![]() |
|
|
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Күнсереп Курч реформа. 40% кыркылар чиновниктер Ошентип, мамлекет башчысы өзүнүн президенттик экинчи мөөнөтүндө чакан өлкөбүздө он сегиз жылдан бери чардап-куунап, көлгө кое берген чабактай улам тукуму көбөйүп аткан чиновниктер журтуна өзүнүн узун "кайырмагын" - бийлик, мамлекеттик башкаруу системасын кескин реформалоо деген түмөн түйшүктүү аракетин баштады. Ушул кезге чейинки анда-мында боло келген кадр кыскартуу саясаты сайда калып келди. Чиновниктер журтун билесиз, кырккан сайын узарган, сөккөн сайын көгөргөн, азайткан сайын көбөйгөн калк. Алакандай Кыргызстанда килейген чиновниктик аппарат иштей келди. Президент бул ирет башкаруу системасын реформалоону өзүнүн Администрациясын жоюудан баштаганы, өзү жыйында эскерткендей, башкаларга үлгү болушу керек. Башкаруу системасын жаңылап өзгөртүү үчүн мындан эки ай мурда түзүлгөн атайын комиссия тобу иштей баштагандан бериге ар түр чиновниктер ишке деле көңүлү чаппай, балээ болуп кыскарып кетемби деген санаада олтурушту. Курманбек Салиевич кыскартуулар 40 пайыздан ары болорун айтты. Демек, Ак үй бул ирет кадр реформасын ишке ашырууга тике ниет кылды көрүнөт. Албетте, жаңы структурага көз жүгүрткөн адам аткаруу бийлигинин жаңы структурасында мурдагыдай эле он төрт министрлик, жетиден эми алты агентчилик, эки фонд турганын көрүп турат. Мамкомитеттер толук жоюлганы менен, бир-бирин кайталаган көптөгөн ведомстволор, бөлүмдөр кыскартылганы менен, жаңы уюшмалар эми мобилдүү болуп, чыйрак иштеп кете алабы деп санаа тартпай койбойсуз. Айрым талдоочулар реформа аркасы менен президент бийликтин чоң үлүшүн өзүнө ыйгарып алды деп да айтканга үлгүрүштү. Президентке тике караштуу мурдагы жана азыркы структураны салыштырсак, кыйырында бул кылапат кине сөздөрдүн жөнү бардай. Администрация жоюлуп, анын ордун Президент Институту басты. Бул Институттун тутумуна: президент аппараты, Секретариаты, өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги, коргоо, коопсуздук жана укук коргоо боюнча мамлекеттик кеңешчи, тышкы иштер боюнча мамлекеттик министр кирди. Мындан сырткары Институт курамында Президенттик кеңеш кирет. Ал эми аппаратта : аппарат жетекчиси (юридикалык кызматтарды аркалайт), канцелярия, ЖК менен байланыш, комиссиялар ишмердигин камсыздоо жана кадрларды ылгоо, уюштуруу, иштерди тескөө кызматтары түзүлөт. Ал эми Секретариатта: анын жетекчиси, маалымат топтоочулук, камсыздоо,басма сөз, иш-чараларды уюштуруу, протокол,коомучулук менен алакалаш кызматтары иштейт. Мындан тышкары кайра түзүлө турган Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Өкмөттөн ажыратылып, Президентке түз баш ийет. Азбы-көпбү? - санактаңыз. Бул жаңы структура чакан, мобилдүү болот да, Президенттин жүгүн жеңилдеткен заманбап структура болот деп ишене туралы. Курманбек Салиевич өз сөзүндө реформанын ушул биринчи этабынын этегине качан чекит коюларын айтканы жок. Ал эми жалаң төш реформаторлор бул реформанын экинчи этабында - жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин чиновниктер аппаратын кыркканды жазда баштап жиберебиз деп шымалана сүйлөп турушат. Бийликтин бул бутагында да чиновниктер өөрүп кеткени белгилүү. Чиновниктерди кескин кыскартуудан мамлекет казынасы жарым миллиард сом пайда табат экен. Бул ири акча кайда жумшалат? Иштеп аткан кызматчылардын айлыктарына канча үлүшү жумшалат? Азырынча суроо. Реформа концепциясын түзгөн адистердин пикиринче, мамчиновниктин айлыгын көтөрсө өлкөдөгү майда жана орто деңгээлдеги коррупция басаңдайт дешет. Чиновник качан эле акчага тойчу эле. Айткандай, каржы министри М.Султанов эмитеден эле ошол жарым миллиарддан үмүт этип турганын ачык айтты. "500 миллиард сом - бул чоң акча, бюджет тартыштыгын жеңилдетет. Азыр бизде 30 млн. доллардай акча жетпей турган. Мүмкүн, алып каларбыз". Президент кыскарган чиновниктерди кайра окуталы, чакан бизнеске барчуларга микрокредит берели деди. Кыкеңди билесиз да, кызматынан кылт эткен адамга кредит эмес, түзүктөп салам бербей калат эмеспи. Курманбек Салиевич сөзүндө "канча чиновник кыскарарын атайлап эле айтпай турам. Көп, өтө көп…" деди. Ошол "өтө көптөрдүн" ар биринин тагдыры, үй-бүлөсү бар. Чиновниктин дээрлик көбү башкаргандан башка ишке жарабайт. Кантишээр экен, канча трагедия күтүп турат, ким билет. Экинчиден, президент Жогорку Кеңешти да "каптап" өтпөдүбү - "Кеңешчи, жардамчы, иш башкармалыгыңыздар болуп, 800дөн ашыкча чиновнигиңер бар. Силер да мени ээрчип, кыскаргыла" деди. ЖК ансыз да буга чейин 360 кызматчысынын "кара тизмесин" жазып койгон. Мындан сырткары, ар бир министрликте, ведомстволордо, уюмдарда 40%дан кем эмес кыскаруу жүрөт. "Тытыш" алдыда. Адистигине эмес, тааныш, жердештигине кара ылгап, кыскартуулар жүрөрү турулуу иш. Бул биздин улуттун канындагы адат. Демек, дагы далай чыр-чатактар, соттошуулар күтүп турат. Президент өкмөттүн жаңы структурасында бир нече вице-премьерлер болот деди. Анча виценин эмне кереги бар дегендер бар. Сураштырсак, прогноздо: өкмөттүн аппарат жетекчиси - вице-премьер-министр катары координациялык роль аткарат экен. Экинчи вице - экономиканы, үчүнчүсү - социалдык тармакты, ал эми төртүнчү вице - илим-билим тармагын кошуп, өлкөдөгү бардык реформаларды көзөмөлдөөчү координатор кызматын аткарат. Россияда, мисалы аз мурда Д.Медведев вице даражасында өлкөнүн улуттук программаларын көзөмөлдөгөн кызмат аткарганы эсибизде. Чекисттер буга чейин өздөрүнүн негизги милдетинен алаксып, экономикалык кылмыштар, паракорчулук, коррупция, баңгизаттар боюнча иштей келди. Ушул эле маселелер менен ИИМ, финполиция иштөөчү. Эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы ар кимдин чөнтөгүн аңдыбай - түз милдети - шпион, моджахеддерди колго түшүрүү менен алек болот. Түбүндө ушундай болушу керек эле. Болбосо чекисттер өздөрү баңгизат сатып кармалып, Торугартты тооругандан башка "өнөрү" калбагандай абалга келген. 14 министрлик саны түгөл калды. Министрлик даражасынан жалгыз гана маданиятчыларды төмөндөтүп коюшту. Синдикат, калдык үлүш деп коюшчу эле, реформаторлор ошол эски дартты кайра чукуп - агенттик кылышты. Ак үйчүлөр алыс-жуукка чыкса, кадырлуу конок тоссо маданиятчыларды бетине кармай келет да, он беш жыл бою арызданып жүрүп жеткен министрлик тармактын даражасын ылдыйлатты. Бул министрликтин олуттуу - маалымат тармагын кайда "айдадыңар?" десек, логика боюнча ал Секретариат тутумуна кирет дешти. Казакта, айталы бул структура өкмөттө болчу, аз мурда аны президент бийлик тутумуна киргизишпедиби. Туризм кайда житти? - десек - ал чакан жана орто бизнеске тиешелүү болгондуктан, аны экономикалык жөнгө салуу министрлигинин тутумуна коштук деп турушат. Элге жакканы - мамлекеттик каттоо тармагын бир уюкка - Мамлекеттик каттоо кызматына топтогону болду. Болбосо ар бир министрлик, ведомство ж.б. өз алдынча каттоо укугуна ээ болчу. ИИМ автотранспортту каттоо, паспорт столдорун тескөө укугунан ажыраганы, маалымат ресурстары жана технология мамагентчилиги да укугун жаңы кызматка өткөрүп бергени туура болду. Бул кызмат эми өлкөнүн бирдиктүү маалымат банкы болуп, элдин түйшүгүн жеңилдетет. Ынтымак Курултайынын жоболору иштелип чыгып, аркы айда элдин талкуусуна коюлат. Президент сөзүнүн аягында "Убакыт бышты. Биздин чиновниктер: "Ооба, реформа" дешке милдеттүү. Бул реформа сенсация мүнөзүндө эмес, кеңири келечеги бар иш. Реформаны кабылдайм дебей, аны ишке аткарам дегиле. Болбосо эл алдына чыгып бирди айтып, мындай чыгып өз билгениңерди жасаган заман өттү" деди. Жалпылай ой калчасак, аткаруу бийлиги экиге ажырап калгандай. Болгон бийликти президетке ыйгарып, акырында ал эл алдында өзү жооп бергидей реформа түзүлсө деле болор эле. Кандай болгондо да, жаңы реформа мотор алды. Келечегинен жакшылык үмтөтөлү. Өкмөттүн отставкасын кабыл алгандан бир саат өтпөй, Ак үйдүн 7-кабатында К.Бакиев төрагалык кылган "Ак жол" партиясынын лөктөрү чогулуп, чукул жыйын өткөрүп, жаңы - 17-премьер-министрликке жаңы кандидатураны көрсөтөлү дешти. Кечээ "ак жолчулар" фракциясынын жыйынында премьер-министрликке Данияр Үсөновдун кандидатурасын 65 добуш менен макул табышты. "Ак жолчулар" Д.Үсөновду бизнесте, депутаттыкта, аткаруу бийлигинде тажрыйбасы бай, азыркы тушта премьерликке ушундай креативдүү киши ылайык дешти. Көпчүлүк мындайды күтпөгөндүктөн, эки анжы пикир туулду. Ал кийинки убакта момурап эле калган. Кыязы, премьерлик кызматка алдыртан сүйлөшүлүп калган өңдүү. Бир ууч "ак жолчулардын" пикири жалпы элдин пикирине жатпайт. Аткаруу бийлигинин эң жогорку, өтө жооптуу постуна башка да кандидатураларды шашылбай-этпей көпчүлүктүн элегинен өткөрүп, кенен кеңешип ылгаса болбойт беле? Кандай болсо да кечээ президент Д.Үсөновду премьер-министрликке өз мөөрүн басып бекитти. Өкмөттүн жаңы структурасы мындай: Өкмөт аппаратынан тышкары, 1) каржы министрлиги, 2) юстиция министрлиги, 3) коргоо министрлиги, 4) ички иштер министрлиги, 5) өзгөчө кылдаалдар министрлиги, 6) энергетика министрлиги, 7) экономикалык жөнгө салуу министрлиги, 8) айыл чарба министрлиги, 9) табигый ресурстар министрлиги, 10) транспорт жана коммуникация министрлиги, 11) мамлекеттик мүлк министрлиги, 12) саламаттыкты сактоо министрлиги, 13) билим жана илим министрлиги, 14) эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги. Өкмөттүн алдында жети агентчилик болот: 1) монополияга каршы жөнгө салуу, 2) айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба, 3) социалдык камсыздоо, 4) байланыш, 5) дене тарбия жана спорт, 6) архитектура жана курулуш, 7) маданият агентствосу. Мындан сырткары өкмөт алдыда алты кызмат болот: 1) жаза аткаруу, 2) каржы чалгыны, 3) чегара, 4) салык, 5) бажы, 6) көзөмөл жана каржы базарын жөнгө салуу кызматы. Дагы эки фонд: мамлекеттик материалдык резервдер жана милдеттүү медициналык камсыздоо (ОМС) болот. Бардык мамлекеттик комитеттер жоюлду. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети эми Өкмөт структурасынан чыгарылып, өзүнчө Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы болуп кайра түзүлүп, түз президентке карайт. Ошондой эле, Өкмөт структурасынан финансы полиция кызматы чыгарылып, ал эми Финансы полициясынын мамлекеттик кызматы аталат. Өкмөт курамынан патент кызматы да чыгарылып, эми ал интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы болуп кайра түзүлөт. Өйдөтө айткандай, реформанын келечегин тилейли! Жолдошбек Зарлыкбеков
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||