"Агым", 25.01.08 - 20-бет: Тагдырдын тайгџлџк ташы...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Ымыркайын итке мүлжүтүп…
"Кыйма-чийме жолдордо, / Кыз бактысы кеч келет" деп айтышат экен… Мен ата-энемдин төрүнөн он жети жашымда кеттим. Ал кезде азыркы И.Арабаев атындагы университет кыз-келиндер институту болчу. Мен бул окуу жайдын кыргыз филологиясы факультетинде окуп калдым. Биринчи курсумда эле коомдук иштерге, салтанаттуу кечелерге активдүү катышып, сабактарыма да жетишип, мугалимдердин, студенттердин кадырына ээ болдум. Өзүм да шыңга бойлуу, сулууча кыз элем. Көрсө, Кудай жаман кишини өңдүү кылып жаратат тура. Өңүм бир жагынан келишип, ырдасам үнүм мелмилдей тегиз сызгырылып, өзүнчө эле керемет. Ошентип, боз уландарды боздоткон селки болдум да калдым. Жаштык менен сулуулуктун, кадыр-барк менен мактоонун салмагын чанда пенде көтөрө албаса, көбү анын аяк астында калып калат окшобойбу…
Жаз мезгили болчу. Жайкы сессия жакындап, шыпылдай баскан студенттер экзамендерге камданып жүргөн учуру. Көптөн бери артымдан акмалап, жатаканадагы бөлмөлөш кыздарымдан гүл, кээде шоколад берип жиберип, өзү даай албай жүргөн Арген аттуу жигит бар эле. Политехникалык институттун 4-курсунда окучу экен. Кайсы бир майрамда биздин жатаканада жашаган классташына жолукканы келип калат. Ошондон жүрөгүнө чок түшкөнбү, айтор, эки күндүн биринде биз жашаган жайды айланчыктап, алыстан "саламын" узатып тузак тартып жүрдү. Аялзаты көңүл бурууга, сыйга, арзууга өтө дилгир эмеспизби. Мен дагы Аргендин дембе-дем жиберген белектерине, арзуу толуп от күйгөн көздөрүнө, капкара тармал чачына, келишкен боюна арбалып, убакытты дагы создуктурууга такаатым жетпей, таанышууга макулдугумду бердим. Көп узабай Арген экөөбүз антташкан кыз-жигит болдук. Экөөбүздү досторубуз тамашалап, "Жылдыздай жанган кара көз, жигиттин көркү жар менен" деп суктана каткырып калышат.
Арген көңүлүмдөгүнү айттырбай билген, апамдай толгонгон, атамдай ойлонгон асылкеч жан болуп чыкты. Мен жер менен баспай, көзүмдөн жылдыз учуп, өз бактыма өзүм тойбой суктанам, тамшанам.
Көз ирмемче көрүнбөй жаз, жайды узаттык. Жаштык, аудитория, сыр, китеп жыттанган биринчи сентябрь кирип келди. Бир-эки сабактан лекция жазганыбыз болбосо, сабак деле болгон жок. Жаңы алган бөлмөбүздү ремонттойлу деп бөлмөлөш үч кыз кетип баратсак, сагынычым Арген досу, курсташы Назар менен "жарк" этип бак арасынан чыга калышты.
- Ой, кандайсыңар? Жай бою биздин жигитке көрүнбөй, өңүн мынабул жалбырактай саргайттың го, ыя Саадат? - деди кара тору, каркылдап күлгөн Назар. Арген көзүнө сүйүү толуп, жалжылдап, деми кысылып калды көрүнөт, энтигип жиберди да, колумду аяр кысып, чачымдан жыттады.
- Кыздар, билимге чаңкаган жаштардын башаты бүгүнкү күн экен, сүйүүгө кумары канбагандардын дагы алгачкы көрүшкөн күнү экен, - Назар бизди карай ээк шилтеп Айжамалга көз кысты, - бүгүн ушул кичинекей эки жакшылык үчүн чакан майрам уюштура койбойлубу. Биз макул болдук. Назар баарыбызды баштап, бөлөсүнүн үйүнө алып барды. Бөлөсү Маралбек ижарада өзү жалгыз турат экен. Үч кыз, үч жигит аздан вино татып олтуруп таңды тосуп, түндү узаттык.
…Айтор, ошол күндөн баштап мен Маралбек жөнүндө көп ойлоочу болдум. Ал да мага келет, кетет. Акыры көз көрүнөө Аргенди чанып, Маралбекти сүйүп калдым. Экөөбүз кечинде анын ижарасына түнөйбүз да, эртең менен эрте бөлмөмө келип китеп-дептеримди салыштырып, сабагыма жетип барам. Арадан айлар өтүп, ичим чоңоюп келе жатты. Дагы жакшы дейм, кыш келип калың кийим кийгенге ичим анча байкала бербейт. Маралбек болсо ачык эле "албаймга" өттү. "Сени кантип алып барам? Менин атам айыл эли бүтүндөй сыйлаган мугалим. Мен атамды элге шерменде кылгым келбейт! Сен жөнүндө эч кимден жакшы сөз уккан жокмун. Сени баары жек көрөт. Керек болсо сенден мага жыныстык оору жуккан. Мен аны да сага айтпай дарылангам" деп бетижоктук менен ызырынып сүйлөп жатты. Мен андан аркы сөздөрүн уга албай бетимди баскан боюнча жүгүрүп да келаттым, ыйлап да келаттым. Жолдо келе жатып ойлондум: "Апамдын Токмокто жашаган биртууган сиңдиси бар эле. Университеттегилерге шылдың болбой окуумду таштап, күйөөдөн ажырашып келдим деп таежеме барайын".
Байкуш таежем биртууганымдын баласы дедиби, төрөгөнгө чейин жаман көрбөй, какпай жашатып жүрдү. Бойдогу баланы тогуз айдан өтүп төрөдүм. Бала эркек экен. Чебичтей болуп балама мээрим салбай туруп алсам болобу. Оюм жамандыкка кетти. Түн ортосуна жакындап калганда жылуу кийинип, төрөлгөнүнө жети күн боло элек баламды ороп, чоңураак пакетке салып, алды-артыма карабай айылдын четиндеги чоң сууну карай зырылдап жөнөдүм. Ошондогу түндүн сүрү ай! Жетип алып эле суунун жээгинен пакеттеги баланы алып чыктым. Байкушумду жукараак орогон элем, бети-башы жазгы суукка муздап калыптыр. Кабыргам кайышып койбой ээн талаадагы суу боюна таштап кете бердим. Эмчек издеп, ыктытып, алсыз ыйлаган баланын үнүн суунун шары басып кетти.
Таежемдин үйүнө кайрылып барбадым. Таежемдин үйүндө жашап жүргөндө күткөн тааныш эженикине эки күн каңгып жүрүп, көңүлүм түтпөй баягы суу жээгине күүгүм талаш бардым. Барсам… Оо байкуш, баламдын мүлжүнгөн ичке сөөктөрү чачылып, ороолорунун айрылып-тытылган үзүндүлөрү аркайсы жерде булайып жатат. Бакырып артты көздөй чуркадым. Мына ошондон бери ошол көрүнүш ойгоо болсом оюмдан, уктасам түшүмдөн кетпейт. Бала көрбөй, наристенин бөрсөйгөн ууртуна зар болуп өз күнөөмдү эстеп өлөйүн деп өлө албай басып жүрөм. Басканым курусун, оң ыптам бутуман башыма дейре ооруп, оң көзүм көрбөй калган. Мен муну Кудайдын мага берген каргышы деп түшүнөм…

И.Саадат




  Жолтикен

Ажал апкелген кыз белги
Нурзат экинчи курста окуп жаткан. Буга дейре жигит менен деле сүйлөшмөк тургай, чогуу болуу, жекече калуу дегендерди башынан өткөрүп көрө элек эле. Кайдан-жайданы белгисиз деле шыпылдап, колго жукпаган Эрнис Нурзатты кышкы сессиядан тарта көлөкөдөй ээрчип, ары барса ары, бери келсе бери келип айланчыктоону адат кылып алды. Нурзат андай деле айчырайы төгүлбөгөнү менен кадыресе караторусунан келген жылдыздуу кыз болчу. Негедир жигиттер жакындаса эле так секирип, боюна жуутпай кагып-силкип, ашыкча да оройлонуп жиберген адатынан улам жигиттер деле бир жолкудан ашыкча кайрылышчу эмес. Бу сапар эмнегедир Эрниске антип оройлоно алган жок. Балким, Эрнистин ашыкча элпектиги, шайырлыгы, жароокерлиги жибиттиби, балким, бойго жетүү деген түшүнүккө моюн сунгандыкпы, айтор Нурзат да так секирбей, тескерисинче, ирмем сайын Эрниске тартыла, ага жакындап баратты. Арадан бир ай өтө экөөнүн кыз-жигиттик мамилелери бекип, бекимек тургай өздөрү окуган чөйрөгө шардана болду. Анүстүнө Нурзат жатаканада жашоочу. А Эрнис ага күндө барат. Экөө жолугат. Бул "тасма" күндө ушундай түрмөктө айланат. Анан кантип шардана болбосун. Сүйүү кечтери улам арбыган сайын Нурзат эмнегедир Эрнистен ажыраса эле өзүн таптакыр эч ким карабай калчудай, эч кимиси жок "куу баш" аталчудай сезе бүт дили менен Эрниске берилип алат.
"Жаштык-мастык" деп бекеринен айтылбагандыр. Кадимки эле сүйүү кечтердин бири ойдо жок жерден туруп эле отурушка айланат. Буга себепчи баягы колдон суурулма жигит сөрөй Эрнис болуп чыга келет. Ал Нурзатка келип, адаттагыдай вахтадан жолугат да, "мен сага "сюрприз" даярдадым, сен подружкаңды ээрчитип кийинип чык, бир жакка барып келебиз" дейт. "Эмне сюрприз, кайда барабыз?" деген Нурзатка эч нерсе сурабоосун, барганда өз көзү менен көрүп, күбө болоорун айтып эпилдеп-жепилдейт. Нурзат да "кой-ай" деген киши жок, жатаканада ээн-эркин экендигинен улам, анүстүнө Эрниске эгизиндей ишенип алгандыктан эч нерсени ойлонбой жөнөп берет. Бирок, Эрнис айткан "подружкасын" ээрчитип чыга албайт. Бөлмөлөш кыздары да "жигит күтүп" бош эмес болушчу. "Эчнерсе болбойт, экөөбүз эле кете беребиз" деген Эрнис Нурзатты бир үйгө ээрчитип барат. Ал жерде Эрнистин достору Улар жана Адилет эки кыз менен отурган. Эрнистин "сюрпризи" ушулар болуп чыгат. Анткенинин себебин жакынкы айларда ушу достору менен бирдикте Нурзатты туулган жери Таласка алып кетээрин, ата-энесине Жумгалдан куда күттүрүп, саяктан келин тандап берүүнү чечкени катары "сүйрүпризин" тимеле жылтыр-жултур сөздөрүн кошмоктой түшүндүрөт. Ошол максатын досторунун алдында Нурзатка ачык айтуу үчүн бул жерге келгенин да чампалай кетет. Канча эзилип-төгүлүп, эбиреп-жебирегени менен Нурзаттын көңүлү кечеде ачылбай суз тартып олтургандыктан, Эрнис кызды жатаканасына кайра жеткирип коймокчу болот. Достору менен бир топко олтурган Эрнис алигиден алып жатып, алагүү да болуп калган эле. Ээрчишкен Нурзат менен Эрнис сыртка чыкканда жаздын түнү анча коюлана элек болуп, саат түнкү ондорду чапчып калган болот. Экөө жөө басышып, жолдо сүйлөшүп келгичекти жатакананын эшиги жабылып калат. "Кудай мындайды бербеспи" дедиби, же чындап эле көңүлү түз эмеспи, айтор Эрнис Нурзатка баягы достору отурган үйгө кайтып барсак деп өтүнөт. Нурзат жакшы эле кыйылганы менен башка арга жоктугунан макул болот. Экөө ээрчишип кайра баягы үйгө келишет. Келишсе, эки жигиттин бири эле үйдө экен. Нурзат кирип эле "мен эс ала берейинчи" деп суранып, башка бөлмөгө кирип кетет. Балээнин баарын Улар баштайт. "Эй, Эрнис, мунуңдун бутун кичине "разминка" кылчу белең" дейт. Эрнис да жөн турмакпы, "буюрса бүгүн кылабыз" дейт. Ошону менен экөө "башыгөтү" сөздөрдү сүйлөшүп, дагы бир бөтөлкө согушат. Бул ортодо Нурзат чын эле уктап калган эле. Качан гана кимдир бирөө өпкүлөп, кучактап жатканынан ойгонуп кетсе, өзү да, Эрнис да жарым жылаңач бир төшөктө, Эрнис жанталаша өпкүлөп жаткан болот. Мындай өбүшүү мурда-кийин болуп жүргөндүк-төн, Нурзат анчейин чочубай, Эрнисти акырын өзүнөн оолактатат. Кыздын анча каршылыгы жоктугун ишеним эмес, тескерисинче, каалоо деп түшүнүп алган Эрнис эми чындап арам ойго азгырылат. Ага үч негиз бар эле. Биринчиси, Нурзаттын өзүнө болгон мамилеси, сүйүүсү, экинчиси, жатаканага барып алып, кайра өзү менен кайтып келүүсү, үчүнчүсү, бир төшөктө турса да каршылык кылбастыгы Эрнисти "эрдемсинтип", "өзүнүн көңүлү бар" деген көңдөйлүккө алдыра Нурзатка кол салат. Канчалык каршылык кылганы менен Нурзат Эрнистин чабуулуна туруштук бере албайт. Атургай Эрнис алпурушуп жатканда кол көтөрүп да жиберет. Акыры Нурзат Эрнистин алдында тебеленет. Тагыраагы, энеси бой тарткан сайын какшачу кыздык белгисинен ажырайт. Ал гана эмес, Эрнис кылмышын жууш үчүнбү же Нурзаттан кутулуш амалыбы, айтор, аркы үйдөгү Уларга да бир кезде аздектеп сүйгөн кызын "салып" берет. Экөө кызды алмак-салмак таңаткыча зордукташат. Качан өздөрү чарчашкан соң бөтөлкөнүн жарымынан калган аракты бөлө тартышат да, уйкуга киришет. Бул убакта көз жашын көл кыла төккөн Нурзат чала эсине келе солуктаган денесин жыйнап калган эле. Экөөнүн дымы чыкпай калгандыктан, ашканага башбаккан Нурзат экөөнүн аркы бөлмөдө уктап жатканын көрөт. Колуна кадимки ашбычакты кантип алганы белгисиз. Алгач, Эрнисти кекиртекке саят да, экинчи соккуну Улардын көкүрөгүнө урат. Көксөөсү ушу менен сууганбы, айтор өзү кайра тез жардамга телефон чалып туруп, үйдөн чыгып кетет.
"Тез жардам" келгенде эки жигиттин тең жаны бар экен. Бирок Эрнис үйдөн алып чыгып машинеге салып жатканда жан берет. Улардын ажалы жок экен. Анүстүнө калтыраган кыз экинчи соккуну чала уруп калганбы, бычак ага терең кирбеген. Ошентсе да Улар эки күн дегенде эсине келет. Бирок, ага чейин эле Нурзат милицияга арыз менен өзүнүн күнөөсү жоктугун, адам өлтүрүүгө аргасыз баргандыгын жазып кайрылган. Анык башкатырма сот ушул жерде болгон. Акыры өтө чоң талаш-талкуу жараткан сот акыркы чечимде Нурзатты актап чыгарат да, ажалдан аман калган Уларды төрт жылга эркинен ажыратат. Нурзат болсо окуусун таштап, айылга да барбастан шаардын кайсы бир бурчунда жан багып кеткен. Бүгүн ал ким экени, кайда экени белгисиз. Балким соодададыр, же сойкубу, же дагы бир жерден бактысын таптыбы?.. Тагдырда нелер кездешпейт.

Акат АСКАЕВ