"Агым", 11.01.08 - 24-бет: Айназиктин аксандык...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


  Айназиктин аксандык

Махабат дартына чалдыкпаган ким бар.
Баарыбыз кабылабыз. Окурман, эгер сүйүүдөн баш айланып, бактыңыз ашып турса да, арзыганыңыздан айрылып, кайгыга чөгүп же качанкы бир сезим жүрөк кыйнап, унутулбай жүрсө, же жаңыдан сүйүүгө кабылып, көкүрөгүңүзгө батыралбай жатсаңыз, а балким жалгызсырап, сүйүүгө суусап да турсаңыз, "Агымдын" Айназиги бугуңузду бөлүшкөнгө дайым даяр. Кайгылуу болсун, мейли, күлкүлүү болсун, айтор, окуялуу сүйүү баяндары үчүн аксандык ап-ачык!

Жайыма койчу, мени!
Экөөбүз бакытка маарып, жетелешип баратабыз. Негедир басыгыбыз да жеңил. Жайдары маанай менен мектептин спорт аянтчасында олтурабыз. Бөтөнчө бактылуубуз, сен да бир өзгөчөсүң. Күлкү менен улай эле кулагыңа сыр кылып бир нерселерди шыбырап жаттым. Заматта өңүң бузула түштү. Катуу силкип жибердиң...
... Чочуп ойгонуп кеттим. Түшүм экенин түшүнгөнүм менен элесиңден ичиркенгендей денем жыйрыла түштү. Бүткүл боюм жанчылгандай, кыйналып калыпмын. Качан сенден кутулам дедим ичимден. Өзүң айтмакчы, ортобузда не бир сонун күндөр өтпөдү. Кандай жылуу сезимдер бир-бирибизге арналбады. Бирок, махабатка биз кыянаттык кылдык. Арзуудан жаралчу Кудай менен табигаттын белегинен баш тарттык. Жоопкерчиликтен корктук көрүнөт. Эми экөөбүздүн жолубуз да, алган багытыбыз да башка. Бирде туруп тагдырдын кызыгына баш катырам. Кечээ эле кучакташып, экөөбүздөн башка ынак жоктой ээрчишип жүрүп, бүгүн бир-бирибизди душман көргөнүбүзгө таңданам. Турмуш экен да! Сенсиз жашоо уланбачудай сезилген, алгач менден оолактай баштаганыңда. Азыр сенсиз деле күндөр өз нугунда. Көрсө, мезгил баарын дарылап, өз ордун таптырат тура. Бирок, түшүмө көп киресиң. Кээде ошол түштөр да мени кайгыга салат. Мени жайыма коюп, түштөрүмдөн да алыстачы. Бир өтүнүчүм ушул.

Кайрынса К.
Махабатыңдын ээси мен эмес, карындаш
Бардык нерсеге көзүм жетип, түпкүлүгүнө терең сүңгүп, туура түшүнгөнүм менен чечкиндүү аракет жасай албайм. Анткени, сендей акактай тунук кызга - аркимге кызыгып, калбырга айланган жүрөгүмдү тартуулагым келбейт. Анүстүнө сен экөөбүздүн жылдызыбыз эч качан бир асманда бирге жанбашын жакшы билем. Эми кеп мында деле эмес го. Кеп өткөндүн өксүгүнө байланыштуудур...
Негедир "Г"дан кутула албай жатам. Канчалык андан алаксып, башкаларга байланууга күч үрөгөнүмө карабастан, качандыр бир кезде чырмаган анын торунан чыгалбай келем. Анын отуз үч тишин көрсөтө күлгөнүнө чоочун перилер туруштук бералбай калат. Бирок, ал экөөбүздүн "саякатыбыз" эбак аяктаган. Ага арналгандан соңку сезимдерим анчалык деле чечүүчү ролду ойнобостугу анык. Анча-мынча ыр жазгандардын бири катары кыялданганды жактырам. Бирок, анын акыры да зыян көрүнөт. Себеби, мен күткөн, мен эңсеген кыялдагы махабатыма жолуга албадым. Өмүр бою кыялдагы ханышама кызмат көрсөтүп жашайм. Мен эми сүйүүмдү кызга эмес, ырга арнап өтөм. Максаттуу жашоого умтулуунун убагы келди.
Сүйүү маселесинде эч ким эч кимге жалдырабашы керек. Эки тарап тең өздөрүн эркин сезип, акыл-эси менен кеңешип аракет кылганда гана жыйынтыгы жыргатарлык болот. Ар кандай сүйүү кези келгенде күчүн жоготот. Дүйнөдө түбөлүктүү нерсе жок. Түбөлүктүн чечмеленгени - Түбү өлүк. Кришнамуртинин акылына сыйбаган татаал түшүнүктү чайнап жутканыбыз менен, аш кыла албайбыз.
Ачыгында алдамчы сезимдерден, кечээги сүйкүмдүүлүгүн бүгүн жоготкондордон жадап бүттүм. Жөн гана сыйлашып жашагандан өтөрү жок окшойт. Сенин көзүңө көп көрүнгөнүм үчүн өзүмдү өзүм күнөөлөйм. Бардык башталыштардын себепкери болгондугум үчүн өзүмдү өзүм кечирбейм. Эгер сенин пикириңде сүйүү түбөлүк болсо, анын аныгына жетишиңди тилейм. Бирок сенин махабатыңдын чыныгы ээси мен болушум мүмкүн эмес.

Мирадил, Бишкек




  Келаткан шейшемби күнү,
15-январда окуйсуздар:

"Агымдын" мырзасы, келечекте бизнесмен болгусу келген Шаршенов Элнур кабарлайт:
l Т.Курманбеков салык саясатында ачылыш жасадыбы?
l 2008-жылдагы экономикабыз жөө жомокпу?
l Аялына болушуп, апасын өлтүрүп...