![]() |
|
|
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Тарыхыңды тактап ал! Өзүңдү сыйлабасаң өзгөлөр баскындайт Казактын азыр изденип, тарыхый фактыларды жазып жаткан тарыхчылары, илимпоздору эгемендик жылдары өз эмгектеринде тарыхты бурмалап, ашкере өпкө чаап жаткан көптөгөн фактылар бар. Бүтүндөй Орто Азия аймагындагы жашаган элдерге бирдей орток үлүшү бар, мисалы Асан Кайгыны, казактын жаңы энциклопедиясына улуту казак деп киргизип алышты. Жаңы чегара демаркизацияланып жаткан жакынкы эле учурда Көкөтөйдүн ашы өткөн кыргыздын берекелүү Каркырасын, Чүйдүн түндүк-батышынан 2,5 миң гектар кыргыз жерин казактыкы кылып алышты. Кыргыздардын өзүндө да бар, бүтүн эл нааразы болуп Каркыраны казакка бербейбиз деп атса, көлдүн күнөсүндөгүлөр "малыбызды жайганга ыңгайлуу" деп көроокаттан өйдө көтөрүлө албай, казакка тиешелүү бираз жайыт тоону Каркырага алмашып тынышты. Коңшу Каркырага азыр тикенек зым тор тартып, кыргыздын чычканы да өткүс кылып тосуп алышты. Ошентип, улуттук ар-намысыбызды күнүмдүк көртирликтин таманына тебелетип алдык. Манастын кусурун ойлободук… Жакында кыргыз парламентинде Турдукан Жумабекова баштаган депутаттар кыргыздын улуттук тамак-аштарын: казы-карта, чучук, боорсок, курутту ж.б. казак тарыхчылары энциклопедияга казактын көөнө улуттук тамак-аштары деп жазып жатышат, биз карап олтурбай, өзүбүздүн бул улуттук тамак-аштарыбызды кыргыздыкы деп мыйзам аркылуу бышыктап алалы деп маселе көтөрүштү. Таңкалыштуусу, кечээ эле улут катары уюкташкан казак калкынын бүгүнкү тарыхчылары боз үйдү да казактын улуттук боз үйү деп жазышты. Аз күн мурда 5-каналдан бир тарыхчы сөрөйүбүз "алардыкы деле туура, биздики "бооз үй" болот" дейт, тобо. Качан эле кыргыз алты канат ак үйүн бооз үй дечү эле?!. Кыргызстандын маданият жана маалымат министрлиги, Улуттук Илимдер Академиясы демденип, "Кыргыздын улуттук маданияты жана цивилизациясы" деген жаңы концепция түптөп, ошонун негизинде кыргыз тарыхынын он беш томдугун жаңыдан жазып чыгарууну максат коюшту. Азыр бул өтө олуттуу иштин көчү жаңыдан гана козголгону турат. Адистер тандалып-ылганып жатат. Азиядагы эң эски улут - кыргыздар экендигин эч ким танбайт. Түрктөр муну ырастап турушат. Демек, жаңыча жазыла турган тарыхыбыз эски шаблондордон арылып, терең, олуттуу жазылышы милдет. Ал эми тарыхый фактылар дөбө-дөбөлөнүп жатпайбы. Аларды казып, ирет-иретине келтире турган терең билимдүү тарыхчы илимпоздорубуз, шүгүрчүлүк, жетиштүү. Өз тарыхыбызга карай жасап жаткан үстүрт мамилебиздин бир эле мисалын айталы. Ай башында Бишкек шаардык кеңеши өз сессиясында талкуудан өткөрбөй эле Улуттук Академиянын тарыхчы кызматкерлеринин пикирин макул таап - Бишкектин 130 жылдык мааракесин өткөрүүгө токтом токушту. "Расмий версия" боюнча бул эсеп 1878-жылдын 29-апрелиндеги Жетисуу облусунун аскер губернатору генерал Герасим Колпаковский Токмок уездинин борборун Токмоктон Пишпекке көчүрүүгө буйрук берген. Ошондон соң Аламүдүн менен Ала-Арчада жайгашкан бардык уездик расмий уюмдар, доктурканалар түгөлү менен Пишпекке көчүрүлгөн. Албетте, генерал-губернатор Колпаковский өз приказын империя колдонгон эски календарь боюнча дааналаган. Андай болгондо, айталы, эски менен жаңы календардын ортосунда 13 күн айырма бар, демек анда Бишкек шаарынын күнүн 11-майда майрамдашыбыз керек эле. Бирок, мурдагы чакырыктагы депутаттар борбор шаардын күнүн - 29-апрелге белгилеп коюшкан болчу. Азыр болсо шаар кеңешинин бир катар депутаттары бул маселеге кайра кайрылып, Бишкек качан түптөлгөндүгү тууралуу башка дагы көз караш, пикирлерди карап чыгып, КРСУнун профессору, белгилүү археолог Валентина Горячеванын "Тянь-Шанда VI-XII кылымдардагы түрк каганаттарынын калаа маданияты" аттуу китебине, жана да башка булактарга кайрылсак, анда Бишкеке 1500 жыл болот! Азыр ушул борборубуз Бишкектин ордунда, анын айланасында VI кылымда эле Жула, Пакап ж.б. шаарчалар болгону белгилүү. Мындан тышкары тарыхты терең изилдеп, аярлап фактыларды бирден чогултуп, тарыхый чыгармаларды жазып келаткан Эл жазуучусу Асанбек Стамовдун пикири да олуттуу - мындан туура 250 жыл илгери, тагы 1758-жылы Бишкек баатыр өз аскерлери менен Аламүдүн суусунун тушуна эң кубаттуу форпост курган. Мындай болсо, анда бери болгондо Бишкектин 250 жылдыгын белгилөө керек го? Валентина Дмитриеванын түйшөлүп нааразы болгудай жөнү бар. Биз Бишкекке 130 жыл толду деп батперек учуруп жатабыз. Ошол эле маалда, маселен ошол эле казактар Улуу Жибек жолундагы туташ шаарлардан Тараздын (мурдагы Жамбыл, мурдагы Мирзоян, мурдагы Олуя-Ата) 2000 жылдыгын дүңгүрөтө белгилешти. Өткөн жылдын этегинде Шымкенттин (мурдагы Чимкент, мурдагы Эски Сайрам) 1500 жылдыгын белгилешти. Өзбек журту Ташкенттин (мурдагы Чач, мурдагы Бинкет) 2200 жылдыгына даярдык көрүшүүдө. Бул шаарлар түгөлү менен моңгол чабуулдарында талкаланган. Ата-баба жашап келген тарыхты үзүп-жулкуп, муундардын, кылымдардын байланышын аяр-аспиет тутунуу ордуна, кечээ эле чыга калгансып, чолок эстутумдун капканында калып атканыбыз башкалар эмес, ириде өзүбүз үчүн уят. Жолдошбек Зарлыкбеков
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||