Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  сапарнаме

Бакчиев Талантаалы манасчы, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү
АЛТАЙГА БОЛГОН ЗЫЯРАТ
КЫЗЫЛ-ТАШ, МАНЖЫЛУУ
(башталышы гезиттин
№ 4,5 сандарында)
5-күн, 11-август. Бул күнү биз Турочок районунан чыгып, Улаган районуна жол тарттык. Төрт-беш бел ашып, Басырык (Пазырык) коргондоруна жеттик. Машинадан сыртка чыксак чыкыроон экен. Кар аралаш жамгыр жаап жатты. Б.з.ч. V-III кылымдардагы скиф дооруна таандык Басырык (Пазырык) аттуу байыркы коргондордун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Чагат бир аз токтолуп өттү. Көрсө, коргондордун Басырык деп аталышынын жөнү өтө маанилүү да, кызыктуу да экен. Алтай тилиндеги "басырык" деген сөз кыргыз тилиндеги "бастырма" деген сөздүн эле маанисин өзүнө камтып жаткандыгын түшүндүк. Ал эми ошол Басырык коргондоруна байыркы скифтер өздөрүнүн эл башчыларынын же болбосо, кадырлуу адамдарынын сөөктөрүн коюп келишкен экен. Тереңдиги 5-6 метр болгон чарчы жайдын таманын, төрт тарабын арча устундар менен аштап орнотуп, аң терилерден, жибектен тигилген кымбат баалуу кийимчен сөөк, арча табытка коюлган. Ошол кездеги сөөк коюу айла-амалы, ыкмасы өтө жогорку деңгээлде экендигин айгинелеп турат: табыттын үстүнөн муздак суу куюп, үстүнөн жыгачтан жасалган капкак менен жаап, капкактын үстүн топурак, таш менен көмгөн. Ал эми Алтай өрөөнү жайкысы салкын, кышкысы суук болгондуктан, мындай ыкма менен коюлган сөөк, көп кылымдар бою өзгөрбөй, сактала турган. Себеби, сөөк коюлган жайдын ичиндеги суу кышкысын тоңуп, жайкысын эрибей муз бойдон кала берген. Жай казуудагы суу колдонуу ыкмасын айтпаганда, калган эрежелердин бардыгы азыркы алтай элинде да дал ошол Басырык коргондорундагыдай колдонула тургандыгын бизге Чагат айтып берди.
Басырык коргондорунан бир аз өтүп, Балыктуюл айылындагы Чагат менен бирге иштешкен Маринанын үйүнө келип түштүк. Суу болуп калган кийимдербизди темир меште күйүп жаткан оттун илебине бир сыйра кургатып, түштөнүп алып, Кызыл-Таш деген мазарга келдик. Жол боюнда жайгашкан мазар, бийик кызыл карагайлардын койнунда экен. Адамдын бою жеткидей байланган ар түстүү жалгындардан улам, карагайлар Жаңы жылдагы оюнчуктар тагылган балатыны эске салды. Алтай элинде мазарды - "байлуу" же "ыйык" жер деп аташат экен. Бул жагынан алганда, алтайлыктардын кыргыздардан эч бир айырмасы жоктой көрүндү. Машинадан түшкөндөн кийин Чагат баарыбызга мурда алып койгон, ак чыттан экиден жалгын айрып, колубузга карматты. Ал кош жалгынды кайда жана кантип байлоо керек экендигин да түшүндүрүп берди. Биз Чагат айткандай кылып, улам бир булактын жанына токтоп, бата кылып, суусунан татып, тыйын таштап, зыяратыбызды аткардык. Бери чыкканда Жаркынай эже адаттагыдай транс абалына түшүп, айрымдарыбыздын өткөн-кеткенин, боло турганын айтып: "Мазардын ээси ак кийимчен аялдар экен. Баары тегеректеп отурат. Касиети күчтүү жер экен" деп сөзүн аяктады.
Улаган районунун борбору - Улаган айылына жеткенде, жамгыр басаңдап, асманды ала булут каптап турду. Ремонт болуп жаткан Улагандын айылдык ажайыпканасына кирип, Басырык коргону жана Улаган районун мекендеген теленгит (кыргызча мүмкүн - төлөнкут же тиленкут) уруусу тууралуу кенен маалымат алдык. Ажайыпкананын башчысынын айтуусу боюнча теленгит уруусунун дээрлик бардык өкүлдөрү православ христиан динине кирген экен. Дагы бир айтуусу боюнча, теленгиттер жоокер, өжөр эл болот деди. Мына ошондуктан болсо керек, залкар кайчылардын ("кайчы" - деп, алтайлыктар дастан айтуучуларын аташат) бардыгы Улаган өрөөнүнөн, калып баратса, теленгит уруусунан чыгат экен. Ошол жерден биз баарыбыз бири-бирибизге суроо койдук. Мисалы: кыргыз элиндеги залкар манасчылардын көпчүлүгү, Ысык-Көлдүн жээгинен, бугу уруусунан чыгып келген. Ал эми алтай элинде да кайчылардын залкарлары Улагандагы теленгиттерден чыккан экен. Эмне үчүн? Мүмкүн, "Улаган" деп жердин аталышы айтып тургандай эле кайчылык өнөр атадан балага уланып ("улап", "уланып"), кайчылардын чыгармачыл өнөрканасын, мектебин түзүүгө шарт түзгөндүр? Мүмкүн жогоруда айтылгандай, Улаганды жердеген теленгиттердин жоокерчилик мүнөзүнөн улам, кайчылардын келип чыгышына шарт түзүлгөндүр? Же, Улаган өрөөнү бир катар дарыялардын башаты болгондуктанбы деп да ойлоого болот. Себеби, баарыбызга белгилүү болуп калгандай, суу - эске тутуу касиетине ээ зат эмеспи. Дагы бир өтө орчундуу эмес, бирок эске ала турган жагдай, "Манас" дастанынын айрым варианттарында, Жакыптын (Манастын атасы) уялаш инисинин ысымы Улаккан (Сыргактын атасы) болсо, кээ бир варианттарында Улаган деп айтылат. Дал ошол Сыргактын атасынын ысымы менен жердин аталышы да байланыштуу болушу толук мүмкүн. Андай болсо, Улаган өрөөнүнүн "Манас" дастаны менен да түздөн-түз байланышы бар. Ал эле эмес, анда манасчылык өнөрү менен кайчылык өнөрүнүн жакындыгын эске албаганда да, байланышы бар экендигин божомолдосо болот.
Ажайыпканадагы коюлган буюм-тайымдар, сүрөттөр менен таанышкандан кийин ажайыпкана башчысынын чакыруусу боюнча Анатолий жана Мерген деген кайчылар келди. Экөө тең алтай элинин эки-үч алкыш ырларын көмөкөйгө салып, аткарып беришти. Биз да куру калбай, жарышкансып ырыбызды ырдап, "Манас" айтып бердик. Дубалда илинген алтай элинин белгилүү залкар кайчысы - Алексей Григорьевич Калкиндин (03.04.1925-1998) сүрөтүн көрүп, мен бир топко турдум. Көрсө, алтай элинин "Маадай-Кара", "Очы-Бала" аттуу дастандарынын айтуучусу А.Г.Калкин да ушул эле райондун Басыпбарды айылында төрөлүп, өмүр сүрүптүр. Ошентип, эки ортодогу ыр, дастан айтышыбыз эки саатка созулуп, жагымдуу маанай менен кош айтыштык.
Ошентип, биз Улаган айылынан чыгып, Манжылуу мазарына жол тарттык. Улаган айылынан өтө алыс эмес, калың токой койнундагы чуңкурча жерде жайгашкан Манжылуу мазарын араңдан зорго таптык. Жол көрсөтүп барган Анатолий кайчынын бул жерге келбегени жыйырма жылдай болуптур. Күн чайыттай ачылып берди. Ал эми мазар, бир караганда, өтө сүрдүү көрүндү. Жакын эле жерде каркыралардын кыру-кыру деген үндөрү угулат. Машинадан түшөөр замат, Гүлнара эже эки-үчөөбүзгө жөнүн түшүндүрүп, майда кызыл шурудан бир нечени таратып, алаканыбызга салды. Катар-катары менен тизилген булактардын ар биринин тушуна келип, ичибизден тилек айтып, алаканыбыздагы кызыл шуруларды булактардын көзүнө салып, суусунан таттык. Бир булактын суусунун даамы экинчисине окшобойт. Алымбек ажы узакка куран окуп, жалпы тилек кылдык. Тилек дегенибиз, кыргыз, алтай элдеринин ынтымагын, биримдигин, жер-жерлерибизде тынчтык, жакшылык, ырыскы, аманчылык тилеп, мазар ээсине жүгүнүп ыраазычылык-алкыш айттык. Жаркынай эже бир топко чейин мазардын жанынан кете албай, бирде кекирип, бирде күңгүрөнүп, колун жаңсап, өзүнчө сүйлөнүп турду. Бери чыккандан кийин Жаркынай эже, баарыбызга кайрылып: "Бул мазардан баарыңар тазаландыңар. Мазар ээси кырка тизилген кырк баатыр-жоокер экен. Өтө күчтүү жер экен. Бул мазарга көптөн бери киши каттабагандыктан, биздин келишибизге баатырлар ыраазы болду".
Ошентип, машинага түшүп, кайрадан Улаган айылына келдик. Жолдо баратып, Кыргызстандагы Манжылы-Ата мазары менен Алтайдагы Манжылуу мазарын салыштырып, алардын окшоштуктары, айырмачылыктары жөнүндө сөз козгой кеттик. Бир нече күндүк аралыкта жайгашкан эки башка жердеги мазарлардын бирдей аталышы, албетте бизди өтө кызыктырды. Башкасын айтпаганда да - Манжы, Манжуу, Манжылы аттуу жер-суу аттары "Манас" дастанында да кеңири кездешет. Маселен, Жакып балалуу боло албай, зар какшап жүрүп, Чыйырды менен Манжылуу мазарына барып, мазар ээсинен бала сурап, зыярат кылганы тууралуу айтылат. Буга улай, кыргыз элиндеги Манжылы-Ата мазарына карата айтылган ылакап сөз да бар: "Мал сурасаң - Манжылы-Атага бар, баш сурасаң - Чолпон-Атага бар" деп. Дээрлик бардык варианттарда "Манжуу" деген жердин жана элдин аталышы кездешет. Ал эми сөздүн маанисине келгенде, "манжылуу" же "манжылы" деген сөздүн төркүнү ар түрдүү болушу мүмкүн. Эң оболу "ман" - деген, азыркы кыргыз тилинде өз алдынча турганда мааниси жок, бирок негизги сөзгө жалгангандан кийин толук кандуу маани бере турган сөзгө кайрыла кетсек, мисалы: дааныш-ман, акыл-ман, улук-ман, иштер-ман ж.б. Англис тилинде "ман (мэн)" деген сөз - "адам", "эркек адам" деп которулат. Кыргыз тилинде да "-ман" деген мүчө-сөз кайсы бир кесиптин, иштин, адистиктин ээси экендигин туюндурат. Бул жагынан алганда, "ман-жылуу" деген сөз - "жылуулук тартуулаган адам" дегенди түшүндүрүшү мүмкүн. "Манжылы" же "манжылуу" деген сөздүн дагы бир мааниси - "колдун манжасы" же "манжалуу кол" деп да түшүндүрүлүшү ыктымал.
Ичинде кымындай да арамы жок, колу ачык, ак көңүл кайчы - Анатолийдин менчик ашканасынан түштөнүп алган соң, Улагандан чыгып, Кош-Агач району көздөй сапар алдык. Бул ирет жолубуз узак болду. Бир далай бел ашып, түн бир оокумунда чоң Чүй дарыясынан өтүп, Кош-Агачка кирип келдик.









кыргыз тилиндеги гезит "Адилет press"









??.??