"Агым", 11.01.08 - 18-бет: Токто, кєзирмем...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы



  Токто, көзирмем!

Уккан кулак сүйүнсүн. Кыргыз кинорежиссерлорунун эмгектери өз мекенибизде көрүнбөй, бааланбай жаткан чакта режиссер Темир Бирназаровдун кыска метраждуу "Парз" даректүү тасмасы АКШнын бир катар штаттарында көрсөтүлө баштамакчы. "Айтышфильм" киностудиясы менен АКШнын CUNY TV кабелдик телекомпаниясы түзгөн контрактка ылайык, өлкөнүн Нью-Йорк шаарынын, бир катар штаттарынын жашоочуларына 3 жыл бою тартууланганы турат. Кыргыз режиссерунун тасмасын 6 млн.дон ашык америкалыктар көрөт. Бул кыргыз киносунун келкели алдындагы жышаана белем... Жагымдуу жаңылыкты угар менен тасманын жаратманы режиссер Темир Бирназаров менен байланышып, баарлаштык.

 "Парз" Американы багынтабы?

- Темир мырза, алгач америкалыктардын сиздин тасмаңызга кандайча кызыгышып калгандыгынан кеп салсаңыз?
- "Парз" тасмасы бир катар фестивалдарга, анын ичинде АКШнын Даллас, Монтерео шаарларында өткөн фестивалдарга катышып, жакшы пикирлерге арзыгандан кийин америкалыктардын көңүлүн бурду окшойт. Мындан 5-6 ай мурда да АКШнын башка эркин телекомпаниясынан сунуш болгон болчу. Бирок, ал ишке ашпай калган эле. Эми минтип, CUNY TV телекомпаниясы көрсөтүү укугун алды...
- Киноиндустрия өлкөсүн кызыктырган "Парз" эмне болгон тасма?
- Кыска метраждуу даректүү баян. Мен анда бүгүнкү глобализациянын дүйнө элине, анын ичинде кыргыз элине тийгизип жаткан терс таасирлерин, залалдарын, кесепеттерин айткым келген. Батыштын бизге жат маданиятын, агымдарын ашкерелегенге аракет жасагам. Кыргыз улутунун улут катары жок болуп кетүү көйгөйүн көтөрүп, улуттукту жоготуу коркунучу бар экендигине коңгуроо каккам. Канткенде биз кыргыз деген жүзүбүздү, чырайыбызды эмес, уңгубузду, улуттук маңызыбызды сактап калабыз деген маселени кабыргасынан койгом.
- Кызык, ошол эле батыштан келген агымдарда АКШнын да сезилерлик үлүшү бар. Бирок, америкалыктар тасмага кызыгып, көргүлөрү келип жатышат...
- Эми бул америкалыктардын деңгээлинин бийиктигине байланыштуу окшойт. Бизде сөз бар го "керегем сага айтам, келиним сен ук" деген. Кинонун өзүнүн тили бар. Ар ким ар кандай, өз деңгээлдерине жараша түшүнүп, кабыл алат. Балким, америкалыктарда да биздикиндей эле көйгөйлөр бардыр. Менимче алар деле өз бийиктиктеринен карашып, тасмада айтылган, көтөрүлгөн маселени аңдап алышат го.
- "Парз" кыска метраждуу фильм. Бирок, контрактка ылайык, CUNY TV телекомпаниясы сериал сымал үч жыл бою көрсөтөт экен. Кандай түшүнсөк болот?
- Эмнеге үч жыл бою көрсөтүшөрүн айтышкан жок. Ушул убакыт аралыгында мезгил-мезгили менен көрүүчүлөргө тартуулайт го...
- Жашыруун болбосо, түзүлгөн контракттын баасы канча болду?
- Аны билбейт экем. Мен режиссер катары тасманы тарткам. Финансы маселелерине кийлигишүүгө акым жок. Бул маселени тасманын демөөрчүлөрү гана билишет, ошолор иш алып барышат. Тасманын продюсери да, демөөрчүсү да Садык Шер-Нияз.
- Профессионал режиссер катары азыркы тартылып жаткан кинолорго кандай карайсыз?
- Чындыгында азыр көп эле кинолор тартылууда. Демократия болгон соң эч кимге тартпа деп тыюу салалбайбыз. Мурда киного искусство катары мамиле жасашса, азыр акча табуу амалына айланып кетти. Бул өңүттөн алганда бүгүнкү кинолор искусство болуудан калды. Бирок, бул мыйзамченемдүүлүк десек болот. Көрөсүздөр, акырындап сүйүү тасмалары калып, порнография, коркунучтуу, уят-сыйытты унуткан кинолор тартыла баштайт. Эмне дебейли, ар бир тартылган фильмдердин өзүнүн көрөрмандары, аудиториялары болот. Болбосо, тасма өз аудиторияларын табат. Сапатсыз болсо да кинолордун тартыла бергени жакшы. Абалыбызга жараша болуп жатат да. Ушинтип эле тура бермек беле. Жүрүп олтуруп иргелип, сандан сапатка өтүү болот.

Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ




  Жаңырык

Керез Зарлыкова:
"Кыргызга кыргыздын азып-тозгонун көрсөтсөк, жүз эсе утабыз"
Мындан төрт жыл илгери кыргыз драма театрынын сахнасынан "Сибирь челноктору" драмасын көрүп абдан таасирленгем. Автору Керез айым менен быйыл гана тааныша алдым. Жаңы гана басмаканадан чыгып, сыясы али кургай элек "Ксения" китебин бир дем менен окуп чыгып, кесиби тарыхчы болсо да адабиятка баш оту менен кирген адамга ыраазы болдум.
- Чыгармачылыкка кандай аралашып калдыңыз?
- Өзүм сары өзөн Чүйдөнмүн. 6-класстан тартып эле ыр жаза баштадым. Студент кезимен бери үч-төрт ыр жыйнагым чыкты. Анан кара сөзгө өттүм. Жакында "Ксения" деген повестим жарык көрдү. Анда турмуштан алынган чыныгы тагдыр баяндалат. Украинадан Кыргызстанга эвакуацияланып, балдар үйүндө тарбияланып, кийин кыргыз үйбүлө багып алып, Нарындын Куланагында чоңоюп, КМУнун тарых факультетин бүтүргөн Искенова Сейне Сырдыбаевна деген окумуштуу эженин өлчөөсүз өмүрү.
Сейне Сырдыбаевна тарых факультетинде бизди окуткан. Кадимки Карамолдо Орозовдун келини болчу. Эженин кебетеси орустай, чачы сапсары, көзү көк, "СССРдин тарыхы" сабагынан орус тилинде лекция окучу. Орус тура деп биз орусча учурашсак, кыпкыргызча акыбалыбызды сурап, аябай таңгалганбыз. Сейне Сырдыбаевнанын тагдырын изилдеп Украинага чейин бардым. Согуш маалында биртууган эжеси Вера менен поездде келатып немистердин чабуулуна туш болуп, экөө адашып, Вера Ташкендин балдар үйүндө чоңоюп, кийин Украинага барып, өмүр бою шахтер болуп иштептир. Кийин сиңдиси менен табышкан.
- Чыгармачылык илхамыңыз кандай учурда ойгонот?
- "Сибирь челноктору" драмасын жазам деп атайын Сибирге эки жолу барып келдим. Нарк заманы келгенде Бишкектин Моссовет көчөсүндө түнкү базар ачылып, соода укмуш болбодубу. Аны деле билчү эмесмин, коноктон чыгып баратсак, а жерде эл быкылдайт, күндүзгүдөй соода кайнап аткан учуру экен. Ошол көргөнүмө абдан таасирленип, турмуштун чыныгы кайнаган учурун камтыган чыгарма жазсам деп көксөп калдым. Драма жазсамбы деген ойду көкүрөккө бекем каттым. Бу жердеги окуяны драма кылып жазып атсам, менин жакшы тааныштарым айтып калды: "Ой, эже, жазам десеңиз менин Новосибирскиде окуп, ошо жерде жашап калган досторум дайым чакырып жүрүшөт, жүрү барып келели, челноктордун турмушун өз көзүңүз менен көргөнүңүз жакшы" деп. Биринчи жолу Новосибирскиге жайында мейманга бардым да жети күн бою кыргыздын жети баласынын үйүндө конокто болдум. Алар азыр бутуна туруп, жашоолорун жомокко айлантып, миллионерлер. Албетте күндөп-түндөп базарда жүрүп, баягы "кулча иштеп, хандай жашайлы" дегенди унутушпай, ак эмгеги менен өнүп-өскөндөр. Красноярскиге кышында бардым. Сөөктөн өтүп чучукка жеткен сууктун айынан он мүнөт базарга тура албай койдум. Красноярскиде баба Машанын үйүндө жашадым. Ал үйдө кыргыздар көп экен, өзүнчө эле базар, товарынан адамдар көп. Ошондой оор шартта жашап, соода кылып, тапкан-тергенин жыйнап, Кыргызстандагы үйбүлөсүнө жөнөтүп, кыйынчылыкты билдиришпейт. Драмам бүткөндөн кийин министрлик абдан актуалдуу чыгарма экен, кырдрамдын сахнасында коюлсун деп сунуштап калышты. Искендер Рыскулов сахналаштырмак, денсоолугу жакшы болбой ана-мына деп жүрүп а киши да кайтыш болду. "Сибирь челнокторун" Замир Сооронбаев койду, кудай буюрса жакшы чыкты. Кийин эларалык фестивалдарга катышып, жакшы ийгиликтерге жетишти.
- Драматургия демекчи, азыр кыргыз драматургдардан аксап калды, драма жазгандар жокко эсе, көпчүлүгүнүн көзү өтүп, карып дегендей. Эми бизди түйшөлткөнү кыргыз драматургиясы куру калабы? Жаңы көзкарашты чагылдырган драматургдардын жоктугу сизди түйшөлтөбү?
- Ооба. Драматургия жааты аксап турат. Жашообуздун өзү эле драма, биринен сала бири өткөн окуялар "мени жаз, мени баянда, айт" деп турушат. Аны илип кете турган жаштар жоктугу кейитет. Жаштар чыгармачылыкты таштап, көр оокаттын айынан акча, оокаттын артынан түшүп, драмадан мурда китеп окугандарды таппайсың. Билбейм, кантиш керек. Жаштарды колдоо үчүн атайын сыйлыктарды уюштуруп, драма жанрын көтөрүү үчүн мамлекеттик деңгээлдеги иштер керекпи. Антпесек, эски драмаларга ыраазы болуп турмуш өтө бергидей.
- Театрга эл келбей калды дегендичи?..
- Театрга элди келтириш үчүн сахнага элдин жүрөгүнөн түнөк таап, жүлүнүн сыздаткан, муун-жүүндү бошоткон чыгармаларды коюш керек. Эмне үчүн эл келбей атат? Кыргызга азыр кыргыздын турмушун, кыйналганын, арып-ачканын көргөзсөк чоң утмакпыз. Башка элдин классикасы, тагдыры бүгүн кыргызды кызыктырбайт, ойлонтпойт. Сөздөрү, тилектери, окуялары курсагын тойгуза албай турган элибизге өөн көрүнөт, а жерден жан дүйнөсүн, тагдырын таппайт. Ысыката курортуна "Сүйүү арманы" драмамды коюп барсак, а жерде Насыр Давлесов агай эс алып, дарыланып жүргөн экен. Спектакль бүткөн соң атайын келип, "кызым, операдан баштап чыгарманын баарын көрүп жүргөм, биздин драма болбой калды эле, бу кандай болду экен деп келип көрсөм мени ыйлаттың" деп ыраазычылыгын айтты.
- Чыгармачылыктан сырткары бизнеске баш коюп кеткен жоксузбу?
- Кайда-ан? Сибирди кыдырсам баары эле "байып кеттиңби" деп тамашалашат. Бизнеске шыгым жок. Театр окуу жайында сабак берип, жаштарды тарбиялайм. Бала кезимен эле дүйнө, акчага кызыкпаптырмын. Чыгармачылыктын артынан сая түшкөнүм огобетер. Жолдошум университетте кафедра башчысы. Төрт балам бар. Чоң уулум Улан 30 жашында каза болуп, кабырганы кайыштырып кетти. Уулума арнап "Уйкусуз түндөр" деген жыйнакты даярдап атам. Аз нерсеге деле канааттанам, кээде маршруткага беш сом таппай калып жөө жүргөн күндөр болот. Андай майда-чүйдөгө маани бербейм. Менин байлыгым - уул-кызым, жолдошум.

Маектешкен
Жылдыз МУСАБЕКОВА















??.??