"Агым", 15.01.08 - 9-бет: Каалга...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


  Каалга

- Күйгөн катын кошокчубу?
Назира Жетигенова, куудул:
- Өлө да, эй. Жаны күйүп, нерви кашайып жатса болгонун болгондой айтат да,.. тамаша. Чынында эле күйүт баардык букту козгоп чыгат. Катын эле эмес, эркектердин жаны күйгөндө деле кошокчу болот. Өкүрүп-бакырып жин урган төөдөй болгондорду деле көрүп жүрөбүз. Кыскасы, күйүттүн арты кошок экенин билем.

- Кыш сиз үчүн эмненин символу?
Неля, ырчы:
- Кыш мен үчүн суздуктун, жымжырттыктын белгиси. Албетте, кооз мезгил. Аппак кар, мөлтүрөгөн муз. Бирок мага анча жага бербейт. Негедир бук болуп, буулугуп кетем. Мага күз, жаз жагат.

- Чыгармачыл адамдарды
эмнеге "99" деп коюшат?
Рысбай Исаков, манасчы:
- Азыр дүйнө өзү "99" болуп жатат. Чыгармачыл адамдарды "99" деген адамдар өздөрү иштеп чыгып алган эрежелердин чегинен чыга албай калгандар. Алар капастагы кушка окшош. Чыгармачыл адамдар болсо эркиндиктегилер. Анан капастагыларга айрым жүрүм-турумдары өөн көрүнүп жатканда жанагындай сөздөрдү чыгарышат. Эркиндиктегилер каалаган мезгилде учат, конот, сайрайт. Муну эрөөн-терөөн албаш керек.

- Интимдик катыш ички көрөңгөнү байытабы?
Акылбек Усупбаев, КР башкы урологу:
- Албетте байытат. Интимдик жактан күчтүү адам жашоодо да, иште да, денсоолукта да эң мыкты болот. Интимдик мамиле жөн эле төшөк оюну эмес. Ал чоң күчтү, чоң сезгичтикти, эрктүүлүктү, маданияттуулукту талап кылат. Ушундай сапатка ээ адамдын кантип анан көрөңгөсү жарды болсун. Интимдик байланышта канчалык көп болгон адамдын ички дүйнөсү, руху ошончолук өсүп, толуп турат.

- Көздүн сокурлугун айыктыруу оңойбу же көөдөндүн сокурлугунбу?..
Шайлообек Ниязов, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери:
- Көздүн оорусуна жараша дарылоо ишин жүргүзсө болот. Айыгып кетүү оорунун абалына жараша десек жаңылышпайбыз. Ал эми көөдөндүн сокурлугун айыктыруу болбогон нерсе. Адам табиятынан көөдөнү көр болсо, тубаса акыл-сезимдин жетишсиздигин кантип оңдойсуң? Адамзатты адамзат кылган акыл-эси, анан көөдөнү…

- Көралбастыкты кантип жеңсе болот?
Айчүрөк Иманалиева, ырчы:
- Көралбастыкты жеңиш үчүн адамда туруктуулук, эрктүүлүк, анан татыктуулук керек. Иштеби, турмуштабы, чыгармачылыктабы, кыскасы, кай тарапта болбосун татыктуулук болсо, ал эч убакта көралбастыктын тепсендисинде калбайт. Көралбастыкка ортозаар адамдар гана алдырат.

- Ааламдын түркүгү эмнеде?
Медер Бишкек, Чыгыш күрөшүнүн чебери:
- Адамдык тазалык менен аруулук сапатта. Ишеним менен сүйүүдө. Мындан башка эч бир күч эч нерсеге көпүрө да, түркүк да боло албайт. Ааламдын бүтүндүгү да ушуга көз каранды. Ишеним, сүйүү, тазалык өлгөн жерде ааламдын түркүгү кулайт. Аруулук булганат, жарык өчөт.

- Унчукпаган үйдөй балээден кутулабы?
Тайырбек Сарпашев, "Туран" партиясынын лидери:
- Айрым учурда кутулат. Мисалы, келинчегиң менен, же досторуң менен болгон чырда унчукпай калып, кайра кийин жазышып аласың. Бирок, саясатта, кызматта мындай позиция болбошу керек. Менимче, бул лакап үйбүлөлүк, тууган аралык мамилеге айтылган.

- Абийир соту менен кездештиңиз беле?
Абдыгул Чотбаев, шааркеңеш депутаты:
- Тагдырымдын ар кадамында кездешем. Элүү жылдык өмүрүмдү бүтүн бойдон өз жандүйнөмдө таразалап ылгап көрсөм, абийиримдин астында соттошо турган катачылык болбоптур. Менимче, ар бир кадамым олуттуу ойлонуу менен жасалган. Ошол себептүү абийир сотумда жеңилүү, же соттошуу боло элек.

- Ойлонбой сүйлөп алып, онтобой ооруга чалдыктыңыз беле?
Шекербек Адылов, "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы:
- Адам болгон соң болот экен да. Менде да мындай учур болгон. Бир жолу айтышта Абдылда Нуралиев менен чыгып калдым. Жакшы эле айтыштык. Анан Абдыке "болду эми иним, туралы" деп бүтүрсө, мен кайра "качпаңыз ага, качпаңыз, шашпаңыз ага, шашпаңыз" дей коем деп, сахнанын артына барганда "мен ырды бүтүрүп жатсам, эмне туруп кетпейсиң" деп Абдыкем ачууланып, ойлонбой сүйлөгөнүмдөн онтобой ооруга чалдыккам.

"Каалганы" каккан Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ