Сизге собол

- Дарбыз менен коондун пайдалуу жактарын билесизби?

Орозбаева Бунаркан,
үй кожейкеси:
- Мен күндө эрикпей базар жакка басып келип, дарбыз алып кетем. Анткени дарбыз тамакты жакшы сиңирет. Коонго караганда дарбыздын пайдалуу жактары көбүрөөк деп түшүнөм.
Базардын кире беришинде дарбыз саткан байкеден дарбыз алып жаткан апанын айтуусунда дарбыз, коон бөйрөктөгү таштарды тазалайт. Булардын пайдалуу жактары аябай эле көп. Бирок нормадан ашык жебегенге аракет кылыш керек. Коонду бала эмизген энелер да жебеши абзел.

Кубатбек Токтобаев,
Дыйкан базарында сатуучу:
- Мен өзүм дыйканмын. Көп жылдан бери ушул иш менен алектенем. Дарбыздын өтүшү былтыркыга караганда быйыл жакшы. Түшүмү да мол. "Дыйкан" базарында көбүнчө дүңүнөн сатылат. Мен килограммын 3 сомдон сатам.


Шухрат Айтемиров,
Ош базарында сатуучу:
- Мен туризм тармагында иштечүмүн. Революциядан кийин жумушум жок олтуруп калдым. Азыр дарбыз сатам. Былтыркыга караганда быйыл начарыраак деп жатышат. Дыйкан базарынан дарбыздын килосун 2,5 сомдон алып, бул жерден 4 сомдон сатам. Бир күндө 500-600 кг сатылат, бул 50-60 даананы түзөт.

Коон жеген кубанат

Ашкабак классына кирген коон- мүнөз тамак жана пайдалуу өсүмдүк.
Коондун сортуна жараша кубаты 30-38 ккал (100 граммына) . Ошол себептен аны мүнөз тамак десе болот. Бирок жалаң эле коонду үч күндөн ашык жей берүүгө жарабайт.
Коондо: фолий кислотасы жана В9, С витамини, бета каротин бар. Фолий кислотасына бай келген коонду аялдар боюнда бар кезде, климакс учурунда жана башка эстутумду жакшы сактагысы келгендер, депрессияга баткандар жесе жакшы. Жайында коонду көп жеп, организмге витаминди запастап алгандар кышында оорубайт, тери жана чач жакшы сакталат.
Көл жээгинде күнгө күйөм дегендер коон жеп алып, күнгө кактанса, териси тегиз, жылмакай болуп күйөт.
Коон жегенде көңүл көтөрүлүп, уйкуңуз жакшы болот, анткени коондо супероксидисмутаз ферменти бар.
Коон кремнийге бай, ал нервге, териге, чачка жакшы таасир берет. Коондогу темир аз кандуулуктун алдын-алууга жардамын берет. Жүрөк-кан-тамыр оорулуулар үчүн да табылгыс дары, коондо калий менен магний бар. Коондун чемичкесин да ыргытууга болбойт, ал эркектин кубатын көтөрүүчү касиетке ээ. Бирок 2 граммдан ашырып жебеш керек, анткени өткө күч келтирип аласыз.
Коон ичегини да тазалоочу касиетке ээ.
Коонду сүт азыктары, алкоголдук ичимдиктери менен аралаштырбаш керек. Эмизген энелер жесе, баланын ичин алат, кант диабети менен ооругандарга да жегенге болбойт.
Дарбыз жеген арыктайт

150 грамм дарбыз жеп койсоңуз эле, магнийдин суткалык нормасы толуп калат. Артериалдык кан басымы жогору болгон адамдарга да табылгыс азык. Дарбыз организмдеги холестеринди айдап чыккандыктан, жүрөк-кан-тамыр ооруларына да пайдасы зор.
Дарбыздын составында жаратылыш кислотасы менен туз жол болгондуктан, дарбыздын ширеси уникалдуу. Ал эми бөйрөктө таш пайда болууга ыктуу организмдер, цистит, пиелонефрит, нефрит оорусу барлар дарбыз жеши керек. Күнүгө 2 кг дарбыз жеши керек.
Дарбыздын кабыгын кышка кургатып алса болот. Духовкага салып кургатып коюп, жыл бою суу куюп, аны беш мүнөт кайнатып, ичсе пайдасы чоң.
Дарбыздын чемичкеси организмдеги глистерди чыгарууга да көмөк берет.
100 грамм дарбызда 38 калорий эле бар. Дарбыздагы фолий кислотасы зат алмашууну жөнгө салат.
Косметикалык сыры:
Дарбызды бетке 20 мүнөт сүйкөп, анан жууп салса, бетиңиз жашара түшөт.
Дарбыздын ширеси өттөгү зыяндуу заттарды чыгарат. Дарыны көп ичкендер, операция учурунда наркоз алгандар үчүн да пайдасы чоң. Дарбыз жегенде өтө туздуу тамак жебеңиз. Кант диабети, ичегинин өнөкөт оорусу барлар да анча көп жебеши керек. Дарбызда темир да көп.