайлары болсо ага окурман журту өзү жооп берер деп, оңдоп-түзөбөй жарыялап жатабыз. "Талаштан тактык жаралат". Кат жазыңыз, пикир бөлүшүңүз, окурман!

Акыркы убакта исламга асылган маңкурттар көбөйдү. Еврейлер: "Протоколы сионских мудрецов" деген катехизисинде: "Интеллигенция гоев не умеет аналитически мыслить" - деп жазыптыр. Көрсө, чын эле анализ кылганга көпчүлүк дөдөйлөрдүн акылы жетпейт экен. "Мусулмандар басмачы, террорист, фашист!", - деп бир-эки жолу телевизордон айтып койсо болду, бизде "акылман" ойду өрчүтүп, ата-бабаларды караңгы, басмачы, жүзүкара, канкор кылып салганга машпыз.
Ойлоп көрүңүзчү, кантип эле элин-жерин, динин, тилин коргогондор басмачы болот да, баскынчылар жапа чеккен байкуш болот?
1918-жылдан 1979-жылга чейин биздин "улуу агаларыбыз" болгон СССРдин "камкордугу" менен Россияда 92 улут жок болуп кеткенин, кээ бир улуттардан 200-300 киши калганын билебизби?..
Араккана, пивокана, казино көбөйсө унчукпайбыз, мечит көбөйдү деп чуулдайбыз. Эмне, казинолор, аракканалар ыйманга чакырып, мечиттер балдарыбызды бузуп жатабы?
Кызык, эмнеге эле исламга асыласыңар? Атаңардын, өзүңөрдүн атыңар мусулманча болуп, мусулманча сүннөткө отургузулсаңар дагы кайсы бетиңер менен мусулманчылыктан баш тартып отурасыңар?
Эртең Кудайдын алдына барганда эмне болооруңарды элестетип көргүлөчү! Эгер ошого мээңер жетсе! Силерден кыйындар Сталин, Ленин анын алдына барган. Силер ким элеңер?! Кудайга душман болосуңар, анан өлгөндө жаназа окутуп, мусулманча койдурасыңар. Өлгөндө өз диниңер менен эле коюлбайсыңарбы! Эмне үчүн молдокелерди чакырасыңар, жаназа окутасыңар? Силер Тибет жакка барып, бир-эки шаман алып келип, бул жерден бир монастырь ачып, өзүңөрдү көмө турган монах даярдатпайсыңарбы, өлүгүңөрдү өрттөтпөйсүңөрбү, катындарыңарга кошокту жакшылап кошконду үйрөтпөйсүңөрбү? Куран окуткандын ордуна кошок коштургула, бейне ырдаткыла. Коммунист болуп өлгөнүң манифесттен, Интернационалдан үзүндү окуп, Марсельеза менен көмүлгүлө. Демократ, динбезерлер өлүгүңөрдү оперетта, симфония, гимн окутуп койгула, философ атеисттер Гегель, Канттан, Маркстан үзүндүлөрдү окуп, крематорийге өрттөткүлө өлүгүңөрдү, жолуңар бош!
Ар кимиң өзүңдү гений сезесиңер, кана кыргызды оңдой турган идеологияңар, кана тартипке сала турган закондоруңар! Күндө бир закон кабыл аласыңар, күндө Конституцияны которосуңар! Бири-бириңди ушактайсыңар, уурдайсыңар, жейсиңер, бири-бириңди өлтүрөсүңөр, анан ким жаман? - Молдокелер жаман! Силер элге түз жол көргөзмөк тургай өзүңөр адашып жүрөсүңөр, силер өз балдарыңарды, катындарыңарды баштай албайсыңар, анан кайсы арыңарга кыйынсынып жатасыңар? Кайсы арыңар менен миң жылдап миллиарддаган элдер тутунуп (арасында биздин ата-бабаларыбыз да тутунган) ислам динин сындайсыңар! Кудайдан ката издейсиңер?
Иса пайгамбар: "Бирөөнүн көзүндөгү чылпакты көргөндөн мурда, өзүңдүн көзүңдөгү дөңгөчтү алып сал, мунафык (эки жүздүү)!" дептир.
Акыркы күндөрү КТРдан атайы ислам динине каршы уюштурулган провокациялар болуп жатат. "Не позорьте нацию!" дегендей, шерменде болбосоңорчу, улутубузду шерменде кылбасаңарчы! Силерди көрүп кыргыздын баары ушундай экен дебесин. Кузгундай болуп тизилип отурупалып, жалган жалаа, кур доомат коесуңар, акылдуусунасыңар. Силер кыргыз элине, динине, салтына, маданиятына кыянаттык кылып жатасыңар. Дал силердей маңкурттар өз динине, өз маданиятына балта чаап келген. "Манас" айтпай балээ айткыр, бир манасчы эпоско кыянат кылып жатат, Манастын намаз окуганын, мусулман экенин, хажга барып келгенин, шейит болгонун тангың барбы? Саякбай да, Сагынбай да Манасты, кыргыздарды мусулман деп жатпайбы, каерде Манас ташка сыйыныптыр?
Орустарда: "Нечем крыть" - деп айтат.
Силер эмес белеңер кечээ эле "Адам маймылдан тараган!" - дегендер. Ислам дини адамды дайыма эң улуу зат деп келген. Алладан кийинки эле зат адам дейбиз. Андай идеялар арак ичкен мээлерде гана пайда болот. Силердей жалганчыларды ким ээрчийт, ким угат? Манаста айтылгандай, кебиңерди ит уксун!
Силер билип койгула, "ит үрө берет, кербен жүрө берет", - дейт. Силердин эч негизсиз үргөнүңөр Алланын нурун өчүрө албайт, Алла өз нурун аягына чейин жеткирет.
Дин безерлер, билип койгула: "Ким Алланын динине, пайгамбарына асылса, өзүн мусулман эмесмин десе, мусулманчылыктан чыгып, каапыр болот. Ага жаназа окулбайт. Тиги дүйнөдө алар үчүн чексиз азаптар бар. Силер кыйынсынып, Аллага душман болуп жатасыңар, ары жоктор, андан көрөкчө кыздар-балдарыбызды мектептен баштап бузгандар менен күрөшпөйсүңөрбү, жаштарыбызды сойкулукка, баңгиликке үйрөткөндөр менен күрөшпөйсүңөрбү!
"Эсиң барда этегиңди жап" - дейт, тообо кылгыла! Же түбөлүктүү жашайбыз деп жүрөсүңөрбү? Ленинден эле ибарат албайсыңарбы, аны ата тутуп, осуятын жат кылбадыңар беле бир кезде. Азыр анын тому 25 тыйын - бул даарат кагазынан 20 эсе арзан!!!
Ширин АЛИК кызы,
Бишкек шаары









??.??