"Агым", 11.01.08 - 2-бет: Тынч кџрєшџџ жылы келатабы?..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Президент Бакиев Жогорку Кеңеш менен өкмөткө кайрылды

Жаңы багытпы же менчиктештирүүнүн жаңы этабыбы?
Президент кайрылуусун алты актуалдуу блок маселесине бөлүп, арбири өз алдынча мыйзам долбооруна муктаж экендигин баса белгиледи. Биз бүгүн алардын ичинен өлкө экономикасына, эл турмушуна түздөн-түз таасир тийгизе турган жоболорун учкай баяндайбыз. Гезиттин кийинки сандарында алар тууралуу "Агымдын" эксперттери, атайын адистер кенен ой бөлүшүп, талдоо жүргүзөт. Ошентип...

Биринчи блокто президент мамлекетке тиешелүү объектилерди приватташтыруу жана мамлекеттен ажыратуу процессин ыкчам, чечкиндүү аяктоону талап кылды. Анүчүн эң оболу приватташтыруунун мурдагы этаптары жыйынтыкталды жана жаңы этабы башталды деп таануу зарыл. Ири ишканалар акциясын милдеттүү түрдө фонду рыногуна коюу - инвестиция агымына шарт түзөт.
Президент ошондой эле 2008-жылы банк капиталын азыркыдан эки эсе көбөйтүү талабын сунуш кылды.
Экинчи блокто Ош-Сарыташ-Эркечтам, Бишкек-Нарын-Торугарт, Эркечтам-Сарыташ-Карамык, Каракол-Түп-Кеген жолдорун заманбап куруп бүтүү, анүчүн биринчи иретте бюджеттен каржы бөлүү; автожолдорго акы төлөө системасын киргизүү, жол фонддорун иштетүүнүн жаңы концепциясын иштеп чыгуу боюнча мыйзам негиздерин түзүүгө басым жасалат. Камбарата-2 ГЭСинин биринчи агрегатын 2009-жылдын аягында ишке киргизүү өкмөткө милдеттендирилет.
Президент кайрылуусунда улуттук энергетика долбоорун турмушка ашыруу алдында чарба жүргүзгөн субъекттер, бюджет мекемелеринин бардык түрлөрү, энергетика тармактары ортосунда аласа-карызды кечүү жана реструктуризациялоо сунушу менен чыкты.
Айылчарбада үрөн өндүрүү жана асыл тукум малчарба тармагына бюджеттен колдоо көрсөтүү жана мамлекетке карыздарын кечүү, ыңгайлуу реструктуризациялоо маселесине басым жасалды.
Заманбап технология менен техника импортунан НДСты алып салуу дурус натыйжа бергени менен бажыкана бюрократчылыгы ага кедерги тийгизип атканын, андан көрө аларга мамлекеттик кредит, жаңы лизинг компанияларын түзүү аркылуу көмөк көрсөтүү оң экендигине басым жасалды.
Үчүнчү блок экономиканы чыныгы адис кадрлар менен камсыз кылуу жана аларды даярдоого арналды.
Төртүнчү блокто өкмөт көптөн бери талкууда келаткан жаңы Салык кодекси менен 2009-жылга кирет деген ишеничин билгизди Президент. Анда каралган НДС көлөмүн азайтуу маселеси жети өлчөнүп, бир кесилүүгө тийиш. Ошолеле учурда кыймылсыз мүлк салыгы ишке кириши зарыл. Кыймылсыз мүлк менен автотранспорт бизнесинен салык өндүрүү жолго коюлат. Социалдык төлөмдөр ставкасын 2008-жылы 2% төмөндөтүү максатында пенсияга чыгуу курагы мурдагы калыбына келтирилет.
Бешинчи блок социалдык тармакты, анын ичинен калкка билим берүү, медициналык тейлөө тармагын реформалоого арналды.
Алтынчы блок региондорду өнүктүрүү маселесин камтыды.

"Агым-пресс"




 

Президенттин кайрылуусунан эмнени күттүңүз эле. Кайрылуу кандай таасир калтырды?
Турсун Турдумамбетов, Маммүлк фондунун төрагасы:
- Курманбек Салиевичтин кайрылуусу өтө маңыздуу болду. Бийлик бутактарынын 2008-жылы аткара турган иштерин так, даана аныктап, багыт берди. Мындан ары катуу аракет кылып иштеш керек. Экономиканы көтөрүү багытындагы кайрылуусу абдан туура деп эсептейм.

Жоомарт Сапарбаев, жаш саясатчы:
- Биз 15 жыл бою Акаевдин кооз сөздөрүн угуп келсек, эми эки жылдан бери Бакиевдикин угуп жатабыз. Айтканы кооз, бирок иш жүзүндө ыпылас болуп жатпайбы. Кайрылуунун өзөгүндө эл пайдасына эч нерсе жок. Ошондуктан президенттин кайрылуусун колдобойм жана ишенбейм.

Нурлан Шакиев, КР президентинин басма сөз катчысы:
- Президент белгилебедиби, 2007-жылкы саясый окуяларга чекит коюлду, эми 2008-жылды экономиканы өнүктүрүү жылы кылабыз деп. Кайрылуунун негизги өзөгүн экономикалык маселелер түздү. 4 бөлүктөн турган чоң-чоң маселелерди айтты. Ошонун баарын жаңы өкмөт ишке ашырышы керек. Ал эми парламент жаңы мыйзамдарды кабыл алып бериши зарыл.

Ибрагим Жунусов, ЖК депутаты:
- Туура кайрылуу болду. Айтылган сөздөр "Акжол" партиясынын да стратегиялык пландарында бар. Эң жакшысы, өкмөткө койгон максаттары болду. Мисалы, токтомдор көп эле чыгып, бирок, мөөнөтү, убагы жок. "Ушундай нерсеңерди токтоткула" дебедиби.

Токтогул Какчекеев, саясат таануучу:
- Кудай кыргыздан акылмандарды аянбаптыр. Анын бири академик Акаев, 15 жылда Кыргызстанды сызга отургузуп кетти. Төңкөрүш менен келген бийлик анын жолуна түшпөсө экен. Айткандарына кошулам. Бирок, аягына жете алабы, маселе ушунда.

Руслан Шаботоев, ЖК депутаты:
- Мага айыл чарба багытындагы сөзү жакты. Биздин партиянын негизги максаты дагы ушул багытты көздөйт. Жеке ишкерлерди колдоо, салык системасындагы өзгөрүүлөр жана кайра иштетүүгө байланыштуу өкмөткө берген тапшырмалары колдоого алаарлык.

Кубанычбек Исабеков, ЖК депутаты:
- Мен мынчалык толук кандуу кайрылууну күткөн эмесмин. Биринчиден, 2008-жыл башынан биринчи жолу ушундай кайрылуу болуп жатат. Анан да жаңы өкмөт менен жаңы парламенттин курамына бул абдан керек болчу. Экономика, айыл чарба жана эларалык абал о.э. текшерүү органдары жөнүндө сонун маселе козголду. Региондун өзгөрүүлөрү жөнүндөгү сөзү абдан жакшы. Анткени калктын 70 пайызы айыл жеринде жашайт. Айылды көтөрбөсөк, мамлекетти көтөрүү мүмкүн эмес. Энергетиктер, фискалдык органдар жана жеке ишкерлер жөнүндөгү кайрылуусу өтө керек.

Рахат Ирсалиев, ЖК депутаты:
- Президент жакшы сөздөрдү айтты. Негизинен колдоого алынаарлык. Экономика багытындагы пландары өзгөчө жакты. Эми ушунун баары ишке ашса. Мындан мурда деле ушундай кайрылуулар болуп келген. Эми көрөбүз да.

Манас ОСМОН