п»ї
Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов 75 жашта
Күнболот жана анын кесиптештери ким болот?
Кыргыз театр тарыхын изилдеген көп эле китептер чыкты. Анын таржымалын, кыргыз драматургиясын иликтеп, аздыр-көптүр искусство таануунун кандидаты жана докторлору да болушту. Бирок театрды жан-дилинен сүйүп, анын чыгармачылык составы: режиссерлер, актерлор, сценографтар, музыканттар менен эриш-аркак иштеп, алардын өнөрүн, өзгөчөлүгүн, кулк-мүнөзүн жандүйнөсүнө сиңирип, ар биринин басып өткөн жолун тастыктап, драматург катары баа берип, жатык тил менен жетимдүү, көркөм жазылган китеп жок эле. Театрда сексен беш жыл ичинде жетектөөчү ролдорду аткарган негизги актерлордун, спектаклдерди койгон режиссерлордун, жасалгалаган художниктердин портреттерин талдап, кыска, бирок нуска жазылган Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл акыны Эрнис Турсуновдун "Актерлор дүйнөсүндө" деген биринчи китеби "Күнболот жана анын кесиптештери ким болот?" деген ат менен "Учкун" басмасынан жарыкка чыкты. Бул көлөмдүү кызык китеп. Китептин кантип жазылып калганы жана анын мааниси жөнүндө демөөрчүгө, башкы режиссерго, актерлорго сөз берели.

СОНУНДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ
- Таалайбек Абдылдаев, Москвадагы ишкердик жана укук институтунун Бишкек филиалынын ректору, экономика илиминин кандидаты, профессор:

Жүзүнөн күлкү тамган Күнболот Досумбаев жөнүндө китеп жаздыруу максатында театр ишмерлерине бир нече ирет кайрылып, кайсы авторду сунуш кыласыздар деп сураганыбызда, республиканын эл артисттери: Сатыбалды Далбаев, Гүлшара Дулатова, Асанкул Осмонов, Мамбет Асанбаев, Алмаз Сарлыкбеков жана башкалар: "Андай китепти жаздырыш үчүн театрыбыздын тарыхын, актерлордун баскан жолун, ойногон ролун, чыгармачылыгын жакшы билген, спектаклдерди, образдарды, сценографияны талдай билген, көркөм дүйнөнү терең түшүнгөн калемгерди табыш керек. Андай калемгер бизде сейрек. Бир жазса, Эрнис Турсунов жазар бекер, ал биздин театрда адабий бөлүмдүн башчысы болуп үч жолу иштеп кеткен. Актерлорду, режиссерлорду, художниктерди жакшы билет, улуу-кичүүлөр менен жолдош, замандаш, эрудициялуу калемгер. Жакшылап туюндуруп, сүйлөшүп көрбөйсүзбү?" - дешти.

Бирок Эрнис Турсуновду табыш түйшүктүү жумуш болду, анткени ал Бишкектеги үйүнө көп турбайт экен, бирде Ысык-Көлдөгү үйүндө, бирде дачасында, бирде "Арашанда" иштейт. Ага туюндуруш да, жаздырыш да кыйын болду, жалаң кагаз үстүндө, жумушу чачтан көп. Ошондо, ооруканада жатканда атайы кайрылдым. "Эгерде демөөрчү болуп, мөөнөт коюп, келишим түзсөңүз, мөндүрдөй жааган иштеримди ары жылдырып, милдеттүү түрдө жогорку критерийде иштөөгө туура келет. Бирок театр деген коллектив менен, ансамбль менен иш жүргүзгөндүктөн, жеке бир актерду бөлүп алууга болбос. Мисалы, Досумбаев жөнүндө китеп чыгара турган болсоңуз, анда Күнболоттун портретин жазуу менен бирге анын кесиптештерин, партнерлорун, үзөңгү жолдошторун калтырып кетүүгө жарабайт. Демек, андай китеп "Артисттер дүйнөсүнүн" бир цикли катары "Күнболот жана анын кесиптештери ким болот?" деген суроого жооп болуу керек.

Эгерде мен жазсам, театрда иштеген мезгилдеги, өзүм көргөн, өзүм талкуусуна, кабыл алуусуна катышып, көмөктөш болгон, басма беттерине жарыяланган спектаклдер, драмалар, актерлор, режиссерлор, сценографтар жөнүндө гана жазам. Албетте, театр өнөрүнүн өзгөчөлүгү, тарыхы, таржымалы, баскан жолу сөзсүз камтылуу керек. Өзүм көрбөгөндөрдү, өзүм катышпагандарды, билбегендерди бирөөнүн заказы же айтканы боюнча жаза албайм, себеби көргөн эмесмин, билбейм. Андыктан кээ бирөөлөрдүн "бизди көз жаздымда калтырганбы?" деген суроосуна жооп бербесимди эскертем. Алар жөнүндө башка авторлор жазсын, иликтесин, китеп кылып чыгарсын, кинотасмаларга тартсын. Ким жазса да ага ак жол каалайм", - деди.

Күнболот Досумбаев жана анын кесиптештери жөнүндө жазып жатканда мен Эрнис Турсунов менен маектешип, керектүү документтерди, сүрөттөрдү, материалдарды таап берип турдум. Ошондо ал театр керемет искусство экенин, артисттер дүйнөсү - сонундар дүйнөсү экенин тамшануу менен айтып берди. "Жаш күнүмөн театр ишмерлеринин чөйрөсүндө өстүм, - деди ал, - кайын атам Касымалы Бектенов кыргыздын туңгуч режиссерлорунун бири, көп жылдар театрдын директору болгон. Кайын энем Урумкан Исмаилова Москвадагы А.В.Луначарский атындагы Жогорку театр институтун 1941-жылы бүтүргөн профессионал актриса. Алардын үйүндө драматургдар: К.Жантөшов, О.Шүкүрбеков, К.Маликов, режиссерлор: А.Куттубаев, А.Көбөгөнов, Мамат Рыскулов, актерлор: М.Рыскулов, С.Күмүшалиева, Б.Кыдыкеева, С.Жаманов, Ш.Түмөнбаев, С.Балкыбекова, А.Жанкорозова такай болоор эле.

Кийинчерээк университетти бүтүрүп, Кыргыз ССРинин маданият министри жана Кыргызстан КП БКнын секретары Абдыкайыр Казакбаевдин сунушу менен искусство иштери боюнча Башкы башкарманын начальнигинин орунбасары жана кыргыз театрларынын репертуарлары боюнча Башкы редактор болуп иштеп калдым. Анда эки кызматты бир эле киши тейлечү. Ошондон тарта режиссерлор, актерлор, художниктер менен тыгыз байланышта болдум. Алар тууралуу мезгилдүү басмаларга көп жаздым. Өзүмдүн либретто, драмаларым театрларга ийгиликтүү коюлуп турду. Алардын элге кылган кызматында баа жок, алар театрга жанын арнаган, искусствонун курманы болгон аянычтуу адамдар. "Чатак көзү барда, атак көзү өткөндө" дегендей, алардын аты тарыхка алтын тамгалар менен жазылып калды.

Демек, бул китепти жаздырууга Эрнис Турсуновду сунуш кылган артисттердин пикири туура экен деген ойдо болдум. Бул китептен театр жана артисттер дүйнөсү жөнүндө кимдин кандай суроосу болсо, жооп табат го деген ойдомун. Автор убактысын үнөмдөп, мөөнөттү создуктурбай колжазманы каалаган учурда бүткөрүп берди. Мен китепти чыгаруу жагын ойлоп, кандай да болбосун, сапаттуу чыгара турган басмага кайрылдым.

БИЛГЕНДЕН БИЛЕ ЭЛЕГИБИЗ КӨП ЭКЕН
Табылды Актанов, Кыргыз Республикасынын эл артисти,
Сатылган Сазаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти

Моюнга ала сүйлөйлү, биз кыйла жылдан бери театрда актер болуп жүрсөк да кыргыз театрынын таржымалын, тарыхын, баскан жолун билбейт экенбиз. Башкасын коюп, борбордук театрлар сыймык менен жүзөгө ашырган "Текшерүүчү", "Козголоң", "Молдо Насирдин", "Мышыкка күндө май кайда", "Сокур тыйын жок эле толгон алтын табылды", "Кедейлик уят эмес", "Сепсиз кыз", "Добул", "Күнөөсүз күнөөлүүлөр", "Кой булак", "Он экинчи түн", "Отелло", "Азоого чалма", "Полководец Суворов", "Конок үйүнө кожоюн аял", "Эки мырзанын малайы", "Орус маселеси", "Оптимисттик трагедия", "Мылтыкчан киши", "Төңкөрүш", "Жүзүкаралык жана сүйүү", "Ваня таеке", "Анна Каренина", "Акылдан азап", "Ак чач кыз", "Тайфун", "Ганга дарыясынын кызы", "Васса Железнова", "Егор Булычев жана башкалар" сыяктуу, ири шаарларда коюлган спектаклдер менен теңтайлашып, классиканын аталган мыкты чыгармалары өткөн кылымдын 20-60-жылдарынын аралыгында кыргыз сахнасында коюлганын, аларды кандай котормочулар которуп, кандай режиссерлор, кандай сценографтар жүзөгө ашырганын чынында билбейт экенбиз.

Кыргыз театрынын башатында кимдер турганын, туңгуч директорлор кимдер болгонунан, Еленин, Кузинцев, Самарин-Волгин, Дрознец, Васильев, Шабанов, Боров, Тугужеков, Айдаркулов, Жетикашкаев, Сарбагышов, Касымалы Бектенов сыяктуу мурдагы режиссерлордон Петров, Штофер, Молдокматов сыяктуу алгачкы художниктерден кабарыбыз жок экен. Баарынан да, туңгуч актерлор Касымалы Эшимбеков, Жапар Жүндүбаев, Султан Кочкорбаев, Сырдыбай Керимов, Закия Керимова, Алманбет Бейшенбаев, Бүбүсайра Бейшенбаева, Абугазыр Айбашов, Канымкүл Айбашова, Шейше Орозов, Гуля Уразбаева, Имаш Рысмендеев, Калыйча Рысмендеева, Осмон Кененбаев, Калбүбү Мадемилова, Абыл Урманбетов, Сагын Байбатырова, Тынышбай Кульмухамедов, Анвар Куттубаева, Аманкул Куттубаев, Ашыралы Боталиев, Батипа Малдыбаева, Садыр Сабаев, Ормокой Иманалиев, Алжан Сарбагышов, Мамбеталы Кыштобаев, Шамшы Түмөнбаев, Урмат Абдиев, Назарбек Чокубаев, Асан Саргалдаев ж.б. жөнүндө билбегенибиз, билсек да толук эмес үстүртөн билгенибиз, албетте уят иш. Экинчиден, аларды баяндаган эмгек жазылбагандыгында жана театрдын тарыхы, таржымалы китеп болуп чыкпагандыгында.

Мына, бул актай жерлерди жакында жарык көргөн кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун "Актерлор дүйнөсүндө" деген көлөмдүү китеби толуктады. Анын биринчи китеби "Күнболот жана анын кесиптештери ким болот?" деген ат менен "Учкун" басмасынан чыкты. Албетте, автордун теориялык жактан театр өнөрүн жакшы билгендиги, архивди терең казып, материалды бирден терип жыйнагандыгы, театрды жан-дилинен жакшы көргөндүгү китеп беттеринен айкын эле көрүнүп турат. Китеп жатык тил менен кызыктуу жазылгандыктан, жакшы окулат. Бул илимпоздор үчүн да күлазык. Биз билбеген, биз укпаган сонундар дүйнөсү кеңири камтылган.

Алгачкы кыргыз театры Мамашариптин мечитине жакын жердеги жумушчулар клубунда, азыркы "Кызыл Кыргызстан" кинотеатрынын имаратында жайгашкандыктан, анда коюлган "Молдо Насирдин" деген спектаклди көрүүгө чакыртылган ажы, кожо, эшен, калпа, молдолор Насирдин кирип келгенде залдан чыга качканын Аманкул Куттубаевдин айтып бергениндей так, таамай, көркөм жазган. Ак селде оронуп, ала чапан кийген Молдо Насирдин сахнадан көрүнгөндө, Меккеден келген кожону көргөндөй, залда отурган динчилер орундарынан жапырт туруп, колдорун бооруна алып, ага ызаат кылып, саламдашканы таңкаларлык көрүнүш болгон. Ал эми оюндун жүрүшү алар күткөндөй болбой калган. Динге жамынып, молдонун жүргүзгөн үгүтү, кылык-жоругу, "Кудайдын кулу, Мухаммеддин үммөтүбүз" деген динчилердин чектен чыккан иштерин ашкерелеген. Ошондо залда отурган динчилер элдин бетин кароого даай албай жер тиктешкен.

Китепте 20-40-жылдарда которулуп коюлган спектаклдерден тартып, 1990-жылга чейинки коюлган классикалык спектаклдердин тизмеси жана кимдер которгонуна чейин берилген. Театрдын биринчи директорунан тартып, бүгүнкү күндөгү жетекчисине чейин (алар 21), адабий бөлүмдүн башчылары (21), режиссерлор, сценографтар, актерлор кимдер болгону тизмеленип, аттары аталып, мүнөздөлгөн. Россия империясында биринчи театр айымпаша Елизавета Петровнанын жарлыгы менен 1756-жылы 30-августта уюшулган. Анын башында ярославдык актер Ф.Г.Волков турган. Александр театры, Мариинск театры, Щепкиндин театры, Островскийдин театры деген коллективдердин тарыхы изилденип, орустарда театрдын өнүгүү процесси системалуу жолго коюлган. А бизде музыкалуу театр качан уюшулганын, качан драмалык театр болгонун, опера театры менен драма театры качан бөлүнгөнүн, жаштар театры качан ачылганын, биринчи наамды кимдер алганын, ал наамдар качан чыгарылганын даана билбейбиз. Китепте мунун баары бар.

Биз аталган атактуу драмалардын биринде да роль аткарбай, жалаң жергиликтүү авторлордун пьесалары менен чектелгенибизге абдан өкүнөбүз. Азыр аларды кое турган режиссер да, жасалгалай турган художник да жок. Бардыгы көртирлик менен алек, а театр деген улуттун жүзү, ажары, мазмуну эмеспи! Биздин театрга караганда "Учур" театры "Тартюф", "Цилиндр", "Калигула" деген классикалык спектаклдерди жүзөгө ашырганына арданабыз, арданганда кантебиз, Эрнис Турсуновдун театр жөнүндөгү китебин окуп канагаттанабыз…

Даярдаган Айгүл Бакеева







кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"
email • архив • редакция 
17-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
МЭРге мээр сөз
2-бет
Балдызка китепкана мага тиешелүү дейт ко ия?
3-бет
Доктор Кубанычбек Апас
4-бет
Бишкектин МЭРин бала кезинен билем
5-бет
Мамлекеттин биринчи адамына карап аткаминерлер түздөлөбү
6-бет
Директор Кыргызпатента "отстреливает" неугодных
7-бет
Билимиң кандай, кыргызбай?
8-бет
Жери такырдын эли ЖАКЫР
9-бет
Көлдө сүзөт эки ак куу
10-бет
Улут үнү - УТРК
11-бет
Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов 75 жашта
Күнболот жана анын кесиптештери ким болот?

12-бет
Манап бийдин айкели
13-бет
Сыйкыр күзгү
14-бет
Жылдыздар жымыңдашат…күзгү
15-бет
Миландагы дүйнө чемпионатынын сабактары
Орустардардын дүбүртү, казактардын өчүшү
16-бет
Жаңы клип
а ­е¦Є.НҐй«