"Агым", 11.01.08 - 8-бет: Жандырмак...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


  Жандырмак

"Карыдан барк, сөздөн нарк кетти..."
Ушул кепти ыраматылык Абдулхай Алдашев аксакал чын дүйнөгө узай электе, мындан үч жыл мурда радиомаекте каңырыгы түтөй айтканы такыр эстен кетпейт. Мээге кыт болуп куюлуп калыптыр. Куюлбаганда кантет, чыркыраган чындыкты айтып отурса. Абдулхай абанын бул кебинин биринчи бөлүгү дегеле улуттун келечеги, ыйманыбыздын азыркы кебетеси тууралуу кабырганы кайыштырган өзүнчө бир чоң көйгөйдөн кабар берет. Эне тилди кадырлай билген, баа жеткис сөздүктөрү аркылуу тил казынасын байытып, сүйлөсө кепти кудум алтындын зерин чыгаргандай ийине келтире айткан, тилди өнүктүргөнгө нар көтөргүс эмгек сиңирген жарыктык киши радиодон дагы минтип кейиген эле: "Азы-ы-ыр, байкап көрсө-өм, өзгөчө элибиздин адеп-ахлагынын, ыйман-ынсабынын очогу болуп келген айыл жеринде да жаштарда улууга ызаат кылып, андан ийменүү, урматтоо, кебине кулак төшөө деген жоголуп, азыркы муундун кулк-мүнөзү таптакыр башка-аа болуп калыптыр..." Эми бул кептин учугу өтө узун. Аны дагы бир жолу улаарбыз.

Бүгүнчө сөз нугун эне тилдин убагында ошол эле Абдулхай аба козгогон учурдагы абалына буралы. Эне тилибиздин "мамлекеттик тил" деген улуу даражага ээ болгонуна быйыл 19 жыл болот. Даражасы го бийик, а бирок наркы канча экен? Көйгөйдүн баары ушунда. Дегеле ар нерсени, каалаган ишти анын көзүн билгендер гана барктап, орундата алат эмеспи. Анын сыңарындай, азыр кыргыздын тилин өнүктүргөндү кой, бизден мурдагы эле муундагылар кенч катары мурастап калтырып кеткенди оңураак сактап, кийинки муунга жеткирген, жаштарга ошол асыл кенчти ачып берип, эне сүтүндөй болгон эне тил даамын татыткан кимдер бар?
Улуу муундагы тил устаттары деп кыргыз сөзүнүн төл башы "Манасты" бизге жеткирген Сагымбай Орозбаковду, Саякбай Каралаевди, Кусейин Карасаевди, Болот Юнусалиевди, Касым Тыныстановду, Зыяш Бектеновду, ойчул-заманачылар Калыгул Бай уулун, Арстанбек Буйлаш уулун, Молдо Кылычты, Барпы Алыкуловду, Алдаш Молдо Женике уулун, Тоголок Молдону, андан кийинкилерден Аалы Токомбаевди, Түгөлбай Сыдыкбековду, Алыкул Осмоновду, Мукай Элебаевди, Жээнбай Мукамбаевди жана башкаларды аташат. Булардан кийинки орто муундагылардан Чыңгыз Айтматовду кыргызча сүйлөтүп, кыргызга тааныткан, "Манасты" кара сөз кылып жарыялаган ыраматалык Ашым Жакыпбековду, аалым тилчи Карбоз Дыйкановду, кыргыз тарыхына сүңгүп кирген Кеңеш Жусуповду, котормочу Камбараалы Ботояровду, этнограф тилчи Сулайман Кайыповду, анан дагы бир нечесин гана билебиз. Ал эми кандидаттык, докторлук наамдарды алып жүргөн, бирок, кыргыздын эне тилине улуулардай эмгек сиңире албаган, иши эл оозуна алынбаган канча "илимпоз", чала сабат филолог, кыргыз тил мугалими жүрөт? Эгерде алар текей оттобосо, бүгүнкү балдар азыркыдай орус-кыргыз кебинен аргындашкан, түрмөдөгүлөр менен ууру-кескилердин, зөөкүрлөрдүн жарды, ыплас тили менен сүйлөп калбайт эле го? Башканы коюп, сан атооч же санды билдирген сөздөн кийин зат атооч көптүк түрүндө жазылбайт деген экинчи-үчүнчү класстан эле окутулуучу эң жөнөкөй эрежени азыркы дардайган журналисттердин билбей калганы кандай? Эне тилинен сабаты бар болсо алар "жыйырмадай балдар", "эки жүз баш койлор", "ошончо кишилер" деп тантышпайт эле го.
Баса, эне тилге чындап күйсөк, окурман калкынын тилге болгон табитин таптакыр бузуп, сабатын курутуп салбайлы десек, азыркы журналисттерден мурда алардын редакторлорунун дээрлик бардыгын кыргыз жазылма тилинин эрежелерине кайрадан окутуп-үйрөтүп чыгыш керек болуп калды. Бирок, аларды ким окута алат? Баарынан кейиштүүсү, болочок журналисттерди эне тилинде сабаттуу жазганды окуткан факультеттерге, бөлүмдөргө адабиятчылар же болбосо, кыргыз тили менен журналистикасынан таптакыр алыс кишилер декан болуп алганы жок эмес. Ошонун "үзүрүн" бүгүнкү кыргыз тилиндеги гезит-журналдардан көрүп жатабыз. "Агым" менен "Кыргыз туусунан" бөлөк азыр жарык көрүп жаткан кыргыз гезиттеринин кат-сабаты биз окуган кездеги филфактын кереге гезитинин деңгээлинен да түшүп калды. Чала сабат кеселине дээрлик баары чалдыккан. Алардагы журналисттер эбак калыптанып калган жазылма кыргыз тилин унутуп, ар кимиси өз айылынын, уруусунун тили менен жазып калышканын көрүп жаның кашаят. Оңураак окутуп-тарбиялаган киши чыкпаса, уядан көргөнүн алышат да.
Баса, сабаттуу тил десе тилге тийешеси барлардын көпчүлүгү "адабий тил!" деп ооз көптүрүшөт. Чындыгында андай эмес. Тил - өзүнчө бир аалам, чексиз да, түпсүз да нерсе. Аны бузбай, иритпей өз орду менен пайдалана гана билиш керек. Тагыраак айтканда: оозеки, адабий жана жазылма болуп негизги топторго бөлүнөт. Туу чокусу, илим-билимге алып барчу, дүйнө өрүшүн кабарлап турчу - жазылма тил. Дал ошол жазылма тилибиз аксап, мүдүрүлүп, бутуна тура албай жатпайбы. Тургузгандын, калыптанып калган жакшынакай жазылма эрежелерин таза сактап, өркүндөткөндүн ордуна, тескерисинче, мына, жакында эле аны бузуп-жарып, ар кимдин оозунан чыккан сүйлөмө сөзүнө зордоп өткөрүп салышты... Болгондо да төл сөздүн уңгусун (демек, пайдубалын) бузуп, эки-үч сөздү бириктирип, учкаштырып-чиркештирип салышты. Кыргыз тилине мындан ашкан душман барбы? Сатирик жазуучу Калканбай Ашымбаев аткандай, ушуну ойлоп тапкандар "кантсин кургурлар, деңгээли ошол болсо." Кайсы бир тилчи-адабиятчы досум айткандай, ошол "жаңы орфографиячы" бештик кыргыз тилине Токтогулдун айтылуу беш каманындай эле тийиптир. Эне тилибизди башкаларга зордоп таңуулагандан мурда, адегенде аны ушинтип ичинен ириткендерди тескеп алсак.
(Уландысы 11-бетте)




  Неудобный суроолор

"Кыргызкино" улуттук концернинин президенти Замир Эралиевге
Замир мырза, жакында эле киносценарист Талип Ибраимов сизди көзгө көрүнөрлүк, сөз кыларлык эч нерсе жаратпаган, режиссер катары деңгээли төмөн дегендей сын пикир айтты. Бул албетте Талип мырзанын сиз жөнүндөгү жеке пикири. Бирок, сиз ыңгайы келген жерде өзүңүздү чыгаан режиссер катары мүнөздөп, жаш үйрөнчүк режиссерлордун эмгектерин сынга алып келесиз. Анткен менен биз үчүн Талип мырзанын айткан пикири чындыктай туюлат. Чын эле биз сиздин көзгө көрүнөрлүк эмгектериңизди билбейт экенбиз. Эгерде режиссер Болот Шамшиевди сөз кылсак, анын "Ак кеме", "Караш-караш", Төлөмүш Океев дегенде ал жараткан "Кызыл алма", "Уркуя" тасмалары эске түшсө, кийинки муундагылардан Актан Арым Кубатты "Бешкемпир", "Маймыл", Эрнст Абдыжапаровду "Айыл өкмөтү", "Бозсалкын" тасмалары аркылуу билебиз. Ал эми сизди кайсыл тасмаларыңыз менен билсек болот?

Адабиятчы, жазуучу Самсак Станалиевге
Бизди Чыңгыз Айтматовдун сиз которуп баштаган "Когда падают горы" ("Сардал кыз") романынын тагдыры кызыктырат. Сиз романды орус тилинен кыргыз тилине которуп баштаганыңызга эки жылдай болду. Бирок, котормонун алгачкы үзүндүлөрү басмасөз беттерине жарыяланганы эле болбосо, роман али күнгө чейин кыргызчалана элек. Өзүңүз билесиз, Ашым Жакыпбеков, Аман Токтогулов жазуучунун романдарын 3 айга жетпеген убакытта которуп, окурмандарга тартуулашчу. Романдын котормосунун бүткөрүлбөй жаткандыгына эмне себеп?
Ушул жылы Чынгыз Айтматов 80 жашка чыгат. Юбилейге карата роман кыргызчаланып, окурмандарга сунуш кылынабы? Же кыргыз адабиятынын кризистик абалы кыргыз тилдүү окурмандарга адабиятыбыздын корифейи Айтматовдун акыркы романдарынын бири менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнөн арылтабы?

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин жетекчилигине
Сиздердин жана Экономикалык өнүгүү, соода министрликтеринин шалаакылыктарынан улам өткөн жылдын жай соңунда тамак-аш продуктуларынын кымбаттоосуна, ун тартыштыгына туш болдук. Абалдан чыгууда Мамматрезервдеги колтийбес көрөңгө да жетишсиздик кылды. Өзүңүздөр билесиздер, кийинки жылдагы ун тартыштыгынын алдын алуу максатында Өкмөт 600 миң доллар бөлгөн. Бирок, бул каражатка сатылып алынган буудай кийинки ушул жылдын апрель айына гана жетет экен. Күздүк айдоо иштери толук аткарылган жок. Тиешелүү адистердин маалыматтарына ишенсек, күздүк айдоо 40-45%га араң аткарылган. Ал эми буудай түшүмү негизинен жазда эмес, күздө себилген үрөндөрдүн эсебинен алына тургандыгы белгилүү. Мындай шартта бул жылы да буудай, ун тартыштыгына туш болушубуз толук мүмкүн. Тартыштык, кымбатчылык дагы күтүлсө министрлик кандай чара көрөт? Ага жол бербөө чараларын көрүп жатасыздарбы? Күздүк айдоо иштерин жүргүзбөгөн министрлик деги эмне иш кылат?

Социалдык фонддун төрагасы Марат Султановго
Марат Абдразакович, сиз өткөн жылдын апрель айындагы митинг учурларындагы саясый башаламандыктан пайдаланып, Чүй өрөөнүнөн 12 гектар жерди менчиктеп алгандыгыңыз жөнүндө мезгилдүү басылмалар жазып чыккандыгын билебиз. Адатта мындай нерселерге дароо реакция жасалып, чын-төгүнү билинчү. Бирок, сиз ага лям деп ооз ачпадыңыз. Жалган же чын экендигин айтпадыңыз, түшүндүрмө да бербедиңиз. Ал маалыматтын канчалык чындыгы бар экендиги алиге чейин белгисиз. 12 гектар жерге ээлик кылып алгандыгыңыз чынбы? Чын-төгүнүн өзүңүздөн билгибиз келет.