"Агым", 15.01.08 - 6-бет: Майкечен маек...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


  Майкечен маек

Орозмат Абдыкалыков,
Улуттук статистика комитетинин төрагасы:
"Экзаменден жат жазуусу жок институтка киргем"
- Орозмат Абдыкалыкович, пайгамбарлар кой кайтарып чоңоюшкан экен. Министрлер кантип чоңоюшат? Балалык кезиңизде эсте калган окуялар болгондур.
- Анда, 50-60-жылдары Алайда жашоо оор эле. Балалык кезим согуш жылдарынан кийинки тартыш жылдарга туш келди. Айылыбыздагы мектепке жакынкы коңшу айылдардан да келип окушаар эле. Атамдын карындашы мектепте мугалим болчу. Бир күнү комиссиялар текшерип келип калып, класста бала жетишпей мени 6 жашыман отургузуп коюшту. Текшерүүчүлөр эч нерсени аңдашкан жок. Ошентип, кокустан эле окуп калдым. Короо толо малыбыз болбосо да, он чакты кой, эки-үч уюбуз боло турган. Аларга тоют даярдоо, көң чыгаруу, жазында кайтаруу менин ишим эле.
- Мектеп жылдарында бала шоктук кылат, кыздарга тийишет, анан жакшы, жаман көргөн сабактары болот эмеспи. Сиз тартиптүү окуучулардын катарында белеңиз?
- Кыздарга тийишкен мезгилдер болгон. Анда кыздарды чымчып тийишчү элек. Бир жолу килтейген семиз классташыма тийише коём деп, алдында калгам. Класстын алдыңкы окуучулары катары облустук жана республикалык олимпиадаларга катышчумун. Өзүм класском элем. Математика сабагын семичкедей чакканым үчүн мугалим экөөбүздүн мамилебиз жакшы эле. Ал эми табигый илимдердин сабагынан бираз кыйналдым.
- Жогорку окуу жайдын астанасын кантип аттап калдыңыз?
- 8-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы 10 жылдык мектепке барып окуганга туура келди. Аны аяктагандан кийин ойлоно баштадым. Элдин баары эле жогорку окуу жайына жөнөп жатат. Ой келди, карыган атамды, апамды таштап кетсем булар кандай болот деп. Анда агам Фрунзеде аспирантурада окуйт эле. Ойлонуп отуруп, эч жакка барбайм дедим. Андан көрө колхозго иштөөнү чечтим. Атама айтсам, "кой балам, тирилик өтөөр, сен билим алышың керек" деп таптакыр болбой койду. Ошентип, Фрунзени көздөй жөнөп калдым.
- Окууга кириш үчүн кимдир бирөө түрткү болуп, жардам бергендир.
- Андай болгон жок. Агам экөөбүз ээрчишип Айыл чарба институтуна барсак, бардык эле факультетте кыргыз тилинен жат жазуу болот экен. Кой эмесе деп, Улуттук университетке барсак, ал жерде да ошондой. Иши кылса жат жазуусу жок экзамен болчу окуу жай издеп жүрөбүз. Акыры политех институтунан таап, документтерди тапшырдык.
- Канча сом пара бердиңиз эле?
- Политехте андай нерсе жок болчу. Улуттук университетте анча-мынча бар экен.
- Тоодон жаңы эле түшүп келип, шаарда кыйналгандырсыз. Айылдан келгендер орусчадан кыйналат эмеспи.
- Албетте, кыйынчылыктар болду. 1-курста айрыкча, тарых сабагынан орусча жооп бералбай абдан кыйналдым. Сессия мезгилинде бир жолу айттым, "мен орусча жооп бералбайм. Бирок билип эле турам" деп. Анан, агайым кафедрадан кыргыз мугалим жетелеп келди. Ал которуп берип, анан баа алгам.
- Студенттик кезде сүйүшүп-күйүшүп, анан үйлөнүшөт эмеспи. Сиз жеңени кайсы жерден таап алдыңыз?
- Ош обкомунда иштеп жүргөм. Жашым да 26га барып калган. Баардыгы эле үйлөнбөйсүңбү деп айта беришти. Ошентип мени менен иштеген бир эже комсомолка бир кыз менен тааныштырды. Бир жылдай сүйлөшүп жүрүп, анан баш коштук.
- Сиз мас болуп жаңжал салып, жеңем түйүнчөгүн түйүнүп качпады беле?
- Кудай сактасын, андай нерсе такыр болгон жок. Ынтымак эле турмуш курдук. Албетте үйбүлөдө талаш-тартыш болбой койбойт. Анда биз бирибизди түшүнүүгө аракет кылаар элек.
- Бийликке кантип көтөрүлдүңүз?
- Биздин мезгилде иштегениңе карап баалап, көтөрмөлөчү. Ош обкомунда Насирдин Исанов, Барпы Рыспаев ишеним көрсөтүшсө, кийин Москвадан жумушка которулуп бул жакка келгенимде Апас Жумагулов, Турдакун Усубалиев жана Апсамат Масалиев аткарган жумушумду туура баалап жүрүштү.

Маектешкен Манас ОСМОН




  Жандырмак

Күчала күчүнө киргенде
Я слышу звуки одобрения,
Не в жалком рокоте хвалы,
А - в диких криках озлобления.
Александр Блок

Сары чычканга буюрган жаңы жыл алдында майрамдык шаан-шөкөт менен кошо караңгы түндө чөөнүн улуп-уңшуганын элестеткен эскинин үнү угулду. Дегеним, президент администрация башчысына майрамдык белек-бечкекке кишинин мүчөлөрүнүн аралаша келгени. Эски залимдер заманындагы зөөкүр каадага ылайык бул - акыркы эскертүүнү билдирет. Эгерде мындай "аян" берилген тарап же киши токтолбосо, андан аркысы - техникалык маселе дегени. Мындай иш албетте, бийликти түпкөтөрдү. Атайын кызмат, тартип сактоо органдары дароо ишке киришти.
Эми бийлик тарабынан да техникалык жагы гана калды. Атап айтканда - муну кылгандарды таап, кармоо жана жазалоо. Буга чейинки ушул сыяктуу окуяларды эстесек, накта тактеке эми башталчудай. Себеби, аталган окуянын көмүскөсүндө заманы бүткөн же бүтө жаздап калган бир топ саясий дөө-шаалардын карааны турат. Март ыңкылабы менен келген бийликке, кыязы, абдан сынаакы, тагдыр чечээрлик учур келгендей. Анткени, соңку жылдарда президент К.Бакиев менен анын санаалаштары, өлкөнү, коомду чындап жаңыртууну көздөгөндөр эскинин тамырын биротоло жулуп салууну көздөп, бир кыйла алгылыктуу иштерди баштап да, аткарып да коюшпадыбы. Анан, эски оңой менен кетпейт, ордун дароо бастырбайт, ар бир жаңы нерсе турмушка кыяматтын кыл көпүрөсүнөн өткөндөй кыйналып орнойт эмеспи.
Шыдырбы, онтоппу, айтор турмушубуз акыры бир нукка түшүп, анык реформалар журтчулукка көрүнө баштаганын тана албайбыз го. Мындайда "өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман" болоору да анык. Ал дегендей, эгемендиктин үзүрүн мына эми көрө баштаганда, жаңылануу билинээри менен аны көрө албагандар, ошол жаңыланууну, бекем тартипти, эң башкысы - жоопкерчиликти орното баштаган бийликтеги чечкиндүү иш билги инсандарга согуш ачканы болоор иш. Ажонун ишенимдүү увазирине берилген эскертүү, чындыгында президенттин өзүнө карата "уугум сага айтам, улугум сен ук" дегендей эле нерсе. Муну ким жасаганы деле белгилүү болуп турат. Баягы эле март ыңкылабын ишке ашырып, Бакиевди бийликке көртирилик үмүт менен алып келишип, мына эми жаңы бийликте бийлеймин деп турганда оозунан алдырган бөрү кейпин кийип калгандар, Топчуке өзү айткандай, "жеке керт башынын кызыкчылыгы менен гана жашагандар". Бирок, айтылуу радикал бул айтканы ал көздөгөндөрдөн таптакыр башка тарапка бурулуп калаарын билбесе керек. Демек, саясат мыйзам ченеминен алганда, жогоруда бийликке берилген эскертүү - анын туура жолдо баратканын жана чындап жаңыланууну каалабай, кара башынын камын ойлогондордун күнү бүтүп жаткандыгынын белгиси. Кыргыздын оор уйкудан ойгонушун, бийликтин бийликтей болушун каалабагандардын жандары кашайган экен.
Аян берген тарап сунуш кылган жанрга ылайык, ушундай эле эскертүү ошол ооздорунан алдырган бөрүлөр элге көрсөткүлөрү келгендей президенттин жеке өзүнө жагынуу үчүн эмес, чындыгында өлкө, эл-журт үчүн чын кызматын кылып жаткан дагы бир топ инсанга берилиши мүмкүн. Мисалы, мамлекеттик телекөрсөтүүнү акыры чындап жаңыртууга киришип, демек, элдин аң-сезимин ойготуп, адал иштерге шыктандыргандарга, мындайча айтканда, жаңы идеологияны түптөндүрө баштагандарга, тартип сактоо органдарын уюшкан кылмышка атылган октой багыттагандарга, жана дагы ушул сыяктууларга. Эми жаңы бийлик жаңычылдыгын көрсөтө алабы же эскинин эскертүүсүнө муюп, "араба сынбасын, өгүз өлбөсүн" деген чалдыбары чыккан эски жолго кайра түшүп калаар бекен? Окуянын төркүнү ушунда.
Элдин сөзү менен айтканда, коомдун сыркоо жанына күчала киргенде эт ысып, дене-бой алка-шалка түшө тердеп киргендей.

Садырбек ЧЕРИКОВ