министр алмашат, маселе калат

Кубатбек БАЙБОЛОВ:
"Шайлоого чейин милиция керектүү жабдыктарды алат"
Эскерте кетээрибиз - бул маек - Кубатбек Байболов ИИМ министри болуп турганда алынган. Министр алмашса да, маселе алмашпайт деп, ал маекти сунуш кылып олтурабыз.


- Кубатбек Калбекович, Түркияга барганыңызды уктук, кандай жаңылык менен кайтканыңыздан кабарыбыз аз. Угушубузча, биздин ички иштер министрлигибиздин ишин жакшыртууга таасирдүү жолугушуулар болуптур...
- Эми, баарына эле маалым да, милиция органдарынын материалдык-техникалык абалы аянычтуу абалда экени. Зарыл жабдыктар жок, колдо болгону тополоңдордо талкаланып, ага чейин деле жарамдуусу аз болгон.Керектүүнү сатып алганга каражат жок. Мындайда бардык мүмкүнчүлүктү карманганга туура келет. Кыскасы, коңшу өлкөлөрбү, алыскы-жакынкы тилектештерби, жардам сурап кайрылганга муктаждык зор. Буга чейин өзүңүздөр билгендей Орусияга да ушундай маселелер менен барып, андан кийин Түркияга, ал жактын Ички иштер министрлигинин чакыруусу менен барып келдим. Бул өзгөчө иш сапар болду, бизди бир тууганындай кабыл алышты. Жогоруда сөз кылган көйгөйдү козгоп, керектүүлөрдүн тизмесин берсем, "бир тууган өлкө, элсиңер, сөзсүз жардам беребиз, бардыгын кыйшаюусуз аткарабыз" деп, өтүнүчүбүздү жетиштүү канааттандырышты. Алдыдагы шайлоо кампаниясында биздин милициянын ишмердиги күчөй турганын эске алып, жабдык-шаймандарды токтоосуз жөнөтүүгө көрсөтмө берилди.
- Кандай жабдыктар?
-"Сактыкта кордук жок" дегендей, кудай сактасын, бирок массалык тополоңдо милициябыз жабыркап калып жатпайбы, таш тийип, таяк тийип. Ошондой учурда зарыл жабдыктар: калкан, каска, таштардан сактай турган атайын кийимдер. Жакын арада ошондой кийимдерден бери дегенде эле 1000 комплекти беребиз дешти. Мындан тышкары дагы керектүү нерселерди, БТРлерди беребиз дешти. Бул өтө чоң жардам. Кийинчерээк вертолеттор бериле турган болду. Кийинки беш жылда миң кызматкерди, улан-жигиттерди Түркиянын полиция академиясында окутуу, кайрадан даярдап чыгаруу да макулдашылды. Буга чейин ал академияга бизден жылына бештен окуучу кабыл алынып келсе, эми жыйырма баланы окутуу келишимине жетиштик. Кыскасы, жолугушуубуз канааттандырарлык деңгээлде болуп кайттык. Айтор, шайлоого чейин 1000 милиция кызматкери керектүү жабдык, кийимдер менен камсыз кылына турган болду.
- Биринчи жардамдын так убактысы качан болгудай?
- Кудай буюрса, кийинки жумаларда - бул айдын бир жыйырмаларына чейин келип түшөт. Андан ары биздин суранычтын негизинде системалык түрдө уланат. Келишим боюнча өз ара көмөк мөөнөтү ондогон жылдарды камтып, каржы эсебинде - ондогон миллион долларга барышы мүмкүн. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Түркиянын милиция жетекчилерине мээримдүү жана бир туугандык мамилесине ыраазычылык билдире кетейин.
- Ички иштер органдарына соңку он жылда ОБСЕ жана башка эл аралык уюмдардан деле жардам көрсөтүлүп жатпады беле. Окутуп да жатышты. Бирок соңку окуялар милициянын техникалык-материалдык жагын эле эмес, моралдык, принципиалдык, тазалык, патриоттук жагын кароо зарылчылыгын жаратты го?
- Сырткы жардамга жалаң эле милиция органдары кайрылса, анда болуптур демекпиз. Чынында өлкөбүз жыйырма жылдан бери ушундай ыкма менен оокат кылып келе жатпайбы! Ушундай көрүнүшкө тушукканыбыз, албетте, абдан кейиштүү. Жыйырма жылда өзүбүздү өзүбүз камсыз кылган деңгээлге жетишибиз керек болчу. Тилекке каршы, андай болбоду.
Окуттуңар, жардам алып атасыңар, эмнеге милициянын табияты өзгөрбөйт дегени турасыңар да, туурабы?! 20 жылда моралдык жактан болобу, материалдык жактанбы, милиция органдары эле эмес, башка мамлекеттик органдар деле талкалануунун үстүндө келди го. 20 жыл жаратууга, жакшыртууга эмес, талкалоого сарпталды да. Эми оңдоп, калыбына келтириш үчүн, жетиштүү моралдык-нравалык деңгээлди жаратыш үчүн андан да эки эсе көп убакыт талап кылынышы мүмкүн. Башта айтпадымбы, адамды бузуш оңой, анын рухун, пейилин, табиятын, напсисин кайра калыбына келтириш өтө татаал нерсе. "Жакшы тилек - жарым ырыс" дегендей, жакшылыктан үмүт үзбөйлү. Анын үстүнө, бир жарым айдай убакыт өттү, эмне үчүн өзгөрүү болбойт деп эл менден чечкиндүү жана кескин өзгөрүүлөрдү күтүп жатса керек. Эми мен сыйкырчы эмесмин да, жомоктогудай көз ирмемде бардыгын өзгөртүп жибергидей. Элдин күтүнгөн үмүтүн акташ үчүн айрым популисттик, шок кылган акцияларды өткөрсөм эле ал милициянын табиятын, ал-жайын түп-тамырынан бери өзгөртүп жибербейт да.
- Маселен, шок кылчу кандай акцияларды?
- Маселен, айрым кызматкерлерди ызы-чуу менен кызматтан кетирип же айрым пара алгандарды уу-дуу көтөрүп кармаганга мүмкүн эле. Пиар-компанияларды көбүртүп-жабыртып дегендей...
- Эми алдыдагы максат-иштериңизди билсек болобу?
- Бишкек шаары үчүн жылдын аягына чейин ишке ашырчу "Коопсуз шаар" (Безопасный город) деген программаны иштеп чыктык, каржылоо чыгымы - үч жарым миллион доллар. Чет мамлекеттик бир катар компаниялар менен макулдаштым, алардын көмөгү жана ички резервден үнөмдөп отуруп, ошол программаны ишке ашырганы турам. Ал боюнча шаар ичине 400дөн ашык камера коюлат, шаардагы автоунаа ээлерин кыйнап жаткан МАИ кызматкерлеринин кереги жок болуп калат. Колунан кармап алып кызматтан кетиргенден көрө, ушундай жол менен тартипке келтирген дурус деген саясатты жүргүзүп жаткан кезим. Жалаң эле автоунаалардын жүрүү тартибин эле эмес, жер-жерлердеги кылмыштардын, айрым тартип бузууларды болтурбай, иш тартиби жөнгө салат. Азыр дүйнөлүк деңгээлде система иштеп жатат, жакыныраак деп Алма-Атаны эле алалы. Кызыл жарык жанганда өтүп кеткени да, ылдамдыкты керектүү деңгээлден ашыра айдаганы да сүрөткө тартып калат да, артынан эле жашаган жайына айыппул кагазы келет. Шаардагы салттуу көйгөйдү жоготуп, кескин өзгөрүүнү алып келген программа бул. Эл дагы өзүн бир топ коопсуз сезип калат.
- Бул программа Бишкек менен эле чектелип калбаса керек?
- Аэропорт тарап, Чолпон-Ата, Чалдовар, андан кийин Ош, Жалал-Абад шаарларында, буюрса, ушул системаны эмдиги жылдын орто ченине чейин ишке киргизели деп жатабыз. Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, милиция органдарынын кылмыштуулук менен күрөшүү ыкмасын өзгөртө турган учур келди. Баягы эле - техникабыз жок, жанагындай телефондук байланыш түйүндөрүн көзөмөлгө алган КГБныкындай техника. Бул боюнча да сүйлөшүүлөр болуп, жардамдык негизде, миллион доллар турган борбор маселеси чечилүүдө. Эгер ал борборду орнотуп алсак, кылмышкерлерди кармоо, жоопкерчиликке тартуу натыйжалуулугун он эсе арттырабыз. Мисалы, азыр биз көчөмө-көчө кыдырып, басып-чуркап издеп жүрсөк, келечекте эмнелерди сүйлөшкөнүн, кайсыл жерге барарын алдын ала эле билип алып, ошол жерден акырын кармап келип отургузуп койгонго мүмкүнчүлүк алабыз. Мына ушундай чоң-чоң программалардын үстүндң иштеп жаткан учурубуз.
- Структуралык өзгөрүүлөрчү?
- Структуралык өзгөрүүлөр бул эми концепциянын негизинде ишке ашырылат. Жөн эле жеке менин көз карашым эмес, дүйнөлүк тажрыйбадан алынган илимий концепциянын негизинде ишке ашырылуучу нерсе. Бул маселе боюнча бир эле мисалын айтып кетейин. Бизде ар бир көчөдө иштеген милицияга эң кеминде экиден начальник. Иш жүзүндө башкача болушу керек. Маселен, бир начальникке он кызматкер болсо дурус болмок. Мына ушуга окшогон чоң иштерди иш жүзүнө ашырабыз деген тилегибиз бар.
Маектешкен Нази БАЯН кызы


. P.S Кубатбек Байболовдун 10-сентябрда "Вечерний Бишкек" гезитине берген маегине карасак, анда ички иштер министри болоюн деген ой деле болбоптур. "Жогорудагы жетекчилик суранып, мажбурлады десем да болот. Жыргаганыман эмес, эл жана Мекен алдында парзымды аткарып жатам. Министрликтен баш тартсам деле болмок, анткени алдыңкы партиялардын биринде лидерлердин үчилтигинде болчумун... бул кызмат түйшүк жана эбегейсиз жоопкерчиликтен башка эч нерсе алып келбейт" - деди эле. Кечээ жакында Кубатбек мырза Башкы Прокурор болуп дайындалды.