"Агым", 18.01.08 - 13-бет: Fonex..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


  Fonex

- кечээ, бүгүн, эртең
"АкТел" компаниясы (FONEX уюлдук түйүнү) CDMA 2000 эң алдыңкы стандарттардын биринде Кыргыз Республикасында төрт жылдан бери уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүдө.

Компаниянын жетекчилиги 2007-жыл боюнча жыйынтыктарды, алдыга коюлган пландар, учурдагы кызуу жүрүп жаткан иштер боюнча пресс-конференцияда журналисттерге билдирди.
Директорлор кеңешинин председатели Ербол Келдибаев FONEX уюлдук түйүнү Кыргызстандын бардык аймактарына жетип кеңейгенин билдирди:
- 2007-жылдын ичинде FONEX уюлдук байланышы Талас областы, Нарын шаары жана Нарын областынын Кочкор району, Баткен областынын Кызылкыя шаарында иштетилди. Ошону менен бирге Бишкек шаарында, Чүй, Ысыккөл, Ош, Жалалабат областтарында түйүндүн көлөмү бир кыйла кеңейтилди. Бүгүнкү күндө калктын 90%ы жашаган жерде FONEX уюлдук түйүнүнүн кызматтары толук кандуу көрсөтүлөт.
FONEXтин 200 миңинчи абоненти ушул айда кошулаарын күтүп жатабыз деп башкы директор Виталий Уваров маалымдады. Анын сөзү боюнча, өткөн жылдын жүрүшүндө Компаниянын абоненттик базасы эки эсеге көбөйүп, 2008-жылдын 1-январына Компаниянын рыноктогу үлүшү 10% га жетти. Уюлдук операторлордун арасында Компаниянын активдүү абоненттеринин үлүшү 85% ды түзүп, эң жогорку көрсөткүчкө чыкты. Алынган өсүү ылдамдыгы FONEX уюлдук түйүнүнө КМШ өлкөлөрү арасындагы CDMA операторлорунун арасында эң мыкты динамикага ээ болушун камсыздайт. Өткөн жылдардын жетишкендиктеринде токтоп калбастан "АкТел" компаниясы 2008-жылы абоненттик базасын эки эсе көбөйтүүнү максат кылат.
"Агымда" кеңири чагылдырылган "ТТ" тарифтик планынын абоненттери үчүн болуп көрбөгөндөй акция - көлөмү, белектер фонду жана узактыгы боюнча уникалдуу лотерея ойнотулду. Миңдегендердин арзуусу: 2007-жылкы күмүш түстүү супер автомобиль AUDI TT баш байге Чолпоната шаарынын тургуну, бактысы тоодой Мажиков Асылбек Мусаевичке тийди. Долбоор күтүлбөгөндөй резонанс жаратты.
Корпоративдик кардарларга өткөн жылы "Менин командам" жана "Капитал" тарифтик пландары сунушталып, жалпы абоненттерге арналган "Сенин тарифиң" жана "Супер биринчи" тарифтик пландары киргизилди. Тарифтик пландардын баалары уюлдук операторлор арасында эң жеткиликтүү бойдон кала берерин Компаниянын Башкы директору Виталий Уваров өзү айтты:
- Кыргызстанда бардык нерселерге баалар өскөн маалда уюлдук байланышка баалар өсмөк тургай төмөндөө тенденциясында. FONEX уюлдук операторунун абоненттери баалардын туруксуздугу боюнча эч кабатырланышпаса болот.
Абоненттердин кошулуусу үчүн R-UIM карта менен иштеген уюлдук телефондордун экижүздөн ашык модели сунушталган. Оператордун дилердик түйүндөрү FONEX уюлдук түйүнү таркаган бардык жерлерде жүздөн ашык пункттарда бар. Ар бир дилердик пунктта оператор көрсөткөн кызматтардын комплекси толук тартууланат, анын ичинде абоненттик номер коштуруп, кызматтардын профилин өзгөртсө болот. FONEX уюлдук байланыш акысына төлөмдөрдү кабыл алуу жайлары учурда 800дөн ашык. Ош жана Бишкек шаарларында абоненттер үчүн бүгүнкү күндүн талабына жооп берген заманбап үч Борбор иштейт.
Компания абоненттерди тейлөө жана көрсөтүлгөн кызматтарды кеңейтүү боюнча чоң пландарды коюуда. Үн сервисинен сырткары дагы бир катар кызматтар: түйүн жана эларалык SMS алмашуу, мобилдик интернет иштейт. Казакстан жана Өзбекстан операторлору менен роуминг кызматын коммерциялык эксплуатацияга киргизүү боюнча WAP-сервис жана "Үн почтасы" кызматы боюнча иштер аяктап калды.
2007-жылдын декабрь айында "АкТел" компаниясы Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык компаниялары арасында биринчи болуп эл аралык ИСО 9001:2000 стандартындагы менеджмент системасынын сапат Сертификатын алды.
Кыргызстан экономикасына "АкТел" ЖЧКсы өткөн жылы салык боюнча төлөмдөр түрүндө 100 миллион сомдон ашуун пайда алып келди. Компания 200дөн ашкан жумуш орундарын түзүп, мамлекетибиздин бардык аймактары боюнча бир миң жеке ишкерди дилердик кызмат боюнча экономикалык иш-аракетке тарткан.
Компания кайрымдуулукка көп көңүлүн бөлөт. Жүрөк хирургиясы жана органдар трансплантациясы Илимий изилдөө институтуна 1,5 миллион сом турган уникалдуу жабдуу алынып берилди. Компания кызматкерлери 2008-жылы Ош жана Жалалабаттагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга 700 миң сом өлчөмүндөгү жардам көрсөтүшкөн.
FONEX уюлдук түйүнү иштеп аткан тармакка кошумча үчүнчү муундагы UMTS/WCDMA стандартындагы түйүндүн уюлдук байланыш кызматын кардарларга сунуштаганы жатат. Ушул багытты өнүктүрүү үчүн 2007-жылдын декабрында Компания Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин лицензиясын алды. Буюрса, кыргызстандык уюлдук байланыш алкагында жаңы UMTS стандартындагы түйүн ишке кирип, жогорку ылдамдыкта маалымат жеткирүү камсыз кылган жаңы кызматтар ишке киргизилет.

Нуржан Алымканова