"Агым", 18.01.08 - 5-бет: Жерпай...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


  Жерпай

Бакыт Бешимов, ЖК депутаты:
"Биз козголсок, Кыргызстандагы саясый абал түптамырынан өзгөрөт..."
Азыркы парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт мырза менен учур кырдаалынан кеп козгоп, ынанымдуу жооп алууга аракет жасадык. Саясаттын күнгөй-тескейине кайырмак ыргытып турубуз...

- "Акыйкат үчүн" кыймылы коомдук парламент түзүп атканына сиздин көзкарашыңыз кандай? Жогорку Кеңешке басым жасабайбы?
- Бул кыймылдын альтернативдүү коомдук парламентти түзгөнү жакшы болду. Эгерде адилеттик жолдо парламентке партиялар келалбаса, башка ыкмаларды пайдаланышы керек. Биз колдойлук. Коомдук парламент бул парламентке, же бийликке басым жасап турса, коомчулук үчүн пайдалуу болот. Албетте, диалогдун, тынчтык мүнөзүндө ишке ашса.
- Ушул кыймылдын ичинде жалаң эле "апакайлар" дейсизби?
- Ыплас шайлоолор бу саам гана өткөн жок. 95-жылдан бери адилетсиз шайлоого күбө болуп келатабыз. Мына ушундай ыпластыкты аркалаган айрым адамдар "Акыйкат үчүн" кыймылында жаңы терини жамынып отурушат. Учурунда демократияны, мыйзамды тебелеп, майталканда жүргөн адамдардын көздөрү ачылып кетиптир... Чынында эле көздөрү ачылса, кечээги кетирген орой каталарын моюнга алышса, анда жакшы. А андай ыпластыктарын сезбей туруп, бүгүн жөн гана бийликке нааразы болсо, мындайды чечмелебей эле коеюн.
- СДПК атынан булар менен бирге болууну айттыңыз. Сиздерди алар менен саясаттын кандай жиби байлашы мүмкүн?
- Биз "Акыйкат үчүн" кыймылы менен эмнеге бирге болгубуз келет? Себеби, ошол жарандык коом, саясый партиялар Кыргызстандагы демократияны, адам укугун сактап калайын дешсе, мындай шартта үнүбүз бирге чыгат. Бирге болобуз. Мен Кыргызстандын авторитардык артта калган мамлекет болушун каалабайм. Бирок, бир гана өтүнүч бар: азыр өйдө көтөрүлүп, келечегибизге терең көзкарашта маани берип, ак иштесек туура болот эле.
- Алмаз Атамбаев Түркияга элчи болот, президенттикке даярданып атат деген имиштер тарады эле. Өзүнүн дымы чыкпай кетти го...
- Атамбаевдин жана ал жетектеген партиянын дымы чыкканда, мүмкүн козголсо, Кыргызстандагы саясый абал түптамырынан өзгөрөт...
- Кыскача айтсаңыз, анын премьерликке келип-кетүүсү менен не утуш болду?
- Алмаз Атамбаев учурунда Кыргызстандын коопсуздугун жогору коюп, өзүнүн саясый карьерасын курмандыкка чалган. Эсиңизде барбы, экөөбүз сүйлөшкөндө арты кандай болорунан кооптонгонбуз. Жакшы жол менен бүтөбү, же саясый курмандыкка чабылуу иретинде аяктайбы деген шектенүүлөр жаралган. Мен жакында көптөгөн шайлоочулар менен жолугуп, байкап көргөнүмдө кубанарлык маанай түзүлдү. Кыргызстандагы коопсуздукту сактоо, Түндүк-Түштүккө көпүрө болгону туура болуптур. Биздеги тынчтыкты сактаган жагынан Алмаз мырза утуптур.
- Өлкөбүздөгү саясый абал мындан ары кандай өнүгөт? Сиздин жоромолуңуз?
- Бийликте аркандай агымдар бар. Кээ бири бюджет көбөйгөнүн, инвестиция келерин далилдешип, бардыгы жакшы болоруна ынандырууда. Эгер ошондой пландары чын болсо, көрөлү анда. Менимче, Кыргызстандын азыркы абалына реалдуу көзкарашта болуу кажет. Өзүмө суроо берип атам. Эмненин негизинде, кайсы мүмкүнчүлүк аркылуу оор маселелер чечилгени атат? Маселен, азык-түлүктүн кымбатташы барып-барып элге кыйын шарт түзөт. Мындан сырткары, официалдуу айтылган инфляциянын курсу менен реалдуу курс эки ача чыгууда. Жакында бир министр айтпадыбы, жылдын орто ченинде инфляция 20-22%ды түзүшү мүмкүн деп. Ойлоп көрүңүз?.. Айталы, бир саясый күч мамлекет жоопкерчилигин моюнга алабыз деп келишти, ушунун теңсиздигин, көзкараштарынын бузулгандарын өздөрү байкабай калат. Бир күч бийликке келгенден кийин болгон маселелердин көйгөйү кандайча ачык-айкын айтылат? А биздин СДПК фракциясы болгонду болгондой айтууда. "Акжолчу"? Эгерде булар реалдуу маселелерди талкуулап, өкмөттү, партия төрагасын, жетекчилигин ошого түртсө, башкача болот эле. Бирок, мен сезип атам, көп нерсе жасалма жолдо ишке ашууда. Ушундай жасакерлик саясаттын негизинде Кыргызстан чоң кризиске учурашы ажеп эмес. Анүстүнө биздин элибизге бир гана күчтүн үстөмдүгү жарашпайт. Менталитетибизге, салтыбызга мындай башкаруу туура келбейт. Кыргыздардын кырк уруудан түптөлгөнү боюнча изилдөөчүлөр далилдеп жүрүшөт го. Түндүк-Түштүк, ар кандай урууларга бөлүнүүчүлүк бекеринен эмеспи? Бийлик органдарын түзгөндө кыргыздагы бөлүнүүнү да эске алууну акылмандарыбыз айтып атышпайбы. Ушундай маселелерге кылдат карап, адилеттүү чечүү жолдорун байкап көрүү зарыл.
- Сиздин депутаттыкка чейинки пикирлериңиз башкача эле, азыр жумшара түшкөнсүз го.
- Жок. Өзөгү ошондой эле. Айрым сөздөрдү башкача айтууга партиялык дисциплина түртүп атат. Анан жалпы фракциянын абалы, тагдыры да таасир бергендир. Бирок, саясый жалпы абалга реалдуу көзкарашта баа берүүнү туура деп эсептейм. СДПКга киргенге чейин авторитардык бийлик орнотулуп атканын, оппозицияга куугунтук болгонун, коррупция күчөгөнүн, ошондой эле өкмөт, дегеле бийликтин аты өзгөргөнү менен заты өзгөрбөгөнүн айтып, сындап жүргөм. Мындай позицияма азыр да турам, эч кандай тайсалдаган жокмун. Түпкү ой-мүдөөмдө бир гана принцип жатат: Кыргызстандын түптүү кызыкчылыгы үчүн...
- Тактика жагынанчы?
- Мени фракциянын жетекчиси катары шайлаган соң, өзүмдүн эле оюмду урматтабай, парламенттеги 10 депутаттын, партиянын лидерин, саясый кеңештин чечимдерин эске алышым керек. Бардыгыбыздын көзкарашыбыз айтылып турушу маанилүү да.
- Гезиттин өткөн санында Эрик Арсалиев туурасында чакан маалымат чыккан. Окугандырсыз. Анан ушул адамдын комитет жетекчилигинин астында иштеп атасыз. А сиз дипломат болуп, эларалык байланыштарда иштеп жүргөнсүз. Мен Арсалиевди каралагым келбейт, бирок сиздин айланаңыздагы адамдар жөнүндө ар кандай кептер жүрүп атпайбы.
- Ал киши жөнүндө парламентке келгенде билдим. Ошол комитеттин мүчөсүнө өзүмдү сунуштап, мүчө болгондон кийин аны көрүп отурам. Буга чейин ким экенин, кандай жактары бар экенин билбептирмин. Кээ бир адамдар Кеминде шайлоого катышканын эске салды. Ал шайлоого көңүл да бурбаптырмын.
- Ошол эларалык байланыштар комитетине неге кирдиңиз?
- Мен фракциянын жетекчисимин. Эреже боюнча бир да комитеттин төрагасы болалбайм. Өткөнүмө учкай токтоло кетсем, көп жылдар бою элчиликтен тышкары Бириккен улуттар уюмунда жана башка эларалык мекемелерде иштедим. Дээрлик тажрыйбамдын, билимимдин акыбетин парламентке тартуулайын дедим. Мен дайыма демократиялуу жолдо чечилген маселелерди жактырам, байкагандырсыз. Азырынча комитеттеги терс көрүнүштөрдү байкаган жокмун.
- Ток этер жерине келсек, сиз дайыма тазалыкты туу тутуп сүйлөйсүз. Анан тиги адамдын ошондой терс маалыматтары чын болсо, көлөкөсүнө чыйрыкпайсызбы?
- Мага кандай болбосун ыпластыктын көлөкөсү тийбейт. Мен ал киши жөнүндө айтып аткан жокмун. Дегеле, Кыргызстандын жаңы тарыхын алсак (91-жылдан баштап), бир топ кылмыш иштерин көрсөк болот. Жыл сайын, атургай, ай сайын бу жагы көбөйүп келүүдө. Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки абалы ушундай...
- Кыргыз коомчулугун бузулду дейсизби?
- Эгерде мен өтө эле таза чөйрөдө болоюн десем, тилекке каршы, Кыргызстандын жалпы коому бузулуп атпайбы. Анан өзүмдү дагы кардан аппакмын деп айталбайм. Менде деле кемчиликтер бар. Эми бул парламентке иштейм деп келдим. Азырынча айтылган ойлорум, сунуштарым башка комитеттерден кээде өтүп, кээде өтпөй да калууда. Сиздин кесиптештер СДПКнын сунуштары өтпөй калууда деген пикир жараткылары келишет. А факты жүзүндө комитеттин деңгээлинде көп нерсени талкуулап, биздин сунуштар кабылданып эле атат. Азыр журналисттерге, коомчулукка ачык көрүнбөгөн маселелер да болуп атпайбы. Биз социал-демократтар өзүбүздүн социал-демократиялык моделди мыйзамдар, саясый программалар аркылуу элге тартуулайлы деп атабыз. Эл таразалайт, чечет. "Акжолчулар" кабыл алса жакшы болот, кабыл албаса учуру келгенде жооп беришет.

Маектешкен Асланбек САРТБАЕВ