"Агым", 15.01.08 - 3-бет: Талас кџнадырлуу болду...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви



Талас күнадырлуу болду
Буга чейин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамагенттигин башкарып турган, андан мурда Нарынды башкарып келген Бейшенбек Болотбеков Таласка күнадыр болуп барды. Президент К.Бакиев андан тышкары Жогорку сот, Консот, Башпрокуратура дагы башка орган башчыларын алмаштыраары анык болуп калды.

Ишсиз молдоайымдар
"Мутакалим" коомдук кыймылынын жетекчиси Фронтбек кызы Жамалдын айтымында, Кыргызстанда мусулманча жогорку билим алган кыз-келиндер окуусу бүткөндөн кийин баары бир ишсиз калышат экен. Себеби, Ислам университетинин же медреселердин дипломдорун эч ким жаратпай жатыптыр. Молдомырзалар эптеп шаарларда, айыл-кыштактардагы мечиттерге имам болуп орношуп алышса, ургаачыларды караган жан жок. Ошол эле Фронтбек кызын кейиткен дагы бир маселе: өлкөдө дин таанытуучу билимдүү окутуучулардын таңсыгы. "Бизде дин таануу боюнча бир дагы доктор жок, колдо барлар көбүнчө үйрөнчүк же өз алдынча дин тааныгандар" дейт Жамал айым.

Арак арзандайт дейби?
Айылчарбасынын жаңы министри, мурдагы Бишкек мэри Арстанбек Ногоев өз тармагындагы реформаны салыктан арылуудан баштаптыр. Арстакең "чү" дегенде эле өкмөт менен Жогорку Кеңешке кайрылып, айылчарба товар чыгаруучуларын пайда салыгынан гана бошотпостон, ошондой эле кошумча нарк салыгын да азыркы 20 пайыздан 5-10 пайызга дейре түшүртүүнү суранды. Ошондо гана тармак бутуна туруп, кайра иштетүүчү ишканалар пайда табат экен. "Кыргызалконун" чыгашалуу иштеп келгенине жаңы министр таңданганын жашырбады. "Бүт дүйнөдө арак тармагы эбегейсиз киреше

Кабай каарданганда
Өткөн жылдын бюджетин кароодо анын киреше бөлүгү 2 миллиард сомго артты деп Каржы министринин төш какканына жаны кашайган депутат Кабай Карабеков: "Мунуңар инфляциянын эсебинен алынган. Силер киреше өстү дейсиңер, а эмне үчүн баалардын асмандаганын унчукпайсыңар!" деп кыйкырды.

Алаанын азабы
13-январь күнү Таластын Карабуурасынын Көксай айлында жашаган Б.Сүйүнбаев аттуу 1991-жылы туулган бозбаш эргул колго түштү. Ал 2007-жылдын 27-сентябрь күнү Талас шаарынын Садовой көчөсүндөгү 340-үйдүн жанынан 1990-жылы туулган С.Д-ны баса калып, зордуктап койгон. Эми минтип кылыгынын былыгы чыгып, "айгырлыгынын" азабын тартып туру.

Деңгээлден-деңгээлге секирген бюджет
Былтыр эле мурдагы Каржы министри Акылбек Жапаров жерге-сууга тийгизбей мактаган эки деңгээлдеги бюджет деген неме быйыл жарабай, жаңы министр Тажыкан Калимбетова "акелер, иттик кылыптырбыз, мындайга жериндеги адистер жарабай, анан аймактарды башкаруудагы башаламандык колу-бутту тушап жатат", - деп депутаттардан суранып атып, жокко чыгартты. Министр айымдын айтымында, былтыр бул каржылоо "реформасына" демиш болгон 100 миллион сөлкөбайды айыл өкмөт башчылары чындыгында бюджетке эч тиешеси жок башка нерселерге уруп ийишиптир.

Социал-демократтар эл камында
Алмаз Атамбаевдин партиясынын Жогорку Кеңештеги мүчөлөрү Ошто жер титирөөдөн жабыркагандарга атайын убактылуу түнөк жайларды ачууну сунуш кылат. Мындан тышкары КРСДП түштүк борбордун шаар башчысынын жоопкерчилигин парламентте кароону сунуш кылды. Себеби, зилзаланын кесепеттерин жоюуда мэр шалаакылыгын көрсөтүп, тургундардын талаптарына кашаңдык кылган дешет.

Мен сүйсөм да сен сүйбөйсүң,
Бишкеги-и-им!
Борбор шаарда Бишкек жөнүндө мыкты ырга былтыр октябрда башталган конкурс быйылкы 20-февралда аяктаганы турат. Кароо өлкөнүн баш калаасынын алдыдагы 130 жылдыгына арналган. Жеңип чыккандар 29-апрелде Улуттук филармонияда өтүүчү салтанаттуу чогулушта дипломдор жана байгелер менен сыйланышат.

Тайгаланбайын десең, таманыңа эшек така кадап ал
Декабрдын аягында түшкөн кыш чилдеде Бишкектин көчөлөрүндө 613 киши тайгаланып тырайган. Анын 204үнүн колу-буту сынып, доктурга кайрылган. Борборубуздагы Медициналык-кеңеш берүү кызматы жана спорттук медицина борборунун майыптануу бөлүмчө башчысы Кулеман Өмүралиеванын айтымында, тайгалактан толук сактана албайсың, бирок, тайгаланбаган ыңгайлуу бут кийим тандап алууга болот экен. Андыктан, батинке-өтүктөргө аттыкы болбосо да эшектин чакан такаларын кадап алуудан башка арга жок го.

Таласка барсаң, тамагыңды ала бар
Көк үйгө жайланышып жандары тынчыган эл өкүлдөрү бюджетке кабатырланып калышыптыр, тобо-о. Эмне десең, алардын бир тобу губернаторлор менен акимдердин фонддорун түзгөнгө караманча каршы туруп алышты. Анткени, буга корогон өлкө бюджетинин канчасы эл керегине эмес, ар кандай той-топурга, Бишкектен барган министрлер менен өзүлөрүн, тоюс, депутаттарды тосуп алганга, майлап-чайлаганга эле коройт экен.

"Бүркүт" баса калды…
11-январь түнү саат 23.30. чамасында Бишкектин Панфилов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөрдүн биринен 1963-жылы туулган Р.Дадакбаеваны эки жигит бычак менен коркутуп, акча талап кылышкан. ШИИБнин "Бүркүт" аттуу ыкчам изкубарлары 12-январь күнү бишкектик, 1986-жылы туулган К.Мамыров жана 1987-жылы туулган А.Жумалиевди изин суутпай "баса калышкан". Натыйжада бул эки зөөкүр күнөөлөрүн "эсептеп" жаткан чак.

Мотуев менен ИИМ чатакташты
ИИМ "каракечечи" Нурлан Мотуевдин ишин кайра көтөрмөй болду өңдөнөт. Алардын билдиргенинде Мотуевдин үстүндө дале кылмыш иши бар имиш. А Нурлан мырза болсо интернет сайттарындагы ИИМдин маалыматына каяша кылып "ИИМдин дооматы курулай жалаа. Соттон жеңилгендиктерин мойнуна албагандык. Алар айтып жаткан факт, далил дегендерди былтыр апрелдеги сот процесси талкалап түшкөн. Болгону алар менин 1 млн $га сотко берем дегениме чычалагандык" деди. Көрө жатаарбыз, чын-чынында бир жылдан бери эркин "учуп" калган Мотуевди кайра сындыралы дешкениби, же чын эле 1 млн. $дан чочулашканыбы, кыскасы, ИИМде бир сыр бардай. Нурлан Мотуев болсо "айтканыман кайтпайм, ИИМ мага жеңилген" деп көшөрүүдө. Буюрса, эрикпейт окшойбуз.

Чычкандар быйыл тыйылабы?
Былтыр Бишкектин 228 тургунуна келемиштин тиши тийиптир. Андан мурдагы жылы куйругун сүйрөгөн куу тумшуктар 260 кишини тиштептир. Быйыл чычкан жылында орсок тиштүү сүт эмүүчүлөр эми тыйылаар деген үмүттө шаардык дезинфекция станциясынын бөлүм башчысы Татьяна Михеева тиштелгендердин былтыр азайганын кубана кабарлады. Бирок, чычкандар суукка байланыштуу гана бир аз тыныгышкандай. Болбосо ага тиштеткендер дагы эле келип атышыптыр. Жай аптабында алар борбор шаардын чок ортосуна топтолушат экен да, кыш түшөөрү менен чет-жакаларга дуу коюшат. Былтыр чычкандарды курутууга бюджеттен 1 миллион сом коротулуптур. Ошол миллионго тоюшпаса да, быйыл Чычкан жылында адам баласын сыйласа, оңбогурлар бир аз тыйылаар.

Айтышта жаңы төрага
Республикалык "Айтыш" коомдук фонду жакында өз ичара жыйын курду. Жыйында төкмө Элмирбек Иманалиев быйыл чыгармачылыгынын 15 жылдыгына карата даярдык көрө тургандыгына байланыштуу төрагалыктан бошоду. Фонддо төрагалыкка үч киши келди. Себеби, фонд тармагын кеңейтип, төкмөлөрдүн "Айтыш", киночулардын "Айтыш фильм", жазуучулардын "Калемгер" клубун камтыган. Ушул үч тармакка үч жетекчи бекип, жалпысынан "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы болушту. Алар Шекербек Адылов (төкмөлөргө), Фархат Бекмамбетов (киночуларга) жана Мирлан Самыйкожо (жазмакерлерге). Максаттарында да үлкөн иштер коюлду. Баракелде, өз киндигин өзү кескен ушундай аракеттерге ич жылып, сүйүнүп туралы.

"Агым-пресс"




Жарыя, жарыя!!!
Оо-оу, бурадар!
Укпадым, көрбөдүм, окубадым дебе!
Кыргыз улуттук телевидениеси ОРТнын "Минуты славы" көрсөтүүсүндөй болгон кып-кыргызча "БАРАКЕЛДЕ-Е!!!" деген аталыштагы оюн-зоок долбоорун баштады.
Улуу-кичүү дебей эч кимдикине окшобогон өнөрүң барбы? Өзүңдү өлө кыйын трюкач, циркач, ат жалында ойногон каскадер, "сыйкырчы", уз-чебер, сүрөтчү, ырчы-чоорчу, бийчимин деп эсептесең анда эле биз менен кабарлаш.
Көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, калыстардын баасынан өтүп, көпчүлүктүн оозун аңырдай ачырып чып-чын эле таң калтыра алам десең, оо-ууй, анда эле бүттү, өнөрүңдү өргө чап да ЖҮЗ МИҢ СОМДУН (100 миң) ээси бол!!! Бир мүнөт да жөн турба!
УЯЛБА!
УКТАБА!
ЧАМДА-АА!!! "Атың чыкпаса жер өрттө!"

Биздин дарек: "Жаш гвардия" бульвары, 59.
"Ибарат" маданий-агартуу борбору. Телефондор: 65-66-85,
65-56-91, 65-56-54, 65-66-40, 0543-85-18-36.