"Агым", 11.01.08 - 3-бет: Хайл, Сайракан!..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


 Хайл, Сайракан!


Сая-саалы

Электр энергиясы да энеңди таанытат
Жаңы жылда газ кымбаттайт. Анын артынан апрель айында электр энергиясы кымбаттайт. Бар болгону 30 эле процентке. Аны кечээ энергетика жана отун ресурстары министр орунбасары Акылбек Түмөнбаев журналисттерге сүйүнчүлөдү.

Эдил Байсалов "воздушный поцелуй" узатты
Шайлоо бюллетендерди алдынала шардана кылып, мамлекет "сырын" төктү деп 11 млн. сом айыпка жыгыларда Алматы таяна качкан Социал-демократтар партиясынын жооптуу секретары Эдил Байсалов "Азаттык" радиосуна агынан жарыла интервью берди. Кыргызстанга азырынча келбейм, анткени сот адилеттиги орнойлек дейт. Адилеттик орногончо Алматынын аксакал чалы болосуң го, Эдил мырза!

Эркин ойго цензура?
Жаңы жабылган Жогорку Кеңеш парламент регламентин өзгөрттү. Ал боюнча депутат талкууга ой айтып, пикир, сунуш киргизгиси келсе, фракция лидери, комитет төрагасы жана спикерден улуксат алыш керек. Дагы бир жаңылык: добуш берүү учурунда командировкада болсо, ал калтырган тилкат негизинде фракция анын атынан добуш берет.

Коммунисттер энергетиканы менчиктештирүүгө каршы
Бишкек саясый клубунун (БСК) суроолоруна жооп берген коммунисттердин анабашы Исхак Масалиев эгерде парламентте энергетика секторун менчиктештирүү маселеси каралса, коммунисттер мындай маанилүү тармак мамлекет карамагында калуусун колдошорун билдирди. Мурдагы парламентте Бекназаров, анан дагы бир-экөөнөн башка оппозициячылардын баары энергетиканы менчиктештирүү программасын колдоп чыгышкан. Булар эптеп элди өз жагына тартуунун, саясый упай топтоонун амалын гана кылышы мүмкүн, - дейт ККП баш катчысы.

Жер титиреди, элибизди сактайгөр, Кудай!
Жыл башында өлкөнүн түштүгүндө болгон жер титирөөлөрдөн 2 үй, 8 мектеп, 1 клуб, территориалдык оорукана бөлүмү, 1 ФАП кыйроого дуушар болгон. 995 үй, 4 орто мектепке капиталдык ремонт зарыл. Ош шаарынын өзүндө да көп квартиралуу үйлөр, 400дөй үй кыйроо абалында. Бийликчил ММК баары жайында дегени менен жабыр тарткан эл жардамга жарыбай мукурап туру.

Парламент бар, жок
14-январда "Акыйкаттык үчүн" кыймылы өлкөнүн бүт прогрессивдүү күчтөрүнүн форумун өткөрөт. Ага "Атамекен", "Арнамыс" "Асаба" баштаган бир катар партиялар, коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюмдар, эксперттер катышат. Темасы: "Кыргызстандын келечеги жана өнүгүүнүн альтернативдүү модели".

Жаштарды жарга такашууда
Шаршемби күнү түн ичинде ЖК имаратынын жанынан өтүп бараткан "Мен ишенбейм!" акциясынын катышуучулары Жоомарт Сапарбаев, Айчүрөк Маматкадырова, Уулжан Коюнбаеваны күзөт кызматы кармап, Биринчимай РИИБге жеткизген. "Жаштардын колунан 400дөй "Мен ишенбейм!" баракчалары алынган. Алар 30-декабрдан бери баракчаларды чаптап жүрүшкөн. Булардын ишин азыр РИИБ кароодо.




Крим-аалы
Бирөөнүн акчасына кол салып
Бишкек шаарынын патрул кызматкерлери тарабынан Беловодск айылынын тургуну, 22 жаштагы Баратов Р. колго түшүрүлдү. Ал андан мурдараак Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен 26 жаштагы К.Абдылдаева дегендин 330 сомун күч менен тартып алган.

Шуруң менен шумуран кал
Баалуу буюмдар ач көздү кызартат. 9-январь күнү Бакай-Ата жаңы конушунун тургуну, 1974-жылкы А.Оморов Ортосай базарынан Н.Бообекованын алтын шурусун тартып алып, бирок аны изи сууй электе Октябрь ИИБнин кызматкерлери кармашты.

Каракчы жолу караңгы...
Мурдагы күнү Ош ИИБ кызматкерлери көптөн бери издөөдө жүргөн 1977-жылы туулган Я.Маматахуновду кылтакка илишти. Бул эргул өткөн жылдын 6-ноябрында 21 жаштагы Ш.Абдрахмановдун уюлдук телефонун күчтөп тартып алып, сайрандап жүргөн.

Дагы эле сотка...
Биригип алып уюлдук телефонду тартып алуу көп болууда. 9-январь күнү Октябрь ИИБ кызматкерлери тарабынан Бишкектин тургундары: 19 жаштагы Жолдубай уулу Б. жана Койташ айылынын жашоочусу, 17 жаштагы А.Мадемилов кармалды. Булар Бишкекте 1990-жылы туулган К.Молдогазы уулунун уюлдук телефонун өз үйүнөн тартып алууга үлгүрүшкөн.

Нашаага азгырылып
9-январь күнү Панфилов райондук ИИБнын наркобизнеске каршы күрөшүү бөлүмүнүн оперлери Карабалта шаарынан 46 жаштагы С.Даникону колго түшүрүштү. Ал көптөн бери апийим менен шугулданып жүрүптүр. Үйүнөн 2,5 кг.марихуана табылган.

"Сен мага - беш жүздү, мен сага - "беш" коюп берем"
ЖОЖдордогу окутуучулардын паракорлугу эч кимибизге жашыруун эмес. Ош ШИИБнин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнө ОшМУнун студенти С.Апилов Азим аттуу мугалимдин зачет үчүн 1200 сом талап кылганын айтып кайрылган. Натыйжада атайын иш-чара жүргүзүлүп, аталган окуу жайдын окутуучусу, 36 жаштагы А.Уразов параны алып жаткан жеринен кармалды.

Сотуң ушул болсо...
"Ишенген кожобуз сен болсоң" дейбиз мындайда. Талас ШИИБнин кызматкерлери 1977-жылы туулган А.Осмоналиевди колго түшүрүштү. Көрсө, ал шаардык сотто сот аткаруучу болуп иштеп турганда Г.Айдаровдун квартирасын сатыкка коюп, ага айтпай 310 миң сомго Э.Айтбаевге сатып, акчаны өзүнө кымырып алган.




  Карагыла, ким келди?

"Агым" башредакторун алмаштырды
Бийлик 2008-жылды экономиканы өнүктүрүү жылы деп жар салса, биз "агымчылар" жыл башын жаңы редактор менен баштадык. Аты белгилүү баш редакторубуз Эрнис Асек уулу денсоолугуна байланыштуу эсалууга кетип, анын ордуна Керим Айдаров келди. Керим Айдаров кыргыз журналистикасына аттын кашкасындай таанымал болсо, бизге андан бешбетер. Анткени ал абалтан биздин бала. Аңсезимин, дүйнөтаанымын, коомго көзкарашын "Асаба"-"Агымда" калыптаган. Биздин устаканада узанып, биздин коломтонун отуна жылынып, Улуттук университетти бүткөн. Мурдагы "асабачы" Керим Айдаров республикалык "Апта", "Айкын" гезиттерин башкарып жүрүп, буйрук экен, минтип "Агым" гезитинин асабасын көкөлөтөм деп кайра келди. Ат айланып казыгын табат деген ушул. Узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына кеткен "Агымга" редактор болуш оңой эмес. Үмүт чоң.




И - тагдаалы
Жазында кантебиз?
ЖК депутаты Рахат Ирсалиев цемент-шифердин баасы жаңы жылдан тарта 30-50 пайызга кымбаттаганына чара көрүү боюнча өкмөткө кайрылды. Монополисттин моюну жоон болорун, ал буга чейин эле далай өкмөт башчыларын тоготпой келгенин депутат унутуп калса керек.

Азык-түлүк дагы кымбаттайт
Жазында азык-түлүктүн баасы көтөрүлөрүн айылчарба, суу жана кайра иштетүү министрлиги "сүйүнчүлөдү". Акыркы жылдарда базардагы бааны алыпсатарлар коюп калганын моюнга алып, анын кымбаттаганын дүйнөлүк интеграцияга шылтаган бечара министрлик алакан жайып отурат. Дагы ички рынокто бааны стабилдештирүүгө аракет көрөбүз деп өздөрүнө өздөрү отчет берет, эл министрлик эмес, өкмөттүн колунан эчтеке келбесине далай ынанды.

Пенсияга чыкчулар, сүйүнбөгүлө!
Президент Бакиев өткөн жылы депутаттар кабыл алган мыйзам боюнча пенсия курагы аялдар үчүн - 55, эркектер үчүн - 60 жаш деген мыйзамды жокко чыгарып, мурдагы 58, 63 жаштан пенсияга кетүүнү ордуна келтирүүнү суранды. Буюрса, Соцфонддогу башаламандыктар кайра башталат.

Азап тарткан баягы эле кыргыздар
Өзбекстан менен Тажикстан электроэнергияга чектөө киргизгендиктен Араван, Алабука, Лейлек райондорунун жашоочулары жапа чегишүүдө. Тажик, өзбектер электр приборлоруна катуу күч келгендиктен, энергияны өз элине ченеп бере баштады.

Кутулдум деп кудуңдаба!
Бишкек прокуратурасы Кыргыз медицина академиясынын ректору Доктурбек Адамбековду толугу менен актаган сот чечимине каршы экенин билгизип, аны кайра жоопко тартууну талап кылууда. Адамбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп күнөөлөнүп, бирок сот тарабынан акталган. Бул иш 22-январда кайра карала турган болду.

Кыргызстанда радиактивдүү бомба жасалабы?
Кыргызстандын аймагынан цезий - 137 элементи жүктөлгөн вагондор кармалды. Алар Иранды беттеп бараткан имиш. Вагондорго жүктөлгөн кара металл Тажикстанга, ал эми жүк Кыргызстандын "Темир" мамлекеттик ишканасына тиешелүү экен. Ошентип аралашып жатты да калды. Изотоп цезий - 137 террористтердин колуна тийсе, радиактивдүү бомбадан да коркунучтуу дешет АКШ адистери. Кыргызстанда ошентип дагы бир "кыйгыл" окуя болду.