Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Күзүндө А.Акаев "күчөдү". Талибандар да…
Кыргыз бийлигинен кеткенден соң узак убакытка унчукпай келген Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев кийинки учурларда чет жана орус басма сөз беттеринде учурдагы дүйнөлүк жана аймактык саясый, финансылык акыбал-жагдайлар туурасындагы өз пикирлерин байма-бай билдире баштады. Албетте, бул окурман журтун, асыресе кыргызстандык окурмандарды кызыктырбай койбойт. Ушул жумада экс-президент орустун "Московский космомолец" гезитине маек курду. Экс-ажо эмне дейт? Окуп көрбөйлүбү?


Ислам фундаменталисттеринин мурдагы советтик Орто Азиянын чегине алгач масштабдуу кол салганынан бери 10 жыл өттү. 1999-жылдын 30-июлунда Баткендин "Жылуу-Суу" аймагында алгач ирет комуфляж кийген топтор көрүнө баштаган. Келгиндер адашып калган мергенчилер эмес, а Ооганстандан келген 700 согушчандан турган авангард отряд болчу. "Чакырылбаган конокторду" өлдүм-талдым атышып, колго түшүрүп, абадан авиация менен атакалап атып кууп чыгарышкан.

Ооганстанда эл аралык коалициянын иши уламдан улам начарлап баратат. Кезинде болгондой, западниктер бул өлкөдөн көчүп-качып, мурдагы СССРди оогандык талибдер менен жихадчыларга жалгыз таштап кеткендей акыбал кайталанбайбы? Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев 100 пайыз макул: ошондой болушу мүмкүн.

- Ооганстанда чет өлкөлүктөрдүн бири да согушуп жеңе албады - биз да, англичандар да. Сиз америкалыктардын колунан бирдеме келет деп ойлойсузбу?
- Эгер тарыхка тереңдей көз чаптырсак, Ооганстанды багынткан эки полководец болгон экен. Биздин заманга чейинки IV кылымда Александр Македонский жана XVI кылымда Улуу Моголдор империясын түзгөн менин мекендешим, Фергана өрөөнүнөн чыккан Бабур гана багынткан. Бирок, Бабурдун армиясы болгон эмес, ал кылыч менен эмес, а акыл менен багынткан. Бабур андан сырткары Индиянын да чоң бөлүгүн өзүнө караткан. Бирок ал көзүм өткөндө мени Кабулга койгула деген керээз калтырган.

Азыркы турмушубузга кайрылсак, америкалыктар Ооганстандагы согушунан жеңилди десек болот. НАТО контингентинин командачысы генерал Стэнли Маккаристал сунуш кылгандай, алар мындан ары да аскер санын арбыта бере алат. Бирок ал деле жеңишке алып келбейт. Согуштун алгачкы этабында АКШ жеңип алар шансы бар эле. Америка болгон ресурсту - Батышты, постсоветтик дүйнөнү, башкаларды да Ооганстанга айдакташы керек болчу. Анын ордуна алар ООНдун Коопсуздук кеңешинин макулдугусуз эле Иракка да согуш ачып жиберди. Алгач, америкалыктар ириде Ооганстандагы абалды турукташтырып, андан соң калганын жасашы керек болчу. А алар болсо ишке ашпай турган түйшүккө - Ооганстанды демократизациялоого азгырылып алышты.
- Бирок азыр Обама ошол рецепти колдонууга аракеттенип жатпайбы - ирак конфликти басаңдаган соң болгон ресурсту Ооганстанга багыттагысы бар. Же андай эмеспи?
- Ошондой. Бирок ыңгайлуу учурду колдон алдырып коюшту. Эларалык антитеррордук коалиция идеясы кадырынан биротоло кетти. Баары Обаманы жактай карашат. Атүгүл Нобель сыйлыгын да ыйгарып жиберишти. Бирок симпатия жасоо менен жардам берүүгө даяр туруу - оңбогондой айырмалуу нерсе. 2001-жылы Бушка бүтүн дүйнө жардам берүүгө даяр турган болсо, айталы, азыр Обамага эч кимиси жардам берүүгө көөнү чаппайт. Мындан 8 жыл мурда кесиптеш-президенттер менен пикирлешкенимде алар жапырт эларалык антитеррордук коалицияга ар кимиси өз жардамын аябастыгын айтып турушкан. Азыр болсо атүгүл АКШнын НАТО боюнча союздаштары да эптеп өз аброюн сактап калуунун, Ооганстандан эртелеп өз аскерин чыгарып кетүүнүн арбайын согушууда.
- Ооган президенти Хамид Карзай азыр сөз угууга макул талибдер менен компромисске жетишсем деп далбасалап турат. Мындан майнап чыгабы?
- Барыдан мурда мен "умеренный" деп аталган талибдер бар экенине күмөнүм бар. Макул, андайлар бар дейли. Мындай болгондо эларалык кызматташтык Оогандагы бийликти ошол умеренный деген талибдерге ыйгарып, алар менен жөнгө келүү жолдорун издей алат. Бирок талибдер азыр Оогандын азыркы бийлиги менен сүйлөшүүлөргө барбайт. Алар азыртадан эле жеңиш алар тарабына өткөнүн сезинип турушат. Андай болгондо эмне үчүн алар ким бирөөлөргө кызмат кылуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек? Эксперттер айтып жаткандай, Кабулдагы президенттик резиденциясынын ичинде гана бийлиги калган Карзайга олуттуу мамиле кылууга болобу?
- Сиз Америка ооган согушунда утулду деп айтып жатасыз. Бирок алар аны моюндаганга эрки жетеби? Ооганстанга кол салуу - бул 11-сентябрдагы терракт үчүн өч алуу эле да. Эми жеңилүү деген АКШнын аброю араандай чачылды дегендик да.
- Сиз АКШнын азыр негизги ооган проблемасынын жагдайын эң туура айттыңыз. Америка өз абийирин жаап кала турган мүмкүнчүлүктү издеши керек. Вашингтон үчүн Ооганстанда жакында өткөн президенттик шайлоодо ийгиликке жетишсе, анда абийири жабылмак. Бирок, белгилүү болгондой, Ооганстандагы бул шайлоо өлкөнү дагы бир ирет бөлүп-жарып, түндүк-түштүк тирешүүсүн күчөттү.
Эми америкалыктар эмне амал табышы керек? Азыр эле аскерди чыгарып кетүү жөнүндө чечим кабыл алуунун Обамага зарылдыгы деле жок. Америкалыктар Ооганстанда дагы эки-үч жылча карманып турууга каруусу жетет. АКШнын азыркы администрациясынын ооган саясатындагы оош-кыйыштары 2012-жылдан кеч эмес аныгына чыгат. Дагы бир мөөнөткө калыш үчүн Барак Обама Ооган проблемасын кескин чечүүгө аргасыз болот.
- Талибдердин жеңиши Орто Азияга кандай таасирин тийгизет дейсиз?
- Орто Азияга абдан оор учур түзүлөт. Тарыхый алганда Ооганстан эч убакта чоочун жерди басып алууга умтулган эмес. Орто кылымдарда Ооганстан дүйнөдөгү эң өнүккөн маданий борбор болгон. Герат шаарында, айталы, Омар Хайям сыяктуу атактуу акындар, окумуштуулар, астрономдор жашаган. Кайра жаралуу доорунда Европа дал ошолордун эмгектерин окуп үйрөнүп, пайдаланышкан. Бирок азыркы тушта чет элдиктер Ооганстанга жат мамлекеттик башкаруу формасын таңуулап жатышат.

Менин прогнозум жакшы эмес. Мындан он жыл мурдагы сыяктуу Ооганстандан кайра дагы бандформированиелер сүрүлүп келет. Эгерде Ооганстанды өз жайына коюшса, анда Орто Азияны дүйнөлүк ислам халифатына киргизүүнүн жаңы аракеттери болушу турулуу иш. Аймактын сактанышынын жалгыз жарчысы - ОДКБ блогун мындан ары да чыңдоо зарыл. Мен өз учурунда ушул блокту түзүүгө үлүш кошконума сыймыктанам.
- Эгер ислам экстремисттери менен кармаштарда азыр натолук аскерлер набыт кетип жатышса, анда беш жылдан соң биздикилер жан бере баштайбы?
- Оогандагы НАТО аскеринин жагдайына караганда Орто Азиядагы ОДКБнын акыбалы ордунда. Натолуктар чоочун аймакта жергиликтүү элге жат коомдук турмуш формасын таңуулап жатат. ОДКБ күчтөрү болсо өз аймагын коргоого алат. Албетте, Орто Азиянын өз ичинде ислам радикалчылары тынчтыкты бузууга аракеттенет. Аймактагы далайы - өңгөчө Фергана өрөөнүндөгүлөр арасынан кол салгандар тарабына өтчүлөр өтө арбын. Бирок жергиликтүү калк ОДКБ тарабында болушат.
- Орто Азия өлкөлөрүндө болгон жаманчылыкты "орус колониализмине" таңуулап, күнөөлөп, тарыхтын советтик учурун таптакыр эле капкараңгы көрсөтүү модага айланды. Сиздин пикириңиз?
- Мен айта келатам. Мен Советтер Союзунун гражданини болгонума, советтик билим алганыма сыймыктанам. Россия Орто Азияны колониалдаштырган деп жазышат. Бирок россиялык колониализмди батыш колониализми менен салыштырып болбойт. Батыштагылар өз колонияларындагы болгон ырыскыны соруп алышкан. А Россия, тескерисинче, ал жактарга кайра ташыган. Ал Орто Азияга капитализмдин алгачкы элементтерин киргизген, өнөр жай ишканаларын кура баштаган. Россия бул аймакты эң каардуу феодализмден сууруп алган.

Советтик учур Орто Азия үчүн илим, билим, маданият жана саламаттыкты сактоо тармагында Ренессанс доору болгон. Ушул өңүттөн Чыңгыз Айтматов мыкты айткан: "Менин ураанчыл-патриот мекендештерим да бар, алар айтышат: Россия бизди туткундаганы азап болгон". Аларга айтарым: "Эгер биз Россияга кошулбаганда, анда азыркы абалыбыз Оогандыкынан да жаман болмок".
- Россия аздап Орто Азиядан кетип жаткандыктан улам "антикремлдик" идеология жанданды дейсизби?
- Россия өз позициясын жоготуп жатканы өкүнүчтүү. Бирок Орто Азиянын Россияга болгон тартылуусу эч кайда кеткени жок. Барган сайын ал тартылуу күчөйт. Аймактагы акыл-эстүү адамдардын бардыгы түшүнөт: Орто Азия элдеринин жана элитасынын коопсуз болуусуна гарант - бул Россия.
- А Кытай Орто Азиянын коопсуздугуна кепил боло алабы?
- Кытай - бул эбегейсиз күч. Кытай менен эсептешип, достошуу гана керек. Бирок тарыхый терең маданий салт-санаалар бар. Россия Орто Азияга жакын да, туугандаш да.
- Кантсе да, Орто Азияга таасир тийгизүү үчүн Кытай менен Россия атаандашарын көптөрү айтышат?
- Келечегинде, албетте, андай атаандаштык болот. Бирок Кытайдын да, Россиянын да Орто Азияда орток кызыкчылыктары жана орток душмандары болбой койбойт. Москва да, Пекин да бул аймакка Америка сыяктуу үчүнчү күчтөрдүн киришин каалабайт. Сепаратизм, ислам фундаментализми, терроризм- ушунун баары Орто Азия эле эмес Россия, Кытай үчүн да бирдей эле коркунучтуу.

PS. Окудук. Он беш жыл катары менен чоң бийликте олтурган экс-президенттин, албетте, өнөбоюна жыйган акыл-тажрыйбасы мол. Окурмандарды ойго сала турган жагдай - Ооганда абал курчуп турган бүгүнкү учурда, Кыргызстандын бийлиги бийликтин, мамлекеттик башкаруунун кескин жаңы өзгөртүүлөрүн ишке ашырып жаткан азыркы тушта экс-президент кескин пикирлерин айтып жатканы ойго салат. Ал өз эрки менен айтып жатабы, же россиялык "жоро-жолдошторунун" түрткүсү менен саясый аренага кайра чыгуу аракетин көрө баштаганыбы? Тигиниси да, мунусу да - мүмкүн. Экс-президенттин талибдер Ала-Тоо ашып дагы келерине бекем ишенип турганы кооптондурат…

Кыскартып даярдаган
Жолдош Асанов



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"
email • архив • редакция 
22-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Токтогулда сууну чакалап санап турубуз
2-бет
Турдакун Усубалиевге - ардактуу наам
3-бет
Курч реформа. 40% кыркылар чиновниктер
4-бет
Күзүндө А.Акаев "күчөдү". Талибандар да…
5-бет
Бейне
6-бет
Рыспек Такин, "Байтик-Ата" спорт коомунун президенти:
"Намысы жок чиновниктер кыргызга чындап күйбөйт"

7-бет
Эшимкановдун экраны. Дурусу не, бурушу кайсы?
8-бет
Спорт мектебин жабуу - Кыргызстандын
9-бет
ар-намысын тебел?? менен барабар
10-бет
Руслан Байсаров чечен "принци"
11-бет
Экономикалык кризис кимдерди кириштеди?
12-бет
Нобель сыйлыгы. Лауреатка -
1 млн. 200 миң $

13-бет
Мас болгон супермодель юбкасынан айрылды
14-бет
Өзүңдү сыйлабасаң өзгөлөр баскындайт
15-бет
Эмил Алыкулов - грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын башкы машыктыруучусу, өлкөгө эмгек сиңирген устат.
Кыргыз спортунун колу-бутун кесип, белин сындырып салууга барабар
16-бет
"Ысык -Көл. Жээк кыйыры. Жашоо кыйыры. Жүрөк кыйыры"

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!