Аксакалдар не дейт

Бишкектин МЭРин бала кезинен билем

Мен Нариманды кичинекей бала кезинен билем. Ата-энеси болуп Нарында жашап-иштечүбүз. Атасы Ташболот Түлеевич соода тармагында жооптуу кызматта, ал эми энеси Чынар областык аткаруу комитетинде иштеп, чарбалык иш менен бирге аткаруу комитетинде партиялык уюмдун катчысы болуп иштөөчү. Коммунисттердин ишеничин актаган, өзү бардык жактан жоопкерчиликтүү, тапшырган ишти аткара билген адамга гана тапшырылчу. Түлеевдердин үйүндө кыз бала болгон эмес. Ата-энеси эртеден-кечке иште жүргөнүнө карабай үйлөрүнө барсаң, үйдүн ичи таптаза. Чынар эртең менен ишке кетип жатып, иш бөлүштүрүп, кечинде келгенде баарын өзү текшерип алчу тура. Наримандын өтө жогорку аткаруучулук тартиби ошол эле бала кезинен калыптанса керек. Мен областтын прокурору болуп иштеп турганда эл арасында кылмыштуулуктун алдын-алуу максатында комсомол уюму менен бирге иш-чара түзүп, бирге иш алып барчубуз. Ошондо эле Нариман обком комсомолунун кызматкерлеринин арасында ишти уюштуруу жагынан айырмаланып турчу. Ошондо эле келечекте кыргыз элинин бир белдүү жигиттеринен болот го деп ойлогом. Мына, эми өзүнүн ишмердүүлүгүн республикалык масштабдагы кызматтарда көрсөттү. Адеп кыргыз темир жолун бутуна тургузду. Азыр мэриянын ишин ийгиликтүү аркалап жатат. Президентибиз К.Бакиев өзү өндүрүштө жетекчи кызматтарда иштеген адам катары, ушул мэриянын башчысын дайындоодо кадрларды көрө билгендигин далилдеди. Мэриянын учурда аткарып жаткан ишине бүтүндөй Бишкек шаарынын тургундары ыраазы. Шаардын тазалыгы, жолдордун оңолушу, парк, эс алуучу жайлардын көрктөлүшү, транспорт каттамдарынын жөнгө салынышы, тартип маселесинин чыңдалышы көп уюштуруучулук иштерди талап кылат. Ушул касиеттин баары Наримандын ишинен көрүнүп турат.

Шаарда мурда деле жетекчилер иштемиш болуп жүрүштү. Алардын иши көзөмөлдүн жоктугунан "бөртөй-шөртөй" болуп калаар эле. Мисалы, Куловдун "Лежачий полицейин" алалы. Идея туура, а бирок ал иш кандай бүттү, көзөмөлдүн жоктугунан бир жери бийик, бир жери жапыз болуп, канча машинанын алдылары жарылып, сыйрылып жараксыз болду. Кыргыз эли көтөрүмдүү эл, бири да Куловго доо койгон жок.

Бизде саясатты президент сүйлөш керек. Калган жетекчилер аз сүйлөп, көп иштеши зарыл. Ушул принцип анда бар. Алыста иштеп жүрүп, өзүнүн кичи мекенин да унуткан жок. Нариманды билбеген Нарын областында бир дагы мугалим, жардамы тийбеген бир дагы мектеп калбады. Кайрымдуулугун көрсөтүп, мугалимдерге, мектептерге такай жардам берип келет. Көпүрөлөр оңдолду, Нарын районунун Орто-Саз айылына өзүнүн каражатына мектеп салып берди.

Мына, элге кызмат кылат деген ушул. Наримандын иши ийгиликтүү болуп, иштеген ишинен баар таап, президент тапшырган ишти так аткарып, эл ишеничин актап, жөнөкөй сөз менен айтканда майын чыгара иштеп, суук көздөн, ачуу сөздөн алыс болуп, кыргыз элине кызмат кылуусун тилейм.

Асанкул Султангазиев,
КРнын экс-депутаты,
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи", юстициянын III-класстагы мамлекеттик кеңешчиси