"Агым", 15.01.08 - 12-бет: Аялына болушуп апасын жыга чаап єлтџргєн Асылбек...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


  Жолтикен

Аялына болушуп апасын жыга чаап өлтүргөн Асылбек
Айтыкан апа жалгыз уулу Асылбек үчүн гана жашап жүргөнүнө туура 27 жыл болгон. Турмушка кеч чыгып, негедир үйбүлө очогу күйө албастан, сегиз ай өткөн соң гана кайра жалгыздыкка тушуккан аялзат курсагындагы баласын медер тутуп, тумар кыла мындан ары турмуш, үйбүлө агымына малынбоого ант кылып, өзү менен өзү гана жашоону чечип койгон.

Албетте, Айтыкан апанын да элдикиндей эле биртуугандары, эже-сиңди, агаинилери да бар болчу. Алар Асылбек төрөлгөн соң да, кийин бой жеткенде да биртууганына кеп салышып, кайсы бир адамдар тууралуу да сунуштарын айтып, үйбүлө күтүү маселесин эчен ирет коюп келишкен. Буга Айтыкан апа караманча каршы туруп, "турмушта бир сынганым эле жетишет, экинчисин болушун каалабайм" деп кескин жооп узатчу. Жалгыз уулу Асылбек үчүн гана жашап, ошого гана каниет кылып күн өткөрүп, бүт өмүрүн арнаган эне, атасы бир ирээт издеп, сураштырып көрбөгөн ошол уулунун колунан ажал табаарын кайдан билиптир.
Турмуш агымы жалгыз жалгыз уулдуу бой аялга тегиз боло алган жок. Бирде нуру тийсе, бирде бороон-чапкыны согуп, аласалма турмуш анчейин деле жыргалчылыкка бул шордууларды бөлөй албады. "Эл оозунда элек жок" деп коет эмеспи. Анынсыңары Асылбек эс тарткан күндөн тарта "жетим, жетесиз, кул, таштанды" өңдүү сөздөр айтылган учурлар аз болгон жок. Турмуштун баардык соккусуна чыдап, уулун керектүүдөн кем кылбай асыраган Айтыкан апа мындайларга муун бошотуп мокобой, абийирин таза сактап, азгырыкка алсыздык кылбады. Эл катары жашоо нугунда Асылбек да мектепти бүттү. Жогорку окуу жайда окуду. Анан, эне күткөн күн да келди. 24 жашка чыккан жалгызы Асылбек жактырган кызына жоолук салдыртты. Оо, бул күндөр Асылбек үчүн эле эмес, Айтыкан апа үчүн да керемет күндөр эмес беле. Келини келгенден тарта үстүнө үйрүлүп түшүп, "секет кетейиним" деп миң кайталай үлпүлдөтүп, колунда кылып жаткан ишин ала кое, "сен эс ал, али жашсың" деп аяп, уулунун жарын бөлөлөөнү ырахат көргөнүчү. Алгач келин да кайненесинин бул мамилесинен улам өз апасындай карап, чын мээрими менен берилип, кайнене-келиндиктин чегинен эне-кыз сүймөнчүлүгүнө тартылышты.
Бул аздектүү күндөрдүн чеги болбосо кана. Аял болгондон кийин аялдык деген болбой койбойт экен го, аттиң. Асылбек менен Жайнанын биринчи тун кызы төрөлгөндөн тарта кайнененин келинге, келиндин кайненеге болгон мамилелери сууй, аралары ачыла баштайт. Баланы жуунтса деле, уктатса деле жок жерден буркулдап-зиркилдемей адат келинде байырлайт. Койнунда жаткан аялы, бүт өмүрүн берип өстүргөн апасы менен кер-мур айтыша кетсе, баштатан эле түнт мүнөз, орой сөздүү уулу да катынына болуша энесине акырая карап, аркандай сөздөрдү агытып жибермей адатка өттү. Муну деле кургур эне анчейин этибарга албай, "жаш эмеспи" деген көңүл жооткотуу менен өзүн алдап жүрдү. Бирок, эне күткөндөй болгон жок. Улам күн өтүп, мезгил алмашкан сайын чатак ырбап, келиндин суук сөзү, уулдун муздак мамилеси арта берди. Баарыдан да уулунун "Сен ушундай мерездигиңен мени атасыз калтырып, жалгыз жетим өстүргөнсүң" дегени болду. Шордуу эне не кылат. Тээ башта жаштыгында кетирген катачылыгына бармак тиштей, өзүнчө муңканып алуу гана аны сооротчу. Бир күн да келин-уулунун жай, жылуу мамилесин көрбөй калганына эки жылга чукулдап калган. Ошол күнү Айтыкан апа небереси Айтумарды карап үйдө болчу. Келин-уулу теңтуштары менен отурушка кетишкен. Анча деле кеч эмес үйгө кайткан келин-уул экөө бирдей кызымтал киришти. Бала деген бала да. Ата-энесинин киргенин көрө экөөнү көздөй бой ура балбалактап ыйлай жүгүрөт. Ансыз да үйдөгү энени "мастандай" кабылдаган келин турган жерден эле атырыла "мастан, баланы ишенип таштап кетсе, жүрөгүн түшүргөн тура" өңдүү кептерди айта оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып жатып калат. Эне болсо деле анда да чыдамдын чеги болот да. Кургур Айтыкан апа да жарылат. Келин менен кайнененин айтышы күч ала, акыры кайнене келинин жаактан ары тартып калат. Ансыз да албуут келинди эми көрүп ал. "Эне экен ай, эр экен ай" деген тартынуу башта эле жоголгондонбу, ач айкырыкты сала, жаагы-башы сынып кеткенден бетер жерге оонап жатып калат. Бир чети катынкулак болуп бүткөндүктөн, анүстүнө аялы кызылдай эле жерде оонап жаткандыгынан чочуп кеткен асылбек аттап-буттап энесине жете бар күчү менен жаак талаштыра муштап калат. Кырсыкты кайдан деп болбойт демекчи, шордуу эне "күп" эте жерге кулайт. Ортодо чай ичилчү жерге коюлган чакан стол бар эле. Айтыкан апа чалкасынан кеткенде каракуш желкеси ошол столдун кырына урунат. Алгач эмне кылып жибергенине мээси ката түшкөн Асылбек апасынын кежигесинен кан жая бергенин көрө чөгөлөй кала эненин башын көтөрөт. Бирок, баары кеч болуп калган эле. Айтыкан эненин башы стол кырына тийгенде эле мүрт кеткен болчу.
Эки алаканы тең кан болгон күйөөсү менен эмеле маңдайында турган кайненесинин өлүк денесин көргөн Жайна алгач коңшунукуна жүгүрөт. Айыл эли, ага-тууган жыйылат. Асылбекти тагалары эч кимге кол тийгиздирбей энесин койгучакты кармашат. Ага чейин маселе кандай болгондугун жан адамга ачык айтпастан, "кулап түшүп, башы катуу нерсеге тийген" деген кеп менен элди узатышат да, үч күндөн соң күч органдарына өздөрү жеткирип келип, болгонун болгондой айтып, далилдеп беришип, түз эле өлүм жазасын суранышат. Бирок, биринчиден кокустугу, экинчиден кичинекей кызы, боюнда бар аялы эске алындыбы, айтор, 15 жылга эркинен ажырайт. А шордуу Айтыкан эне 59 жаш курагында өз уулунун колунан ажал таап, боз топурак астында кала берди. Ансыз да ага тагдыр оң көзүн салган эмес эле.




  Саунадан сайышкандар…

Бул кандуу окуя Бишкектин эле бир саунасында болгон. Ал кезде азыркыдай бурч сайын тизилген сауна жок эле. Анүстүнө саунага ал кезде акчасы ого эле көптөр гана барышчу. Тилек да Алматыдан тамеки ташып сатып, чакан бизнесин досу Наумат экөө жаңыдан бутуна тургузуп келе жатышкан. Ошол күнү да Алматыга жөнөмөк. Болбогон эле бир маселе менен кармалып, эртең эле чыгайынчы деп кала берген.

Эртең менен "Ош" базарга барып, бир сыйра кардарларына жолугуп, такташып коюп, эми мончого түшүп алалы дешип Наумат менен Тилек дайыма түшүп жүрчү жеке мончого барышат. Барышса, дагы үч сааттан соң бошоорун угуп, ага дейре тамактанып алалы деп бир жерге кирип калышат. Жаңы эле тамак астыга келгенде кайдан-жайдан белгисиз Абдес да ал жерде пайда болот. Бул жигит Тилек менен Науматтын батирине коңшу жашачу. Өтө шыпылдаган, бир жолуккан адамдын ичи-койнуна кирип, тез эле тил табышып алмай адаты бар эле. Ошол сапатынын аркасында Тилек менен Науматка да жакындап, кез-кез чогуу майрамдап калышчу. Бу сапар да экөөнү көргөн Абдес эпилдеп-жепилдеп, ар нерседен кеп уруп олтурду. Сөздөн сөз чыгып, "кайда, кайдан" болуп жатып, жигиттердин мончого бара жатканын уккан Абдес, тигилерди айныта "кыздар бар, а көрөкчө кечинде эле саунага баралы" сунушун айтып калат. Экөө да бул сунушка макулдук беришет. "Жакшы идея үчүн" дешип жүздөн урушат. Ошону менен кечинде жолукмакка коштошушат. Адамдын өзүндө сезим болобу, аны ким билсин. Айтор ошол күнү Тилек негедир Бишкектеги агасыныкына барып тамак ичип, агасынын балдарын эркелетип, жеңесине анча-мынча тыйын-тыпыр таштайт. Ушул эле күнү, агасыныкынан чыга эжеси менен карындашынын жатаканасына барат. Аларга да жогорудагыдай мамиле кылып, аябай коштошуп узайт. Аңгыча кеч кирет. Макулдашкан убакыт боюнча болжошкон жерге да кечикпей барат. Аңгыча Наумат да, Абдес да удаа келишет. Үчөө такси менен шаардын түштүк батышындагы бир саунага барышат. Ар кайсы кептин башын чалып олтургучакты ортодогу бир бөтөлкө бошойт. Экөөнү отуруп туруусун суранып, Абдес кыздарын алып келе коймокко кетет. Биразга олтурган соң Наумат Тилекке "негедир көңүлүм болбой турат, кете береличи" десе, Тилек "кой, сөз берип койдук, күтө туралы" деп болбой коет. Жарым саат өтүп-өтпөй Абдес үч кыз алып келет. Үчөө тең жаш, студент кыздар экен. Үч кыз менен үч жигит бир топко дейре сайран курушат, ичкилик ичишет. Бир маалда жигиттер өзүнчө калып, адеттегидей "алмашып жатпайлыбыга" өтүшөт. Бирок, бул сунушка Тилек макул болбойт. Кызуу болуп калган Абдес тилинин мурчтугуна сала "алигиңди чатыратып койдубу, анда биротоло катын кылып албайсыңбы, кез-кез мен барып турганга да жакшы болот" деп мазактаганга өтөт. Ортодогу кер-мур күчөй бергенинен Наумат "эмне болушмак эле" деген ойдо бир селкини кучактай башка бөлмөгө кирип кетет. Он-он беш мүнөт өтүп-өтпөй Тилектин кыйкырыгынан улам сыртка атып чыккан Наумат колуна бычак кармаган Абдести, жерде жаткан Тилекти көрөт. Ирмемге токтоло калган Науматка да Абдес колундагы бычакты шилтейт. Оң каруусун тилип кеткен бычактан качкан Наумат жылаңач бойдон сыртка качат. Буга чейин эле чурулдап жүгүргөн кыздар саунанын кожейкесине жетип, милиция чакыртып жиберишет.
Милиция келип Абдести алып кеткенде Тилекти да шаардык №4 ооруканага Наумат тез жардам менен алып жөнөйт. Бирок, ооруканага жете бербей Тилек үзүлүп кете берет. Жыйырма алтыга жаңы кадам койгон жигиттин өлүмүнө себепкер Абдес али да темир тор артында. Эмне болуп бычакташа кеткендиги тууралуу суракта Абдес алгач бычакты Тилек шилтегенин, бирок, спорттук ыкма менен бычакты Тилектен жулуп алган соң, кандайча сайып жибергенин өзү түшүнбөй калганын айткан. Бул өлүм али да же мастыктын, же атайын сындыруунун максаты экени ачык эмес.

Бетти даярдаган Акат АСКАЕВ